Олжобай Шакир. “Образ”

ңгеме)

Апас Сарпашевге арнайм

Өлгөндөй сылаңкороз да ушу. Жок дегенде кайын журтуна баратканда сылаңкороздугун коё турбайбы десең, чычайбай. Келинчеги «алдагыңды чечип, шым эле кийчи» десе болбой шортик кийген… Анан калса шортиги да чаарала. Стильный. Жайдын ысыгында шортигин чечкиси келбеген Чилистен сөзгө сынарын кайдан ойлосун. Күн чайыттай ачылып турганынан жайлоо төрүнө жеткиче мени ким көрмөк эле деген кежирлигин карматып туруп албадыбы. Кайниси Урматтыкына шаардан келип бир түнөп, эртеси тоого камынышты. Тоо дегенди уккан балдары күрү-гүү, чуру-чуу. Чилистендин башындагы кийгеничи, тири шумдуктай панамка эми. Балыкка чыксам күн өтпөйт деп кийген анысын. А катын-балдары болсо тоодо беймаал жаан-чачын төгүп ийет деп жылууланып кийиништи. Сумке-сумке көтөрүнгөн кийимдери да канча. Ушу Чилистен гана чычайып жука кийинип алганын таң куланөөк аткандан бери колуктусу Сажира канча какшап айтты. Тили тешилди. Болбоду. Какшатты.

Жолго чыгышты, Токтогулдан. Кетмен-Дөбөнүн Алатай деген бейиштин төрүндөй жайлоосуна барышмак. Үйдөн чыгарда Сажира чебелектеп калды: «Шуркан таяжеңемкине тие кетпесек болбойт». Болбойт деп ушунча күүлөндү. «Эми тоодон келгенден кийин деле барбайлыбы…» деген Чилистендин кебине колуктусу көнбөдү. Төркүнсүп келген неме Шуркан таяжеңесиникине бармак элем деп; ал кишини канча жылдап көрелегин айтып туруп алды. «Картаң кемпир бир күн оору, бир күн соо деп атышат, кокус биз келгиче «тырп» этип кетсе беткат болом» деп көгөрдү Сажира. Сөз ошо менен бүттү. Жакындаганда күйөөсүнө эскертип айтты. Жакшыле айтты:

– Бая мен айтып жүргөн таяжеңем ушу киши. Эми кычышкан тилиңен абайла. Булардын түбү чоңко. Оозуңан сөз чыкты дегиче кутулбайсың.

– Аа… эстен чыгып кеткен турбайбы, аны ырас эскерттиң… Сен айтып жүргөн кемпир ушу да ээ?.. Ырас эсиме салбадыңбы. Мен чоңколорго теңелип өлалбай атыпмынбы, несин урайын… сүйлөбөйм… – деген Чилистен.

– Башкасынан да алдагы апсайган сакалыңды тегиздеп алсаң болмок экен. Тимеле кежирсиң. Карачы өсүп кеткенин… – деп наалыды.

– Ээ… эмне болмок эле.

– Чоңколордун алдында кайсы сөзүңдөн чалынып калаарыңды билбейсиң эми, абайла, – деп жакшы эле какшаган Сажира.

Келишти, түшүштү. Амандыкты сурашышты. Кемпир жадырап-жайнап тосуп алды. Күүлү-күчтүү экен. Аны Сажира бир күн оору, бир күн соо экен деп жөн эле апырткан окшойт.

Чилистен күйөө бала бул үйдүн босогосун аттаган маалдан бери үндөбөдү го чиркин. Башка киши жарылып кетмек. Тиги кемпир да күйөө баласынын оозунан сөз чыкты дегиче күлгө оонаган гөтөндөй кылган атпайбы, түгөт. Тыңшап отурса, куйкумдуу сүйлөйт экен. Сөздөрү куюлушат. Ансайын тиги чилистен да тилин тишине катып алганычы. Момоюп отурду. Анысы жасалма каада экенин кыйды кемпир туюп койгон баяле. Аңдыганы эми чилистен кебетеленген күйөө баласынын оозу. Мөртү келсе – мүрдөмгө келтирбей сөзгө чалып жыгуунун айласын кыя кетирбөө.

– Таа жеңе, аны-муну деп убара болбоңуз. Ушул сөрүдө отуруп бир чыныдан чай ичсек жетет, – деди Сажира.

– Жоо… ошо кантип болсун, бирдеңке чыркырата коёт келинибиз. Ал ары-бери болгучале. Ага чейин чер жазыша сүйлөшүп отуралы. Күнүгө келип аттыңар беле, – деген кемпир бир чыны чай менен узатып коё турган эмес меймандарын.

Сажира менен Шуркан өткөн-кеткенди а-айда эзилише кеп кылды. Алдыга куурулган жумурткалар келди. Ангыча сааттай болуп Чилистендин шаардын зоопаркындагы жаныбарлардан башканы көрбөгөн балдары тоокторго таңыркап атышты эле, кепенин оозун ачып салышканбы, кукулуктаган тооктор эшиктин алдында жайнап кетти. Эки-үч чаар тоок түз эле сөрүгө чейин чыгып келип нандын жерге түшкөн күкүмдөрүн терип калышты. Баятан сөз чыгарбай отурган Чилистен «охо-о, тоокторуңар түрдүүчө го» – дей койду. Шуркан анык шар ооз экен, анык чонколордун тукумунан экен. Чилистендин бул кебин балапан илген күйкөдөй шыр эле илип кетти:

– Бизде тооктун түрү толтура, күйөө бала. Шортикчени бар, шляпачаны бар, сакалчаны бар, тигиндегисин көрдүңөрбү? Көкүлдүү жөжөлөрүбүз да бар, баары тектек…

Чилистен короо жайнаган тоокторду карады, чын эле өзү. Жоон сандарынын жүнү барпайган чаарала тоокторду шортик кийип алган кудум өзүнө окшоштурду. Айрыкча тээ четте өзүнчө кекейген чаар корооз турганын көрүп «бырс» күлүп ийди. Жадесе моюндарынын жүндөрү да өзүнүн ээгиндеги өстүрүп алган сакалына окшоп калганычы. А тигинде маңдайында көкүл конгон жөжөлөр да мотураңдап ойноп жүргөн өзүнүн тентек уулунун маңдайдагы көкүлдөй экен анан калса. Мастан кемпир кебездеп мууздаганын илгиртпей туйган Чилистен дароо сөзгө жыгылганын моюнга ачык албаска аргасы калбады. Аргасы калбаган үчүн карсылдап күлдү…

– Ай-аай тайжеңе, мени так ушул жерден сойдуңуз. Так сүрөттөп койдуңуз.

Сөз төркүнүн дароо туйган күйөө баласына Шуркан да ыраазы боло каткырды.

– Оо, биздин күйөө бала өзүнүн образын жазбай тааныды…

Баары кыраан-каткы күлдү. Мастан кемпирдин оозунан чыккан «образ» деген сөзгө жыгылып калышты. Шуркан менен Сажира ушундай бир кыбалары кана күлөт десең. Чилистен буга чейин өзүнө карата айтылган кептердин далайына чычалап кетмей адаты бар эле. Азыркы кеп аны жеберине жеткире айтылды, бирок эч кандай шылдыңы жок айтылды, эч кандай кадиги жок айтылды. Ошонүчүн чычалабады. Кээде болор болбос кепти шылдың катары кабыл алчу неме бу саам кызаңдай албады. Карсылдап күлбөскө аргасы барбы, кара күчкө салып да каткырыш керек болду. Каткырды. Көчөнүн башына да, аягына да угулгудай каткырды. Чычалады дегиче дагы балээ кепке каларын туйду. Өзүнө окшош чилистен далай теңтуш, жоро-жолдошторунун арасында да мындай таамай азилди өмүрү эшиткен эмес. Көркөм өнөр изилдөөчү канчалаган өзүнө окшош чилистендер да анын образын мынчалык сүрөттөй алган эмес, күлгө оонатар сөз айталышкан эмес экен азыр ойлосо. Андай аския кептер айтылса да мындай таамай, мындай образдуу айтылбаса керек, айтылса эсинде калат эле. Келиштире айтты да муну мастан кемпир.

– Бизде ушундай, күйөө бала: «Убагында айтпасаң – сөз атасы өлөт» – дечү аталарыбыз. Биздин ата-бабаларыбыздын мурасы бул…

Мастан кемпир муну бир эсе актангандай, бир эсе мактангандай айтты. Токтогулдан узап, тоо этектеп калган тушта гана кыргыздын «сылаңкорооз» деген кебинин мааниси кайда жатканына Чилистендин акылы эми жетти. «А мүмкүн мен мурунку жашоомдо корооз болуп жүрбөйүн» деген да ой келди башына. Чилистен акылына негедир бүгүн келип, өзүн-өзү сооротту: «Ни чего… Сократ өзүңдү өзүң тааны деген. Бул да мен үчүн бир тепкич. Адам өзүн өзү ушинтип отуруп тааныйт…»

Ноябрь, 2014-ж.

 

oshakir1Олжобай ШАКИРдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

One thought on “Олжобай Шакир. “Образ”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.