Мусакун Сатыбалдиев. “Дүмүр”

ңгеме)

Кышкы тоо. Бардык тарап акка тунуп, кандайдыр бир жымжырттыктын оор салмагына басырылгандай тунжурайт. Бийиктеп отуруп, асманга туташып кеткен сымал көрүнгөн тоо боорундагы жыш карагайлар ак тон кийген жоокерлердей былк этпей, сөөлөт күтүшөт. Алар ушул турушу менен эле адамдын жан-дүйнөсүнө бир тазалыкты, улуулукту, ыйыктыкты билгизбей, акырын тамчылатып тургандай. Анан ошол тамчылар тирилик, турмуш, тагдыр деп аталган көйгөйлөргө толгон нерселердин көкүрөккө катмарлана жыйылган кара тактарын агартып, кез-кези менен жан сыздата ооруткан дартты айыктырып жаткансыйт. Ушу саам бардыгы унутулуп, али жашоо, дүйнө жүгүнө биротоло тепселе элек жүрөгүнө бычактай тийген ачуу сөздөр, денесин көгала кылган муштумдар кайдадыр алыс качып кетет. Тизеден өтө чыккан карды жиреп отуруп, ушу дөбөгө чыккан сайын жондон баскан көрүнбөс салмактан арылгандай, жеңилдей түшөт. Басмырт көңүлү көтөрұлө, айланага суктана карап, өзүнчө өрөпкүп алат. Тээтиги апакай булутка канаттарын сүртө учуп, шаңшып бараткан бүркүт менен жарыша канат каккысы келип кетет. Балалык кыялы алып-учуп, ордунан кантип тура калганын да сезбей калат. Заматта канатка айланып кеткенсип, эки колун болушунча жая берип, күүлөп-күүлөп жиберет. Көздөрүн чылк жуумп, бир саамга учуп баратканын элестетет. Деги, тоо Белек үчүн – сөз менен айтып түшүндүрө алгыс керемет дүйнө.

Тагдырдын таразасы болбойт тура. Андыктан бирөөнө маңдайы жарыла күлө караса, бирөөнө кабагын карыш салып, түнөрө карайт. Мына ошо түнөрө караган наристелердин арасында Белек да бар эле. Ал төрөлө электе эле эмнегедир тагдыр кастарын тигип, ага каарын чачып койгон. Жарык дүйнөгө келерине бир айга жете бербеген мезгил калганда атасы жол кырсыгынан кайтыш болду. Ата жыты, ата мээрими эмне экенин билбей калды. Ырас, анда чоң атасы бар эле. Кенен көк чепкенинин бооруна кымтылап, көтөрүп алчу. Буту басканда кедеңдетип ээрчитип алып, алысыраак болсо жээрде атына өңөрүп аш-тойлорго, чакырган жерлерге барчу. Жайында бактын ортосундагы жапайы алманын түбүнө коюлган жыгач керебетке жамбаштай жатып алып, жомок айтып берчү. Бул алма ушул айылдагы башка алма бактардан айырмаланып турчу. Чоң атасынын айтымында, бул алманы анын атасы отургузган экен. Андан бери алтымыш-жетимиш жылдай мезгил өтө чааптыр. Алманын жоондугуна эки кишинин кулачы араң жетет. Абдан бийик, бутактары туш-тарапка чачырап, бир чоң тамдын ордундай жерди ээлейт. Саясына элүү-алтымыш киши кенен отуруп дем алышса болот. Бирок, алмасы жыш байлаганы менен майда болуп калган. Бышкан кезде саргарып, жумшак, кычкыл. Жайкысын кошуна-колоңдун балдары жөжүрөшүп, күнү бою ушул жерде. Чоң атасы салып берген тактай селкинчекти эрмектешет. Алардын чуру-чуусуна кошумча болуп, муну түркүн канаттуулар да байырлап, ар кандай үн чыгарышып, тириликтин шаңына ырахаттана, ойкуп-кайкып аркы-терки учушат. Балдардын күлкүлөрү, кыйкырыктары аларды чочутпай, көнүмүш адат болуп калган. Алма алам деп, бутактарына чыгып, жыгылып түшкөндөрү канча, ооруган жерлери басылган соң унутуп калып, кайра оюнга киришет. Анда Белектин эч нерсе менен иши жок баео, балалыктын бейкут дүйнөсүн чаң ызгытып жүргөн кези. Жаңы үй-бүлө курушкан эки жаштын биринчи, ошону менен бирге акыркы перзенти экенин да биле элек болчу. Бирок, ушул асман бетин бүтүндөй ээлеп алган сыяктуу көрүнгөн барпайган жапайы алманын түбү ага укмуштуудай бейпил, жылуу, кооз көрүнөр эле. Чоң атасы жокто жыгач керебетте апасы экөө отурчу. Анын алдына отурганды жакшы көрө турган. Мындай учурда тигил балдарга да кошулбай, апасынын жылуу көкүрөгүнө жөлөнүп отура бергиси келчү. Ушул бойдон кыймылдабай күнү-түнү отура берүүнү самачу. Балдардын ызы-чуусу, күүлөнүп жаткан селкинчек заматта унутулуп, бактын түбү башкача бир кымбат, ажайып дүйнөгө айланып кетер эле. Муну ал төрт жашка эми чыгып калса да, наристелик сезими менен элдир-селдир түшүнүп, сезе турган. Ошол сезимден чыккысы келбей, апасынын колтугуна ого бетер ыктап, магдырап жатып, кантип уктап кеткении сезбей калчу.

Ошентип, күндөрдүн биринде апасынын кучагында уктап калып, кайра ойгонгон бала апасын таппай калды. Чоң атасынын: «Апаң жумуш менен алыска кетти, балам. Бир-эки күндө келип калат. Сен эми чоң азамат болбодуңбу, ыйлабай тура тур» дегенине сооронуп, көңүлүн жубатып, жол карап жүрө берди. Мезгил деген нерсе менен анын иши эмне, бир жылдын кантип өтүп кеткенин да билбеди. Антсе да балалыктын дүйнөсүндө нандан, оюндан башка да апа, ага карата болгон сагыныч, куса деген жүрөктү тыз эттирген нерселердин бар экенин бара-бара түшүнө баштады. Анткен сайын токтоо тартып, жапайы алманын түбүн байырлачу болду. Мурдагыдай чоң атасын да көп ээрчигиси келбей калды. Бир жакка кетип калса эле апасы келип, таппай калып анан кайра белгисиз жакка шуу коюп кетип калчудай сезет. Баягыдай жыгач керебеттин үстүнө отуруп, апасынын жылуу төшүнө башын жөлөп, канаттуулардын чурулдашканын тыңшап, мемиреп жаткысы келет. Ушул эңсөө кичинекей жүрөгүн тызылдатып, өпкөсүн көптүрөт. Көз жашы өзүнөн-өзү куюлуп кетет. Бак түбүндө ушинтип жатып, уктап калат. Ойгонгондо адеп чымчыктардын чурулдагын угуп, алманын жашыл шактарын көрөт. Анан апам келип калды бекен деген ойдо айланасына үмүттүү көз чаптырат. Качан гана апасынын жок экенин, же балдардын бейкапар ойноп жатканын көрүп, деми сууй түшөт. Эрди кемшеңдеп, көздөрү кайра жашылданат. Бала деген бала да, бат эле балдардын оюнуна аралашат.

Ак сүтүн эмген энени эч ким алмаштыра албайт эмеспи. Айласы барбы, апасын көзүнөн учурган бала уба караган чоң атасын эш тутуп, ага байырлайт. Калдайган карааны өзүнчө тоо көрүнөт. Анын мээрими көкүлүнө төгүлөт. Бирок, тагдыр деген ушу экен, Белектин таянган тоосу бир күнү кулап калды да, бейиттеги чөкчөйгөн бир молого айланды. Ушундан тарта балалык дүйнөсүнөн бир кадам алыстай түштү. Көп өтпөй аны айылдын үстүндө, тоо этегинде жайгашкан токой чарбасында жашаган ортончу таякеси алып кетти. Кетпейм деп ыйлаганына көңүл бурган жан болбоду. Ошондон бери ушул жерде. Негедир таякеси кайра жакага алып барбады. Анын оюнда эмне бар экенин бала кайдан билсин. Он жашка келип калганы менен мектепке да алып барбады. Бир сапар таякесинин балдары, анан мындагы эки-үч баланын: «Биз айылга барып, мектептен окуйбуз» дегенин угуп, кечинде таякесине:

– Таяке, мен да айылга барып, мектептен окуймбу, – деп сураган. Анда таякеси акырая карап:

– Сага эми ушул эле жетишпей калдыбы? Сен окуганда окумуштуу, же машаяк болот белең? Курсагыңдын кампайганына сүйүн, – деп кагып койгон.

Бул сөз ошону менен кан буугандай токтоду. Үйдөгү майда-барат жумуштар, койду айдап келүү, музоону аркандап келүү, жарылган отунду ташып келүү анын мойнунда. Бошой калган учурда ушул дөңгө чыгып, туш тарапка көз салып отурат. Бирок, мындай учур дайыма эле боло бербейт. Тигине, үй артында малга чөп салып жаткан таяксси колун жаңсап, музоону сайга алып барып сугарып кел деп атканын түшүндү. Өткөндө: «бул дөңсөөдө сенин эмнең бар, ал жерде сага бышырып коюптурбу?» деп урушкан эле. Эми дагы урушары бышык. Сабап койбосо болду, деген ой аны селт эттирди. Ордунан шак туруп, тээ төмөн, айыл тарапты карап алды. Көл жакалай түшкөн айылга чейин он чакырымдай аралык бар эле. Акка тунуп, калдайып жатты. Чоң атасынын үйүнүн, алма багынын кай тушта экенин биле албады. Ичинен улутунуп алып, төмөн түштү. Байлануу турган музоону чечип алды да, чоң сайды көздөй жөнөдү. Сайдын үстүн муз каптап, астында Жууку суусу күңүрт доош чыгарат. Жээгинен мал сугарганга бир кулачтай жерин чагып, музун тазалап коюшкан. Белек музоону ошол жерге жетелеп келди. Көнгөн музоо мойнундагы жибин сүйрөй чуркап келип, сууга башын салды. Суу бир аз ылдыйлап кеткен окшойт. Музоо мойнун созгону менен жетпей, акыры эки бутун бүгүп тизелей калды. Тумшугун муздак, тунук сууга малып, кылкылдата жутуп кирди. Бала кызыга карап турду. Муз астынан суу күңүрт шылдырап агып жатат. Жайкысын күркүрөй агып, шоокуму тээ алда кайда кетет. Күнү-түнү бир калыпта күңгүрөп, тоо түпкүрүнөн чыккан сырдуу күүнү чертип жаткандай туюлчу. Эми андай эмес, ичтен тынып, сырын ачыкка чыгара албагандай, жай шырылдайт.

Бала айланага көз чаптырды. Бардык тарап ак кар жамынып, кандайдыр бир терең ойго басырылгандай тунжурайт. Бет маңдайдагы асман мелжиген «Кызыл-Жар» гана катмарлана, кардан калпак кийгендей, өзүнчө сөөлөт күтөт. Анын ак булуттарга тие жаздаган чокусу баланы дайыма кызыктырып, өзүнө тарта берет. Ошого чыгып алып, айылды, андагы алма бакты карагысы келет. Балким, ошол жерден даана көрүнөт белет, деп ойлойт. Ооба, көрүнмөк. Анткени ал абдан бийик эле, бирок, ага бала эмес чоң кишилер да чыгып бара алмак эмес. Жар абдан бийик, тик болучу. Тигил кокту менен айланып отуруп, арты менен гана чыгып барса болот. Анча аралыкты басып өтүүгө бала али кичине эле. Андыктан ал кыялы менен гана чыгып, ушунча жылдан бери көрө элек айылды, андагы байтүп алма бакты карачу. Бактын түбүндө апасы аны күтүп отургандай сезилип, ордунан тура чуркап жөнөгүсү келип кетчү. Кол башындай жүрөгү дүкүлдөй согуп, жарылып кетчүдөй лакылдачу. Эмнегедир апасы баягыда кеткен боюнча көзүнө көрүнбөдү. Кийин ар кимдердин: «Түркияга иштейм деп кетиптир, ой, ал эчак эле бир бай, картаң түрккө тийип кетиптир. Бул жакка биротоло келгис болуптур» деген сөздөрүн үзүл-кесил кулагы чала калып жүрдү. Ошол сөздөр жүрөгүнө бычак болуп сайылып, зыркыратып өткөнү менен ишенчү эмес. Булар апасы эмес, башка бирөө жөнүндө айтып жатышат, апам антпейт, мени таштабай калсын, бир күнү келет, деп өзүн-өзү алдап, өз көңүлүн өзү жубатат. Антпегенде кантмек эле, таякеси менен таяжеңеси ант, минт, алып кел, музоону байла, сугарып кел дегенден башка иштери жок.

Бүгүн күн бүркөө тартып, кар жаачудай. Күндөгүдөн суук, бетти-колду тыз-тыз чымчылайт. Музоо дале суудан баш көтөрбөй, кылкылдата жутат. Белек «Кызыл-Жардын» чокусу тарапка көз чаптырды. Булут басып, ошол булут ак карга айланып, асманга жалгашып калгандай сезилди. Кар бүтүндөй асман бетин чулгап алган экен. Эми биротоло чыга албай калчудай туюлуп, маанайы пастай түштү. Айылын, андагы алма бакты, бактагы жыгач керебетте күтүп отурган апасын эми көрө албайт. Ал күтүп отуруп кайра кетип калат. Күтпөс жерден келген ушул ой баланы селт эттирип алды. Бардык нерсеге кол шилтеп таштап, айылды көздөй чуркап жөнөгүсү келди. Өз эркине баш бербеген буттары өзүнөн-өзү шилтенгендей, бир нече кадам басты. Негедир азыр бардыгына кайыл болуп, чечкиндүү боло түштү. Эми чуркай берип, кечек музга чалына берип, эт-бети менен кулап түштү. Ушундан үркүп кеткен музоо тура берем деп, алдыга жүткүнүп барып, башы менен күбүргө сайылды. Муну көргөн бала ордунан учуп турду, тайгаланганына карабай чуркап жетти. Бул маалда музоонун сереңдеген куйругу менен гана арткы буттары тыбырап жаткан. Бир бутуна колу жабыша калган бала бардык күчү менен бери тартты. Алы жетпеди, агымдын күчү музоону муздун алдын көздөй тартып баратты. Карышкан колун кое бербей, өзү да күбүргө жакындады. Суу чачырандылары бетине урду. Музоо чыга турган эмес. Улам муз алдына тартылып баратты. Буттары да мурдагыдай тыбырабай калды. Сууга тумчугуп калды окшойт. Качан гана бала өзү сүйрөлүп барып, күбүргө түшүп кеткенде музоонун шыйрагын кое берди. Эки колу менен муздун кырына жабышты. Денесин какшаткан муздак суу төмөн карай тартып, музоонун аркасынан алып жөнөгүсү келген сымал өжөрлөнөт. Баланын башы гана чыгып, колдору музга жабышат. Кыйкырууга үнү чыкпай, аптыгат. Канчалык бери тартылууга кылган аракетинен майнап чыкпай атты. Бир аздан соң колдору бошоп кетери бышык. Анда – иштин бүткөнү. Музоонун артынан кетет. Бала акыркы күчүн жыйнап: «Ап-паа-ааа!» деп кыйкырып алды. Бир колу бошой түштү. Мына, азыр кетет. Ал булут баскан асманды карап алды. Балким, акыркы жолудур? Жок, акыркы эмес экен. Жолдон өтүп бараткан бирөө күбүргө сүйрөлүп бараткан баланы көрө калып, чаап жөнөгөн. Атынан ыргып түшкөн киши муздун кырынан эми ажырай баштаган колунан чап кармап калууга үлгүрдү.

Бүткөн-боюнан суу куюлтуп, баланы көтөрүп келген кишиден иштин жагдайын уккан таякеси колундагы камчы менен Белекти тартып-тартып жиберди. Ансыз да теңселип, кыймылдоого дарманы жок турган бала жерге кулап түштү. Ага карабай дагы эки-үч сапар шилтеп алды. Бала ыйлоого да чамасы келбей, турайын деп, бирок, тура албай сарай тарапка жөрмөлөдү. Таякеси далайга чейин каргап-шилеп, сөгүнүп-сагынып жатты. Тигил киши болбогондо өлтүрүп тынат беле. Колундагы камчыны жулуп алып, тигиндей ыргытты. Бала жөрмөлөгөн бойдон сарайга кирип, үйүлгөн түк чөптүн бурчуна корголоду. Денеси үшүгөндөн титиреп, калчылдап жатты. Бир аз турса музга айланып, катып калчудай. Тиши тишине тийбей шакылдаган Белек акырын ордунан туруп, кийимдерин чечип, эпке келбеген колдору менен сыгымыш болду. Тигинде жаткан эски тердикти жамынып, чөп үстүнө жатып алды. Камчынын уусунан ооруп атабы, же суу денеси чымырап үшүп атабы – муну ажырата албады. Иши кылса бүтүндөй денеси сыздап, чымырап жанын көзүнө көргөзөт. Таякесинин: «ошо музоо акканча сен күбүргө түшүп өлүп калсаң болбойт беле, сендей шүмшүктү кара баскан ажал да албайт экен» деген сөзү кулагында улам кайталанат. Суу кийимден эмес, ушул сөздөн үшүп, тоңуп бараткансыйт. Букулдап ыйлаган бала солуктап жатты, титиреп да жатты. Сасык тердиктин тыяк-быягын кымтыламыш болот. Муз алдындагы сууга түшүп, эптеп-септеп сыгылган суу кийим менен ушул кышкы суукта кантип жылысын. Барган сайын сенейип, буту-колдору сезбей баратты. Бул бойдон жата берүүгө болбосун ички туюму аркылуу сезген бала сендиректей туруп, дубалга, кашаага сүйөнө сарайдын арты менен өтүп, кошунанын эшигине жетип жыгылды.

…Ой-ийий, ушундай да керемет болобу? Ал кайда келип калган? Туш-тарапка суктана карап, өзүнчө таң калып атты. Мындайды өмүрүндө көргөн эмес. Асмандан кандайдыр бир апакай, алакан отундай болгон нерселер көпөлөктүн канатындай каалгып түшүп жатты. Кадим кар жаап аткандай. Бирок, алар муздак эмес, жылуу, анан ушунчалык жумшак эле. Куштун жүнү сыяктанат. Аны тизесинен өткөрө кечип, ары-бери чуркап жүрдү. Бир маалда караса өзү сагынган, ушунча мезгилден бери куса кылган алма багы экен. Тааныды. Бак ичи бүтүндөй апакай нурга толуп чыгыптыр. Алманын ар бир бутагынан сүт сымалданган нур төгүлүп турат. Аны менен кошо кочушка батпаган чоң, кыпкызыл алмалар күбүлөт. Ушунчалык чоңоюп кеткенине таң калып, улам бирин колуна алат. Карс тиштейт, шириндигин айтпа. Мындай балдай таттуу, ширин алманы өмүрүндө жеп көргөн эмес. Бактын бардык тарабында укмуштуудай кооз канаттуулар учуп-конуп жүрүшөт. Кубулжута сайрашат. Алар Белектен качпай, айлана учуп, колуна, ийнине коно калышат. Ансайын бала өрөпкүп, ак нурду чачырата кечип чуркайт. Канаттуулар аны коштой жарыша учат. Эки колун эки жакка жайып алган. Бир аз чуркаса учуп кетчүдөй. Алма бакты айлана чуркап баратып, бир оокумда тык токтоду. Алмага сүйөнө берип, өзүн карап турган бирөөнү көрө койду. Бул ким болду экен? Өңү да даана көрүнбөдү. Ошентсе да бала өзүнөн-өзү: «Апаа-аа!» деп кыйкырып жиберди. Ушундан соң гана тигил аял бери басты. Ооба, ал апасы болчу. Бирок, Белек аны дале тааныбай атты. Бары бир апасы экенин ички туюму аркылуу сезип, чуркап баратты. Аралык жакын болгону менен негедир апасына жете албай, бир орунда чуркап бараткандай. Аял да бери басып келатканы менен аралык жакындабады. Бала ансайын жанталаша чуркайт. Үнүнүн бардыгынча «Ап-паа-ааа!» деп кыйкырат. Азыр барып анын кучагына кулайт. Көкүрөгүнө башын жөлөп, кое бербейт. Анан: «Апа, апакебай! Мен сени сагындым, ушунчалык сагындым апа. Эмне үчүн таштап кеттиң мени? Мени жаман көрөсүңбү? Сенин айтканыңды укпай койдум беле? Анткен болсом кечирип кой апаке, экинчи антпейм, эмне айтсаң ошонун барын жасайм. Таштап кетпесең эле болду. Сенсиз жаман экен. Башка балдардын атасы, энеси бар, а менин эч кимим жок. Таякем сабайт, таяжеңем тилдейт. Окубай да калдым, апа. Мейли, сен жанымда болсоң эле болду. Мага башка эч нерсенин кереги. Мен сага таарынбайм, апаке» деп айтат. Ооба, апасы эми аны таштап кетпейт, эч качан. Бирок, эмнеге жакындай албай атат. Бала дагы бир жолу кыйкырып алды. Үнү дүйнөнү титиретип, бардык тарап аны кайталап: «Ап-паа-аа!» деп дүңгүрөп жаткансыйт. Ушул ачуу үн үйлөп кеткендей эмелеки жаап жаткан апакай нурлар, ажайып кооз канаттуулар заматта жок болду. Айлананы жүрөктү опкоолжуткан күңүрттүк ээледи. Анан күтпөгөн жерден ушунчалык жоон, бекем турган алма бак жантайып келип, жерге күп эте кулады. Бут алдындагы жер кадимкидей солк эте түштү. Зор дарак басып келаткан апасын басып калды. Үнүнүн болушунча «Ап-па-аа-ааа!» деп кыйкырып, буркурап ыйлап жиберди. Өз үнүнөн өзү чочуп ойгонду. Кошунанын үйүндө жаткан экен. Кийимин кургактап коюшуптур. Негедир башы айланып, кузгусу келди. Үйдө эч ким жок экен. Акырын туруп, сыртка чыкты. Бут алдында жер чайпалып жаткансыйт. Белек бирде оң жакка, бирде сол жакка темтеңдейт. Кудум мас немедей. Кар жаап жаткан экен. Таякесинин үйү жакты карагысы келбеди. Жол четиндеги бактарга далдалана, төмөн басты. Камчы тийген жерлери дале сыздап, ысык темир менен кайрып жаткандай тызылдайт. Антсе да эмеле көргөн түшү, бак алдында калган апасы көңүлүнөн кетпей туруп алды. Алма багынын калдайып келип жыгылганы, апасынын анын алдында калганы көз алдына кайталана берди. Аны түшүндө эмес, өңүндө көргөнүндөй өксүп ыйлап баратты. Апасына болгон сагынычы, көкүрөгүнө толгон кусасы эми аны дегдеңдетип, айылды көздөй жетелеп алды. Эми ал бардык нерсеге кайыл эле. Эч нерседен, таякесинен да көркмок эмес. Жолдун узактыгы, кардын жаап жатканы да эми тоскоолдук кыла албайт болучу. Апасынын келгенине, өзүн күтүп атканына ишенип баратты. Чалыштаган буттарын күчкө салып, чуркап барып кайра токтойт.

Сампарлап жааган карды кечип, жолдун кыйласына жетти. Барган сайын шайы куруп, жаны жер тартат. Жаткысы келет. Жок, жатып алууга болбойт, айылда апасы күтүп отурат. Ага тез жетип баруу керек, антпесе кайра кетип калат. Басуу керек. Апасына жетиши керек. Бала ушул ой менен өзүнө-өзү дем берип, жыгылып калбоого тырышат. Оо кыйладан кийин кадам шилтөөгө дарманы келбей калган бала жол жээгиндеги бактын түбүнө келип, бүрүшө кыңайды. Алы куруган бала акырындык менен бакка сүйөнө, магдырап баратты.

Жогортодон шайбырланта бастырып келаткан Бакир капысынан жалт берген аттын тизгинин тартып, эмнеден үркүп кеткенине кызыга аттын башы бурулган тарапты карады. Бак түбүндө жаткан баланы көрдү, аттан ыргып түштү. Кудай жалгап тирүү экен. Ичигине кымтылай, алдына өңөрүп ылдамдай бастырды. Кар дале сампарлайт. Жылууга кирген бала бир маалда көзүн ачып, баш көтөрдү. Ат үстүндө баратканын көрүп кубанып кетти.

– Чунак бала, ушундай суукта бак түбүндө уктаганың эмнең?

– Чарчап, эс алайын дегем. – Баланын үнү кардыга чыкты.

– Кайда бараттың эле?

– Жакага.

– Ой, ушундай суукта, анан алыс жолго жаш баласын жөө чыгарган кандай адамдар деги?

– Эч кимге айтпай эле чыга бергем. – Бала айыптуудай акырын унчукту.

– Кимдин баласысың? – Тигил кишинин бул суроосуна эмне деп жооп берерин билбей буйдалды. Мурда чоң атасынын атын айтчу. Негедир азыр өз атасынын атын айткысы келди. Бирок, аны унутуп калган. Эстей албай атты. Таякесинин үйүндө аны оозанышчу эмес.

– Эмне, өз атаңдын атын унутуп койдуңбу? – Бейтааныш киши да кычаштык кылып жаткандай сезилип кетти. Түшүп алып, жөө чуркайын деген ниетке келди. Бирок, кыймылдабай отура берди. Бир маалда эстеп кетти:

– Эсендин, – деди кубана.

– Калыктын Эсениби, – деди бейтааныш киши.

– Ооба.

– Аа, ошондой де. Түшүнүктүү, балам.

Ушундан кийин тиги киши унчукпай, кандайдыр бир ойдун кучагына түшүп кеткенсиди. Баланы кымтылаган боюнча жүрүп отурду. Аттын такаларынын таш жолго бир калыпта шырк-шырк урулганы гана угулат. Айлана ак карга тунуп, дымырайт. Жаап жаткан кардан бир нече кадам алыстыктагы жер көрүнбөйт. Балага бүтүн дүйнө азыр апакай карга көмүлүп, ушинтип тунжурап тургандай сезилип кетти. Жылууга кирип, дене-бою жазылган сайын, жанагы камчы тийген жерлери кайра сыздай баштады. Онтоп жибербөөгө тырышып, ээрдин бекем тиштенет. Анан ушул бейтааныш кишиден өзү мурда билбеген, туйбаган кандайдыр бир жылуулук келип жатканын сезди. Башын анын төшүнө жөлөп, өзүнчө магдырады. Оо качандыр бир кезде да ушундай сезим болгон. Ооба, чоң атасы да атына өңөрүп алганда дал ушинтип кымтылап, ичигине ороп кучактап ала турган. Анда төрт-беш жаштарда эле. Ошондон бери эч ким минтип өңөргөн эмес. Арка жагынан келип жаткан жылуулук ооруган жерлерин басылтып, көңүлүнүн түпкүрүнө толуп чыккан букту акырындык менен таратып жаткансыды. Кишинин көкүрөгүнө ого бетер ыктады. Бурула берип, кучактап алгысы келди. Кучагынан чыгарбай, апасына жеткенче кете берүүнү самап баратты. Анан капысынан эле: «Ушул киши менин атам болуп жүрбөсүн?» деген кайып келген ой көкүрөгүнө тык эте түштү. Артына кылчайып, өңүн карагысы келди. Бары бир тааныбайт эле. Өз атасын көргөн эмес да. Негедир апасы анын сүрөтүн да көргөзгөн эмес. Балким, сүрөтү деле жоктур. Буга чейин Белек атасы жөнүндө ойлобоптур деле. Ошондон уламбы, ата-энелүү жашоосун элестете алчу эмес. Эс тарткандан бери колунан келген иш менен алпурушуп, таякеси менен таяжеңесинин жумшаган жагына жөнөп берчү. Антпей көрсүнчү, кимиси болбосун колуна эмне тийсе ошону менен коюп калат. Алар аз келгенсип, балдары да төө басты кылып кетишкенин кантесиң. Андайда кой деп, болушуп койгон бирөө болбойт. Айла канча, күчүн көз жашынан чыгарат. Далдоо жерге барып, букулдап ыйлап алып тим болот. Балалык кыялында тигил балдар сыяктанып өңү таанылбай бараткан апасынын, эзели көрбөгөн атасынын жанында болуп, алардын моюндарынан бекем кучактап, өпкүсү келет. Анан алардын жылуу көкүрөгүнө башын жөлөп алып, көпкө чейин буркурап ыйлагысы келет. Ошонусу менен кичинекей көкүрөгүндөгү катмарлана жыйналган кайгысын, кусасын, таарынычын чыгарып алгысы келет. Анан аларга эркелегиси, экөөнү ээрчитип алып бир көрүүгө зар кылган алма бакка баргысы келет. Оо, анда чоң атасы жасап берген селкинчекке өзү отурбай, атасы менен апасын отургузуп алып, өзү күүлөй бермек, күүлөй бермек. Керээлден кечке тептирмек, чарчамак эмес. Бирок, бул анын жүзөгө ашпай турган кыял гана экенин билбейт эле. Азыр ушул бейтааныш кишинини жылуу кучагында баратып, ошол кыялынын бир үзүмүндөй сезип, өзүнчө балкып баратты. Көрсө, атасы бар жакшы турбайбы. Жок, бул киши өзүнүкү эмес, башка балдардын атасы экенин эң сонун билип турду дечи. Бирок, бул жөнүндө ойлогусу, чоочун киши экенин моюндагысы келбей турду. Ушу саамда бу киши кайда апкетсе да жок дебейт эле. Жок, деди ниетинде кайра айнып, алма бакта апасы күтүп атпайбы, тез барышы керек. Кечигүүгө болбойт.

– Мен апама баратам, – деп өзү да күтпөгөн жерден сүйлөп жиберди.

– Келиптирби? – Бейтааныш киши баланы эңкейип карап койду.

– Ооба. – Бул учурда бала өзүнүн калп айтып атканы жөнүндө ойлогон да жок. Ал чынында эле апасынын келип, алма бакта күтүп отурганына ишенип бараткан. Ал тургай ал жерде азыр баягыдай жадыраган жай, канаттуулар учуп-конуп, жагымдуу сайрап атышкандай, балдар ошондогудай эле чуру-чуу түшүп ойноп жатышкандай сезилип кетти. Өзүнчө өрөпкүп, тез эле жетип баргысы келип кетти.

– Жакшы болгон тура, уулум. Бала үчүн ападан өткөн ыйык адам болобу. Багың бар экен, балам. – Бейтааныш киши негедир шуу үшкүрүп алды…

Бара-бара кар сээлдеп баратты. Айылдын калдайган карааны көрүнгөндө күн батып калган. Айлана күңүрт тарта баштаган сайын баланын тынчы кетип, көңүлү да чөгө баштады. Анткени ал чоң атасы жашаган үйдүн, андагы алма бактын кайсы көчөдө, кайсы жерде экенин билбейт эле. Айылдан алып кеткенден бери бир да жолу келген эмес. Анда жашы төрттөн өтүп калган, эми ондо. Бир-эки жолу таякесинин балдарын ээрчип: «Мен да барып келейинби?» десе, таяжеңеси көзүнүн чаарын чыгарып: «Отур тамтаңдабай, ал жакта сени күтүп турган эч ким жок. Же аягы сай таппаган апаң келип калды дейсиңби, ушунча жылдан бери балам бар эле деп бир ойлоп койбой, бирде түркүнө тийип, бирде кытайына тийип жүрөт да. Өлүгүңдү көрөйүн шуркут, эч болбосо балама деп анча-мынча акча жиберип койсо өлүп кетеби, тууганды билип, бакканды билбеген канчык десе. Мунусун мойнубузга мингизип коюп, жерге житип кеткендей жоголгонун кара, кара башыңды жегир» деп жаагын жанып алган. Өзүн гана эмес, апасына да ачуу сөз тийгизип алганына өкүнүп, жүрөгү сыздаган. Ошондон кийин айылга барам деген сөз анын оозуна кирбей калган. Кокус бул киши баратып, аттан түшүрүп коюп, өз жолу менен кете берсе эмне кылам деп кооптонуп, кыйпычыктайт. Үйгө чейин жеткирип коюңуз деп айтууга негедир батынбай атты. Кагуу жеп көнгөн бала жалтак эле.

Көз байланып калган маалда айылдын бир көчөсүндө баратышты. Бала кайсы көчөдө баратканын, чоң атасынын үйү кайсы тушта экенин билбеди. Ал үйдө азыр кичүү таякеси жашарын уккан. Аны өткөн жылы тоого барганында көргөн. Жайдары, тамашакөй киши экен. Баланы башынан сылап, жакшы сөздөрдү айткан. Ошондон кийин ага ичи жылып, жакшы көрүп калган эле. Эми ал кишиге кайрадан жолугарын, анын үйүнөн апасын табарын ойлоп, өзүнчө кубанып алды. Ошо кубанычы кыжаалат кылып келаткан коркунучту алыс кубалап жибергенсиди. Чуркап кетчүдөй болуп, алдыга обдулуп алганын сезбей да калды.

Бир оокумда бейтааныш киши ат тизгинин тартып, бир үйдүн дарбазасынын жанына токтоду. Үйдүн жарыгы күйүп турат.

– Келдик, уулум. Акмат таякеңдин үйү ушул. Кирегой, дарбазасы ачык турат, – деди баланы колунан кармап аттан түшүрүп жатып.

– Ырахмат аба, – деди бала кылчая карап. Бирок, тигил кишинин өңү даана көрүнгөн жок. Ат башын буруп, бастырып кетти. Белек эмне кыларын билбеген немедей, ордунда турду. Эсинде, бул жерде жыгач дарбаза боло турган, а бул үйдүн дарбазасы кооздолуп жасалган темир экен. Арсар ойдо тыяк-быягына көз чаптырды. Үй алдындагы кар жамынган теректер, терезенин түбүндөгү тактай отургуч. Ушул отургучтан эчен жыгылып түшкөнүн эстеди. Опоюп, кар басып калыптыр. Кыңая ачык турган дарбазанын эшигинен короо тарапка алдыртадан көз жиберди. Короо караңгыраак экен, бирок, терезеден жарык түшүп турат. Бала эми чечкиндүү түрдө карды кычырата басып, ичкери кирди. Эч ким көрүнбөдү. Короону кесип өтүп, бак тарапка жөнөдү. Ал жактын сол жагына жаңы үй курулуп, оң тарабына дагы бир кичинекей там, ага улай сарай салынган экен. Мурда бала буларды көргөн эмес. Ошол экөөнүн ортосунан жыгач эшикти көрдү. Ага жетип, негедир шарт ача албай туруп калды. Сунуп бараткан колунун майда калтырак басып кеткенин сезди. Мына, азыр эшикти ачат. Анан ары жактан ажайып дүйнө көрүнөт. Асман мелжиген байтүп алма бак, ага жөлөнүп турган апасы. Анан бакты айлана учкан канаттуулар, алардын шаңдуу сайраганы. Эшик ачылары менен ал жак жаркырай түшөт. Чуркап барып апасын кучактайт. Төшүнө башын коюп алып, букулдап ыйлайт. Ыйлагандан уялбайт, ыйлай берет, ыйлай берет. Апасын кучагынан чыгарбайт. Мындан ары эч ажырабайт, апасы да аны эми таштап кетпейт. Дайыма бирге болушат. Кеч болсо да мектепке кирип окуйт, өзүнөн кичүү балдарга кошуп, биринчи класска отургузат. Мейли, окуй берет. Абдан жакшы окуйт. Себеби жанында апасы бар. Өзүнүн апасы. Ушул сөздү, апа деген сөздү айтпаганына канча жыл болду. Айта алар бекен? Эмне үчүн айтпайт экен? Айтат, мына – апа, апа… Өзү күтпөгөн жерден «Ап-паа!» деп буулуга кыйкырып жиберди. Өз үнүнөн өзү селт эте түшүп, эшикти шарт ачты да, алдыга чуркады. Бир нече кадам барып, селейип туруп калды. Бет алды аңырайып, кар жамынып жаткан огород көрүндү. Барпайган алма жок. Анын жанында өзүн күтүп турган апасы да. Заматта ушу караңгы дүйнөдө жападан жалгыз калган сыяктанып кетти. Ушундан улам бир коркунуч кучагына алып, демин кыстыктыра кысып бараткансыды. Артка жалт берип, чуркап жөнөгүсү келип барып токтоду. Элеңдеп, быяк-тыягын карады. Жок, кичине-кичине гана бактар турат, алмабы же өрүкпү, ким билет. Бала эмне кыларын билбей тура берди. Колунан кымбат нерсесин жулдуруп жибергенсип, ичи ачышып кетти. Бакырып ыйлагысы келди. Бирок, ыйлай албады. Мына, эми көрдү. Алманын кесилген, кулач жеткис, кар баскан дүмүрүн көрдү. Андан ары, огород жээктей кеткен бактарга жанаштыра бир үймөк отун кертилип, жарылып жыйылган экен. Бул алманын бутактары экенин түшүндү бала. Денеси шалдырап, кулап кетейин деп барып, оңолду. Бут алдындагы жер чайпалгансый берди. Сендиректеп, дүмүрдүн жанына барды. Ага жөлөнө, кар үстүнө көчүк басты. Муздакты да сезбеди. Тириликтеги акыркы үмүтүнөн, акыркы ишениминен ажыраган немедей, кышкы түндө дүмүр менен дүмүр болуп отурду…

Бу маалда кар басылып, булуттар суюла баштаган. Жыртылган кебездей туш-тарапка жайыла берген булуттардын арасынан жылт этип, бир жылдыз көрүндү. Анан экинчиси жылт этти…

6.01.15.

 

m_satybaldievМ.Сатыбалдиевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Мусакун Сатыбалдиев. “Дүмүр”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.