Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы

aitysh_njb

Илгери Аксынын Кызыл-Жарынын Кароо деген жеринде Ташкул деген бай той берип калды. Тойго Аксынын Авлетиминен Сулайманкул датка, Кара-Суудан Алишер казы, Баялы бий, Садыр бий, Жеңижок, Азилбек, Жээнмырза деген ырчылар, Тегенеден Осмонбек болуш, Малгандыдан Субан болуш, Ныязаалы комузчу, өнөрпоздор болуп топурап келип түшүп калышты.

Анжиян жаккы кыргыздардан: жедигерлик Семетей болуш баштаган чангенттик Нишанбай бий, Багыштагы Түлөкө бий, Чөкөтай, Жолдош деген байлары менен Барпы деген акыны менен булар да тойго келип, түшүп калышты.

Той башталаарда той ээси Ташкул бай: «Жеңижок, Нурмолдо экөөбүңөр азыртан баштап, тойго жарчысыңар, ырыңарды баштагыла!» дейт экен. Нурмолдо той ээси Ташкул байдан баштабастан, Сулайманкул даткалар отурган жакты карап:

Аргымак аттай арыштап,
Атан төөдөй даткам ай!

дегенинде эле Жеңижок сөздү илгиртпей илип алып:

Асылым, датка төрөнү,
Айбанга теңеп айтасың.
Айнып кеттиң, Молдоке,
Аркаңды көздөй кайтасың!..
Төрөдөй айкөл адамды,
Төөгө теңеп айтасың.
Дөөрүп кеттиң, Нурмолдо,
Төмөндү көздөй кайтасың!..
Атан төөдөй деп айтып,
Адамды дагы кордойбу!
Аксакал болгон чагыңда,
Абайлап айтсаң  болбойбу?!.
Ажынын уулу даткам ай,
Айбатың элден башкам ай.
Сулайманкул даткам ай,
Сымбатың журттан башкам ай!
Аксыдан чыккан даткасың.
Азыркынын Манасы,
Акының кантип айтпасын!
Жеримден чыккан даткасың,
Жергелүү элдин Кошою,
Жеңижок кантип айтпасын!..
Кокондон келген төрөлөр,
Кол куушуруп, кол берген.
Кошойдой журттун башчысы,
Кожодой сыйлап, жол берген!
Анжияндын акими,
Алдыңа келип, кол берген.
Акбалтадай кадырлуу,
Айбыгып, сыйлап жол берген.
Наамарттык кылбаган,
Наманген беги сыйлаган.
Таш боордук кылбаган,
Ташкендин беги сыйлаган.
Каранын каны атанган,
Кароодон киши жалганган.
Ажынын уулу даткам ай,
Ашып түштүң  атаңдан!..
Алтынын кумдай күрөгөн,
Алышкан душман жүдөгөн.
Алты канат үйүнө,
Ажылар келип түнөгөн.
Арстандын бири Ташкул бий,
Азуусун Айга бүлөгөн!..
Күмүшүн таштай күрөгөн,
Күрөшкөнү жүдөгөн.
Күн тегерек үйүнө,
Кожолор келип түнөгөн.
Күлүстөн эрсиң Ташкулум,
Күнгө бир тишин бүлөгөн!..
Алтынына кап толгон,
Алышканы сап болгон.
Ар жамандар жат. болгон.
Ажылар конуп үйүнө,
Ар убак көөнү шат болгон!..
Күмүшүнө кап толгон,
Күрөшкөнү сап болгон.
Көп жамандар жат болгон.
Кожолор келип үйүнө,
Көп убак көөнү шат болгон!..
Аргымагы туйлаган,
Ар жакшыны жыйнаган.
Алтыны капка сыйбаган.
Аксы, Талас элине,
Атактуусуң кыйладан!..
Күлүгүң тушта туйлаган,
Көп жакшыны жыйнаган.
Күмүшү капка сыйбаган,
Күлдү кыргыз журтуна,
Күлүстөн эрсиң кыйладан!
Күлүгүң коштоп чабылган,
Кудай деген күндөрү,
Күнүгө байлык табылган!..
Аргымагың чабылган.
Аллам берген күндөрү,
Ар күнү байлык табылган!..
Жериңдин аты  Кызыл-Жар,
Жеринен кетпейт кызыл нар.
Жердеген жериң Кароо дейт,
Төөңдүн өзү миң болгон,
Дөөлөттүү сендей ким болгон!..
Чертишемин дегендер,
Чениңе келбей тим болгон!..
Баш жагы кенен Чап болгон,
Басташкан душман жат болгон.
Кырк-Уул, Тубай, Баргылар,
Бейиштей жерди жердеген,
Байкатып айтсам багы бар!..
Аксыны түгөл бийлеген,
Аңдышкан душман тийбеген.
Каарына алганда,
Ким экен коркуп сийбеген?!..
Сулайманкул даткам бар,
Баялыдай бийим бар
Башында бар дөөлөтү,
Булардай болгон кимиң бар?!..
Алибектин беш берен,
Аргымак тандап кермеден.
Арыстандын бири бу дагы,
Алышып пенде жеңбеген,
Азыр келди биз менен!..
Күлүгүн таптап окшотуп,
Саяпкерин коштотуп.
Ташкул байга арнаган,
Кошумчасын топтотуп.
Эр эңишке эр алып,
Эр сайышка шер алып.
Ач, айкырык чуу менен,
Айгайлаган дуу менен,
Буларда мында келишти! .
Тегенени жердеген,
Тегин эмес, эр деген.
Орчундуу манап Осмонбек,
Ордолуу шаар болгон бек.
Кадырлуу Аксы, Таласка,
Садыр, Субан баш болуп,
Келип турган кезеги,
Өзүңүздөй Манаска!..
Арыстаным Бекмурат,
Аксыны сурап жеп турат.
Сурунайын тарттырып,
Сымбатын журттан арттырып
Керинейин тарттырып,
Келгенди таң калтырып.
Баары келди тоюңа,
Байкатып салам, оюңа!..
Атагың кеткен Алайга,
Даңкың кеткен далайга.
Аксакалы жайкалган,
Ар дубанды жайгарган,
Башчың келип турасың.
Кышкы отунду жыйдырып,
Көңүлүңдү тындырып.
Кем-каржыңды таптырып.
Калбайлы деп суука,
Тегирменин тарттырып.
Койкойтуп күлүк жетелеп,
Колуна кушун кондуруп,
Үндөкө салып бөпөлөп!
Караламан калың журт,
Калкым келип турасың!..

деп Жеңижок көпкө созуп барып басылды. Ошондо жедигерлик Семетей болуш Сулайманкул даткага карап:

«Даткам, той башталгандан бери Жеңижоктун ырын угуп турабыз, биринчиден, Жеңижок эс алсын, экинчиден, Жалал-Абад, Өзгөндөн Түлөкө бий, Чөкөтай, Жолдош, деген байлары Нишанбай бийи менен Барпы деген акынды кошо алып келишиптир, Жеңижоктун жанында отурат, ага да нөөбөт берелик, экөөбү эски тааныш экен, айтышса айтышып, жеңишсиң! Байгесини берелик деп Семетей болуш жанынан он сом чыгарып, дасторкондун үстүнө ортого таштайт экен. (Ал убакта беш сомго бир жакшы ат келчү экен!) Отургандар да андан кем эмес ортого пул ташташат. Болжолдо он беш аттын пулундан акча үйүлдү дейт. Семетей болуш Барпыга карап: «Балам, Барпы, кезек сеники, башта!» дегенде Барпы: «Болуш, улуулата келсин, Жеңижок акын таш койсо таш коёюн, кыш койсо  кыш коёюн» дегенде Сулайманкул датка «Андай болсо, Жеңижок, сен баштай бер!» деп уруксат берип жиберди дейт. Ошондо Жеңижоктун комузун күүлөп баштаган жери:

ЖЕҢИЖОК:
Жети кабат Асманды,
Жайгаштырган ким экен?
Жансыз жаткан Жер бетин,
Жашыл кылган ким экен?
Жер, Ааламды суктантып,
Асыл кылган ким экен?
Жердин бетин кут кылып,
Жер бетине жуп кылып,
Жан жараткан ким экен?..
Тамашасы керемет,
Таңдандырган ким экен?
Бирде Күндү көрсөтүп,
Кайра Түндү көрсөтүп,
Кыймылдаткан ким экен?
Абад кылып гүлдөтүп,
Шаңдандырган ким экен?..

БАРПЫ:
А, жети кабат Асманды,
Жайгаштырган бир кудай.
Жердин бетин кут кылып,
Жер бетиге жуп кылып,
Эркек менен ургаачы,
Экөөбүнү туш кылып,
Бириге-бирин жуп кылып.
Эл жараткан бир кудай.
Тамашасы керемет,
Таңдандырган Жер болот,
Бирде Күндү көрсөтүп,
Кайра Түндү көрсөтүп,
Кыймылдаткан Жер болот!..
Абад кылып гүлдөтүп,
Шаңдандырган эл болот!

ЖЕҢИЖОК:
Асман, Жердин арасын,
Алыс кылган ким экен?
Күн нурун көктөн чачтырып,
Калыс кылган ким экен?
Боло турган тагдырды,
Турмуштагы жазмышты,
Көрүп турган ким экен?
Акыл менен чечмелеп,
Бөлүп турган ким экен?
Буйругуна Жазмыштын,
Көнүп турган ким экен?
Азезилди таш менен,
Уруп турган ким экен?
Мусулмандын көңүлүн,
Буруп турган ким экен?..

БАРПЫ:
А, асман, Жердин арасын.
Алыс кылган бир кудай.
Күн нуруну теккиз тийгизип,
Калыс кылган бир кудай.
Боло турган тагдырды,
Турмуштагы жазмышты,
Көрүп турган бакшы дейт.
Буйругуга жазмыштын,
Көнүп турган пенде дейт.
Азезилди таш менен,
Уруп турган паришта.
Мусулмандын көөнүнү,
Бүруп турган бейиш да.
Шуну Барпи чечпесе,
Жуда болое кайиш да!.

ЖЕҢИЖОК:
Шыбактуу Жерди жайлаган,
Шынаарлап көктө сайраган.
Даракка барып конбогон,
Кыш түшсө таштап кетпеген,
Куш чечени кайсы экен?.
Токойлуу жерди жайлаган,
Толукшуп жайда сайраган,
Топурак жерди баспаган,
Кептин баары ушунда,
Кайып болгон кышында,
Куш акыны кайсы экен?!

БАРПЫ:
Шыбактуу жерди жайлаган,
Шынаарлап көктө сайраган.
Даракка барып конбогон,
Кыш түшсө таштап кетпеген.
Куш чечени торгойдур,
Чечпехен шуну оңбойттур!
Токойлуу жерди жайлаган,
Толукшуп жайда сайраган.
Топурак жерди баспаган,
Гаптин баары ушунда,
Гайып болгон кышында.
Акын булбул өзүдүр.
Анжияндык Барпи акын,
Таап айткан сөзүдүр!..

ЖЕҢИЖОК:
Кара-Тоонун төбөсүн,
Кар басканы не болот?
Кайнар булак кашатын,
Суу басканы не болот?
Кырка турган катар таш,
Ураганы не болот?
Түбү менен чынардын,
Сулаганы не болот?
Кара-Тоонун башынан,
Күнүң батты не болот?
Ала-Тоонун башынан,
Айың батты не болот?..

БАРПЫ:
Кара-Тоонун төбөсүнү,
Кар басканын сурасаң,
Кара болгон чачыңдын,
Ак болгону эмеспи!
Кайнар булак кашатың,
Суу басканын сурасаң,
Аккан көз жаш эмеспи!
Кырка тизген катар таш,
Ураганын сурасан,
Тиш түшкөнү эмеспи.
Түгү менен чынардын,
Сулаганын сурасаң,
Арка болгон атаңнын,
О дүйнө көздөй жол тартып,
Жөнөгөнү эмеспи!
Кара-Тоонун башыдан,
Күнүң батты дегениң,
Кадырлап баккан атаңдын,
Аттанганы эмеспи!
Ала-Тоонун башыдан,
Айың батты дегениң,
Ак сүт берген энеңдин,
Аттанганы эмеспи!..

ЖЕҢИЖОК:
Баракелде, Барпы ырчым,
Баа жетпеген сарт ырчым.
Узатайын арылап,
Угуп туруп, тап ырчым!
Азыр көңүл бургунуң,
Аяр болуп тургунуң.
Адамзатты жаса деп,
Айтыптыр ким буйругун?..
Аны кимдер жасады.
Акыл менен туйгунуң?
Адамдын насил, заты ким?
Периштелер аты ким?
Турган жери каерде?
Кылган иши не болот?
Кантип жүрөт бу жерде?
Көрүнөбү көзүңө?
Адамдардын сүйлөшкөң,
Түшүнөбү сөзүнө?
Адам-Ата, Обо-Эне,
Неге айдалды бейиштен?
Жылан менен тооз куш,
Жазаланды неликтен?..
Ушулардын баарына,
Шайтан кантип жетишкен?
Пайгамбарга жиберген,
Кудайдын ким элчиси?
Ар адамга ырыскы,
Ким болуптур бөлчүсү?
Кудай менен сүйлөшүп,
Келген кишн ким экен?
Жакын туруп көзмө-көз,
Көргөн киши ким экен?
Курани карим китепти,
Жазган киши ким экен?
Касиеттүү Медийна,
Салган киши ким экеи?
Өлгөндөрдүн жандарын,
Алып жүргөн ким экен?
Сандыгына чогултуп,
Салып жүргөн ким экен?
Жаан берип турсун деп,
Булутту ким жаратты?
Дүйнө жүзүн кыдыртып,
Шамалды ким таратты?
Ай, Күн, жылдыз, Асман, Жер,
Буларды ким жаратты?
Учсуз, түпсүз асманга,
Жылдызды ким таратты?
Түнү менен издешип,
Табышпаган ким экен?
Өз баласын башкага,
Табыштаган ким экен?
Айта берсем кеп менен,
Бардык нерсе чек менен.
Бирисиз бири күн көрбөйт,
Бул эмине кеп деген?..
Болсун үчүн тирилик,
Тынбай иштеп жүгүрүп.
Башкарып турган каны бар,
Башкача күчтүү алы бар.
Биригишип жашаган,
Мактай турган жагы бар,
Ушул кайсы жаныбар?..
Өздөрүнчө тили бар,
Өчөшүп тийсең бирине,
Өчүн алар жини бар.
Өлүмдөн кайра тартпаган,
Өкүмдүгүн билип ал,
Ошол кайсы жаныбар?.
Бир жубу өлсө, бир жубу,
Өлүп жүргөн кайсы экен?
Баш, аягын жыйнабай,
Желип жүргөн ким экен?
Дүйнө сырын чечмелеп,
Берген китеп кайсы экен?
Он сегиз миң Ааламды,
Ою менен имерип,
Бийлеп турган ким экен?..
Күшүлдөгөн деңиздин,
Күчтүү жери кайда экен?
Көк тиреген тоолордун,
Бийик жери кайда экен?..
Бүт бардыгы каяктан?
Айбанатты бийле! деп,
Алла кимди жараткан?
Адамзаттын денеси,
Эминеден жаралды?
Ай, жылдыздар көк бербей,
Айтчы, кантип таралды?
Ажыратып айтып бер,
Адам менен арамды?
Буйрук, тагдыр деген бар,
Бул эмине болучу?
Кордук, зордук деген бар,
Ал эмине болучу?
Байгамбардан канча өткөн?
Саабалардан канча өткөн?
Тозоктун кандай белгиси?
Жаннаттын барбы белгиси?
Азамат эрде намыс бар,
Аккан сууда алыш бар.
Айтып берчи, карагым,
Куранда канча парыз бар?
Исламда канча парыз бар?
Ишенбесең намыс бар!
Ыйманда канча парыз бар?
Ынанбасаң  намыс бар?
Намазда канча парыз бар’3
Начар билсең  намыс бар?
Амру маруп деген бар,
Илимде канча парыз бар?
Накый-мункер дегенде,
Оокатында канча бар?
Гусулда канча парыз бар?
Дааратында канча бар?
Таямумда канча бар? *
Тамырын таап, айтып бер?
Туура жооп, кайгып бер?
Туш-тушунан көрүп бер?
Туура болсун бөлүп бер?
Алың жетсе айтып бер?
Азыр жообун кайтып бер?
Аныктап баарын көрүп бер?
Акылга салып, бөлүп бер?..

деп Жеңижок ырын токтотот экен.

Эл Барпыны кандай жооп берет деп күтүп калышат. Ошондо Барпы чөгөлөй олтура калып, эки колун бооруна алып: «Кечире сиздер агайиндер, мен Жеңижоктун ырына, табышмагына жооп бере албаймын, мусулманчылыкка окуган эмес элем, илимим жок! Туура эмес жообуну берсем кудай алдында, эл алдында шарият илими уруп кетет!. Мен жооп бербей як жеңилдим! деди.

Ошондо Сулайманкул датка: «Эми Жеңижок, бу Барпы деген ырчың жооп бере албастан жеңилдим» деп элдин көзүнчө мойнуна алып атыры, анысына ыракмат! Ушундай кыйын суроолорду берген сага да ыракмат, энди, Барпы балам жеңилди деп ортодогу бөлүнгөн акчаны сага берип кете берсек деле туура болот эле, бирок, сенин өзүңдүн ырыңа өзүн кантип жооп берериңди укпаса бул элдин мооку канбай турат! Өзүң жооп бер, сөз сенде! деди. Анда Жеңижок элди кыдырата бир көздөн өткөрө карап: «Жакшы болот, агайиндер, өз табышмагымды өзүм жандырып бербесем ар ким ар кандай ойдо калышы мүмкүн, табышмакты жараткан адам чечпей калмак беле! Бирак, Барпы балам, деле жакшы ырчы, мен да көктүгүмдү карматып, катуурак кетип калдым окшойт! Анткени менен Жеңижок  Барпы эмес! Барпы Жеңижок эмес! Булбулдун тили  торгойдо эмес, торгойдун тили  күкүктө эмес! Ар кимиси өз-өз тилинде жакшы. Ар биринин өзүнө ылайык орду бар эмеспи! Эмесе, өзүмдүн суроомо өзүм жооп берейин деп Жеңижоктун ырдап турган жери:

Буйругу менен Алланын,
Жабраил периште,
Арафаттын тоосунан,
Уруксат алып кудайдан,
Адам жасап ылайдан.
Жан киргизген эмеспи! .
Ошол Адам-Атанын,
Кабыргасын чыгарып,
Обо-Эне жасап келтирип,
Чебердигин билгизип,
Ичине нурду киргизип,
Ал киргизген эмеспи!..
Жүрөктөрүн соктуруп,
Кан жүргүзгөн эмеспи!
«Раббил Алла» дегенде,
Адам-Ата, Обо-Эне,
Тура келген эмеспи!
Алла-Таала көңүлүн,
Бура келген эмеспи!
Адам-Ата, Обо-Эне,
Бейиштин төрүн жай кылды
Бейиште неге болот? деп,
Көрө албай шайтан кайгырды!
Жети кабат бейишти,
Жылан, тооз кайтарды.
Алтын берип экөөнө,
Минтип шайтан алдады.
Бейиштин кирип ичине,
Обо-Энеге жегин деп,
Ооз тийип көргүн деп,
Буудай берди кичине.
Обо-Эне бейиш булгаптыр,
Оңдуу жумуш кылбаптыр!
Каары келип кудайдын,
Адам-Ата, Обо-Эне,
Экөөбүн катар айдаптыр!
Тындырып көөнүн жайлаптыр!
Кудай кармап жыландын,
Кырк бутун шыпыра чаап кесиптир.
Кароолчусу бейиштин,
Түбүнө минтип жетиптир.
Кырк буттан жылан ажырап,
Бутсуз сойлоп кетиптир!
Ар жерге тууп, карабай,
Тооз куш болсо тентиптир!
Жылан менен тооз куш,
Жаза алышкан ушундай,
Жалганы жок кымындай!..
Уламадан уланып,
Бизге жеткен бузулбай.
Периште нурдан жаралган.
Кудайымдын кулдары,
Бирок көзгө көрүнбөйт,
Кызмат кылган бу дагы!
Ар пенденин күнөөсүн,
Жазып жүргөн ушулар.
Кыямат күнгө жеткенче,
Ташып жүргөн ушулар.
Кудайдан пайгамбарларга,
Болуп турган элчиси,
Азирети Жабраил!
Ырыскы бөлгөн пендеге,
Өз мөөнөтүн өткөрбөй,
Бир жерге катып, жашырбай,
Керек болгон учурда,
Бир тамчысын калтырбай,
Өкүм кылган булутка
Азирети Микаил!
Пенделердин жандарын,
Ала жүргөн ким десең,
Азирейл эмеспи!
Пенделердин жандарын,
Сандыгына чогултуп,
Сала жүргөн ким десең,
Исрафиил эмеспи!..
Калами шарип  улук сөз,
Кудайдан келген ыйык сөз.
Кудай досу  Мухаммед,
Барып келген эмеспи!
Бир барагын жоготпой,
Ыйык куран китебин,
Алып келген эмеспи!..
Жаан болуп турсун деп,
Булутту кудай жаратты.
Дүйнө жүзүн кыдыртып,
Шамалды кудай жаратты.
Ойлоп пенде чечпеген,
Амалды кудай жаратты.
Ай, Күн, жылдыз, Асман, Жер,
Баарын кудай жаратты!..
Түнү менен издешип,
Табышпаган Итак менен Сүтак дейт,-
Өз баласын башкага,
Табыштаган күкүк дейт.
Айта берсек кеп менен,
Бардык нерсе чек менен.
Бирисиз бири күн көрбөйт,
Жамгырсыз Жер көгөрбөйт,
Күндүн алтын нурусуз,
Сулуулука бөлөнбөйт!..
Токой кыйсаң  суу болбойт,
Көл соолсо  куу болбойт!
Кийиги болбой тоо болбойт,
Бешенеде болбосо,
Пейили жаман оңолбойт!
Башкарып турган каны бар,
Башкача күчтүү алы бар.
Ынтымактуу жашаган,
Үйрөнө турган жагы бар.
Муну кайсы десеңер,
Бул  кумурска жаныбар! .
Топтолушуп жашаган,
Тили бар десең  тили бар,
Тийип койсоң уюка,
Топтолуп кубар жини бар!..
Азыр айтам  билип ал,
Аары деген жаныбар!..
Бир жубу  өлсө, бир жубу,
Өлүп жүргөн куу болот.
Баш аягын жыйнабай,
Желип жүргөн суу болот!..
Дүйнө сырын чечмелеп,
Берген китеп куран дейт!
Он сегиз миң Ааламды,
Бийлеп турган кудай дейт!
Мухиттеги толкундун,
Күчтүү жери  түбүндө.
Ыйманы бар пенденин,
Жакшы иш келет түңүлбө!..
Адамзаттын денеси.
Ак турпактан жаралган,
Акырындап көбөйүп,
Ар тарапка таралган.
Союлган мал адал дейт,
Союлбаган арам дейт.
Унутулат жакшы иштер,
Унутулбайт жаман дейт.
Буйрук, тагдыр деген бар,
Бешенеңден көрөсүң.
Тагдыр жазса айла жок,
Аргасыздан көнөсүң.
Ооруганы жаныңдын,
Ошол кордук эмеспи.
Кара ниет адамдын,
Иши зордук эмеспи!..
224 миң пайгамбар,
Булар өткөн эмеспи!..
Бул дүйнөдө ким калган?
Баарын жалмап, шыпырган,
Сен экенсиң, шум жалган!..
Күн менен Түн алмашып,
Өтүп келген эмеспи.
Өмүр көчү токтобой,
Көчүп келген эмеспи.
Эмгектенип адамдар,
Энчи табат эмеспи.
Оозун ачып жалкоолор,
Куру калат эмеспи.
Жер жүзүнө жалгыз Күн,
Нурун чачат эмеспи!..
Тозоктун кайсы белгиси?
Тоңдуруп суук кыш келди,
Тозоктон ушул  бир белги!..
Жаннаттын кайсы белгиси?
Жайнатып жазда гүл берди,
Жаннаттан бул  бир белги!..
Алсыздарда арыз бар,
Айтып берем, чырагым,
Куранда канча парыз бар?
Экинчи жолу жолуктук,
Экөөбүздө намыс бар.
Тил жүгүрүк, ой күлүк,
Оңой ырчы болбойсуң,
Жетилерсиң сен жүрүп!
Парыздын баары кырк болот,
Айтпасам көңүл бук болот.
Исламда болот беш парыз,
Илгиртпей айтам байкаңыз.
Биринчиси  ыймандыр.
Мусулман кызмат кылгандыр.
Экинчиси намаздыр,
Шайтанды кудай көрсөтпө,
Жолуктурбай адаштыр!..
Үчүнчүсү зекеттир,
Үйдөгү мал, даныңдан,
Үлүшүн бөлүп береттир.
Төртүнчүсү орозо,
Бир ай кармап туптуура,
Мамиле кыл ошого!
Бешинчиси ажылык,
Барып келгин Мекеге,
Болсо жолго каржылык!
Ыйманда бар жети парз;
Биринчиси бул сенин,
Алла-Таала кудурет,
Бардыгына ишенгин!
Экинчиси  периште,
Жардамы болот көп иште!..
Үчүнчү келген кезекте,
Ишенгиниң ишиңе,
Курани жарим китепке!
Төртүнчү келген кезекте,
Пайгамбардын бардыгы,
Болсун дайым эсиңде!..
Бешинчи келген кезекте,
Кыямат кайың болот деп,
Болсун дайым сезимде!..
Катарынан адашпа,
Он эки парз бар намазда!
Бир парзы болот илимде,
Берилгин илим-билимге!
Болсун дайым дилиңде!
Амри маруп бир парыз,
Аткарбасаң буларды,
Акыры кийин жагында,
Абыдан болот чоң наалыш
Оокатта эки парыз бар,
Ойго албай койсоң парыз бар,
Адал менен арамды,
Ажыратып тааныш бар!
Келип жеттик гусулга,
Үч парыз бар ушунда.
Тааныштырып айтабыз,
Таямумда төрт парыз,
Бардыгы болду кырк парыз!

деп Жеңижок жообун бүттү. Акындын тапкычтыгына, ырдаганына таң беришип, күтүрөгөн көпчүлүк сүйлөшүп турушту…

Bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.