Сирень Сарбалаева

s_sarbalaeva

Ырлар

ТАПТЫРБА

Кутудагы кулпуланган бактысың,
Кусалыктын таптырбаган ачкычын.
Жеткин деген жеңиштерге чакырып,
Жеткирбеген үчүн мага жакшысың.

Күлгүн кездин гүлдөргө окшош көктөмү,
Күнөө делбейт, күтүп көңүл чөккөнү.
Мекениме жалын чачып, нур чачып,
Мен жетпеген жылдыз болчу көктөгү.

Тирүулүктө болчу жолдун жашылы,
Тилегимди ажаарлантсын асылы.
Май айындай жаз жашатып дүйнөмө,
Махабаттын кубалатсын закымы.

Жалын чачып жазыла элек жакшы ырга,
Жазгы нурдай агып кирсин бакты ырга.
Өчпөс оттой алоолонсун сагыныч,
Өмүр бою издет, издет таптырба.

 

ИЗДЕГИН

Сайраган эрте жаздын булбулундай,
Сагынта берчү болдуң кургурум ай.
Сен мага көрүнбөгөн ар бир мүнөт,
Сезилет сенек болгон бир кылымдай.

Шумкардын мейкининдей чабыттаган,
Тулпардын эркининдей талытпаган.
Балбылдап бажыраят күн элесиң,
Бакыттын бар экенин аныктаган.

Жаз кошуп жаркыраган маанайыма,
Жан элең жаралган бак-таалайыма.
Кылымдын кыйчалышын жеңгичекти,
Кыш түшүп барат сакал саамайыңа.

Жанымдын жаркып сүйгөн жакшы адамы,
Жасалчу бардык ишиң ташта дагы.
Издегин ийгиликтин асманынан,
Илинип турган айды аскадагы.

 

* * *

Тепкичтей улам бийик көтөрүлгөн,
Теңирдин чыкпагандай жетегинен.
Баардык суу колго келип куюлгандай,
Бактыбыз көбөйүдө кечегиден.

Арчадай аскаларды сайраңдаган,
Ай күндөй бир бирине байланбаган.
Ышкылуу рахаттуу адамдарбыз,
Ыр жазып алган күнүн майрамдаган.

Дайрадай жүрөктөрдүн туйлаганы,
Айладай көңүлдөрдүн кыйнаганы.
Доктурдай дарылаган ырларыбыз,
Достордой доорубуздун сыйлаганы.

Таң болбойт тамылжып нур жамынбаган,
Жан болбойт жактырганын сагынбаган.
Жанымда болбосоң да жаз тартуулап,
Жарыгым жүрсөң болду шаарымда аман.

 

КЫШ

Чуркап ойнойт кар жылдыздар
Чуудасында дарактын
Бектер, хандар беките албас
Бермет кечип бараттым.

Сапырылып жал куйругу
Сакалдары титиреп.
Аңгыраган ээн көчөдө
Аяз жүрөт кишенеп.

Үшкүрүнүп, улутунуп
Үйлөйт жолдун таманын.
Шыпыргысыз чачат карды
Шылдыңындай баланын.

Чөөдөй муңдуу ачууланып
Чөптөй учуп ызылдайт.
Хан жамынбас каухар кийип,
Карт дарактар суз ырдайт.

 

КҮТҮП АЛ

Шамалга көйнөгүм желбиреп,
Шашамын жүрөгүм элжиреп.
Тосуп чык алдымдан бүгүн сен,
Тозоктон куткарчум келди деп.

Кыпкызыл кызгалдак ээрди деп,
Кышымды жаз кылып берди деп.
Ааламга батпай бир сүйүнчү,
Азаптан арылтчум келди деп.

Майрамдык салюттай чачылам,
Манжаңа сылатам чачыман.
Борбордук бекеттен күтүп ал,
Бооруңа бек кысып, татынам.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.