Этникалык кыргыздардын эң көбү Өзбекстан менен Кытайда жашайт

apaa

Учурда Кыргызстандан сырткаркы аймактарда 900 миңден ашуун кыргыздар жашайт. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү 385 000 журтташтарыбыз Өзбекстанда турушат. Кытайда 189 309, Тажикстанда 56 000 кыргыз жашайт. Ал эми Афганистанды жердеп калгандардын саны – 2000. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми башка өлкөлөрдөн атамекенине жашоо үчүн көчүп келген кандаштарыбыздын саны 50 миңдин тегерегинде. Алардын ичинен 1995-2013-жылдары Кыргызстандын жарандыгын 40 миңден ашуун, акыркы 2 жылда 8130 этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алган.

Акыркы төрт жыл ичинде кайрылман макамы 11 миңге чукул адамга берилген.

Кыргызстанда жашаган 50 миңге жакын этникалык кыргыздардын ичинен 10 миңге жакынына гана турак үй же убактылуу жер же жашай турган жай берилген.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматында учурда турак-жай куруу үчүн жерге муктаж болгондор 4000 миң үй-бүлө экен.

Өлкөдөгү этникалык кыргыздардын турак-жай менен камсыз болуу, жер тилкелерин берүү, балдарды мектепке жана бала бакчага орноштуруу, медициналык тейлөөгө алуу, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоо боюнча көйгөйлөрү бар.

Sputnik Кыргызстан

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.