А.Сарманбетов. “Баатыр-Таш баяны”

(аңгеме)

– Чоң ата, биздин баба-буваларыбыз ким, кандай адамдар болгон?

– Элим деген эрлери көп… өз менен өзгөлөрдүн кадырына жете билген өтөлгөлүү баатырлар чыккан экен…

– А сиз, элиңиз үчүн эмне кылдыңыз?

– …?!

Кереметтүү Каркырадан санжыргалуу Санташка чыга келип, көл тарапка ат чурата барганда, бата тарткан алакандай жайылган жайыктын бетинен жалгыз бозүйдөй көмкөрүлгөн заңги таштын карааны алыстан калдайып көзгө дароо уруна берет. Анын кайдан, качан түшүп калганы, же аны кимдин, неге тартып келгени белгисиз. Эзелтен турат. Мурда бул, чулу таштын түбү мазар болгон дешет, азыр анын түбү тургай айлана-тегереги да жайдак, унутулган. Не деген зарзамандар менен топураган тойлорду көрбөгөн да, не бир татаал, тайкы тагдырларга күбө болбогон бу, Баатыр-Таш. Ага аярлай кулак төшөп тыңшаса ал, күнү-түнгө карабай, жайы менен кышы тынбай зыңылдап, “сүйлөп” турат дейт. Анын тилин билгенде не деген узак тарых, уламалуу  уламыштырды айтып бермек беле… Алардын бири, албетте ушул – каны-жаны башка болсо да бирине-бири татыктуу эки баатыр жөнүндө болмогу турулуу эле…

Көпкөк-тунук асманды челип, тээ, алыстан көз толтура заңкайган Хан-Теңирдин шиш төбөсүн удургуган агала булут тытылган кебездей орой чалып алган. Үстүндө көмкөрүлгөн учу-кыйырсыз  мейкин ааламдын тирөөчүндөй бой кере заңкайган заңги тоонун этегиндеги кууш капчыгайдын бирин бөрүлөрдөй бөртө өрдөгөн топ атчандар куйрук улаш чубаша келатты. Үнсүз. Баары ыкшоо, тунжурап, ойлуу. “Жол азабы – көр азабы” деген чын. Алтургай, ар көз ирмемде алтын башына капысынан албарс кылыч чабылып, алды-артынан сыздаган жебе сайылчу жоболоңдуу кезде да минтип, жоокерлердин ал-кубатын алып коёт. Сороңдогон найзалары болбосо ашыкча кыймыл жок. Улам бири көгала-кызыл жалама аскалуу, калың карагай-чер баскан тоо бетин кез-кез элтең карап коюшат. Алда неден чочулашкандай. Ашууга чейин жакындагы улам бир коңшусуна кычаштык кылып, айласын кетире жан койбой тийишип, каяша айтканды тапандана сөзгө жыгып, баарын шарактата күлкүгө тундуруп келген Койкут да быштыйган көк көздөрүн улам кыбыңдаткан менен ооз ачпай маанайы пас, ат үстүндө ыкшоо ыргалат. Жаза атпас мерген, жаа салган саадагы дайыма далысында. Бу жолу анысы эстен чыгып, ичиндеги жебелери чууруп түшчүдөй кыйшайып кеткен. Жолдон чарчап, зеригип баратабы, не аны да коогалуу ойлор басканбы, билип болбойт.

Күн түш ооп, тоо таяп калган, караңгыга калбай коогалуу капчыгайдан эптеп аман чыгып кетишсе экен. Баарынын көктөн тилегени, оюн баскан зил-санаасы ушул. Шуулдап, таштан-ташты жайпай аккан дайраны бойлой жыландай соёлонгон жалгыз аяк жолдо салт атчандар үзүктөй чубалышат. Алар  Жунгариясынан ашуу ашып, Каркыраны басып өтүп, Санташтан чыгып келаткан Нахсын баатыры баштаган ойрот-калмак  жасакчылары эле. Алдыдагы салт атчан дал ошол – баатырдын өзү. Олбурлуу, кенен тигилген саргылт баданасына араң сыйып, чаначтай чыңалган денесин атылган жебе, чабылган кылычтан коргоп калчу чырма сооту, башындагы мултук мүйүздүү көк туулгасы күнгө чагылыша жарк-журк этип, баатырдын калбаат сүрүн оготөтөн сүрдөнтөт. Ансыз деле дулдуюп көп сүйлөбөгөн, ичинен тап неме бу саам сарычийкил бетинин түгүн түксүйтө, суйдаң мурутун жамажайынан салбырата түндөй түнөрүп алган. Аны Кытай түндүгүндөгү Жунгар коңтаажысы Сыбан Доржунун өзү бурут-кыргыздардан жылыга алынчу салыкты чогултуп келүүгө жөнөткөн болучу. Алар эки эле жыл илгери тоо аралай капысынан селдей агыла  чыгып, көл өрөөнүнүн түндүк-түштүгүнө эки жең боло удаа ат коюп, андан Кочкор, Кемин, Чүйгө өтүп, бет келген бейкут айылдарды, шашыла топтошуп, жол тосо  чыгышкан азганакай кыргыз колдорун жайпап өтүп, талкалап, элин тиягы Анжыян, Гысарга чейин, биягы кайсактын какыраган талааларына куба чачыратышкан болучу. Эми таруудай чачылган бурут-кыргыздар бизге азыр кайдан баш көтөрүп, каршы чыга алмак деген ой баккан ханы ончакты эле жасакчы кошуп берген.

-Ы-ыы-ыгу-гу-а-аа-ы-ыхуу-у-а,- Нахсын күтпөгөн жерден тамагын кыркыратып, көмөкөйүнүн түпкүрүнөн сүрдүү үн кайрып, байыркы уламыш-ырдын ыргагын угулар-угулбас созуп кирди. Эмнегедир тынчы кетип, жоодон коога тартканда анын ушинтип калмайы бар. Анысы, ичинен тап боло жүрөксүп келаткан жоокерлерине сыр бербей, көңүлдөрүн жайкайын деген амалы да болсо керек.

– Ы-ыххуа-аа-уу-ухх-муа-аа…
Жерден-суудан жаралып, у-у-ххаа-а…
Теңирден келген жаныбыз, у-ум-маа…
Жер үстүндө жеңилгис, х-маа-а…
Баатырлардан бабабыз, у-ахха!
Ы-ыххуа-аа-уу-ухх-муа-аа…

Сөздүн, ырдын күчүн кара! Жанатан жабыгып, узак жолдон урку кетип бараткан жасактардын канына от берип, кайрат-деми чыңалгандай боло түштү бул ырдан. Шылкыйган денелери түзөлүп, сөздөрү жандуу чыгып, өктөмдөнө кетти.

Нахсындын санаасы санга ажырап, ойго тунат. Чынында эле неченчи баба-буваларынан башталганын ким билсин, эки элдин каршыкканы эзелтен калбай келет. Азыр да ошондой оожалыш заман болучу. Нечен кылымдан бери кырылгыс-баатыр эл атыккан буруттар ушул кезде да мекенинен куулуп жер кезип, журт которуп, камгактай каңгыганы менен атажуртун кыйып кетпеген азыноолагы ийнинде жаратын жалаган жаралуу карышкырдай ызалуу бөгүп калган. Аларга азырынча катылбаган оң…

Ойлуу, асмандан от жарылса да сыртынан кенебестей көрүнгөн менен калмак баатыры көнгөн адатынча артындагыларга шек бербей, көздөрүн кабак алдынан ойноктотуп, капчыгайдын эки капталындагы тоо-таштарга кылдат байкоос салып келет. Ар бир зоока, таш, карагайдын каптал-артынан ойдо жок маалда кыргыздар капыл-тапыл чыга калып ызгыта жебе тартып, топурата таш кулатып, алды-артынан ат чурата чыга келип найза сайып, кылычтап жибергенин ал далай ирет баштан кечирген. Кыргыз – кыйды, баатыр эл. Аябагандай айлакер. Ошондон улам нечен кылымдарды карытып, жер үстүнөн кырылып кетпей, Кош мүйүздүү амалкөй Искендер, калабалуу канкор Жеңгисхан, кылычынан кан тамган кыргынчыл Аксак Темир сындуу бүтүндөй дүйнөнү дүрбөткөн жаангерлерге да алдырбай, эл-журттугун жоготпой аман келишпедиби. Калмактар менен карыша кармашып келгени эле нечен жүз жылдап кетти го! Бөлөк жоолорун айтпай эле коёлу! Жоолашпаган жоосу жок. Бирде жеңилсе, бирде жеңип, азыр да аман калган аздыгына карабай карышып, илбирстей айбаттуу чарпышып турган чагы. Акыры бурут журтун тыптыйпыл талкалап, үйүн өрттөп, очогун чачып, тукумун жер менен жексен кылалы деген кекселик менен мындан туура жыйырма жыл илгери коогалаңдуу коңтаажы Сыбан Рабдандын уулу Галдан Серен алты түмөн колу менен келип кыргызды, ага боор тарткан кайсактарды кошуп кырган эле. Ал, “улуу каргышта” жетиден жетимиш жашка чейинки эркек аттууну аман калтырышкан эмес. Анда да багынышпады бу, буруттар. Кайра эле көп өтпөй өзөндөп толгон көл сымал түрүлө толкуп, салаалап чогула калган буруттар бир муштумдай түйүлүп, баш көтөрүп чыгышты. Ошол, кырылгандан жыйырма жыл өтпөй Акмат бийи Кашкарды чаап алып, атайын ага каршы жөнөтүлгөн Зайсан Доржуну түмөнү менен түрө кууп, талкандап салбады беле! Мындай дили эркин, каны күчтүү элди жер үстүнөн биротоло тукум курут кылуу эч мүмкүн эмес окшобойбу. Алп Азыянын өзөктүү эли. Бул, жер каймактаганда жаралган элди асман-жер да колдоп турат көрүнөт. Дайыма жоктон бар болуп, күйүп кетсе күкүнүс куштай күлүнөн кайра жаралып турат. Атүгүл тээ, кезинде, кумурскадай жайнаган сансыз кара кытайлар да эзели кегин унутпас намыскөй бу элден жедеп түңүлүп, жадаганда иттин ичегисиндей чубалган Улуу сепилин миңдеген чакырымдап салып, анын артына жашынып, жан арга жасашканын ким танат! Аларды ханына  Нахсын нечен саймедиреп, жакшы эле айтты. Ал куйтку кулак какпай, моюн толгоп, бүгүнкү үстөмүнө маашыркап койбодубу, минтип, азганакай аскер кошуп берип. Акыры оңбой койбойт, ал дагы…

Ушундай учуксуз ойлорго баткан Нахсынды улугу кыстабаганда жеке өзү кыргызга катылмак да, минтип коогалуу узак жолго чыкмак да эмес. “Баатыр үйдө туулуп, кармашта өлөт” дегендей, кайда калбаган кара баш дечи, жан арга же калабалуу кыргыздардан коркконунон эмес, элдин баатырлыгын, баш ийбестигин сыйлагандан. Анан калса кубалаар жеке кеги, алаар өчү болбогон соң неге минтип  тыңчылык кылмак. Ырас, кыл чайнашкан кандуу кагылыштарда, эр өлтүргөн нечен эрөөлдөрдө болду дечи, бирок алар атпай элден алаар кек, кубалар өч болбойт. Кай бир каршылашынан жаракат алып, намыска сынып, ичтеги ызасы ириңдеп чыкпай калган менен ал, ар кимдин керт башыныкы… Деги, качан болсун, ушу, гөроокатка көзү тойбос төбөлдөр баштайт чырдын баарын. Элдерди кагыштырып, чабыштырган да дайым ошолор. Бирок, Нахсындын амалы канча, канткен менен ал дагы көптүн бириндей эле жоболоңдуу кездин жоокери, өз калкынын карылуу уулу, эгесинин айтканын аткарууга милдеткер эрдин бири эмеспи.

Ошо тапта баатырдын көз алдына кытмыр көздөрү дайыма кыбыңдап турчу, ачкөздүк  менен мансапкорлугу башына тепкен, тепкедей Сыбан Доржунун  керсары өңү тартыла калды. Жуп гана жолго аттанаар алдында аны аксарайына кайрадан жалгыз чакыртып алып:

– Кыргыздын көлүн чарк айланып чык. Эки жылдык салыкты төлөгүлө деп, өктөмдөн. Буйругума кандай ыкылас кыларына кылдат көз сал, жообуна мышыктай кулак түр. Кекээр-айбатын көзүнөн көр, эркинин майтарылган-кайтпаганын кыймылынан байка. Элинин мекен-журтунан кетпей калганы барбы, же бүтүндөй тентип кетишти бекен, кунт коюп кара, эгер калса алардын эсебин так ал,- андан наркы кебин айтсамбы-айтпасамбы дегенсип эки анжы тарта түштү да, өзгө бирөө угуп калбасын дегендей эки жагына элтеңдеп, кулагына ысык шыбыраган.- Бул, экөөбүздүн тең башыбыз кетчү жооптуу иш. Салык – шылтоо гана. Кеп башкада. Эгерде буруттардын эли түгөл качып, Көлдө калбаса алардын ээн жерин императордун ээлигине кошуп алабыз. Ошондо кыргыз-бурут журтсуз, мекенсиз калат. Алардан шунтип биротоло кутулабыз… Бул сырды бир мен, бир сен билесиң, уктуңбу?!- деп, шыбыш чыгарсаң эле өлөсүң дегенди кыйыткан.

Анын бул кебинде кандай купуя сыр бар эле? Кыргыз журтун Кытай ээлигине кошуп жиберип, өзүм эзелки жоодон биротоло кутулайын, кекенген кегимди акыры алайын деген кыйдылыгы го? Андай болгондо кумурскадай жайнап, деңиздей жайпап кетчү кытайлар менен бир ууч буруттар кантип журтун кайра талашмак да, кайтарып алышмак? Анткенде эле кыргыздар кыпчак, күрд, дуңхулар сыңары мекенсиз калып, жер үстүндө жолбундап, тентип, куруду дей бер. Көп элге сиңип жок болору турулуу. “Журтсуз эл – жок эл” деген болот да. Балким, алыста жатып алып, арамданып, калмак-кыргызды чабыштырып, эки жоосун бирдей жок кылууну түшүндө да күсөгөн императордун кыйды көрсөтмөсү болуп жүрбөсүн?! Жаз башында анын жардамчы төрөсү жан-жөкөрлөрү менен ашкере шаан-шөкөттөнүп келип-кетти эле, ошондо ханга тымызын шыбырап кетсе керек… Андай болушу да толук этимал.

Неси болсо да Нахсындын тирешкен эки тоонун ортосунда калганы чындык. Тактап айтканда эки эмес, үч тоонун. Андан аман калар бекен? Же “төөлөр жөөлөшсө ортодо кара чымынга ажал” болобу? Эзелтен ошондой. Оокат-дүйнө, мансап-бийликке акылын алдырган оёндордун обу жоктугунан далай бейкүнөө баштар кетип, кандар төгүлүп келген. Эки ортодо карапайым калкка эле убал. Бейкүнөө жерден чапкындалып, эптеп жыйган мал-мүлкү талоонго кетип, өрт алып,  бала-бакыра, эрлеринен айрылып, кан кусуп, жат жерде жабыгып, арып-азып, тентиген эле эл болот…

Капчыгайдан чыга бергенде баатыр башын көтөрдү. Азыноолак жасагы менен опурталы көп тоо арасынан аман-эсен чыкканына шүгүрчүлүк кылды көрүнөт. Ошенткен менен душмандарынын тирмийе тигилген жаалдуу көздөрү улуу тоонун ашуусун ашып, капчыгайга түшө киргенинен тартып калбай ээрчип, аңдып,  ушугезде да туш тараптан жебедей кадала тымызын тиктеп турушканын жон териси менен сезип турду. Жанатан, тоо аралап келатканында жон-кырдан эки-үч мерте аюусубу, адамыбы, томураңдаган караандарды да байкап калган. Алар буруттардын чекке койгон кайгуулчулары эле болсо керек.

Мына, атчан жасактар эзелки тарыхтан бери кытайлар Кызыл-Өрөөн атаган көл өрөөнүнүн төрүнө  шагырай чыга келишти. Баары тең ийин баскан зыл жүктөн арылгандай жеңилдене түшүштү. Бакылдап сөздөрү чыкты. Айрыкча Койкутка жага бербеди, буулуга түшкөн белем, кычыткыларын кайрадан кыйыта баштады.

Тээ, алдыда чалкыган Ысык-Көл мелтиреп, кечки ыңырт чала баштаган асманды да, карайып бараткан көлдүн бетин да очоктой кызарта күн батып бараткан. Күңүрт күзгүдөй жаркыган көлдү эки тарабынан имере курчаган тоолордун миздүү чокуларындагы мөңгүлөр да кызарып, чоктой көз тайгылтат. Жер бетин жаңыдан жашылга каптай баштаган жаз күчүнө кирген экен. Аңгыча  оң-солдогу алыс-жакын дөбө-кырлардын төбөсүнөн буралган агала түтүндөр асманга созолоно баштады. Алар – “жоо келди!” деген белги. Көчмөндөрдө байыртадан ошондой. Демек, өрөөндө эл бар. Баары эле түгөл түрүлө качып кетишпеген экен. Ыйык көлүн эзели кыйбат дешет, бул – буруттар.

Нахсын канчалык көз карыта караган менен демейкидей өрөөн тайпагынан, тоо этектеринен ар кай жерде көмкөрүлгөн чөйчөк-кеселердей көзгө кандым ак-карайган бозүйлөрдү көрө алган жок. Демек, эл сак. Түгөл тоо таянышкан.

Ашыккан жайыкка чыга келгени жапырт текирең таскакка өткөн жасактар да, тыныгуу жакын калганын сезген аттар да шайдоот. Алыстан эки таш дөбөнүн карааны көрүндү. Үч кылым мурдагы Аксак Темир жаангердин жоокерлеринен  калган сан таштар. Опол тоодой бийиги – чегинген буруттарды Каркыра, Кытайга кубуп бараткандагы жайнаган жасактарынын, ал эми тиги, киши бою кичинеси – жоочабышта кырылгандан аман калып, артына кайткан жоокерлерине таштаткан таштары. Жаангер бу, кыйсыпырлуу кыргыздар менен согуштан колумдун канчасы артына кайтып келер экен деп санын алмакка ошенткен тура. Азыянын жарымын чапкан Аксак-баатыр бу, багынбас көк, намыскөй элди ошондо биротоло тукум курут кылайын, экинчи мага баш көтөргүс болушсун деп, жердин түбүнө чейин болсо да сүрүп, кырып, жер үстүнөн жок кылмакка сая сүрөм деп, аскеринин көбүнөн айрылып алган экен. Аны сан таштар ачык ырастап турат. Кыргыз болсо эмне, селдей каптаган кара жоодон чегине берип тоо-талаага уруулашып сиңип, карматпай чачырап кетип, аларды жер сыйпап таппай, амалы куруган жаангер Самарканына кайтып кеткен соң көп өтпөй эле кайрадан сай-сайлап аккан суу сыңары журтуна чогулуп, мекендеп  калышкан. Уруучулдугу, боорлоштугу кыйын бу, буруттардын! Көчүп-конгондо, ураан чакырып жоо тоскондо, казатка чыкканда болобу, уруулашып санын алып, түгөлдөшөт, ынтымакташат, өзгө элдердей бытырап, бет келди чачырап кетишпейт. Алардын жоого алдырбастыгынын бир сыры ушунда. Жоо келди дегиче – кайдан-жайдан уруулашып, боорлошуп, таеке-жээн, карын-бөлөлөшүп кол курап, бир муштумдай түйүлүп чыга калышат! Башына кылыч такасаң да эч кими, эч качан канын кыйбайт! Эзелкисиндей бир хандын айланасына бириккенде эч бир жоого алдырбас эле. Эзели эч кимге, өз ханына да  баш ийбес ээнбаш эл. Чектен ашкан эркинчил. Жалгыз кемтиги ушул, буруттардын. Балким артыкчылыгы ошондодур…

Ушундай узун ойлорго батып келаткан Нахсындын эсине оо, бала кезинде кылым карыткан бабасынын айткандары түштү. Так ушул, Сан-Таштан Кызыл-Өрөөнгө чыгып, күн батышты беттеп, жайыкты  ортолой эт бышым күн жүрүш салса эле көл учундагы булуңда Чигу деген капкалуу калаа болгон экен. Аны кайсыл бир замандарда кыргызды көптөп, кытай императору капыс басып алат. Эми бу, бейиштин төрүндөй өрөөндү эзели кыргызга кайра бербеймин деген кыйдылык менен шаарды гүлдөтүп, сан аскер топтоп, сайран куруп жатып калат. Жаңылышкан экен, ал алагөөдөк – император карып, алдан тайыганда кыргыздар көтөрүлүп чыгып, жоону жерине жеткире сүрүп, бу зар заман эсибизден биротоло өчсүн, кийинки муундар да басынуу деген басмырт сезимди билбей, эркин өссүн деп калаасын да кыйратып, жексендеп салышат. Ушундай, эс-акылдын тазалыгын ыйык туткан эл экен! Бул, терең сыр, улуу иш. Буруттарга жан тарткан Ысык-Көлү да көп өтпөй көтөрүлүп, шаарды жайпап, алдына чөгөрүп алат. Ал калаанын чет бучкагынын урандылары азыр да бар дешет…

Ушутапта артынан удаа, дайыма көлөкөдөй ээрчип, найза боюнчалык бир аралыгын бузбай келаткан Дорбу жол баштаган башчысына жакындай келип калган болучу. Антип дааганы – ал, бу сапарда Нахсын-баатырдын оң колу, онбашылыгы болгонунда. Анысына дайыма шерлене турган.

– Баатыр, ат башын кай тарапка бурабыз, көлдүн түндүгүнөбү, же түштү…- деген Дорбу  сөзүнүн жартысын жута токтоду. Анткени, алдыдагы баатыры дал ошол учурда артка шашыла колун жаңсай:

– Ых!- деп, ат чылбырын жулка тартып, алдыдагы тоо кырына тигиле тиктеп калган эле.

Дорбу да ал жакка жалт бурулду. Кечки күүгүмдө карайган тоонун оң тарабындагы жакынкы кырдын үстүндө аларды заңкайган салт атчан адам айбарлуу тосуп  туруптур! Кудум таштан чегилгендей кыймылсыз, зыл. Кайыптан бүткөнбү, сүрдүү. Кызгылт күн нурларынан анын үстүндөгү темир сооту, башындагы учтуу туулгасы да жалындай кызарып, оттон бүткөндөй. Жоокер! Сүрдүү, күтүлбөгөн ал караандан Дорбу сестенип, зааркана түштү. Атчандын алдындагы аты бир тең да, өзү бир тең, аскадай калдаят. Алп адам экен! Тирмие тиктейт. Жалгыз болсо да коркпой, жоо тосконун кара!

Нахсын анын артыңа кайт дегендей калдая сес көрсөтүп турганын баамдап, оропара ой бага калды. Алар бараткан бу аймакты тескөөгө калтырган жүз башылары менен үч жүз калмак колун башкарган Торгул бийдин турагы ошол кырдын наркы тарабында эле. Ага түн ортолой жетип алсак деп ой багып, ашыгып бараткан болучу. Эми тигил, Торгул бийге жеткирбей, эки бөлө жол тоскон караандын ою кандай да, ээрчиткен колу канча болду экен? Кыр артына жоокерлерин небак буктурмалап койсо керек, ал кыйды. Анча болду, Нахсындын ондугунан албетте арбын. Мындан нары жоо аралап сапар улантуу опурталдуу. Анүстүнө, эки күн-түндүк жол азабынан адамдары да, аттары да кыйла чарчашты. Жарытып согуша албасы турулуу. Ал, артындагы Дорбуга жакынкы турган боз үйдөй таштын ныптасындагы карт дарактын түбүнө чатыр тигип, казан асып, түнөөгө кыска буйрук берди. Жоо келсе артын тосуп, бет маңдай чабышканга далдаа болот деп ташты тандаганы ошондон улам. Өзү болсо ат үстүндө очоюп, балбал таштай катып, заңкайган караандан көз албай аны беттеп турду. Непаада, кыйды кыргыздар ат коюп чыга калышса, жолун тосуу кажет. “Төшөктө өлгөн уят, согушта өлсөң урмат” эмеспи. Аз болсо да, жоону атып өлүү баатырдын парзы. Бир канчасын ала жатаарга жарайт. Саны тең чамал болсо кармаша көрөт. Аз болсо оготөтөн.

Нахсын атынан түшпөй, караанды сынай катып турду. Не кылмак? Өзү бастырып барып, жеңүүчү катары  өктөмдөнө сурак салганы туурабы, же аны жалгыз санап, этибар албаган болуп, сыр бербей жатагына жайгаша бергени оңбу? Ошондо сырттан сүр көрсөткөн болоор. Тигилер да батына коюшпас.

Эки караан бири-бирин сынап, үнсүз арбашып калгандай. Тигил да былк этпейт. Айбат көрсөтүп, жер ээси менмин дегендей, бекем. Ошентсе да ой багып жаткандай. Айбатынан калмактар артка кайткандын ордуна аны элес алып койбостон жатууга камылга көрө баштаганына таң калган сымал. Ошотапта, аттан түшүп, жайгаша баштаган жасактар тараптан жаш баланын чыр эткен аянычтуу үнү чыгып калды. Дагы эмне болуп кетти?! Нахсын башын бурду. Дорбу желкесинен апчый кармап, аны көздөй дегдеңдете бирөөнү сүйрөп келатыптыр. Өзүнчө күңкүлдөгөн он башы Нахсындын аты алдына колундагысын жумаланта ыргытып жиберди.

– Бизди аңдып жатканбы, иттин баласы! Таш түбүндөгү коңулда жатыптыр, бөлтүрүктөй бөгүп…

Жети-сегиздеги бала томолонуп барып чапчаң тура калды. Мурдун шор тартып, жаштуу көзүн муштумунун сырты  менен жошолойт. Этек-жеңи далбаалаган тону алдынан кызайган жылаңач денеси көрүнүп турду.

– Айт, иттин баласы! Бизди аңдып жаттың беле? Эмне кылмаксың? Үйүң кайда? Ата-энең кайда? Айткын чыныңды!- деп, ызырынган Дорбу баланы камчы менен жонго тартып-тартып жиберди.

– А-аа! М-мен, мен тим эле, мандалак казып жеп жүргөм…- бала дагы жаны ачына чыңырды.-Атам, энем жок… согушта… өлүп калышкан…

Нахсын дагы камчысын үйүрүп келаткан Дорбуну тыйгыча болбой:

– Э-гэ-гээй!- деген айбаттуу, зекиген үн чыкты. Карайган алп тоолор титиреп кеткендей болду. Баары селт эте үн чыккан тарапка элейишти. Жанагыл атчан караан кыр ылдый түшүп келатыптыр. Туяк алдынан шагыл таштар шагырап кулайт. Жасактардын баары буйрук күтпөстөн кылычтарын кыңгырата кынынан шарт сууруп ала коюшту. Койкут жаасын октоп, беленденди. Кыргыздар бизге ат койдубу деп бүшүркөгөн беш-алтоо карбаластап, жакынкы аттарына ыргый минип киришти. Андай болгон жок.

Заңкайган караан тоодой болуп жалгыз келди да, жебе жетерлик жерден да өтө келип токтоду.

– Эй, эмне, эрдигиңерди жаш баладан көрсөтөлү дедиңерби?! Коё бергиле аны!- деди өкүм. Үнү добулбастыкындай даңгырап, сүрдүү экен.

Ага жооп кайтара үндөгөн эч ким чыкпады. Кыр артынан ат коюп чыккан да бирөө-жарым болбоду. Жалгыз караан канчалык зор, айбаттуу болсо да, баары бир жалгыз эмеспи. Жасактар бир аз демин басып калышты. Бирок, болушаар жакын адам чыкканынан дем байлай коркок-билиш жулкунган баланы Дорбу бүркүтчө далысынан аткый кармап коё бербей турду.

– Эй! Баланы коё бергиле!- караан аларга дагы демите кыйкырды.

Эч ким үндөбөй, талабы аткарылбаганынан улам караан атын катуу теминип, жакындай берди. Нахсын не кыларын билбей нес болуп турду. Ойлору бүлүк. Тигинин айтканын аткарса корккондук болот. Антүү, калкын чапкан жеңүүчүгө жарашпайт. Эзели кеткис кеп-сөзгө калат. Аткарбаса арты не? Кыр артында быгып жатышкан кыргыздар жабыла ат коюп, бир ууч жасакты тыйпыл кылып салышсачы? Ал, бүтүм чыгаргыча караан дагы жакындай келип, эшик-төрдөй  токтоду. Чынында эле зор адам экен. Атынан өзү зор залкайып, эки ийнине эки киши кенен олтургудай. Көөдөнү өзүнчө эле көмкөрүлгөн казан.

– Башчыңар ким? Мине, баарыңар нес болуп калдыңар? Же кыргызча билгениңер жокпу? – деди ал, өкүмдүгүнөн жанбай.- Чиедей балада не жазык? Кандай айып кылды ал, алсыз неме силерге?

Кечки иңирдеги калдайган караандан, анын өктөм доошунан дапдырап калган Дорбунун колунан жулунуп чыккан бала караанга чуркай барып, артына жашына кетти.

– Арба, баатыр!- Нахсын эми эсине келди. Тигинин жалгыз экенине көзү канык жеткен соң бир аз демин басып, эсин жыйып, бурутту сөзгө тартып көрөйүн дегенсиди. Бир чети сес көрсөттү. Ал, кичине кезинен эле кыргыз туткундарынын балдары менен аралашып өсүп, кийин да айлап далай жортуулдарда жүрүп, кыргыз тилин жакшы билчү.- Аттан түшүп, жолоочулардын жупуну дасторконунан даам татыңыз. Жай олтуруп таанышалык, табышалык.- Нахсын кыргыз жоокердин батынып жалгыз келгенине, жоонун жолун тайманбай тосуп чыккан шерлигине баа берип, урмат көрсөтүп турду.

Тиги дароо үн катты:

– Хм, элимди кызылдай кырган душманым мененби?- Антип, айыгышпас касы менен бир дасторкондон даам татышуу  эр-азамат үчүн элин сатканга тете эмеспи, көчмөндөрдө. Андай адат эзелтен элге жат. Ушуга кантип акылың жетпеди деген кекээр турду анын үнүндө,- Өз насибиңер өзүңөргө буюрсун, баатыр.

Жалгыз адамдын минтип, элдешкис душмандыгын, кошулгус ой-ниетин тайсалдабай тике айтып турушунан анын теги жөн адам эместигин, каруу-күчү гана артык эмес, жүрөгү курч, акылы зирек, нагыз баатыр экендигин баамдады Нахсын. Сыйы артты анын. Баатырды сыйлабас баатыр болорбу. Анте албаса пастыгы ошол. Тең – теңин баалай билип, урматтай албаса ага теңдиги кайсыл?  Баш кесмей бар, тил кесмей жок. Дилиндегисин жашырбай курч айтты. Баатырдын башы дайым баталгада.

– Ошентсе да ал-жай сурашалык, соболуңа жооп берелик баатыр.-Нахсын да айтканынан кайтпас, тегин эместигин кыйыта көшөрдү. Тигинин айтаар сөзүнө кызыкты, мындай адамдар көптү билет. Кепке келсе бул жерге келгенинин жөн-жайын алдын ала билип алмак. Тигинин да ат башын шарт буруп, бастырып кетпегенинен улам анын да жай сурашып, сыр тартууга ниет кылып турганын баамдады Нахсын.  Өзүнүн жаш экенинен ызаат кыла, салт көрсөтө атынан секирип түшүп, тигинин тизгинин ала:

– Бизди душман санап, даамдан баш тартсаңыз, анда бу ташка көчүк басалы,- деди, жакынкы зыл таштарга колун жаңсап.

Жакшы ниет жыланды да ийинден чыгарат эмеспи, калмак башчысынын мындай, кайталап айткан жай сунушуна жибиген кыргыз атынан оонай түшүп, тигинин бет маңдайындагы төөдөй чөккөн чулу ташка барып олтура кетти. Бет чүкөсү терисин томуктай тепкен узун жаак, көгала чокчо сакал, огеле сөөктүү киши экен. Жар кабактын алдында кара көздөрү айбаттуу от чачат. Кулундун куйругундай чубалган муруту жамажайынан салбырап, көзгө комсоо. Нахсын канчалык олбурлуу болгон менен бул адамдын жанында өспүрүм баладай көрүндү. Бу, аюудай очойгон бурут капыл-тапыл топ башчыбызга кол салып жибербегей эле, антсе бир жагынан алаксытсам да  караан болоюн деп, жанатан кетпей саксактап турган Дорбу экөөнүн жай олтура кетишкенинен улам от жагып, казан асып киришкен жасакчылары тарапка жөнөй берди. Алардын бир даары найза учтарын илмектеп жиберип түбүн жая чатырлап, жатаарга жай даярдап жатышкан болучу.

– Ко-ош баатыр, не жоготуп, не доолап келдиңер биз тарапка?- деди кыргыз баатыры, Нахсындын кабелтең турпатын сынай карап. Калмак башчысы анын да купулуна толгон сыңары. Доошу бу жолу жай чыкты. Ошентсе да анын “биз тарапка” деген сөзүн баса айтканында кекээри бар эле.

Нахсын болсо жалгыздыгына карабастан жоого каршы даап келгенинен да атынан коркпой түшүп, ончакты душманын көзгө илип койбостон беймарал олтурган кыргыз баатырына таң калып да, ичтен баа берип да жатты. Сөздөрү да орундуу, калбаат. Төрт тарабы шай, даана баатыр экен! Ошондон улам менин да түз айтканымды татыктуу баалай билээр адам тура деген ынаным менен мында келген ой-максатынын баарын жашырбастан түз айтты. Албетте, анын журтун кытай жерине кошуп алуу жөнүндөгү хан сырынан башкасын. Эки жылдык салыкты бир чогултуп алаарын, өзүлөрү дайындап кеткен калмак бийлеринин, аларга калтырган жасакчыларынын  сан-акыбалына байкоос салаарын, кыргыздардын көл өрөөнүндө бар-жогун иликтээрин жашырган жок. Тиги кунт коё укту. Үндөбөдү. Качан, отко какталып бышкан эттин жилигинен  Дорбу эки канжарга сайып келип бирин конок каадасы кыла ага сунганда гана аны сыйда алып, бирок ооз тийип да койбостон окчунда, атынын чылбырын колуна орой кармап алып четте үргүлөп олтурган жанагыл балага ыргыта берип үнгө келди. Ачыгып калган белем, бала жиликти тосуп ала коюп, ысыгына карабастан колунда алмак-салмак оодара салып, үйлөгүлөдү да улуп-жулуп жеп кирди. Кыргыз баатыры аны кол жаңсай көрсөтө берип:

– Карачы, тигил кыргыз баласын!- деди ызалуу,- Бешиктен бели чыга элек баланы кандай кордодуңар! Эми ошол ач-азалуу баладан, бейкүнөө ата-энесин жайраганыңар аз келгенсип, эки жылга салык аласыңарбы? Эмнесин берет, ал шордуу? Жон терисин сыйрып береби!- Азыр кол салып жиберчүдөй катуу кыжынып, санын аткый ордунан обдулуп, саалга буулуга калды,- Азыр журтунан сүрүлгөн кыргыздын баары ушул балага окшош, ач-жылаңач. Бүтүндөй жаралуу. Кайсыл бетиңер менен доо доолап келдиңер?! Кунду биз, жай жатканында жайралган эл силерден доолаганга акылуубуз. Ушуну билбеген ханыңардын ныпым акылы жок окшобойбу!

Буруттун тайманбас, батылдыгына суктана баа берип, ичинен урматтап олтурса да, качан ханына тил тийгизгенде Нахсындын бетинен жаалы чыга түшүп, ордунан шарт тура калды.

– Ханыбызга тил тийгизбе, баатыр! Мен анын жоокеримин. Эл башчыбыздын намысы үчүн каным төгүлөт!

Тиги да өткүрлүктү сыйлап, туура сөзгө муюганыбы, саамга унчукпай калды. Каруу-күчү тең эместигине көзү жетип турса да калмак баатырынын минтип, өз ханы үчүн башын тобокелге салып жатканын ичинен ынатып турду кыязы. Алда неге кыжалат ой калчап жаткандай.

Асманда сан жылдыздар жымыңдап, ай жарыгы жер бетин араң агартат. Башчысынын каардуу кажылдагын уккан жасакчылар жатаар камылгасын токтото салып, экөөнү элтейе карап калышты. Кыргыз баатыры аларга көз багып да койгон жок.

– Сен артыңа кайткын, баатыр,- деп буйра сүйлөдү ал, бироокамда,- кыргыздар атажуртунан амалсыз качып, азы калганы менен азыркы тапта эли-журтуна эң бекем берилген, каны-жанын аянбастары калышкан. Непаада менден аман чыгып, сапарыңды улантам десең, алдыңдагы алгачкы эле тоо-кырдан набыт табасыңар. Кийин келсеңер да ошондой болот. Эми жерибизди эч кимге тепсетпейбиз! Торгул бийиңен болсо колдоо күтүп топук тартпа, азыноолак жеңиш-дөөлөтүнө дөөгүрсүгөн ал неме жасактары менен күнү-түнү чардагандан башы чыкпай, кымыздын чагырмагына акылын небак алдырып салган. Сага бел болуп бере албайт.- Баатыр саал демин басып, сакалын уучтай сылап, сөзүн өкүттүү улады,- Өткөндөгү чапкыныңарда мен алыс жерде, эл ичинде жок элем, эми ал өкүтүмдү басып, кашык каным калгычакты ыйык жеримди душманга тебелетпеймин. Мындан нарылап барамын десеңер ажалыңар менден болот. Ушул жерден артка кайткын баатыр. Каныңа бекеринен забын болуп калбайын. Ханыңа бизден көрүп-бакканыңды, менин сөздөрүмдү болгонун болгондой айтып баргын. Эгерим кайра келип катылсаңар ар бир тоо жолун тоскон кошундар бар. Алар аз болсо да чабышсаңар чабышып, башыңарга аска, таш уратып, эл улам нарылап көчүп, алдырбай, кийик сымал тоо чокулап кете берет. Тоо менен жаны бирге алардын. Кыргызды дайыма тоосу коргойт. Артынан сая кубам десеңер аларга жетпей, арып-азып бекеринен ач бел, куу жондо кырылып каласыңар. Кыргыздар жеңилген күнү да эзели мекенин алдырбаган эл. Акыры түбү кайырып алат. Бир – Жараткан, бир – ата-журтубуз ыйык! Дагы айтамын баатыр, ушул жерден артка кайткыла! Укпасаңар тигил кырдын артынан мен тосомун силерди. Элим үчүн жаным курман!- деп, өктөм сүйлөгөн кыргыз баатыры чапчаң тура жөнөдү. Качан гана ал, үзөңгүгө бутун салып, атын жалдан апчый аттана береринде, саал аялдай калып кылчая,  сөзүн жумшак улады,- Сен катуу жаңылып жүрүпсүң баатыр. Эр жигит кара башыл бир ханга эмес, эли-жери үчүн башын саят. Хан да пенде, келип-кетет, жаңылып-жазат. Ал убактылуу, ага кызмат кылуу байлоодогу ит сымал бир адамды – ээсин  коргоо гана. Аны адал иш деп өзүңдү өзүң алдаба. Ал – жеке башыңды багуу үчүн гана жасалган жасакерлик. Эл-жер болсо түбөлүктүү, ыйык. Ага кызмат кылуу ак иш, чыныгы баатырга ыйык милдет, нак эрдик ошол болот. Эсиңе келсең эми да кеч эмес,  баатыр.- деди да атына минди.

Нахсын ага арбалып калгансып артынан ээрчий басты:

– Баатыр, ысымың ким? Эстеше жүрөлүк. Мени Нахсын дешет.Чыныгы баатыр экенсиң,- деди чын ыкластан.

Атынын башын бура берип, калдайган кыргыз:

– Мени Соно баатыр дешет. Менин атымды эмес, айткан сөздөрүмдү көкүрөгүңө бекем түйүп алгын,- деди да, карааны кечки иңирге сиңип кете берди. Артына жаш баланы жабыштыра учкаштырып алган эле.

Аты алыска, монгул-кытайга чейин уламыш болуп угулуп жүргөн атактуу баатырдын ысымын укканда Нахсын “хм-м, ошондой” деп ичинен тынып алды. Нечендеген калабалуу кактыгыштарда кол баштап, аз-көбүнө карабай кай жоо болсун ылаачындай атыла тийип, кыргындап, ортого жалгыздай ураан сала  жекеге чакырып, мен-мен деген нечен баатырларды ойсураткан бу оёндун ысымы далайга маалым эле. Айтылгандай бар экен.

Эми кандай айла кылмак? Бу буруттун айтканын аткарабы, же…

Нахсын түшкө кирчүдөй сүрү төтөн кыргыз баатырынан катуу таасирленди. Аска-тоодой алп келбетин кара да, жалгыздап жоо тоскон эр жүрөктүгүн кара! Кабылан Манастын тукуму эмеспи, жарыктык! Чымындай жанынын амандыгына эмес, эти бирге элинин тажаал тагдырына күйүнүп, башын сайып койгон. Нагыз баатырлар ошондой, орошон ой багып, ажалга да тайманбай тике карайт дешчү эле. Нускалуу кебичи! Ташка тамга баскандай так, деңиздей терең, жебедей кайткыс. Анын ар бир сөзү мээсине мыктай кагылып, коргошундай уюп туру.

Нахсын түнү бою уктай албай, убайлуу ойлорго тунуп, кыйналып чыкты. Чатырына кирип, саалга жай алып  жаткан да жок. Маек курган кара таш үстүндө о далайга кыймылсыз зылдай уюп олтуруп, улам чок баскандай тура калып, наркы-терки санаалуу басып таң атырды. Чынында эле өзү өмүрүндө адашып жүргөн экен. Ханына ак кызмат өтөп, жолдогон жоосун чаап, намысын алып берем дегени менен анын арампоз ойлоруна алданып жүргөн тура. Чыгыштагы монгул, найманы, биягы кытай, тибети менен жоолашып, түндүктөгү тоо артында бейгам жатышкан кыргыз, кайсактарга чейин катылып, чаап, нечен элдин, не бир адамдардын өмүрүн кыйып, жерин талоондоп берип, сомодой бир ханы үчүн сокурдай кызмат кылып келген экен. Ал, айыпсыз  элдердин, баатырлардын убалы кимге? Не деген күнөө, жууй алгыс айыпты мойнуна алып келген. Тапканы мине? Үй-журт бетин ай-жылдап көрбөй, ысыкта сызгырылып, суукта тоңуп тарткан азаптарынын убайын жалгыз ханы эле көрдү го. Өзүнүн денесине ачуу жараат, дилине жан ачыткан санаа-зардан башка тапканы болгон жок. Беттешкен мыктылардын бейкүнөө канын, алардын артында калган эли, жакындарынын каргышын эми кантип жууй алмак?! Эч качан! Аларды баатырлыгы деп жүрсө, атына эзели кеткис кара так салган бейпайлыгы тура! Ал, каргыш, кандуу так эми анын укум-тукумуна да өтөт. Артында калган урпактары жексур, канкордун тукуму аталышат. Өз элине мүшкүл түшсө өзгө элдин бирине эгерим батпай өгөйлөнөт, жолбун иттей куулат. Өлтүрүлгөн эрлердин артындагы уул-урпактары өч-кегин өзүнүн көзү өтүп кетсе балдарынан кууйт. Кыйынчыкмалары анын өчүн Нахсындын урпактарынан албай койбойт! Канын төгөт! Ата үчүн жан этинен жаралган бейкүнөө балдарына айыбын оодаруудан ашкан күнөө, арман барбы?! Баатырлыгы кайсы анда!

Эртеси эптеп өзөк жалгап, таң азанда көгөргөн көл тарапка көзүн буруп, кечээги кыр үстүндө аны беттей жол тосуп турган Соно баатырдын калдайган караанын көрдү! Айбарлуу жүз кадайт. Айчыгы ак таңга чагылып жалт-жулт эткен көк асабасын артындагы кыр чокусуна матыра сайып коюптур. Санташтын зуулаган желине желбирейт. Таң атпай жол тоскон экен. Балким, эли үчүн убайым тарткан анын да санаасы сапырылып,түнү бою кирпик какпагандыр. Ушул чектен өтпөйсүң, эгерим артыңа кайтпасаң каныңды агызамын деген таризде бекем, заңкаят. Бул ирет жоо сайышка атайын камданып чыкканы көрүнүп туру. Колунда коңкойгон найзасы асман челе сороюп, калканы көмкөрүлгөн казандай калдаят. Жалгыз. Ончактыңа өзүм эле татыймын деген сүр. Кечээ жоосунун чама-чаркын өз көзү менен көрүп, баарын таразалап кетпедиби. Небак алдын алып койгон. Ага өз кара башынын эмес, эли-жеринин  эртеңки тагдырын чечүүгө, эрегишип коргоого бел байлап чыкканы зор күч-кубат берип, шерлентип туру. Андай алп, акылгөй баатырга Нахсын кантип каршы найза сунуп, кылыч чаап чыкмак. Анда акыл пастыгынан башка нени көрсөтмөк. Ханынын караниеттиги үчүн ажал таап ит болмокпу? Жок. “Адашкандын айыбы жок, кайрылып чынын тапкан соң” дейт ойрот макалы. “Бу жерге эмине жогумду издеп келдим? Ат коюп алаарым, кубалаар кегим кайсыл? Элимдин кыргыз калкынан албай калган өчү, койгон доосу барбы? Жок. Болгону ачкөз ханымдын кексе максатын колдогонум, эзелтен коңшу, салт-санаасы, дили жакын элди өткөндөгү жапырыкка алып, кыргын-сүргүн кылганым аз келгенсип, эми аларды кайнасак каны кошулбаган кытайларга кул кылып, мекенинен ажыратууга өнөктөшкөнү келип олтурам. Анын мага кандай зарылдыгы бар? Эч кандай. Ал, Доржуга гана керек. Атпай кыргыз элинин каргышына калгандан кудай сактасын. Аларга эч жамандыгым  болгон эмес, жок дагы.”- деген уңгулуу ойлорго баткан Нахсындын көз алдына Соно баатырдын ак ниеттүүгө айкөл, душманына кабыландай сүрдүү элеси бет маңдай көз алдына тартылып, ага  кечээгисиндей “Туура жолго түшкүн, баатыр. Кеч болуп кала элегиңде артыңа кайт! Кылыч чабышпай, бу жалганда чын дилден сыйлашалык. Анык эр үчүн андан башка эмне керек?” дегенсиди. Ал айтканы акыйкат. Бирок, аны аткаруу оор. Чындык ар качанда оор. Эгерим, ушул жерден артына кайра кайтса кыргыз-калмак бирдей аны коркок, суу жүрөк аташмак. Жалгыз Соно баатырдан коркуп качып кетти деген өмүрү өчкүс кеп-шылдыңга калмагы турулуу. Мейли, бир мени не дешсе ошо дей беришсин, керт башынын атагынан көрө, эки журттун бейкуттугу жогору. Оюнда кыянаттыгы күч болсо Соно баатыр түн жамына жалгыз келип эле жол азабынан чарчап, катуу уктап жатышкан бизди тындым кылып салмак. Антпеди. Демек, ал да биздин канга забын болууну каалабайт. Ага ат коюп чыксак анда анын да кан төгүүгө аргасыз барары турган иш. Бул түрү менен беттешип калсак же мен, же ал өлөт. Башка жол жок. Экөөбүздүн каныбыздын кереги кимге? Сононуку адилет – ал эли-журтун коргоп жатат, а менчи?.. Амалкөй хандын бир амалы үчүн башымды саямынбы? Жок. Эми эч качан!.. Эл кеменгер, баамчыл эмеспи, эки баатыр бири-бирин сыйлашып, чабышпай кайтышкан экен дегендер чыкпай койбос… Ошол окуя, кеп тарыхта калат!..

Эмнеге эрте кайттың? Көлдү тегеренип чыккын дебедим беле?! Буйругумду аткарбапсың!.. деген Доржу да капсалаңын салбай койбос. Анын көзү, түрү бузулары турулуу эмеспи…

Көлдү беттей калабалуу жолго камданып, шайма-шай тизилип калган жасактарынын алдында батышка, калдайган Соно баатырдын караанына бир саам ойлуу тигиле тунжурап турду да, Нахсын эч үндөбөстөн атынын башын чечкиндүү артка шарт буруп, кечээ келген жолу менен ат коюп кете берди. Мындай капилеттиктен ойлору чаташкан калмак жасактары түнөргөн баатырына собол салып сураганга батынышпай артынан үнсүз тапырай чаап жөнөштү.

Эки күн-түн жол жүрүп, ашуу ашып, журтуна кайтып келээр замат Нахсын  ханына жолдон түз кирди. Көргөн-билгенин, баамын толук айтты. Төрөсү кытмыр көздөрүн жүлжүйтүп, адатынча арамсанап, мышыктай үргүлөп угуп олтурду. Нахсын кебинин соңун:

– Хан, кыргыздар көлүнөн түгөл кетпептир. Ар буйтка, капчыгайында калың колун топтоп коюп, жаратын жалаган жолборстой быгып жатышкан экен. Жаалы катуу. Эми ээликкен эсибизди жыйып, аларга катылганды коёлу. Элин жакшы эле кырып, очогун сапырдык. Катылсак кайгыга калабыз. Мекен-журтун эч кимге алдырбас баатыр калк, эми дагы тажаалын карматып жатыптыр, колун топтоп. Манасы эч бир эл алалбаган Бээжинди чаап албады беле, нечен жүз жылдап Зулкарнайын менен хан Чыңгыс ала албаган Ала-Тоону басып алуу биздин да колдон келбейт. Азыркы жеңишибиз убактылуу гана. Ага мас болуп азапка кабылбайлык.- деп бүтүмдөдү.

Сыбан Доржу Нахсындын кебинин төркүнүн таба албай бир топко ойлуу олтуруп калды. Ишенип жиберген бирден-бир баатырынын минтип, ачык айтпаса да  буруттардын таламын талашып жатканына бир эсе таңданса, бир жагынан жаалы кайнап жатты. Антүүсүнүн себеби неде? Аны мынчалык эмне коркутту? Балким катылган мол казына, же мындайда дайыма жолдон тайгылтчу катын-кыз таап алганбы, ал жактан. Анысын билип алып, же кытайлар, же мени тартып алат деп, айнытып жатканы го? Мынчалык эмнеге сестенди экен бу, тоо жүрөк эр? Бир мандеми бар… Хан капысынан Нахсынга жалт карап обдула кекээрледи:

– Жүрөгүң кабынан козголуп, титиреп калган көрүнөт, баатырым,-  Анын эски адаты кармап, баргандан келгени тез болгон колбашчысынан башында эле шек санап жатканы билинди. Эми анысын ачуу заар менен ачык айтты.- Кырылган кыргыздын караанынан коркконуңа жол болсун. Эр деп жүрсөм эркек эмес белемсиң. Же алар жинди Манасынын азыткыларын жиберип, алары ашуу тосуп, бороон чакырып көзүңү көөлөп, жүрөгүңдүн үшүн алып койдубу? Көзүң башка, сөзүң башка чыгып калыптыр. Бар, катыныңа барып кайратыңды топтоп кел!..

Өз деп өмүрүн аянбай арнап келген ханынын минтип, өз көзү менен көрүп келген чындыкты айтып, жан тарта эскертип жатканы үчүн кайра кас санап, душманынан бетер кекеткенине Нахсындын жаалы келди. Каны кайнап чыкты. Катынга теңеп… андан ашкан шылдың барбы, эркекке?! Нечен кыйчалыш кезең, ажалдуу айкаштардагы анын жеңиштеринин, даңазалуу баатырлыктарынын бирин да эске алып койгон жок, бу кыйды. Ал үчүн ажалга аянбай барып, башын сайды эле го, нечен мертебе! Төбөлүнүн мындай кемакыл, мытаамдыгын мурдатан элес албай келген экен. Аны пир тутуп, ак кызматын аянбай өтөп, өктөлүү өмүрү текке кеткен турбайбы! Анын арампоздугу үчүн  нечен эрдин, түмөндөгөн элдин канына забын болуп, журтун чачып Кудай алдында эзели кеткис күнөөгө баткан экен. Неге антти?! Алданган тура… Соно баатырдын бир эле сөзү менен көөдөн көзүн ачып койгонуна, ага жолукканына ичтен ыраазы болду. Антпесе, көөдөн-көзү сокур бойдон соолуп кете бермек экен, бу жалгандан.

Ошондон тартып Нахсын мурдагысындай мунажатсыз ордого барганын да, шаан-шөкөттүү салтанат-тойлорго катышканын да койду. Демейкисиндей жоочабыш-жоболоңдорду да эңсеп-издебеди. Ханы да аны унуткан сымал, бир да жолу чакырткан жок. Шагы сынып, бейдарек айыпталган баатыр катын-балдарынын кашынан кетпей үнсүз үңкүйүп, учуксуз узун ойлорго батып жүрдү. Аны бир гана жоопсуз ой-санаа кыйнайт: канткенде төккөн кан, билип-билбей жасаган күнөөлөрүн эми арбактар алдында да, Кудай алдында да актай алат? Канткенде бейкүнөө балдарын, кийинки урпактарын өзү кабылткан каргыштан, канкордун тукумдары деген бет чиркөөдөн арылта алмак? Жоосунун көзүн тике карап жалтайлаткан ал, эми ууздай таза балдарынын, акактай ак аялынын көздөрүнө дит багып карай албай айыптуу жалтактайт. Алардын алдында жалгыз бир өзүн күнөкөр санайт. Акыйкатта ошондой болчу. Азап ай, мынчалык убай, сарысанааны эркек башына бербесин!

Күндөрдүн биринде жайкы саратандын ысыгынан жашынып, үйүндө бейгам жаткан Нахсынга иттеринин жоо келгендей калайман түшүп, тажаалданып үргөнү угулуп калды. Ким? Неге, кандай кабар менен келди экен дегиче болбой алтыга келген баласы аптыга чуркап кирди.

– Ата! Ата! Көп атчандар келди. Апамдан сени сурап жатышат…

Алда кимдер болуп кетти экен, чакыртпай келишкен деп сыртка чыга келген Нахсынга тобурчак атын туйлатып, кытмыр көзүн кыбыңдаткан ханы алгач көрүндү. Жоон топ нөкөрлөрү жанында коштой дүрбөйт. Баатыр колун бооруна алып, баш ийе ханга таазим этти.

– Арбаңыз ханым…

Ханы болсо бу саам баатырына демейкисиндей өз санаганын билгизе атынан жай түшө келип, үйүнө чакыруусуз кирип, сый көрсөтпөдү. Туйлаган аты үстүндө оолугуп, туталанып алган.

– И, баатыр, катыныңдан кызыгың таркап бүтпөдүбү? Эл-ханыңды эстен чыгарып, өз кара башыңды ала качып кеттиңби, жалгыз бөрүдөй. Дароо тургун да, барып, өзүң айткандай жаратын жалап жаткан ит-кыргыздарды өз ийининде жайлап келгин!

Нахсын уккан кулагына ишенбей кетти. Не деп турат, төрөсү?! Дагы эмне шойкомду баштаганы калган  бу, бузуку?! Чынында эле жоболоңдуу жортуулун дагы баштайын дегенби, не мени көпчүлүк көзүнчө сындырып, үстөмдүгүн көрсөтөйүн дегениби? Же чыны эле аман калган азыноолак кыргыздарды кырып, кытайларына жерин бастырып жибермекпи? Ала-Тоону аттады дегичекти Нахсындын жол тоскон Соно баатыр менен бетме-бетке чыгары турулуу. Анда эле бири өлдү дей бер. Арам Доржунун көздөй самаганы ошол эмеспи! Нагыз баатыр Соного Нахсындын колу кантип көтөрүлмөк. Эч качан!

– Эмне элейесиң?! Эсиңден айнып калдың беле? Же тиги, Соно баатырыңдан сонун кабар алдыңбы?- Нахсын бул кекээр сөздөрдөн ханын бүшүркөй жалт карады. Кыргыз баатырына жолукканын ага айткан эмес эле. Кайдан билип алган? Демек, аны жасактарынын бирөө-жарымы саткан экен.

– Бу не дегениңиз, төрөм?

– Айтчы баатыр, ал бурут сени кантип бузду? Ал, эмне, сенден да алп, баатыр  бекен, жүрөгүңдүн үшүн алгыдай? Же бети быткыл “ай чырайлуу” келин-кыздарынан бирди-жарымын садага үчүн сага бермек болдубу? Ха-ха…

Жанындагы жөкөрлөрү аны коштой көшөкөрлөнө жапырт каткырып калышты. Нахсын айыбынын ачылып калганын билди. Болору болгон соң актангандан не пайда, ызага буулукса да тилин тиштеп унчукпай турду. Кемсинип, жан ала качуу баатырлардын иши эмес. Анын айтпаган сырын кантип билип алганын хандын өзү айтсын.

Сыбан Доржу калп каткырыгын тык токтотуп, ойноктогон тобурчак атын темине баатырды омуроолото опурулду.

– И, эмине үндөбөй калдың? Көлдү бүтүндөй тегеренип чыккын деп буюрбадым беле сага? Салык кана? Бир буруттан корктуңбу? Анда эле өлгөн экенсиң. Катын баатыр болгонуң ошол!

Төрөсү аны эзели минтип кемсинткен эмес. Өзгөчө, төтөн адамдардын көзүнчө.  Демек, жасактарынын кимдир бирөөсү аны сатып, апырта каралаганы чын. Ал акмак ким болучу?..

– Ханым, эчен эрегиштерде эр сайып, намысыңызды алып берген жоокериңизге айтар алкышыңыз ушул беле? Мен укпадым, сиз айткан жоксуз…

Анын ханга тил кайырган мындай батылдыгына, эр жүрөктүгүнө ордо жөкөрлөрү тан бере үрпөйө түштү. Аты алчактаган хан Нахсынды айланта тооруп:

– Айтсам эмине кылып аласың? Эр сайдым деп, мага колко-кадыр артып турганыңбы… эси жок эрди катын да саят. Ханын саткан саткын катындан да пас болот. Мага сендей суу жүрөк, саткындын эми кереги жок! Ал, колуңа кылычыңды!- деп, демите бакылдады. Эми баары айкын. Көрсө, ал, топураган жан-жөкөрлөрүн ээрчитип, атайын эле аны жайламакка келген экен да. Эми болбостур. Баатыр башын катыңга теңеп… мындан ашкан маскара жок… Эми кантет? Кандай айла кыла алмак? Эгерде ханына каршы колуна курал алса бабалардан келаткан салт-жазага ылайык бала-бакыра, аялына кошуп жакын туугандарынын да бүт баштары алынат. Баатыр өз жанын эмес, ошол жакындарынын тагдырын ойлоп, жаны күйдү. Алардын канына Нахсын кантип забын болмок?! Муну кытмыр Доржу жакшы билет. Ошону күсөп жатпайбы! Болбосо… баатырдын бир шилтеминен соо чыкпас эле бу кайбар! “Кырк жылы кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт” болуп нечен кырчылдашкан жоочабышта аман калган Нахсындын акыры келээр бир ажалы эми келген экен. Бу жалганга кимдер келип, кимдер өтүп, кетпеген. Ал да бири ошолордун… Түбөлүккө түркүк болор пенде болбос. Аттиң, алдуу жоосу менен аламан согушта бетме-бет кылычташып өлбөй, ушу арампоздон ажалын тапканы арман болуп турбайбы! Ошентсе да “жатып өлгөнчө атып өл”, өлүмдөн коркту дедирбей, намысымды алдырбайын… Нахсын ханга тике карап, айбаттуу үн салды:

– Эмне, ымандай сырымды билгиң келеби, Доржу?! Сенден коркоор мен эмес. Опузаңды токтот. Сени эл башы, адаштырбас акылгөй адам деп ээрчип, катуу жаңылып жүргөн экемин. Жоо болсо да Соно баатыр чындыкка көзүмдү ачты. Сокур экем, эми көөдөн көзүм ачылды. Не бир алыс-жакын элдерди, эзелтен коңшу буруттарды улам кайталай чаап, бийлигин басып алып, байлык, жерин талап аламын деп арамданып жүрүп канчалаган өз элиңдин, баатырларынын да ажалына калдың! Өз башың үчүн өзгөнү кой, өз элиңди кыргынга салып келдиң. Сендей хандын барынан жогу. Эми кыргызды Кытайга…- деп, хандын акыркы арам сырын ачык айтмак болуп, ага кол салуудан кайра тартпай умтулган Нахсын сөзүнүн аягына чыга албай калды, арман! Капыстан абада албарс кылыч ышкырып, моюндан кыя чабылган баатырдын башы жерге алмадай томолонуп кетти. Анын баатыр атагына абалтадан эле сук артып, ичкүйдүлүк кылып жүргөн Замун-эңгезердин чырагына май таамп, адатынча ханына жасакерленип, анын мурдатан макулдашылган белгисине удаа арттан мерес кылычын шилтеп жиберген болучу. Алтын баш ажалга аргасыз моюн сунду!

Кызылжаян каны топурак-чаңга жуурулушкан Нахсындын башы томолонуп барып токтогон жеринен да көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй ханга кадап, айбаттуу көздөрүн алаңдатып, акыркы сөзүн айта оозун ачып-жаап жатты. Аттигиниң, кокосунан кыя кесилген баштан канга чакап корулдагандан башка үн чыкпады! Ал балким, акылсыз ханынын арбайын чаап  өткөн өтөсүз өмүрүнө, анын сая кеткенине ачуу армандап жатканыдыр, не ичкүптүү каргышын ачык айта албаганына жаны кайнап жатты бекен, белгисиз калды. Тилекке каршы, эми баатырдын акыркы сөзүн эч ким, эч качан эшите албайт…

Башынан ажырап калган алп дене колдорун арбайта созо ханга умтула барып, анын жоон балтырынан ачуу апчый, мойнунан кызылжошо кан атырылтып, үрккөн аттан сүрдүгө жыгылды. Жер таянып турам деп тура албады… Арман! Мындай жүрөк үшүткөн сестен  жабыла качышкан жөкөрлөрүнө кошулуп, өң-алааты качкан Сыбан Доржу да үстөккө-босток атын камчылап, ордосу тарапка жанталаша чаап жөнөдү. Бети-колуна чачыраган Нахсын баатырдын кызылжаян ысык каны тийген жерин өрт-жалынга салып баратты…

Жанатан, жан алгычтай атырыла келип, Нахсынды атына тебелетип кетчүдөй хан омуроолой баштаганда ага жан тартмак болуп аял-баласы үйдөн жүгүрүп чыгышкан эле. Ачуу ыйлаган ал экөөнү жасактар кампага сүйрөп кийирип, эшигин сыртынан найза сайып тиреп салышкан болчу. Жаны ачынган алар болушмакпы, ызалуу ыйга чакап, каалганын жылчыгынан каргашалуу окуяны түгөл шыкаалап турган баатырдын баласы ысык жашын көзүнөн сыгып, үнсүз солкулдап ыйлап жатты. Эринин  башы денеден ыргыганын  көргөн байкуш аялы жин ургандай ачуу бир чаңырып алып, чалкасынан кеткен бойдон кайра турбай баланын жанында жансыз жаткан.

Жаш жүрөктө атасы үчүн өч алуунун жаңы жалыны тутанды…

Кереметтүү Каркырадан санжыргалуу Санташка чыгып, көл тарапка ат чурата барганда, бата тарткан алакандай жайылган жайыктан жалгыз боз үйдөй көмкөрүлгөн чулу таштын карааны алыстан калдайып көзгө дароо уруна берет. Анын кайдан түшүп калганы, же аны кимдин, неге тартып келгени белгисиз. Эзелтен турат. Өткөн-кеткендер жайы-кышы тынбай ызгып туруучу Санташтын шамал-желинен анын далдасына жашынып, узак жолдон саалга тыным алып, колунда бар азыгын шам-шум этишип, денеге ал-кубат жыйнап, пааналап кетишет.  Жылыга жай башында кыпкызыл мандалактар өрөөнгө батпай жалындай жабырап гүлдөп, бүтүндөй жайык кызыл деңиздей толкуп чыкканынан улам, өздөрүнүн кунарсыз, боз жайдак жергесинен чыга келишкен кытайлар ушундай ажайып Түп жайыгына суктанышып,  байыртада Кызыл өрөөн аташкан тура. Аны биротоло ээлеп алалы дешкен да экен… Эми ал калаанын, аны куруткан залимдин аты тургай ал зарзаман жөнүндө урунттуу сөз да элдин эсинде жок, өрөөн гана ошол  бойдон…

Ошол жайыкты, ошол ташты байырлаган жалгыз түп карт дарактын көлөкөсүндө очойгон адамдын кош алаканын жайып, чөккөн нардай чөк түшүп отурганына кыйла болду. Тээ, үңкүр тереңинен чыккан күңүрт жаңырыктай күңгүрөнүп, кимдир бирөөгө чын ыкласынан куран түшүрүп жатты. Ал, айтылуу Соно баатыр болучу. Жел менен жеткен Нахсындын набыт тапкан кабарын угуп, бу жарыкчылыкта экөө бир гана мертебе бет келише жолугушуп, калмак баатыры акыркы ирет түнөк таап кеткен ушул жайга атайын келип, анын арбагына багыштап куран түшүрүп жаткан болучу. Бир көрүп сыйлашкан, айттырбай ак дилинен сыр түшүнүшкөн адамына көрсөтөр акыркы зыйнаты  ушул гана – көзү өткөндө аны эстеп, арбагына арнап куран окуп, жанына жаннаттан жай берүүсүн Кудайдан тилөө экен. Пендеге бөлөк арга, арбакка төтөн жол жок.

Соно баатыр турмуштун нечен жазмышын бирге тарткан туурулган алаканын бетине жайып, курандын узак сүрөөсүн күңгүрөнгөнү менен анын тээ, акыл-эсинин тереңинде Нахсын баатырдын өз өкүмдарына каршы чыгып, кыргыздарды кырууга кол баштап келүүдөн баш тартканына, душман саналган бурут элинин өзүндөй бир баатырына өз өлүмү менен урмат көрсөткөнүнө, анын аркасында кыргыз эли кезектеги чапкын-талоондон кутулуп, бир жылга болсо да өргүү, тыным алганына шүгүрчүлүк кылып жатты. Ок жеген карышкырдай жаралуу эли эми дагы бир кыргын-согушту азыр көтөрө алмак эмес. Жыл айланса башка кеп… Бу, бир жылдын куну бир кылымга тете эле. Жараты карттанып, мекенине кайрылып келип жатышкандар табышып, биригип, тыныгып алышмак. Эркин бекитмек, күч-кайратын күчтөмөк… Качкан элден калып, кокту-колот, ашуу-төрдө  жашырынып, эптеп күн кечирип жатышкан азыноолак жаралуу эл эгерим азыр жоо күтүрөп келе турган болсо түп көтөрүлө биригип чыгып, тыңдап каршылык көрсөтө алышмак эмес. Мекенин кыйып кете албаган элдин калганы жанын оозуна тиштей жоо тосуп кырылмак, же дагы сүрүлүп, ач-бел куу жолдо азып-тентип, журтуна кайрылып келүүсү даркүмөн болмок… Жанына эш болор жоон билек жоокерлер азып-тозгон эл ичинен чогулбай калганда сыр бербестен томуктай башын тобокелге салып жоонун жолун жалгыз тосуп, кайрадан катылгыс кылып артына кайтарган Соно баатыр канчалык эрлигин көрсөтсө, анын баатырлыгын кадырлап, жоо болуп кайра чаппай калмак баатыры ошого тете эрлик кылды. Татыктуу жоону сыйлоо анык айкөлдүк эмеспи…

– Я, Алла, жанын-жаннаттан бере гөр?..

Баатыр күңгүрөнүп, жүзүнө бата тартып саалга тунжурай олтурду. Ичинен эченчи мертебе элине амандык, журтуна тынчтык тилеп жатты. Ала-Тоону мекендегени  кыргыз эли жоодон арылбай келет. Көз арткандар көп…

Элде Соно баатыр жалгыз өзү чыгып жоону артына кайтарыптыр деген зобололуу кеп таркаганда ал “жо-о, жоону жолотпогон мен эмес, алардын баатыры болду…” деп, көпчүлүктүн көзүн ачкан ал. Шондой да шумдук болот бекен дешип ишеңкиребей таң калгандар да чыккан. Ал аңыз кеп эми чындыкка айланды. Нахсындын өлүмү ага чекит койду. Эки эл үчүн шейит кеткен ал, түбөлүккө жалгашты…

Бир оокамда баатыр зоңкоюп, тизесин таяна ордунан очорула турду да, коюнуна кол салып, аспиеттеп ала келген бир байлам чүпүрөгүн куу дарактын бутагына кынаптап байлай дагы кобуранды.

– Баатырдын урматына мазар болсун!.. Журтума тынчтык берсин…

Санташтын ызгыган жели жаңы байланган көк бөздү желектей желпилдете берди…

Не деген улуу тойлор менен сөөк сыздаткан зарзамандарды көрбөгөн да, бу жалган өмүрдү жалаң сайрандап өткөн, же Кудайдын кусуру ургансыган тайкы да, татаал да не бир тагдырларга күбө болбогон бу, бозүйдөй заңги таш. Түбү жок кайып  дүйнөнүн кан тамырындай кыйма-чиймелүү, баш-аягы жок  чаташкан жолдордун далайын карытып, жер кезген дербиштерге, күнчыгыштан күнбатышка, батыштан кайра чыгышка жер бетиндеги Саманчынын жолундай чубалган түйшүктүү Жибек жолун тынбай түргөн коңгуроолуу кербендер менен жер майышкан жоокерлеринин ат туягы жер дүңгүрөткөн жаангерлерге, ай-күнү жетип, Жараткандын жазымышынан чыга албай, аяк-башы аңылдаган айталаада амалсыз көз жарган келиндер менен жоо-касынын жебе огу, кылыч мизинен жараланган баатыр-жоокерлерге, ааламдын мурда-кийинкисине октой атыла ой чаргыткан аалымдар менен акылы тунук акелерге, калабалуу хандар менен асанкайгы жакырларга… – баарыга бирдей башпаанек болгон бу таш. Анын тынбай зыңылдаган тилине кулак төшөп, чечмелей билгенде не деген убайлуу тарых, уламалуу уламыштарды айтып бермек… Алардын бири, албетте ушул – каны-жаны жат болгон менен дилдери шайкеш, бирине-бири татыктуу эки баатыр жөнүндө болмогу турулуу эле…

4-сентябрь (2011) -1-февраль, 2012-ж.

 

А.Сарманбетовдун башка чыгармалары.

 

Соц тармактар:

One thought on “А.Сарманбетов. “Баатыр-Таш баяны”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.