Жалал-Абад

Сүрөт "Tushtuk" сайтынан алынды
Сүрөт “Tushtuk” сайтынан алынды

(уламыш)

Жалал-Абад курорту Кыргызстандын таанымал курортторунун бири. Ал жерден чыккан минералдык суулар, Аюб булак жана Кыз булак деп аталып, элге белгилүү болгон.

Илгерки заманда Аюб пайгамбар жашаптыр. Ал өтө оорулуу болуп, денеси бүт бойдон жара болуп кеткен экен. Аюб пайгамбарга периштенин боору ооруп, бир күнү ага мындай дейт:

– Сен турган жериңди оң бутуң менен теп. Аюб пайгамбар жерди тепсе, ал жерден ысык суу чыгат. Ошол сууга Аюб пайгамбар жуунуп, денесиндеги жарааттардан айыгат. Андан кийин:

– Эми сол бутуң менен теп, – дейт периште.

Сол буту менен жерди тепсе, жылуу суу чыгат. Ал суудан Аюб ичип, бүт оорусунан айыгып кеткен экен. Ошондон улам Жалал-Абад курортунун бир булагы «Аюб булак» деп аталып калыптыр. Ошол курорттогу экинчи бир арашан суусу «Кыз-Булак» аталып бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда жашап келет. Мындайча аталыштын себеби төмөнкүдөй:

Илгери ошол курорт орношкон жайда бир бай жашап, анын үч кызы болот. Мезгил өтөт, байдын кыздары карый баштайт. Бирок бир кызы такыр карыбайт. Мунун себебин байкаса, ал кыз дайыма ысык суусу бар бир булакка жуунуп жүргөн экен. Ошондон улам бул булак кийинчерээк «Кыз-Булак» деп аталып калган экен.

Tyup.net

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.