Жыпара Исабаева: «Башкы демөөрчүлөрүм – күйөрмандарым»

jypar_maralda

Кандай гана чыгармачыл адам болбосун анын чыгармачылыгына дем-күч, шык берип турган колдоочулары анын күйөрмандары болуп эсептелет эмеспи. Алар моралдык жактан гана эмес, материалдык жактан дагы чоң колдоо көрсөтүп турарын акын Жыпара Исабаева айтат.

“Улут уюткусу” программасынын жаңырган жылдагы алгачкы чыгарылышын буга чейин айтылып келген жана айтыла берчү маселе, көйгөйлөрдөн эмес, жакшы маанайда жакшы адамдар менен баарлашуу аркылуу баштайлы деп, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, акын Жыпара Исабаева менен чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

Жыпара айым, алгач эски жылды кандай жетишкендиктер, ийгиликтер менен узатып, жаңырган жылды кандай тосуп алдыңыз?

– Өткөн 2014-жыл жалпы элим үчүн деле жаман жылдардан болгон жок. Эл ичинде мен үчүн дагы жакшы жылдардан болду. Чыгармачылык жаатта алсак, «Бир үзүм от» деген ырлар жыйнагым жарык көрдү. Андан сырткары дагы бир топ жаңы, проза жанрындагы чыгармаларды жаратып алдым. Демек, эски жыл абдан жакшы жылдардан болду. Анан жылды узатып жатып дагы куру кетирбей 31-декабрда «Аял деген бүтпөс монолог» деп аталган поэманы жазып алып, уул төрөп алгандай ушунчалык сүйүнүп турам. Жыл сайын жаңы жылды калем сап, кагазым менен тосуп алууну бала кезимен адатка айлантып алгам.

Жакында дагы бир китебиңизди басмага даярдап жатканыңызды угуп калдык?..

– Ооба. Кудай буюрса марттын аягына чейин чыгып калат деп турам. Биз Кыргызпатентти кыргыз адабиятынын, деги эле кыргыз илиминин, маданиятынын атасы деп айтып келебиз. Анткени тээ эгемендиктин биринчи күндөрүнөн баштап эле баарыбыздын башыбызды бириктирип, кам көрүп келет. Бул китебимдин жарык көрүшүнө ошол Кыргызпатент көмөк көрсөтүп жатат.

Мындан сырткары сиздин чыгармачылыгыңызга материалдык жактан кимдер колдоо көрсөтүп келет?

– Абдан жакшы суроо болду. Азыр менин колумда турган «Бир үзүм от» деген ырлар жыйнагым 2014-жылдын жайында жарыкка чыкты. Муну менин жөнөкөй окурмандарым чыгарды. Алар социалдык тармактар аркылуу ырларымды жарыялап калганда, ага өзүлөрүнүн пикирлерин айтышат. Кээде чындап эле кемчилигиңди көрсөтүп коюшат. Бир күнү өзүлөрү демилге көтөрүп, эсеп ачып, ар бири 300 сомдон акча чогултушуп, мен чогулган каражатка китепти чыгарып, кайра өзүлөрүнө таратып бердим.

Сиз адабият, анын ичинде поэзия дүйнөсүнө капысынан келип калбасаңыз керек?

– Мен бул чөйрөгө капысынан келип калдым деп эсептебейм. Анткени 9-10 жашыман эле өзүмдүн тилегеним, жүрөгүмдө эңсеп, каалаганым адабият болчу. Ошондо эле китепти жакшы көрчүмүн, калем сапты сүйчүмүн, алгачкы төрт саптарымды чиймелеп, республикалык басылмаларга чыгарып жүргөм. Негизинен бала чагыман эле жазуучу болом деп кыялданчумун.

Үй-бүлөдө сиздин чыгармачылыгыңызга таасирин тийгизген адамдар болсо керек?

– Ооба. Ыраматылык чоң апам болду. Мен убагында ал кишинин кадырын билбей калыптырмын, ал адабий казына экен көрсө. Анткени ар бир сөзүн жөн эмес, макал-лакап, салыштыруу аркылуу, ал сүйлөгөндөн кийин көз алдыңда кадимкидей сүрөт тартылып калар эле. Мен улгайганда адамдардын бардыгы ушундай сүйлөйт экен деп ойлочумун. Көрсө андай эмес экен. Чоң апамдын көзү өтүп кеткенден кийин андай кереметти эч жерден кездештире алган жокмун. Өзүмдүн атам дагы ыр жазган. Менин алгачкы ырларым гезит бетине жарык көргөндө, «мен калем сабымды кызыма өткөрүп бердим», – деп ошондон кийин ыр жазбай калган.

– Эң алгачкы жараткан чыгармаңыз эсиңизде барбы?

– Албетте эсимде. Бардык эле чыгармачыл адамдардын алгачкы жараткан чыгармасы эсинен чыкпаса керек.
«Айткан мага сырларын,
Ашырып тоо кырларын.
Айга колду жеткирген,
Апам менин жыргалым», – деген апама арналган төрт сап болчу.

– Алгачкы сүйүүңүздү улуу акын Алыкул Осмоновго арнагандыгыңызды билебиз. Ал тургай «Алыкулду сүйгөн кыз» деген чыгармаңыз дагы жаралган. Ушул алгачкы сүйүүңүз тууралуу айтып берсеңиз?..

– Бул көрсө менин чыгармачылыкка, поэзияга болгон талпынуум, умтулуум экен. Албетте, азыркылар кимди кумир тутушат билбейм, бирок, ошол убакта ар бир «мен акын болом» дегендер Алыкулга кайрылчубуз. Ал кезде азыркыдай интернет жок болгондуктан, китепканадан китептерди окуп, ошол Алыкулдай акын болсом деп кыялданат элем. Анан Алыкулдун өмүр баянын, татаал тагдырын окуп алып өзүмдүн жан дүйнөм аркылуу элестетип алып ыйлаган күндөрүм көп болгон. «Эгерде мен Алыкулга замандаш болуп калсам, ага сүйүүмдү арнамакмын, аны таштабайт болчумун» деген балалык кыял, балалык сүйүү болгон. Анан кийин «Алыкулду сүйгөн кыз» деген болгон окуянын негизинде повесть жаздым. Жамиля деген кыз Алыкулга бет аарчы бергендиги китепте бар. Учурда ал Алыкулдун музейинде турат. Ошол 80-90го таяп калган байбичени таап алып, экөөнүн сүйүүсү тууралуу сурап отуруп, аны повесть кылып жаздым.

Көпчүлүк чыгармаларыңызда ырларды сүйүп жашаарыңызды айтып келесиз. Жолдошуңуз, үй-бүлөңүз сизди ырлардан кызганышпайбы? Анткени чыгарма көбүнчө жалгыздыкта, тынчтыкта жаралса керек?

– Аның чын. Бирок менин бактым да ушул болду. Менин жолдошум, кайын журтум, балдарым, балким, кандайдыр бир деңгээлде ичтеринде чыгармачылыктан кызганышы мүмкүн. Анткени кээде ошолорго бөлө турчу убактымды чыгармаларга, кагаз, калемге бөлүп, жан дүйнөмдү ошого төшөп отуруп алган учурлар болот. Бирок баардыгын түшүнүү менен карашат. Кызым кичинекей кезинде «апам жазып жатат» деп кошуналарды үйгө киргизбей койчу экен. Азыр дагы ошентип мен иштеп жаткан учурда акырын сүйлөп, акырын басып турушат.

Көңүлүңүз чөгүп, капаланып турганда, же тескерисинче кубанычыңызды дагы ырлардан чыгарып аласызбы? Капаланып турганда деле жакшы маанайдагы ырлар жазылышы мүмкүнбү?

– Ар кандай. Айрыкча поэзиянын эргүүсү өтө тентек, элпек болот. Ал сенин шартыңа, маанайыңа карабай келет. Кээде ушунчалык жүрөгүң ооруп турганда ушундай шайыр, жеңил саптар келип алат. «Жылт» этип жүрөгүңдү кытыгылайт, анан айла жок ошонун артынан ээрчип, баягы сапты ичиңен кайталап, экинчисин кайталап отуруп жанагы абалдан чыгып, ырдын маанайына түшүп кетесиң. Ошондой эле сүйүнүп, кубанып турган учурларда пессимисттик маанайдагы саптар келип калышы мүмкүн. Ал эми кара сөздү болсо, канча күн ойлонуп, таразалап жүрүп анан жазасың. А поэзияда андай эмес.

Поэзиягабы же прозага көбүрөөк басым жасайсызбы? Себеби эмнеде болду экен?

– Өзүмдү негизи акынмын деп эсептейм. Жан дүйнөмдү акындардын катарына алып барып кошом. Бирок антейин десем акыркы 10-15 жылдын ичинде 12 китебим чыкса, ошонун 10у проза жанрында экен. Азыр бизде жакшы мүмкүнчүлүк бар – интернет деген. Социалдык тармактар аркылуу окурмандарга чыгармаларды сунуштап койсоң, эгерде чындап жакшы чыгарма болсо, өзүлөрүнүн жакшы бааларын беришип, түн ортосунда чалып жатышып уландысын жаздырышат. Ошондон улам өзүңдү өзүң «мени окурмандарым акын катарыбы, же прозаик катары көбүрөөк баалашабы?» – деп таразалаганга убакыт келет. Негизи өзүмдү акынмын деп эсептейм, ошол эле учурда прозаны да тана албайм.

Көпчүлүк акын, жазуучулар чыгармаларында өзү жашаарын, өзүнүн тагдыры жазылаарын айтышат. Сиздин чыгармаларыңыз да ушундайбы?

– Жок андай эмес. Айрым убактарда өзүңдүн жан дүйнөңдү, өзүңдүн ошол учурдагы абалыңды беришиң мүмкүн. Мисалга, акыркы жазылып жаткан чыгармам ит жөнүндө. Анын психологиясы, тагдыры сүрөттөлөт. Анан «Жыландын сүйүүсү» деген повестимде адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле чагылдырылат. Мындайча айтканда баардык чыгармаларыңды эле өзүңдүн жан дүйнөң эмес, жаратылыштан, айлана-чөйрөдөн, же жаңы эле сени менен сүйлөшүп чыгып кеткен адамыңдын жан дүйнөсүнөн, таржымалынан көп нерсени алып каласың.

Аккан арыктан суу агат – дейт. Уул-кыздарыңыздын арасында сиздин жолуңузду улап, калем кармап калгандары жокпу? Же аны каалабайсызбы?

– Жок мен эч кандай каршы эмесмин. Тескерисинче аларды карап, күтөм, кимисинде кандай шык бар деп. Эң кичинекей уулум быйыл 14 жашта. Ошол баламдан өтө таланттуу, бир чыгармачыл адам чыгат деп ойлойм. Акын, жазуучу болбосо дагы маданият тармагындагы бир жакшы адам чыгат деп ишенем.

Каныкей Бозгунова, “Марал” радиосу, 06.01.2015-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Жыпара Исабаева: «Башкы демөөрчүлөрүм – күйөрмандарым»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.