Ш.Дүйшеев. Агындылар

(Башы өткөн сандарда)

Урматтуу окурмандар! Сиздер, Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылгын «Агындылар» китебиндеги Кыргыз ССРинин, бөрк ал десе баш алган Борбордук Комитетинин аткаминерлеринин жүзү катары айтылып келген айтылуу Матен Сыдыков тууралуу жазылган «Матен» деген бөлүктү окуп баштадыңыздар.

Матен

Матен биз жашаган доордун –  СССРдин, анын кол баласынын бири болгон Кыргыз ССРинин, анын бөрк ал десе баш алган Борбордук Комитетинин аткаминерлеринин жүзү.

***

Матен-өзүн акысыз билим берип, акысыз окутуп тарбиялап өстүрүп, чоң мансап-даражага жеткизген өз коомуна чын жүрөгү менен кызмат кылган адамдын типтүү өкүлү. Коммунисттик партияга берилгендиктин ашкере үлгүсүн көрсөткөндөрдүн бири. Ошол мезгил, ошол доор өзүнө кызмат кылган адамдардын баарын Матен кылгысы келген. Ал учурда баары эле Матен болгусу келген, бирок бири дагы Матен боло алган эмес.

***

Ал бардык эле жетекчилердей дегенин дегендей, айтканын айткандай аткартканды жактырган. Темирдей тартипти сүйгөн. Иштеген түр көргөзүп, эт менен челдин ортосунда жүргөндөрджэү элдин көз алдында жанаякка салып алып ушалап ийлеген насвайдай ушалаганды жакшы көргөн.

***

Матендин ар бир жыйналышы өзүнчө «спектакль» болчу.

***

Эзели кулабастай болгон бир доор кулады. Матенге чейин да Матенден кийин да тоолуу облуска биринчи жетекчи болуп бир топ адам иштеди. Алардын көбү кетеринде «өтө порядочный эле «өтө культурный эле» деген сөздөрдүн «чапанын» жамынып узады. Бирок бири да Матен сыяктуу элдин эсинде калган жок.

***

Нарын шаарында Матен Сыдыковдун ысымындагы бир кичирайон бир орто мектеп бар.

***

Матен Сыдыков обкомдун 1-катчылыгына жаңы олтургандан кийин Ат-Башы районун кыдырып келип:

– Бу ат-башылыктарың кызык калк болот экен. Өлүктүн алаканындай болгон агоротторунун аяк-башына киндигинен келген даараткана салып алып, анан деле коё кал, алтын сарай салып алгансып, тышка чыкса эле чычкылары келип, чычкылары келбесе деле ошонусуна барып олтуруп алып чылым түтөтүп, анан ага да жөн олтуралбай, өткөн-кеткенге тийишип олтурат экен, –  деп айтканы азыр да эл ичинде жашап жүрөт.

***

Чын эле Матен келген кездери Нарын чөлкөмүндө кыйраткан деле даараткана болгон эмес. Капкара тол менен жарымына дейре каланган дааратканаларынан моюндарын кернейдей созуп коюп, жөн отурбай, бөлөк жер таппай калгансып, өтүп бараткан Өмөргө, кетип бараткан Кемелге тийишип:

– Эй, шаардан катының келдиби? Базарлык барбы? –  деп кыйкырып олтурган акелеримди мен да далай жолу көргөм.

***

1982-жыл болуш керек. «Нарын правдасы» деп аталган облгезиттин айыл чарба бөлүмүнүн кабарчысы болуп иштеп жүргөм. Бир күнү эле ишке келерим менен редакторум Дүйшөнбай Мусаев чакырып:

– Саат 10до обкомдун саясый агартуу үйүндө айыл чарба кызматкерлеринин чогулушу болот. Матен Сыдыкович өзү катышат. Барып жазып келесиң. Ай бала, анан кара теке сүзүп унутуп калып, Матенге кактабай канымды сордурта көрбөгүң. Антчү болсоң тарамышыңды бирден чубайм –  деп жөнөттү.

***

Унутпай калайын. Матендин бюро сайын «кан соргонун» редакторубуз айтып келе берип, атаганат, ансыз деле «кан соргон кандай болорун» бир көрсөм деп дегдеп жүргөн жаным, кудай жалгап өз көзүм менен көрмөй болдум деп сүйүнүп кеттим. Болжогондон жарым саат мурда барып олтуруп алдым. Зал облустун айыл чарба кызматкерлерине толуп чыккан маалда бет маңдайыбыздагы дубал ачылып, байкабапмын, көрсө ошол дубал менен дубал болуп турган жеринде да эшиги бар экен, «член бюролорун» ээрчиткен, байкабапмын, көрсө ошол дубал менен дубал болуп турган жеринде да эшиги бар экен, «член бюролорун» ээрчиткен Нарын обкомунун 1-секретары Матен Сыдыков президиумга келип олтурду. Оң чөнтөгүнөн  алып чыккан бет аарчысы менен оозу-мурдун сүртүп, сол чөнтөгүнөн алып чыккан бет аарчысы менен тунук көз айнегин тазалап, кайра кийди.

***

Сөз адегенде эле ошол кезде облус тургай республика боюнча алдыңкы деп саналган Кочкор районунун айыл чарба өндүрүшү боюнча башкармасынын башчысына берилди. Салык курсак кара киши трибунага чыгып, ала келген кагазына башын катып алып шабыратып окуп кирди. Адатта ал учурда кандай гана доклад болбосун алгач кириш сөзү окулуп, кириш сөздү сөзсүз КПССтен башталып бир нече жолу Брежневдин аты аталып келип, анан негизги маселеге өтөр эле.

– Токтот КПССиңди!-деди Матен бир маалда.

Теңир менен тең ата болгон КПССке акарат айтуу деген агезде түп ордуң менен жок болуу дегенге тете болчу. Мындай мандемдүү сөз айтуу Кудайдан бөлөк эч кимден коркпогон гана кишинин колунан келмек. Ушул бир эле сөз олтургандарга Матендин кудурети канчалык экендигин айныксыз далилдеп турган эле:

***

«Токтот КПССиңди!» деди да, алдындагы алты кырдуу ыстаканды көчүгү менен үстөлгө урду эле ичиндеги учталган бир боо карандаш көкөлөп барып учуп түшүп, жер жайнай берди. Оң жагында, сол жагында олтурган бюро мүчөлөрү да карандаштай чачылып, үстөлдүн астына кирип барып, заматта чогултуп чыга калды. Чоп-чоң эле кишилердин, болгондо да, өз кабинеттеринде олтурганда мансаптын «макетиндей» болуп жалтылдаган бюро мүчөлөрүнүн жаш баладай тоңкочук атып, үстөлдүн алдына сойлоп кирип чачылган карандашты жыйнап жүргөндөрүнө күлкүм келди.

***

Сөз сүйлөп аткан Кочкордун айыл чарба бөлүмүнүн башчысы ошондо таман алдындагы жер жарылып кетсе эбак түшө качып жоголот беле ким билет, «токтот!» дегенде эле бечара өзү тургай колундагы кагазы калтырап-титиреп барып үн чыгарбай дымыды.

– Бери бас, күйөөлөп келгенсип жашынбай!- деди.

Биринчи класстын окуучусундай болуп элдин алдына чыкты.

– Мен сенден талаачылыкты сураган жокмун. Талаачылыкты ансыз да Корчубек Акназарович сенден мыкты билет. Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров Кочкор райкомунун 1-секретары болучу. Мен сенден мал чарбачылыгын сураган жокмун. Мал чарбачылыгын ансыз да Түлөберди Сыдыкович сенден мыкты билет. Түлөберди Сыдыков Кочкор райисполкомунун төрагасы болучу. Чынында эле аттары аталган экөө тең мыкты кадрлардан эле. Мен сенден райондогу сүттү сурап атам. Алдагы ат оонап кеткен жерге чыккан айгыр тепектей болгон курсагыңды жарса канча литр кымыз чыгарын билесиңби? – деди Матен Сыдыкович.

Кочкордун айыл чарба өндүрүштүк башкармасын Матен бир заматта кагаздай бүктөп-бүктөп, «ыргытып» жиберди.

***

Экинчи жолу аны Ак-Талаадан көрдүм. Облустук радиокомитетте иштеп жүргөм. Комитеттин төрөгасы Жоомарт Чоробаев редакциянын жаман «девитин» берип;

-Эки күн мурда жөнөп кетпесеңер жетпей каласыңар, Матен Садыкович Ак-Талаада талаачылык боюнча семинар өткөрөт экен, барып тартып, жазып келгиле,-деп жөнөттү.

Минген машинебиз улам эле эки чакырым жүрүп барып токтоп, грипп болгон кишинин мурдуна окшоп, чыкпаган жеринен буусу да, суусу да атылып, акпаган жеринен майы да, «шайы» да агып, «ремени» үзүлүп олтуруп араң дегенде ошол жакка темселеп, «облрадиодон келдик» деп бир бурчка түшүп жайгаштык. Узак жолдо жанчылып, тим эле бир тонна болуп калыппыз. А күнү эс алдык.

***

Эртеси карасак семинарга деген жай элдир-селдир көлөкөсү бар, тал-тереги суйдаң, түбүнөн жайдак суу агып өткөн, жээгин мал жебес жылбырска чөп басып, этеги жашыл тартып турган, ээги түшкөн кемпирдин кебетесиндей болгон эмшейген жерде экен. Кечээ кечинде машине менен алпкелген жасалгалуу боз үйдү таңатпай тиге салышты. Матен ушул үйгө түшөт дешти. Ары жактагы чатырдын түбүндө билегин чыканагына чейин түрүнгөн эки жигит кой союп, бир келин иче-кардын артып, да бир келин тыркыя семирген индуктун жүнүн жулуп атты. Жалтылдата тазаланган самоорлордун боору күнгө чагылышып, биринен бири озуп, түтүнүн созолонтуп кирди. Атырылган бойдон ак «волга», анын артынан сары «москвич» ээрчий келип токтоп, андан түшкөндөр: «Матен келатат, даяр тургула» деп кабар айтып, «москвичи» калып, «волгасы» кайта «дыр» койду. Биз дагы аппараттарыбызды белендеп, камданып калдык.

Ага дейре каякка катып турушканын ким билсин, бир маалда эле узун бойлуу, келбети келишкен сулуу келин чатырдан чыгып боз үйдү көздөй бурала басты. Эки өрүм кылып өрүп коё берген артындагы чачы жер менен чубалып, көк чөп менен жарышып баратты. Баарыбыз ошол жакты жалт карадык. Мындай чачты мен кинодон да көргөн эмес элем. Ак Мөөр сулуу бекеринен Ак-Талаадан чыкпаганын ошондо түшүндүм.

– Бул ким деген келин?- деп сурадым ошол жердегилерден суктанганымды жашыралбай.

– Матенге чай куйдурганы таап келишти- дешти.

***

Аңгыча төмөн жактан чаң ызгып, бирин бири демиткен ак волгалар адыраңдап жетип келип, ичинен Матен баштаган жоон топ кишилер түштү. Матен эч жакка бурулбастан түз эле эгин аянтын көздөй кадам таштады. Талаа эки саржандай эле жакын жерде болучу. Эңкейе калып эгин жакшы өсө албай турган айдоонун топурагын кармалады. Какшып турган топурак район жетекчилигинин кандай иштеп жатканынан кабар берип турган. Кармары менен үбөлөнбөгөнүнө ыраазы болбогонсуп өөдө болду да, кабагы салыңкы бери басты. Биздин радиокомитеттин тармал чач оператору иттин мурдунан түшө калгансып камерасын көтөрүнүп, жампалаңдап алдынан чыга калды эле, Матен «болбойт» дегенсип колун шилтегенде бирөө жыга чапкан немедей жок болду. Райондун баягы капкан бузуп, тузак үзө жүргөн аткаминерлеринин бири төшөктөй төшөлүп:

– Матен Сыдыкович, даам ооз тийиңиз?- деп келиндей ийилип, боз үйгө баштап жөнөдү. Матен боз үйгө кирип кетип эле кайра чыкты да келген жагына зуу койду.

– Боорсок эле ооз тийди, чай ичкенге жараган жок, ишине ичи чыкпаган жерден ушинтип тамак ичпей коёт,- деди кызмат кылып жүргөндөрдүн бири.

(Уландысы бар)

“Де-факто”, 15.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.