Нурпаис Жаркынбай

Нурпаис Жаркынбай 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, окуу жайды аяктаары менен «Ленинчил жаш» гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орунбасары болуп көп жыл эмгектенген.

1973–1975-жж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте журналистика факультетин аяктап,

1975–1986-жж. «Кыргызстан коммунисти» жур-налынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору,

1995-жылдан республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабият жана көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.

Нурпаис Жаркынбай 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун,

1982-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү. Көп жыл бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп келген.

Анын ырлары казак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулган. Өзү Олжас Сулеймановдун, Евгений Евтушенконун, Эдуардас Межелайтистин, Феттин, Тютчевдин, Маяковскийдин, Пушкиндин ырларын которгон.

Кыргыз совет адабиятына жана журналистикасына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки Грамотасына, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасына татыктуу болгон. В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген жогорку наам ыйгарылган. Азыр персоналдык пенсияда.

«Уикипедиядан» алынды

 

Нурпаис Жаркынбай жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Боз торгой болуп жүрөгү…

Бейне (видео) 

 

Ырлар

КАРЕГИМДЕ КАЛКЫЛДАЙТ

«Волга» келет жеңил, жумшак айдалып,
Мен да келем ичинде анын жайланып.
Калып жатат мелмилдеген түздүктөр,
Патефондун табагындай айланып.

Туулган жерге аз калганда жеткени,
Санаам туудай желбиреп бир кеткени.
Ана чиркин, карекке да чалдыкты,
Айылымдын бүлбүлдөгөн четтери…

Алдын-ала сезип келем баарысын:
Аттаганда өз үйүмдүн далисин.
Апам шашып башыман суу айлантат,
Таштай салып колундагы бар ишин.

Карап келем ак кар баскан жондорду,
Көп андагы кыйма чыйыр жолдорду-
Коломтонун табы өтөт жүрөккө,
Көргөн сайын түтүн созгон морлорду.

Туулган жерим! Сага күч жок теңелээр,
Көрсөм сени көңүлүм ийип, кеңелээр…
Ак чач болуп, кыркка таяп калсам да,
«Кичине бала» — деп чакырат жеңелер.

Кичинемин, бир сен үчүн жерим, мен
Чабак болуп ойнойм сууңда, элирем.
Дөңдөн далай «тай күлүк» деп кулаткан
Ташыңа да бала бойдон көрүнөм.

…«Волга» келет жумшак, жеңил айдалып,
Мен да келем ичинде анын жайланып.
Карегимде калкылдайт жай туулган жер,
Патефондун табагындай айланып.

 

ӨМҮРДҮН ДРАМАСЫ

Күн батат сапарлап өз чыйырында,
бир жерде тоо артына көмөрүлө
бир жерде океандын кыйырында,
кылкылдайт, аз-аз калып чөгөөрүнө.

Күн чыгат кайра тоодон, океандан,
үмүттөр кошо чыгат чагылышып.
Көздөрү бөбөктөрдүн бакырайган,
ар таңда дүйнө көрөт жаңы, кызык.

Адамдар — өлөт, туулат жаңы кайта,
күрөшөт, жеңет чексиз уламасы.
Өмүрдүн көшөгөсү жабылбайт да —
өмүрдүн жүрө берет драмасы!

 

БИЗДИН МУРАС

Биз тоолордун бийигинде төрөлүп,
Биз тоолорго сыйынганды билбейт ким?
Таштак турсун, саздак жерин ээн көрүп,
Жат таманга келбейт бир күн бийлетким.

Ушул тоолор — жайлоо болуп күтүрөп,
Аргымактар каптал салып жалт урган…
Боз үй тигип, биздер үчүн күч үрөп,
Чоң энелер ыйык очок калтырган.

Бул жайлоолор — ат соорундай жалтылдай,
Ата-баба конуш тандап көчүшкөн.
Кылка туруп бир жерин да калтырбай,
Тизе бүгө таазим этип өтүшкөн…

Биздер дагы — бош жай койбой бир үзүм,
Бул тоолорду кыдырабыз, кезебиз.
Мурас кылып, бизден соңку муун үчүн,
Тоону таштап, намыс таштап кетебиз!

 

ТЕРЕБЕЛ

Чагылып текши нур-күнгө,
Талаа-түс жашыл мамыкпы.
Жондоно жаткан жылгалар —
Кургакта калган балыкпы?..

Чыктым да тамдын үстүнө,
Карадым ойлуу алыска:
Чагылып текши нур-күнгө,
Талаа-түс жашыл мамыкта.

 

БОЗ ТОРГОЮМ

Таң менен чурулдаган боз торгоюм,
Көкөлө, көкөлөп уч — кош колдоюн.
Мезгилде ушунча көп аткарар иш,
Өзүңдү көрүү кайда бош болмоюн.

Торгоюм, тилиң таттуу, дилиң ширин,
Төрөлгөн эң алгачкы сүйгүнчүгүм.
Куба жүз, бадырак көз сен болбосоң,
Кубантып бермек мага сүйүнчү ким?..

Торгоюм, ар сөз айтып быдылдаган,
Таарынып бир конфетке чырылдаган.
Бейпил, тынч, жыргал күнгө тушташ болгон,
Бактыңа атаң ичтен кымыңдаган.

…Өзүңдөй мен да атанын торгою элем,
Озунуп, оромпой тээп ойноор элем.
Башыман ал сайраным өттү, кетти,
Басамын эми салмак ойлор менен.

Басамын торгойлуу кең талаа кезип,
Басамын момундай дил, санаа сезип:
«Эртеси эл ырысын кайра термээр,
Өмүрдүн куту экен го бала бешик»…

Торгоюм, ушунча кооз сенин дүйнөң
Талапка канат серме, өнөр үйрөн.
Кай жерде, кай асманда учсаң дагы —
Жупуну торгойдой бол элиң сүйгөн.

Таң менен чурулдаган боз торгоюм,
Көкөлө, көкөлөп уч — кош колдоюн…

 

БИР БУЛБУЛ КОНУП ТУРАТ

Жазгы баар — мезгилдин чот-теспесинде,
Үч акын олтурабыз кеч бешимде.
Маңдайда Жоомарт турат бизди тиктеп,
Өзүнүн сыйы көтөргөн текчесинде.

Ар кимден уккандарды бирден талдап,
Акынды сөзгө алабыз алмак-салмак.
«О, Жокең анткен экен, минткен экен,
Эмгиче бир чоң эмгек жазып салмак…»

Ал ырас, жазыш андан качмак беле,
Алтындай ай кыздарды жазмак дале.
Бектемек «Чептен эрдин күчүн» дагы,
Айтымда кыялы экен учкул жебе.

Биз кеттик кош айтышып. Калды Жоомарт,
Кезинде күлкүгө да, ойго да март.
Ала-Тоо аскасынан ашып ыры,
Бүгүн да жүрүп турат ага оомат.

Эң бир кооз Дзержинский бульварында,
Эрте-кеч эл үзүлбөй турчу агымда.
Угулуп бүт кыргызга таңшык үнү,
Бир булбул конуп турат гүл шагында.

 

КҮЛҮК КАЧЫРУУ

Күлүк барат сапырып куйрук-жалын,
Шуулдаган жебедей желде закым.
Жигит артта, жайдак ат колтугуна,
Жиги жоктой кыпчылган эки такым.

Кайым болот колотко кирип ылдам,
Кайра чыгат туу болуп тиги кырдан.
Күлүк оюм күлүктөн аша кетип,
Өзүнчө эле элирип зымырылган.

Кош чекитке айланып тигил экөө,
Караандарын үзүшөт бүлбүлдөтө.
Карт жылкычы ачуулуу токмокко алат,
Качкан күлүк мамысын дүпүлдөтө.

Жигит келер күлүктү кармап кайра,
Жер үстүнөн ал качып бармак кайда!
Турган кезде тоолуктун шумкарлары,
Ат үстүндө ойногон бармактайда.

 

МЕН АЛИ ЖЕТИДЕМИН…

Таң берем
Ойдун талбас канатына,
Акын бир картайбаган бала тура.
Жашадым тентек, эркин. Бул турмуштун,
Чулганып агына да, карасына…

Жашымдын
Көктөм менен кышын көрдүм,
Бетинен ышкын эмес, ышкым тердим.
Төл башы “Жаштык жазым” гүл ачкандан,
Чыйралып келет ырга ынтаам, эргүүм.

 

Изденүү…
Кетпейт бул дарт санаа-ойдон,
“Чымыным” келет мага талаа-ойдон…
Өчүрүп көңдөй “нөлүн” жетимиштин,
Мен али… жетидемин – бала бойдон.

Танбаймын –
Жетимишин көрдүм жүзүн,
Талбаймын – калемимде өжөр күчүм:
Туусунда Күн тариздүү лепилдеген,
Түндүгүн кыргызымдын көтөрүү үчүн!

 

МЕН АНЫН УЛАНДЫСЫ

Менин жүрөк жарды акыным, “орок ооз, от тилдүү” Владимир Маяковский Совет бийлигинин алгачкы мезгилиндеги таптык күрөштү, өз доорунун эртеңин жалпыга бардык үнү менен даңазалаган: “Мен чечкиндүү адаммын. Келечекте айрым билермандардын божурап айтып берүүсүн күтпөстөн, урпактарым менен өзүм сүйлөшкүм келет. Бул “Бардык үн менен” аттуу поэмамда келечек муундарга өзүм жандуу кайрылып жатам”.
(Владимир Маяковский, Чыгармаларынын толук жыйнагы,
1958-ж., 10-том, 375-бет).

Бул поэманын биринчи киришүүсү 1929-жылдын соңу, 1930-жылдын башында жазылып, автор аны көп кечелерде окуп да берген.

Чыгарма толук аягына чыкпай калган…

* * *

Бүгүнкү жашоодо мен да “Бардык үн менен” поэмам аркылуу ХХI кылымдагы өз доорумду өз үнүм менен айткым келет. “В.Маяковскийдин поэмасынын уландысы” деген кашаадагы кыстырма салыштырмалуу иретинде гана.

Эмесе…

БАРДЫК ҮН МЕНЕН

(В.Маяковскийдин поэмасынын уландысы)

Биринчи киришүү

Кош дөңгөлөк
Көз айнекчен муктарам,
Токтой турчу, өзүм айтам доорумду.
Атасы өлөт айтчу сөздү айтпаса,
Көрдүк канча тынчы жок оор, доо күндү!

Кекиртекти
Кербейм керней короздой,
Чукул айтсам, дал тепкендей шумкар куш.
Суроо эмесмин – башты ийип, үңкүйгөн,
Мен – илепмин (!), илептүү сөз – залкар күч!

Жетти мезгил,
Мезгилге түз кайрылам,
Бардык болгон үнүм менин дүңгүрө:
Доорум сезсин – чагылгандай чарт! – жарыл –
Уйкудагы Мейкиндикти дүң жире…

Убакыт – ээн,
Күтпөйт бизден уруксаат,
Болбойт анда өткөн, болоор, учур чак.
Акула да тузакка бир чалынаар
А секунддар жатпайт тордо “Куйрук” чаап.

 

* * *

Торгой көктө –
Ал – мезгилге коңгуроо,
Карттар үйү… төрөт үйлөр – көп кабат.
Бул жашоодон өткөндөрдү толуктап,
Толгоо бүтпөйт… жаш келечек көз жарат.

Ай кетмени
Таң нуруна чайынып,
Дыйкан марыйт, күпүлдөтө алыш чаап.
Курчайт аны токчулуктун мухити,
Тереңине сүңгөн сайын, алыстап…

Темир жолдор –
Чоёт Жердин тамырын,
А учактар тилет көктүн “карынын”.
Кулагыңдан кайып өтсө, бакчада,
Октой ачуу ызгыйт үнү аарынын…

Мээ түнкүсүн
Санаага көп чырмалат,
Арам ой, сен сезимдерден чык, кызыл!
Аалам койну каршы-терши тордолгон,
Зор жылыткыч зымдарындай кыпкызыл…

Аалам азыр
Эки топто, беттешүү,
Ак-карадан турган чатраш ташындай.
Оюн жетип “мат” болуучу кырдаалга,
Токтоп турат… ойлон Адам шашылбай…

Жанар тоолор
Атылууда ансыз да,
Ташкындоодо албуут мухит, деңиздер.
Өрт… Сел… Көчкү… Силкинүүлөр тынымсыз,
Ансыз деле “ансыздар” көп, жетишээр!

Билдиңер го
“Билермандар” кечээ эле,
Кыяматтын айын, күнүн так айтты.
Жаңылышты! Жаактары айрылсын,
Жакшылык жок сактабасак такаатты.

 

* * *

Эне аттуу
Асыл затка энчилеп,
Элесимде сөз айкелин тургуздум.
Анда анын Жерге болгон эң ыйык,
Боор этиндей жакындыгын туйгуздум:

Ай нуруна
Өрүлүшө чачтары –
Бир кара жок, басып чымкый агаруу,
Томолок баш ЖЕРГЕ башын жаздана,
Жатат ЭНЕ үмүттүү да, санаалуу…

Ал жараткан
Канда түрдүү бар улут,
Кемсинтпейли, сен – улуусуң, кичүүсүң.
Шүршүтсүңбү, жөөтсүңбү, хамсыңбы,
Ким болсоң да заадиңде сен – кишисиң!

Учурунда
Уучу кандуу Чынгызхан,
Нагыра баш кечээ Наполеон, Гитлер –
Кылабыз деп жер жүзүн түк күмүрөй,
Жер сүзүштү акыры ал итиңер…

Оо, аялзат,
Туубай туна калгыла,
Туугучакты… Арылт канкор балаадан.
Бүт тил бүткөн эсиңе кел, эсирбе
АДАМ ата атын сакта!
Бол АДАМ!..

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.