Коркок баатыр

(жомок)

Илгери Сокбай деген жигит үйдөн чыкпай, атасынын тилин укпай, даяр оокатты ичип жата берет. Эгер эшикке чыкса, желп эткен жел, кылт эткен куурай, чыңылдаган чымындын баарынан коркот. Анын коркоктугун шылдың кылып, эл аны коркок «баатыр» деп аташчу болду.

Акыры атасы өлүп, оокаты өтпөс жагына ооп калды. Сокбай эсин жыйып: «Кой минтип жүрсөм болбойт экен, коркоктугумду коёюн, бул адатты жоёюн», – деп ойлоп, сыртка чыгып, оболу өз эрдигимди сынайын деди: аттын өркөчүнө үйүлгөн калың чымынды алаканы менен кагып алып, анан санап көрсө — туура жүз экен. Сокбай бул ишин чын эле эрдик деп, эми жортуулга жөнөмөк болду. Атын токунуп минип, күн батышка карай жол жүрдү. Акыры үч айрылыш жолго келсе, жолдун так ортосунда чоң кара таш туруптур. Сокбай бир аз ойлонуп, аттан түшө калып: «Ортоңку жолго түшкөн адам өлөт» — деп ташка жазып койду да, өзү ошол жолго түшүп, андан ары жөнөдү. Сокбайдын артынан келаткан эки баатыр таштагы жазууну көрүп:

— Өлсөк өлөлү, эгер мындан корксок — биздин баатырдыгыбыз кайсы — дешти да, ортоңку жолго түштү. Алар Сокбайга бат эле жете барып, салам айтышты. Сокбай эси чыкты, бирок аны билдирбей:

— Алейкум ассалам, жол болсун, балдар? — деди. Берки экөөнүн ачуусу келип:

— Биз бала эмеспиз, — дешти.

— «Бул жолго түшкөн өлөт» деген жазууну таштын бетинен окуган жок белеңер?.. Окусаңар — кайткыла! — деди Сокбай.

— Окудук, бирок сиз барган жерге биз да барабыз, — дешти эки баатыр.

— Эмесе болуптур. Мен атактуу Сокбай баатырмын. Эми силер мага ат токур болгула.

Эки баатыр таң калып:

— Сокбай баатыр, сиз бир чапканда, канча кишинин башын ыргыта чабасыз? — деп сурашты.

— Жүз кишинин, ачуум чындап келсе, канчаны чапканыма санат жетпей калат, — деди Сокбай кайраттуу сүйлөп. Анан эки баатырга көтөрүлө карап:

— А силерчи? — деп сурады.

— Көп болсо эки-үч кишииин башынан ашпайт, — дешти беркилер жерди тиктеп.

Булар ушинтип кызык кепте баратканда, так алдынан жоо чыгып калды.

— Баатыр, сиз баштап кирсеңиз экен, — деп берки экөө коркконунан карбаластай түштү.

— Былжырабай силер баргыла! Мен артыңардан карап турам… Мени ушул бир ууч жоого булгайсыңарбы?.. Эгер көп болсо, анда кеп башка. Качыргыла! — деп Сокбай ачууланып койду.

Эки баатыр айласыз макул болуп, жоону качырып кирди да, бат эле кыйратып кайтышты.

Үчөө дагы алга жүрүп отурушту. Бара жатып, эми аябаган көп жоого жолугушту. Эки баатыр Сокбайга карап:

— Кана эми, баатыр, сиз барыңыз, — дешти.

Сокбай макул болду. Жоого каршы качырып, бирок коркконунан чыдабай, жолдо эки көзүн жоолук менен чылк таңып алды. Жоо Сокбайдын бул кылыгын көргөндө, аң-таң болуп, «биз да ушинтели» деп көздөрүн таңып алышты. Жоону аралай чаап баратканда, Сокбайдын жоолугу түшүп калды. Караса: жоонун көзү бүт таңылуу, бир-бирин кыя чаап кырып жатат. Аны көргөн Сокбай карап турсунбу: кылычты кындан сууруп алып, жоо башчысынын мойнун кыя чапты да:

— Башчыңар өлдү! Бөөдө кырылбагыла, жайжайыңа тарап, тынч оокатыңарды кылгыла! — деп кыйкырды.

Муну уккан душмандар көзүн ачып, башчысынын өлгөнүн көрүп, жарактарын таштап, Сокбайга багынды. Сокбай жоону таратып, анан эки баатырга келип:

— Баатыр болбой калгыла! Ушуга мени бекер эле жиберипсиңер, ачуум келип, бөөдө баарын кырып коё таштадым, — деп мактанды.

Эки баатыр Сокбайдын эрдигин көрүп, ага чыны менен баш ийип, өздөрүнө башчы кылып алышты. Ошондон кийин Сокбай абдан күчөп, коркоктугу калып, бүт элге барктуу, нарктуу, атактуу баатыр болуптур дешет.

Соц тармактар:

One thought on “Коркок баатыр

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.