Карачач

(жомок)

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

– Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин,- деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

– Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор?- деп элге суроо берет.

Ошондо бир балыкчы чал:

– Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу?- дейт.

Андан Каракан:

– Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот,- дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.

Кыз:

– Таксыр каным, “кандын суроосуна жооп бер”,- деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин,- дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.

– Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени “кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок”, деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын” боло албайт экен го деп ойлоймун.

Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, “айжокчулук” деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.

Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.

Ошондо кан: “Суроомө туура жооп берди”, деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:

– Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун,- дейт.

Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды.

Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:

– Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, “үч күнгө чейин уруксат бер” деп кайта үйгө келерсиз,- дейт.

Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:

– Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын,- дейт.

Анда чал:

– Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи,- дейт.

Бул сөзгө кандын ачуусу келип:

– Чалды дарга тарткыла,- деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:

– Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң,- дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.

Кыз атасына:

– Ээ ата, ыйлабаңыз, “миң күнкү өлүктөн, бир күнкү тирик артык” деген бар. Ата, кайта канга барып, сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кан кызыңды бергин деп, сизге айткан чыгар. Анда сиз төмөнкүдөй малды берсеңиз, мен кызымды беремин деп гана жооп берип кайтыңыз. Ал калың: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кыр карстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк берсин деңиз. Ушуну берсеңиз, мен кызымды беремин! “Эң алды менен муңу жок, картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла де”,- деп айтаар сөзүн үйрөтүп, атасын жөнөтөт. Кызынын бул сөзүнө чал аң- таң калып, канга барганда коркуп жатып араң айтат. Чалдын сөзүнө кан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малды дагы таап беремин деп, чалды үйүнө кайтарат. Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат. Отурган адамдардын ичинен бир чал туруп:

– Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын,- дейт. Андан кийин бир карыя тура калып:

– Муну айткан кыз Карачач арстанды кармоону дагы билет. Кызды алдырып сурайлы,- дейт. Кан макул болуп, Карачач кызга киши жиберип алдыртат. Карачач келгенден кийин, кан:

– Жырткыч айбандардын сага жана ата- энеңе эмне кереги бар? Андан көрө алтын алын, ата- энеңе берсең, жеп- ичип, жыргап жата бербейби,- дейт. Анда кыз Карачач унчукпай көпкө олтурду.

– Аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Кан башыма боштондук берсе экен деп, боштондук сураган элем. Мен айткан калың мал эмес, силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, кан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың малга он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим, жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жүткүнбөйбү. Кырк арстан дегеним, кыркка чыккан адам арстандай күчүнө келбейби, элүү ат берсин дегеним, элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексен каны жок жүрөк берсин дегеним, сексенге чыккан адам каны жок жүрөктөй кургабайбы. Муңу жок картаң молдого никемди кыйдырсын дегеним, картаң адамдын ичинен капа- кайгысы жок, бир да адам болбойт. Ошондуктан, менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби,- деп менин канга карата айткан табышмактуу суроом болучу. Ушул олтурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду текшерип көргүлөчү, айткан сөзүмдүн катасы болсо кайта алайын. Болбосо, канга тийбеймин! Кан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын,- деп кыз айткан экен.

Ошондо олтурган элдердин ичинен бир аксакал адам:

– Балам, кыз Карачач, бактың ачылсын, жолуң болсун,- деп кандан уруксатсыз эле, кызга бата бере кетет.

Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот. Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт.

Соц тармактар:

One thought on “Карачач

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.