Сулайман Рысбаевдин балдар үчүн аңгеме, жомок жана жомок-повесттеринин 3 томдугу

Балдар жазуучусу, КРнын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын, КР Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты, профессор Сулайман Рысбаев балдар үчүн аңгеме, жомок жана жомок-повесттеринин 3 томдугун жарыялады.

balanyny_kanaty

1-тому «Баланын канаты» деп аталып, жалаң бөбөктөр үчүн аңгемелер.

Китепте автордун бөбөктөргө, тестиер жана жеткинчек балдарга арналган жалаң аңгемелери топтоштурулду. Аңгемелер бөбөктөрдүн жан дүйнөсүнө жакын, окуялары жеткиликтүү, түшүнүктүү деңгээлде жазылган. Каармандарынын кылык-жоруктары балдардын турмушун көркөм чагылдырып, аларды адеп-ахлакка үндөө менен, ата-энени, бир тууганды, эмгекти, билим алууну, табиятты сүйүүгө үйрөтөр, курчап турган чөйрөнү таанытар, тилин өстүрөр жана кыял чабыттарын байытар мазмунга ээ. Ширин жана жатык тил менен жазылган.

Автор китепке кирген «Абыл унутчаактын күлкүлүү окуялары» аттуу аңгеме-баянында кенже жашынан баштап балдарды адеп-ахлакка, эң жөнөкөй турмуштук билимдерге, күндөлүк жүрүм-турум эрежелерине, ата менен энеге, бир тууганга, досторуна, окуткан мугалимине мамиле кы-луунун элдик үлгүлөрүнө жана да үйдө, коомдук чөйрөдө өзүн-өзү туура алып жүрүүнүн мыкты мисалдарына карата тарбиялоо идеясын Абыл аттуу баланын образы, анын күлкүлүү жоруктары аркылуу кызыктуу кылып, жатык тил менен айтып берген.

Китепче жалпы эле балдарга, алардын тарбиячыларына, мугалимдерине жана ата-энелерине арналат.

 

shambala

2-тому «Шамбала» деп аталат жана ал автордук адабий жомокторунан жана уламыштарынан топтолгон.

Китепте автордун ар кыл жылдарда жазган жалаң жомоктору, уламыштары, жомок пьеса жана тамсилдери топтоштурулду. Мында автор өзүнүн жан дүйнөсүнөн жаралган жомоктору аркылуу балдардын тилин-дилин таап, элпек, чебер калеми менен, бай турмуштук керемет окуялар, сүйүктүү образдар аркылуу балдарга дүйнөнү таанытууну, адеп-ыйманга үйрөтүүнү, дүйнөгө көз карашын калыптандырууну, кыял чабыттарын өстүрүүнү, изги мүнөзүн бекемдөөнү көздөйт. Аруулукка, тазалыкка чакырат. Сергек болууга жана адамга адамгерчиликтүү мамиле жасоого үндөйт, ички дүйнөнүн сулуулугун баалап-барктай билүүгө, жалпы адамзаттын тагдыры тууралуу ой жүгүртүп, өз улутун сүйүүгө жана да жомоктордун ажайып дүйнөсүнө балдардын кызыгуусун арттырат.

Китепке кирген бул чыгармалар балдарды, мектеп мугалимдерин жана жалпы эле жомок сүйүүчүлөрдү кайдигер калтырбайт.

 

suyloochu_kitep

Ал эми «Сүйлөөчү китеп» деп аталган 3-томдугу жомок –повесттеринен турат.

С.Рысбаевдин бул китебинде балдарга арналган эки повести кирген. «Сүйлөөчү китеп» аттуу повестте сүйлөөчү китеп тууралуу балдардын кыялынан улам айтылган чоң атанын эзелки жомогу, андагы элдик акылман китептен улуттун акыл-эси, адеп-ахлагы сакталып, элдүүлүгүн жоготпой келгени айтылат. Ал эми экинчи «Умай бала» жомогунда бүгүнкү күндөгү оош-кыйыштуу заман, андагы айрым криминалдуу топтордун балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна жасаган зордук-зомбулуктары, заманга жараша балдарга билим-тарбия берүүнүн түйүндүү маселелери, алардын өмүрүн, балалыгын коргоп калуу жана өнүктүрүү үчүн акыл-эстүүлүктүн күрөшү чагылдырылган.

Жомок-повесттин окуясы Жашыл-Нурабат аттуу шаарда бүгүнкү эле күндөрдө болуп өтөт. Ошол шаарда балдарды түрдүү криминалдуу жана кырсыктуу кырдаалдардан сактап калууда автор тарабынан табылган поэтикалуу жомоктук карман Умай бала зор аракеттерди жасайт. Адамдарды акыл-эстүүлүккө үндөө менен, бала тагдыры үчүн улууларды ойлонууга чакырат, дилин тазартууга жетелейт. Акылтайдын образы аркылуу автор бүгүнкү күндөгү кыргыз баласынын жаңы бейнесин тартууга жана аны издөөгө кыйла аркеттенген.

Окуясы кызыктуу, чебер тил менен жазылган бул повести автордун жаңы поэтикалуу табылгалары менен коштолуп, балдарыбыздын жүрөгүнөн орун тапкан сүйүктүү китебинен болуп каларында шек жок.

Аталган 3 томдуктун жалпы көлөмү 825 бетти түзөт.

Асель Мукамбетова

Соц тармактар:

One thought on “Сулайман Рысбаевдин балдар үчүн аңгеме, жомок жана жомок-повесттеринин 3 томдугу

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.