Айдарбек Сарманбетов. “Тентимиш”

(аңгеме)

Алаамат башталар алдында дүйнө саамга мемирей түшөт деген чын. Анынсыңары, дүйнөсү түгөл ишинен чыккан Турат жазгы таза абадан жутуп, бой жаза жөө баскысы келгенинен машинасын бейгам кетирип жиберип, үйгө, Темир жол бекети тарапка бет алды. Жаздын алгачкы айы аяктап калган. Дарактар жабырата бүчүр жарып, айлана жапырт жашылданып, кыш бою катып калган чымчыктардын тили чечилген мезгил. Эркиндик гүлбагы дал ушул кезде көз кубантып жашылдана баштап, жүрөк жылыта жанданып, балдар менен куштардын чуру-чуусуна толуп… өзгөчө ажарлана баштайт. Анын кумарына кана аралай басып, жаз деми менен ырахаттана кетейин деп гүлбакка бурула бергенинде жол бурчундагы таштанды челегин аңтарып жаткан аялды капысынан көзү чалып калды. Жүдөө, шөлбүрөгөн эски кара кийимчен ал, челектен желим бөтөлкөнү алып чыгып, өзүнө окшогон кир баштыгына салып жатыптыр. Ушундай жагымсыз, пенделик пас абалга түшкөн байкуш аялзатын аяп кетти. Ушунчалык мусапырлыкка түшпөс болушсачы! Жүзү да көпшөк тартып, кан-сөлү небак качкан чырайынын жарымын жоолугу алдынан булайган көгала, түйдөктөшкөн чачы жаап турду. Аракеч. Тураттын алгачкы ою ушул болду. Андайларды шаарда көп эле, күнүгө көрүп жүрбөйбүзбү. Дароо эле анын кунарсыз, суз көздөрү көзгө урунду. Капыстан экөө тиктеше түштү. Анан дароо экөө тең дароо көздөрүн ала качты. Бири жаны ачына аяса, экинчиси кемсинди… Теңсиз дүйнө ай! Мындай, үй-жайы жок каңгып, таштанды аңтарып жан баккандарды көпчүлүктө “БОМЖ” деп коюшат. Бул, орусча ылакап сөз аял-эркек, кары-балдарга, улут-пулутуна карабастан баарына текши айтылат. Кыргызча – жашаар жери жок кайырчы, тентимиш.

Ортодон жогору бойлуу, арыкчырай ал аялдын жанынан өтүп баратып, аны менен күтүүсүздөн дагы тиктеше калып Тураттын денеси дүр-р этти! Тааныш! Токто, токто… бу көздөр кимдики эле? Кайдан көргөн? Качан? Дароо эстей албай катуу кыжалаттанып, андан амалсыз саал узай берди. Аял да бүшүркөй аны жалт карап алып, капыстан эле “ишин” токтото салып, жакынкы үйдүн бурчун айланып кеткиче шашты. Турат эс-учун жыя албай улам ага кылчактап, аял да караан үзүп кетээрде ал тарапты кайрыла бир карап алды.

Тураттын ой-санаасы удургуп, кыжалаты башка тээп чыкты. Айнектей суз, кайдыгер караган менен түпкүрүнөн бүлбүлдөгөн көз оту тааныш. Ал ким?!. Токто, токто… ооба, ал – ОШОЛ болчу! Алгачкы махабаты! Жаңылган жок, Аянанын дал өзү! Артынан жете баргысы келип, буттары буула токтой калып дагы кылчайса, бейтааныш караан небак эл аралап алыстап кетиптир…

Ошондон тартып Туратты оор санаа, ачуу эскерүү ылаажысыз басты да калды.

Аяна экөө абитуриент кезде БГУнун китепканасынан таанышкан. Алдына жайып алган китебин тиктеген менен андагы жазуулар мээсине эч кирбей, капталындагы татына кызды улам уурдана карай берди. Мурда эч мындай болгон эмес! Негедир ал дароо эле өзүнө арбап алды. Бакырайган, койгулт кара ботокөздөрү от чачып, өзгөчө кумарлуу эле. Утуру “уурусун” кармай ал да Туратка күлмүңдөй карап коёт.

Кеч кирип, имараттан чыгып келатканда даана күтүүсүз жорук болду! Кыз аны артынан шиштакасын тыкылдата куба келип өзү сөз салды:

– Эй, жигит, таанышып алалы дебейсиңби, же уялып жатасыңбы?- деп, сырдуу да, эки ууртундагы чуңкурчасын көрсөтө ажардуу да шыңкылдай күлдү. Эмне кылмак?!. Мындай батылдыктан эркектик намысы козголуп, кача албай калды. Анүстүнө аны менен таанышкысы келгени да чын болчу. Кыздын ашкере өткүрлүгү биресе таң калтырса, арамдыгы жок айнектей таза ачык мүнөзү, жылдызы дароо арбап алды. Айрыкча айылдык кыздардай ичинен тымыбай, тарткынчыктабаган, шардыгы жакты. Ошондон тартып сабактан кийин экөө күнүгө кездешчү болду. Жөө, ойго келгенди сүйлөшүп бет келди кете берише турган. Алар үчүн кайда барары, эмне кылышары – баары бир болчу. Бирге болушса болду…

Аянанын Туратка жакпаган бир гана жагы – атак-байлыкка аябагандай таптыгы эле. Жакшы кийинген кишини, дүкөндөрдөн асыл буюмдарды көрө калса ачык эле ага шыпшынып, ала койсом, меники болуп калса дегенсип, кыйылып, көздөрү жалжылдап кетээр эле. Аттиң, алып бере салса дегени билинип эле туруучу. Андайда Турат билмексенге салып кутулчу, Аяна болсо ичинен тап болуп, оозу чормоюп таарынгансып калаар эле. Бирок, бат эле жаркылдап, жазылып кетчү. Бети-башын улам ашкере боёнуп, дайыма жалтыр-жултур кийинип, көпчүлүк көзүндө жүргөнгө жаналакет жасачу. Барган сайын анысы күчөп баратканын байкаган Тураттын айылдагы апасынан башка эч кими, артында атадан калган байлыгы жоктугунан амалы куруп турчу. Анын колу кыскалыгын уккандан тартып кыздын мамилеси аста сууй баштаганы байкалды. Киного, дискотекага алып бар деди, алпара албады, кафеге да кийирген жок. Эр жигиттин кендирин бир жокчулук кесет деген чын белем!

Акыры ал, мединститутка өтүп, Турат конкурстан кулап, улам сээлдей жолугушуп, алыстап олтуруп, акыры Аяна караан үзүп кете берди. Ачык айтканда, Туратты теңсинбей, чанып кетти. Катуу сынды! Ичинен сызып, туңгуч сүйүүсүнө жетпей, ачуу арманда кала берген эле. Жашоосу максатсыз көрүнүп, кунары кетип, өлгүсү да келген ошондо. Бирок, ушул кезге чейин, жыйырма жылга таяса да аны унута алган жок. Сезим түпкүрүндө катылуу жылдыздай элеси жаркырап жүрө берди.

Эми Кудайга шүгүр, өз фирмасы, жана жөнөтүп жиберген лексусу да бар. Жубайы ал дегенде жанын берет, балдары да чоңойду. Улуусу университетте, эгиз уул-кызы мектепте окушат. А байкуш Аяна болсо тигинтип, акыр-чикир аңтарып…

Аянын (аны ошентип эркелетчү) бир кылыгын эч унутпады, азыр да кулагында – экөө ысык күндөрү айрыкча кечкисин, кээде күндүз деле ээндей жанаша басып баратканда:

…Эта, эта, непонятная

Первая любовь…- деп, кыңылдап ырдап калаар эле. Ал, орус айылда өсүп, орусча мектепте окугандан дайыма орусча ырларды ырдачу. Балким, ошондо ал да, ичиндеги алгачкы аруу сезимин ошол ыры аркылуу кыйытса керек. Ким билет, ачык айтпады. Турат да такып сурабады. Кийин, үчүнчү курста Аянанын Бишкектеги чоң фабриканын директорунун уулуна турмушка чыкканын, дүркүрөтө той беришкенин, институтту бүтүрүп, ооруканада башкы врачка чейин жеткенин укту. Андан үмүтү биротоло үзүлсө да тилегине жеткен экен, бактысын тапсын деди. Сүйгөн адамыңдын бакыбат жашоосун тилегениң жакшы эмеспи. Бирок, кийин, он жылдай өтүп кайынатасы банкрот болуп, инсульттан каза болгону, андан көп өтпөй, атасынын канаты алдында өскөн эркеталтаң күйөөсү ичкиликке берилип, өзү да этегинен жалгабай койгону шылтоо болуп ажырашып кеткендери угулду. Анан эле бу… бүгүнкү көрүнүшү…

Тураттын ой-санаасынын баарын Аяна толук ээлеп, жан дүйнөсү ачышып жатты. Үйүнө келгенде да тунжурап, ойго тунду. Аялы ага улам-улам жалт-жалт карап алда неден бүшүркөдү. Аял жүрөгү сезимтал келет эмеспи. Өзгөрүштү байкабай коймок беле. Жыйырма жылдай бирге жашаса. Бирок, такып сураган жок. Эстүү жан эмеспи.

Эртеси ишине келээри менен ой-санаасы удургуган Турат кечээки таштанды челек тарапты улам терезесинен карай берди. Челек даана көрүнбөсө да ал тарапка бара турган жолдор текши көрүнүп турат. Жок, Тааныш караан өчөшкөнсүп келген жок. Санаасы санга бөлүндү. Аны таанып, биротоло качты бекен? Ооба, ал тааныган үчүн качканча шашты да. Намыстанса керек. Балким көрбөй калдым бекен деп, Турат эки-үч курдай калп эле бой жазымыш эткенсип челек тарапка барып да келди. Жок. Аяна уялып, чын эле качты көрүнөт. Балким катуу кемсинип калгандыр? Намыскөй эле, маскаралап же келекелейт деди бекен? Кызык, эмнеге аны акмалайт? Көрүп, жолукканда эмне кылмак эле? Аялы, балдары турса… ага жол кесилген, жок. Ошентсе да байкуш жүрөгү өзү билбей элеп-желеп, алда нени кусалуу күтө берди… Эмнени экенин өзү да билбейт.

Ана, кечинде, иштен чыгаар мезгилде гана тааныш караан көрүндү. Үстүндө кечээги, шалбыраган эски балон плащ. Киринен көк-карасы билинбей калган. Алтымышынчы жылдарда япондуку делип, таңсык эмес беле. Атамзамандагы немени кайдан таап алган? Түйдөк жоолугу башында. Баягы сымбаттуу мүчөсү бүкүрөйүп, бирок сыры кетсе да, сыны кетпей качанкы сымбаты байкалып турат. Же ага ошондой көрүндүбү?..

Турат Аянаны терезеден бир топко карап турду. Барса кечээгисиндей качып кетеби деп чочулады. Кудум баягы, он жети жашындагыдай… Сезимдер картайбайт деген акын эң туура айткан экен. Жүрөгү дагы эле элеп-желеп. Санаасы буюгуп, удургуйт. “Байкуш Аянам… эмне азапка кабылдың эле! Эми сага кандай жардам бере алам? Экөөбүз баш кошсок төбөмө көтөрүп жүрбөйт белем…”

Тааныш караан таштанды челекти түбүнө чейин аңтарып, таап алган олжосун баштыгына салды да нары, Эркиндик багы жакка илээлей бет алды. Эч ким менен иши жок. Бу жашоодо жалгыз эле өзү калган сымал. Ошондо Турат офисинен атып чыкты. Аяны айланып өтүп так эле алдынан, бет маңдай чыга калды. Аял аны көрө сала артына жалт бурулду. Тааныды. Кунарсыз көздөрү саамга жылт этип учкун чачып жиберди.

– Ая?.. Токтой турчу?..- деди Турат аны чыканагынан сыйда тарта.

Тиги кадамын тездетти. Эркек калбадым. Эми качырмак эмес.

– Ая, качпачы? Коё турчу? Сага эмне болду? Эмне жардам кылайын?..- Аяна ага кулак кагып, бурулуп да койбостон үнсүз шашылып кете берди. Анын иши тарапка бурула бергенинен улам кызматкерлерим көрүп калбасын деп чочулап, Аянаны билегинен булка тартып токтотту.–Токто! Эмне менден качасың? Мен сага эмне жамандык кылдым?- Аял аны жалт бир карап алып, ыйлап жиберчүдөй көздөрүн ала качты. Өңү көпшөк, шишиген, бети көгала…- Менден качып, тапканың ушулбу?..

Намысы козголуп кеттиби, же эмне болду, Аяна колун жулка тартып алып шашыла кадам таштады. Турат артынан дагы жете барды:

– Эмне, бир ооз сөзгө жарабай калдың беле? Эмне айыбым бар менин? Күнөөм эмне?- артынан ээрчий басып үтөккө-босток суроо узатты. Жооп болбоду. Анын баягы көкбеттиги кармап калгандыр деп ойлоду. Кээде таарынганда ошентип кепке келбей тултуюп калмайы бар эле. Ойлонуп, ачуусу тараганда ийге келер, азырынча кийинип-ичинип турсун деген ниетте колуна чөнтөгүндөгү акчаны бурдай сууруп чыгып колуна карматты эле ал албай, колун кагып жиберди. Көк, кызыл акчалар жалбырактай жерге чачылып кетти. Тураттын куйкам куруша түштү, анда да кол шилтеп басып кете албады, колунан сыга кармап визиткасын кармата салды да,- Мен керек болсом телефон чалгын же ушул дарекке келгин. Сени дагы эле жакшы көрөмүн…- деди. Ушул сөздөн Аяна ага бурула жалт карап алды. Көздөрү кусалуу, өтө жапакеч эле. Жарылып ыйлап жиберчүдөй көрүндү. Далай ачуу азап-тозокту тартканы көрүнүп турат. Бирок, эч сөзгө келип койбостон, жолун улап кете берди… Турат анын карааны үзүлгөнчө артынан карап турду.

– Эмне, аны тааныйсыңбы?- деген колдур үндөн улам ал эсине келе түштү. Жанында чачылган акчаларды уучтай сунуп, дагы бир БОМЖ – орус кемпир туруптур.

– Ооба…

– Андан сөз сурап кыйнабай эле кой, сүйлөй албайт.- деди кемпир, мурдун шуу тарта кетмек болуп.

– Ыя?! Эмне дедиң?! Эмнеге сүйлөй албайт?

– Алкаш күйөөсү анын тилин кесип салган…

Туратка аяк алдындагы жер астын-үстүн болгондой көзү караңгылап, башы айланып кетти. Уккан кулагына ишенбеди. “Байкуш Аянам, туңгуч махабатым! Кандай азаптуу тагдырга кабылдың эле?! Аны айтып да бере албайт турбайсыңбы, эми… Арман!” деген ойлор жандүйнөсүндө куюндап жатты.

 

a_sarmanbetovА.Сарманбетовдун башка чыгармалары.

Соц тармактар:

One thought on “Айдарбек Сарманбетов. “Тентимиш”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.