Аскербек ЭРМАТОВ, коомдук ишмер: “Ак боз атчан Алыкулду өз деңгээлинде баалабай, көмүскөдө калтырып койгонубуз чындык”

Алп акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата даярдыктар ар тарабынан башталганын, Панфилов райондук жана өкмөттүк деңгээлдеги комитеттер түзүлгөнүн буга чейин гезитибиздин беттеринде жазганбыз. Ушул ишке байланыштуу учурдагы эң алгылыктуу жана сүйүнүчтүү иш-чара – акындын тандалма чыгармаларынын эки томдук жыйнагынын жарыкка чыгышы болду. Алыкулду сүйүүчүлөргө жана жалпы эле окурмандарга баалуу белек болчу бул эки томдук азыркы убакта сатыкка түшүп, кыргыз элине акырындан тарай баштады.

Ал эми публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишев түзүп иштеп чыккан бул китептердин кыска убакытта сапаттуу, мыкты жасалгалуу жана чоң көлөмдө чыгышына, анын уюштурулушуна коомдук ишмер, Алыкул Осмоновдун 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча райондук уюштуруу комитетинин тең төрагасы, өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Аскербек Эрматовдун түздөн-түз тиешеси жана чоң салымы бар экенин баса белгилеп кетели.

Ушул жакшы саамалыкты жандай Аскербек Эрматов агайдын өзүнө жолугуп, көп жылдардан бери окурмандар жоктоп калган Алыкул акындын китебинин жарыкка чыгышы боюнча маек курдук.

– Аскербек агай, акыркы мезгилдерде Алыкул Осмоновдун китептерин дүкөндөрдөн гана эмес, китепканалардан да табыш кыйын болуп калган. Андыктан, бул жагымдуу жаңылыкты маалымат иретинде окурмандарга айтып кетпесек болбос…

– Ооба, окурмандар эңсеп күткөн китеп чыкты. Мен сөзүмдүн башында эле айтып кетейин, 100 жылдык юбилейге даярданып жаткан азыркы учурда Алыкулдун арбагы өзүнүн иштерин өзү колдоп, бизге жол ачып берип жатат. Дегеним, ушул китепти чыгаруу үчүн акын-жазуучулардан кеңеш алалы деп апрель айынын башында Жазуучулар союзунда жыйын өткөргөнбүз. Жыйынга мүмкүнчүлүк-шарты болгон 14 акын-жазуучу келди. Биз, Панфилов районунун уюштуруу комитетинин атынан келген 2-3 адам оюбузду ортого салдык. “100 жылдыкка карата Алыкул Осмоновдун китебин кандай түрдө чыгарсак болот, биз жазмакер эмеспиз, чыгармачыл адам эмеспиз, бизге акыл-кеңешиңерди бергиле” дедик. Алар айтышты, “Эгер акча каражатыңар бар болсо баардыгын эле чыгарсаңар болмок, үч том болот. А эгер каражат жетишпесе, ошолордун ичинен тандалма кылып туруп бир том чыгаргыла” дешти. Ошону менен кеңешмебиз үч саатка созулса да бир бүтүн пикирге токтой албай, ал жерден чыктык. Бир жыйынтыкка келбегенибиз бизди кыжаалат кылгандыктан ары ойлонуп-бери ойлонуп кетип баратсак, жолдон бизге журналист Темирбек Алымбеков жолугуп калды. Аны менен сүйлөшүп туруп калганыбызда “Жазуучулар союзуна эмнеге келдиңер эле?” деп сурады. Биз ал-жайыбызды айтып, койгон маселебизге бирөө бирди айтты, дагы башкасы башкасын айтты, азыр эми китеп боюнча эмне кылаарыбызды билбей турабыз десек, “Алыкул боюнча көптөн бери Мундузбек Тентимишев иштеп жүрөт, ошого кайрылгыла” дей калды дароо эле. Ошентип анан биз кокустан эле жолдон уккан маалымат аркылуу бир багытка түшө алдык да, китепти чыгарууга даярдыкты көрө баштадык. Чындыгында эле азыркы учурда акыныбыздын чыгармачылыгы боюнча Мундузбектен жакшы иштеген адам жок экен. Анан биз карыя жазуучу, көп жылдар бою Алыкулду изилдеген, даңазалап жазган Кеңеш Жусупов менен да кеңешип сүйлөштүк. Ал айтты, “мен Мундузбекке ишенем, ушул жигит менен иштешкиле, ушул бүтүрөт” деп. Ошону менен биз Алыкул Осмоновдун жаңы китебин чыгаруу үчүн Мундузбек Тентимишев менен толук кандуу иштеше баштадык. Жазуучулар айткан үч томдукту түзгөн чыгармаларын өзүм карап чыктым алгач. Анын ичиндеги “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын өзүнчө бөлүп алса болорун көрүп, калганын 2 томдук кылып басалы дедик да, маселени чечтик. Эки томдукту Мундузбек баштан аяк бүт өзү иштеп чыкты. Чыгармалар ирээтин, ыраатын тапкандан кийин, эптеп китеп чыкты аты болбосун деп, сапаттуу чыгышына аракетибиздин баарын жасадык, мукабасын, көркөмдөлүшүн ойлондук. Тарыхта калчу китеп болгондон кийин баасынын кымбаттыгына карабадык. Китепке жумшалчу уламкы акчасын улам берип турдук.

Азырынча 5000 нускада чыгардык. Ар бир тому 5 миңден болгондо, 2 томдугу 10 миң китеп болду. Алар сатылса, түшкөн акчасына “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын 2 миң нускада, Мундузбек Тентимишев түзгөн “Алыкулдун энциклопедиясын” миң нускада жана ушул эле эки томдукту кайра кайталап дагы көп нускада чыгарабыз деген оюбуз бар (А.Осмоновдун 2 томдугун сатып алгысы келгендер 0556 00-65-65 телефону боюнча кайрылсаңыздар болот, ред. кошумча). Кийин юбилейине келген меймандарга да белек катары миңдейи кетиши мүмкүн

Биз Өкмөткө кайрылдык, мектептерге, китепканаларга керек болсо, мына, иштелип чыккан даяр китепти бастырып бергиле деп. Себеби, китепти даярдоо да кымбатка турат да. А бул жерде даяр китепти гана бастырып беришет. Биз аларга эскертип айткандай эле, китеп жаңы тарай баштагандан көп өтпөй, мына кечээ эле өкмөттөн чалып айтышты, Билим берүү министрлиги Алыкулдун китебинин мектептерге, окуу жайларга керек экендигин айтып сурап жатышат деп…

Кыргыз акын-жазуучулары: Алыкул Осмонов, Абдыкайыр Казакбаев, Смар Шимеев. 1948-жыл.
Кыргыз акын-жазуучулары: Алыкул Осмонов, Абдыкайыр Казакбаев, Смар Шимеев. 1948-жыл.

– Коомчулукта акча каражаты жетиштүү, бирок кыргыз элинин руханий байлыгы үчүн салымын кошууну ойлобогон, кыргыз залкарлары тууралуу уккусу да келбей күнүмдүк үчүн кара жанын гана карч ургандар бар. Жеке сиздин Алыкул акынга болгон урматыңыздын, анын 100 жылдыгына карата боло турган баардык иш-чараларга жигердүү катышып, уюштуруу комитетиндегилерди алдыга үндөп-сүрөп жатканыңыздын мааниси эмнеде?

– Алыкул Осмоновдун жашаган мезгили абдан оор учур болгонун билебиз. Оор кырдаалга, оорулуу акыбалына, жетим чоңойгондугуна, турмушунун кыйынчылыктарына карабай, ал бул жашоодо улуу акын катары жарк этип жанып чыкты. Анын залкарлыгы – башка бир таланттарга окшобогон өзүнчө бир залкарлык. Алыкул өзүнүн жарык ырлары менен элине эмне берди? – Ал элине Ата Журтту сүйүүнү үйрөттү, мекенчилдикке тарбиялады, муну менен кошо окурмандарынын инсандык сезимин байытты, көңүлүн бийиктетти. Ар бир адам эл-жерине өзүнүн шык-жөндөмү, таланты, же жөн эле карапайым жакшылыгы менен кызмат кылышы керек. Бул, адам баласындагы жазылбаган мыйзам. Алыкул, ошол өз вазыйпасын жасады, эгер ал 35 жашында жаш кетпесе, көкүрөгүндө уюп жаткан далай чыгармалары даң салып дагы жаралмак. Жаралбай калган ал ырлары дагы далай элдин аң-сезимин өстүрмөк.

Биз окуучу кезде мугалимдерибиз бизге “Жолборс терисин кийген баатыр” поэмасын китептен окубай туруп жатка айтып берээр эле. Баарыбыз ынтызарланып, муюп укчубуз. Алыкул Шота Руставелинин бул поэмасын мазмундап, эркин жана жеткиликтүү, угумдуу которгону үчүн ошол мезгилдин адамдарынын баардыгы суктанып окуп, жаттап, оозеки айтып жүрүшчү. Мыкты которулганы үчүн элге сиңип, элге сиңгени үчүн кыргыздарда Автандил, Тариел, Нестан, Тинатин, Асмат деген ысымдар көбөйүп кеткен. Акын жетим чоңоюп, балдар үйүндө билим алып, орус тилин да ошол жактан үйрөнүп, анан 22-23 жашында Шотанын залкар поэмасын которгону – бул анын зор таланты.

Дагы айтаарым, Алыкулдун калемдеш замандаштарын, бирге жүргөн акын-жазуучуларды эске салалычы: Касымалы Жантөшев, Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиев жана дагы башка залкарлар. Ошолордун ичинен баарынан жүдөп жүргөнү, өзүнөн-өзү тартынып жүргөнү Алыкул болгон. Аны мейманга чакырышканда, оорум жугуп калбасын деп өзүнүн идишин кайда болбосун кошо көтөрүп алчу экен. Ооруман запкы тартып калбасын деп келинчек алган эмес, бир үйлөнгөндөн кийин. Мына ушунун баарын билип туруп, анын ырларынын кыргыздын руханий байлыгына айланып турганын көрүп туруп, кантип улуу акынды урматтабай, даңктабай коё алабыз. Алыкулдун улуулугу учурунда да, кийин да жетиштүү деңгээлде бааланбай

келди. Орустарга алардын Пушкини кандай бийик болсо, акын катары биз үчүн Алыкул ошондой. Бирок, тилекке каршы, ак боз аттай атырылып чыккан калемгерибизди өз деңгээлинде барктабай көмүскөдө калтырып койгонубуз чындык.

Алыкул Осмоновду изилдеген сайын, 100 жылдыгын татыктуу өткөрүү үчүн аракет жасаган сайын – урмат кылуу, таазим этүү деген нерселер менде ого бетер ашынып, арбагын ыраазы кылуу үчүн ого бетер жан үрөп турган кезим. Ал эми улуу инсандардын арбагын ыраазы кылуу – кийинки муун үчүн, урпактар үчүн керек. Өз убагында алар да кыргыздын ушундай мурас жолун улантып кетүүлөрү ата-бабаларыбыздан калган салттуу мыйзам жол.

Кымбат ЖОЛДОШЕВА, “Көк-асаба”, 29.10.2014-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Аскербек ЭРМАТОВ, коомдук ишмер: “Ак боз атчан Алыкулду өз деңгээлинде баалабай, көмүскөдө калтырып койгонубуз чындык”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.