Улуу “Манастын” улуттук жана дүйнөлүк мааниси жөнүндө бир эки ооз сөз

Улуу “Манастын” улуттук жана дүйнөлүк мааниси жөнүндө бир эки ооз сөз

Көлөмү жагынан гректердин атактуу “Илиадасы” менен “Одиссейинен” 20 эсеге, Индиянын даңктуу “Махабкаратасынан” эки жарым эсеге, “Шах-намеден” 5 эсеге чоң, жер жүзүнүн, эң зор дастаны, дүйнөлүк эпостордун “Хан-Теңир тоосу”жана эң бийик “Эверести”- “Манас” кыргыз элинин кылымдарды, доорлорду карыткан, “Тоо бузулуп сай болгон, сай козголуп тоо болгон, аты калып өзү жок, ар канча деңиз жоголгон” узак тарыхынын поэтикалык улуу “аэропанорамасы”. Калктын алмустактан берки өмүр-баянын ыр менен баян эткен кучак жеткис эпопея, ичине ааламды батырган поэзия храмы. Бул улуу көркөм казына бүтүндөй Азиянын географиясын, көз жеткис мейкиндерин, андагы түркүн этносторду, калайык-калктарды кучагына алуу менен бирге кыргыз элинин турмуш-тиричилигин, аң-сезимин, тилин, дилин, жан дүйнөсүн, этнопсихологиясын, эркиндик, көз карандысыздык үчүн жүргүзгөн каарман, баатырдык күрөшүн, элдин жеңиштери менен трагедиясын, жакшылык күн, жаркын келечек үчүн каруусун казык, башын токмок кылган аракет-мээнетин, керемет кол-өнөрчүлүгүн, көркөм искусствосун, коомдук түзүлүшүн, экономикалык чарбачылыгын, согуштук-аскердик өнөрүн, спорт оюндарын, башка калктар менен болгон дипломатиялык байланыштарын, эл-аралык достук мамилелерин, саясий көз караштарын, демократиялык жөрөлгөлөрүн, укуктук-мыйзамдык заң-эрежелерин, этикасы менен эстетикасын, каада-салттарын, диндик ишенимдерин, мифологиясын философиясын, астрономиясы менен медицинасын, педагогикасын, илим-билим түшүнүктөрүн, Ала-Тоонун жаратылышын, анын флорасы менен фаунасын, улуттун патриоттук идеологиясын, бир сөз менен айтканда, ак калпак калктын бүтүндөй этнологиялык маданиятын ичине камтып турган өзүнчө бир кайталангыс укмуштуу энциклопедия. Бир жагынан караганда,”Манас” элдин турмуш -тарыхын чагылдырган эпос, экинчи жагынан караганда, ал эпос деген алкакка, аныктамага сыйбаган өзүнчө бир чалкыган турмуш деңизи, эч нерсеге окшобогон, сөздөн бүткөн универсалдуу кубулуш. Дүйнөдө теңдеши жок ыр океаны –“Манас” байыркы ак калпакчан, калктын ташкындаган таланттын ээси экенин, Ала-Тоо журтубуз поэзиянын мекени, оозунан ыр кумдай куюлуп, таруудай чубурган манасчылардай ыр пайгамбарларынын түнөгү экендигин кашкайта тастыктап турат.

“Манас” эпосубуз дүйнөлүк аренада көлөм жагынан гана бөтөнчөлөнбөстөн, ошону менен бирге өзүнүн түбү терең дайрадай орошон мазмуну, обологон бийик ойлору, орчундуу идеялары, омоктуу философиялык нускалары, жалпы адамзаттык деңгээлдеги рухий-ыймандык дөөлөттөрү, гуманисттик кенчтери менен да өзгөчөлөнөт. Сюжеттик өзөгү кечээки жоокердик замандын баш-аягы түгөнбөгөн катаал кагылыш-кармаштарына, кандуу казаттарына, каардуу окуяларына шыкалып турса да, “Манас” акылмандыкка чулганган эпос. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1994-жылы 5-октябрда:“Манас” эпосунун Орто Азия чөлкөмүндөгү элдерди эзелки тарыхтан бери эле бириктирүүнүн жана байланыштыруунун турмуштук негизги түйүнү экендигин, эпос адамзаттын көптөгөн идеялары менен баалуулуктарын таркатууга шарт түзөөрүн, жалпы адамзаттык мурасты байытууга, эл аралык кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоого кошо турган салымын эске алуу менен, 1995-жылды кыргыздын улуттук “Манас” эпосунун миң жылдыгы майрамдалчу жыл деп жарыялайт”– деп токтом чыгыргындыгын эске түшүрөлү. БУУнун Токтомунда “Манастын” мазмундук тереңдиги жана анын нарк-дөөлөттөрүнүн жалпы адамзаттык мааниси мына ушундайча баса белгиленген. Дастандын жалпы адамзаттык мүнөздөгү идеялык кенчтеринин айрым бир аспектилерине токтоло өтүүнү кааласак, анда төмөнкүлөрдү белгилешибиз керек.

Белгилеп кете турган нерсе, «Манастын рухий казынасынын дүйнөлүк улуу универсал идеялар менен ашташып тургандыгы. Дүйнөлүк акыл-эс тирмийип тиктеп, саргара ойлонуп отуруп тапкан универсал идеялардын бири – бул жарык дүйнөдөгү бардык нерселердин өз ара чырмалышкан байланышы, өз ара шартташкандыгы жана өз ара бири-бирине багынычтуулугу, дүйнөнүн бир дене сыяктуу бүтүндүгү, бирдиктүүлүгү жөнүндө философия. Биздин «Манасыбыздын» түпкүрүндө да ушундай фундаменталдык идея чөгүп жатат, ал идея эпосто активдүү аракетте турат. Элибизде тээ байыртадан: «Тиричиликтин күчү-бирдикте», «Тирилик түбү-бирдик», «Бирдик болбой тирдик болбойт» деген өңдүү акылман философиянын жашап келе жаткандыгы бекеринен эмес. “Эки эрдин достугу бир белди ашырат, эки элдин достугу миң белди ашырат” – деген ой да ушул даанышмандыктын уландысы. «Манас» эпосунун түндүгүн көтөрүп турган үлкөн идеялардын бири интернационализм, достук, биримдик идеясы дал ушундай концептуалдык дүйнө таанымдан агып чыгат. Манас баатырдын кыргызды гана эмес, түркүн уруулардын жана этносторду бириктирген “Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган” ишмердиги дал ушундай философияга негизделет.

«Манастагы» Алмамбет менен Манастын достугу жөнүндө да айтууга болот. Маселен, Алмамбет баатыр Кытай мамлекетинин атуулу, ал чыгыштагы феодалдык деспотиянын шарттарында чындыкты, акыйкатты, адилеттүүлүктү издөөнүн ачуу драмасын жана трагедиясын баштан кечирген каарман. «Кайыңды көрсөм конормун, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун» – дейт Алмамбет. Чындык, адилеттүүлүк кай жерде болсо, ал ошол жерде. «Башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок» – деп арман кылган Алмамбет, акыры издеген идеалын Манастын айкөл дүйнөсүнөн табат. Өз кезегеинде «Издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди» – деп ичинен тымысын көксөп жүргөн Манас Алмамбеттен өзүнүн руханий эгизин көрүп, «Алыскы ишти ойлогон, акылмандын бири экендигин» таанып, кучагын жайып кабыл алып, «Кызыл найза желегим, кытайдан келген белегим» – деп аны менен ажырагыс дос болот. Манас менен Алманбет көр тириликтин майда-баратынан, бытовизмден, этникалык, улуттук тосмолордон өйдө көтөрүлүп, акыл-ой маданиятынын өтө бийик чокуларына көкөлөп чыккан каармандар. Ошол рух чокусунан бири-бири менен жуурулушкан даанышман баатырлар. Манас менен Алмамбеттин достугу дүйнө элдеринин өз ара диалогу, чындыкка, акыйкатка, алысты ойлогон акылман калыстыкка негизделген эл аралык ынтымагы жана достугу, биримдиги үчүн өзүнчө бир символ. Бир сөз менен айтканда, залкар «Манас» эпопеясынын дүйнөлүк мааниси, анын эч качан өлбөстүгү, улуулугу ООНдун Ассамблеясы жогоруда белгилегендей, бириктирүүнүн, байланыштыруунун, достоштуруунун философиясын тереңден насыяттап тургандыгында.

Ушул жерден «Манастагы» «Көкөтөйдүн ашынын» эл аралык филосифиясы жөнүндө да айтпай кетүүгө болбойт. Эпостун көрүнөө жаткан идеяларын гана эмес, көмүскө жаткан подтекстерин, тереңге катылган маанилик сырын, тымызын ишара кылынып, кыйытып айтылган нускаларын да окуп, чечмелей билүү зарыл.

«Көкөтөйдүн ашы» жер үстүндөгү калктардын эл аралык форумуна окшойт. Айтылуу бул ашка Бүткүл Орто Азиянын, Сибир, Алтай аймагынын түркүн калктары гана эмес, алыскы Орхондон, Монголиядан, Жапандын Сыймун аралынан, Кангайдан, Кытайдан, бер жагы Чыгыш Түркстандан,   тиги жагы Индостандан, Оогандан, ары жагы Крым менен Урумдан эл чакырылат. Ашка «Ар жумушка дилгирген, алтымыш түрдүү тил билген», жайма көкүл жаш Айдар «Булуттуу көктүн астынан, муундуу чөптүн үстүнөн» куштай учкан Мааникер күлүктү минип, чабармандык кылат. Каркырага «кара курттай кайнаган, кумурскадай жайнаган» түмөндөгөн түркүн калк чогулат. «Кытай журту бир түркүн, кыргыз журту бир түркүн, орус журту бир түркүн, ооган журту бир түркүн, калмак журту бир түркүн, казак журту бир түркүн» делет Манаста. Ашка үч жүз миң боз үй тигилет. Чыныгы эпикалык масштаб деп ушуну айтыш керек. «Көкөтөйдүн ашында» тынччылык шарттарда «Жамбы атуу», «Ат чабыш», «Балбан күрөш», «Эр сайыш» сыяктуу спорт оюндары ойнолот. Жамбы атууга жыйырмага жакын калктын көзгө атар мергендери катышат. Ат чабышта түркүн журттардын эки миң күлүгү жарышка салынат. Кыскасын айтканда, «Манастагы» «Көкөтөйдүн ашы» бүгүнкү замандагы дүйнөлүк олимпиаданы элестетип кетет, тагыраак айтканда, азыркы спорт оюндарынын эл аралык олимпиадасынын алгачкы прообразы өңдүү. Дүйнөлүк олимпиаданын туңгуч өрнөгү эзелки кыргыз эпосунда берилген десек жаңылышпас элек. Бирок, «Көкөтөйдүн ашынын» маани-маңызы жалгыз гана ушунда эмес. Иштин тереңдеги мааниси, тынымсыз кагылыш-кармаштар, кандуу уруштар өкүм сүргөн жоокердик доордо өз жерине түркүн тилдерде сүйлөгөн алыскы-жакынкы калайык-калктарды чогултуп, а түгүл жоолашып турган душманын да (калмак-кытай) мейманга чакырып, ак дасторкондун үстүндө мамилелешүүгө, баарлашууга реалдуу түрдө кадам таштаган, түпкүлүгүндө журттар ынтымагын көздөгөн ак калпак кыргыз элинин айкөл пейлинде жана гуманисттик умтулушунда жатат. Дагы айталы, азыркы эл аралык тынчтык жыйындарынын жана Ассамблеялардын башаты илгери эле кыргыз жергесинде түптөлгөн экен. «Көкөтөйдүн ашын» уюштурган кеңешчилердин акылман тобу «ала-тоодой эт болгон, ала көлдөй чык болгон» бул аш «акыр заман журтуна» чейин адамзат балдарына «санат-нуска» болуп калсын деген улуу мүдөөнү көздөшкөн. Чындыгында эле, «Манас» дастаны «Көкөтөйдүн ашы» аркылуу (анын айрым койнунда котур ташы бар меймандардын айынан чыр менен аяктаганына карабастан) жер үстүңдөгү элдердин биригүүсүн, тынччылыктын кырдаалында алака-мамилеге өтүү глобалдык идеясын тереңден каңкуулап тургандыгы менен жалпы адамзат балдары үчүн табылгыс сабак жана баалуу нуска. Ошондой эле, эпосубуз ашта ар түркүн элдин тилинде жар чакырган жаш Айдардын жана «жетимиш түрлүү эл көргөн, жетимиш түрлүү тил билген» Ажыбайдын образдары аркылуу калк аралык карым-катнаштар үчүн көп тилдүүлүктүн зарылдыгы жөнүндөгү философияны астыртан нускалап, өзүнүн байыркылыгына карабай бүгүнкү дүйнөлүк интеграциялык процесстердин шарттарындагы тилдик муктаждыктардын актуалдуу идеялары менен үн алышып тургандыгы менен да кымбат деп ойлойбуз.

«Чоң Казат» трагедиясы согуш-бул антигумандуу нерсе, ал калктардын ортосундагы тынчтыкты орнотуунун жолу эмес, элдердин ортосундагы мамилелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуунун артыкчылыктуулугу жөнүндөгү даанышман логиканы астыртан адамзатка ишаралап турат. «Манастын» мындай залкар, глобалдуу идеясы бүгүнкү күндөгү цивилизациялардын, маданияттардын диалогу, толеранттуулук туурасындагы саясий философия менен үндөшүп тургандыгы менен кымбат жана баалуу. Мына ушинтип, «Манас» өзүнүн көтөрүп жүргөн философиясынын тереңдиги жагынан дүйнөлүк адабий классиканын бийиктигиндеги улуу трагедиялык дастан.

Эгерде эпостун улуттук маанисине келсек, эл турмушунун энциклопедиясы – «Манаста» эмне ыйык, эмне улук, эң бийик асыл дөөлөт эмине? деген суроо туулат.

«Манастын» эң ыйык идея, дөөлөтү – Ата Журттун азаттыгы, эркиндиги, көз карандысыздыгы философиясы («Алты сан аман турганда, ыйык кыргыз жеримди, душмандын буту баскыча, асыл кыргыз элимди, тебелетип бөтөнгө, кор кылып карап жаткыча, туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн!» – Манас баатырдын антынан). «Манаста» дагы эмне ыйык? Улут биримдиги, калайык журттун бекем баш кошкондугу, бөлүнбөстүгү – ыйык дөөлөт («Кулалы жыйып куш кылдым, куранды жыйып журт кылдым» – Манас, «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет» – Бакай, «Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу» – Акбалта). «Манаста» эмне улук? Ата Журт үчүн, эл үчүн кара жанын карч урган, каруусун казык, башын токмок кылган мекенчилдик, керек болсо кайран жанды курман чалуу идеясы улук («Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин» – Манас). Мекендин, бир боор журттун көйгөйүн ойлоп толгонгон, Ата конуштун тагдыры деп асанкайгыланган атуулдук күжүрмөн рух, жалындаган жарандык жигер-демилге улук («Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы, журт айласын кылалы» – Кошой). Элдин ар намысын ойлогон, өзүнүн беделин жерге түшүрбөгөн жигиттин, уулдун, эрдин намыскөйлүгү улук («Жоого намыс бергиче, ажалым жетсе өлөйүн» – Манас, «Калкы тыргоот, манжууга кантип сурак беребиз, кол куушуруп, баш ийбей, койгулашып өлөбүз» – Акбалта. Элдин намысы деп сексендеги Кошойдун Жолой менен күрөшкө чыгышын эске түшүрөлү). «Манаста» мекендин чегин күн-түн күзөтүү, эл-жерин сак-сактап кайтаруу, мамлекеттүүлүктү коргоо жана чыңдоо идеясы ыйык («Артыкча башым барында, айлымды кантип берейин» – Акбалта. «Кыргыздын жерин жердөөнү, Алооке сага ким койду, атамдын жерин жердөөнү, ант ургур сага ким койду?» – Манас. «Элиңди түгөл башкарып, өз алдыңча болгондо, кыр-кырда кыргыз элиңе, кызыккан жандар дагы бар, кысталактын баары бар, ошого моюн бербеске, ок өтпөгөн тон камда, ок жетпеген ат камда» – Кошойдун Манаска кеңеши). «Манаста» бакубат жашоо үчүн күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн, ак эмгек, адал мээнет ыйык («Эмгек кыл, балдар, эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат, алтындын кенин казалы, кетмендеп жерди оёлу» – Акбалта. Бала Манастын койчу Ошпурдун колунда тарбияланышын эске салалы). Жетимиш түрлүү тил билүү өнөрү – дөөлөт (Жетимиш түрлүү эл көргөн, жетимиш түрлүү тил билген Ажыбайдын өнөрү). Ала-Тоого болгон ашып-ташкан сүйүү – кымбат кенч («Жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы, береке экен, бел экен, пенде көрчү жер экен, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс кен экен» – Манас). Кылымдарды аралап, илгертен келаткан ата-баба салты ыйык («Көкөтөйдүн ашы” жана андагы элдик каада-салттар жана спорттук оюндар). Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан көрөгөчтүк, акылмандык улук (Бакай). Коллективисттик адеп-ахлак, жан дүйнөнүн рухий сулуулугу жана марттыгы, меймандостук, чынчылдык, мекенчилдик ж.б.у.с. адамдык асылзат нарк-насил улук (Каныкей, Чыйырды, Айчүрөк, Алманбет, Чубак, Сыргак, Бакай, Кошой. «Адамзаттын тунугу, ак калпактын улугу» – Манас).

«Манас» эпосунда «өзөктөн чыккан өрткө, өздөн чыккан жатка» (абыке-көбөшчүлүк, көзкаманчылык) каршы иммунитет жана антимаңкурттук рух күчтүү. “Улуу “Манас” тукумдарды, урпактарды «абыке-көбөшчүлүктөн», маңкуртчулуктан, «көзкаманчылыктан» сак болууга астыртан үндөп, жарандарда тарыхый эстутумду түптөөнүн, ага мекенчилдиктин рухун сиңирүүнүн зарылдыгын каңкуулап турат. Биз ушуну эске түйүшүбүз керек.

Этностун ички өзөгүн тепчип өткөн, ичтен чыңап, чыйралтып турган дал ушул өйдөкүдөй ыйык идея-абсолюттары, руханий тиректери бар болгондугу үчүн кыргыз калкы эзелтен бери карай эл болуп жашап, тарыхтын кыйын-кезең бороон чапкындарына алдырбай сакталып, бүгүнкү күнгө аман-эсен жетип, эгемендүүлүккө ээ болуп отурат. Ушул нарк-дөөлөттөрдүн бардыгын чогултуп туруп, биз МАНАС РУХУ дейбиз.Кылымдарды аралап “белес-белден бороондоп, беш удургуп” өтүп, Манас руху улутту сактаган.

“Манас” эпосунун поэзия катары, адабият катары, көркөм сөз өнөрү катары дагы бир касиетин жана өзгөчөлүгүн белгилебей өтүүгө болбос. Бул касиет-өзгөчөлүк, бул артыкчылык “Манасты” жергиликтүү аймактын чегинен алып чыгып, дүйнөлүк адабияттын нагыз көркөм шедевринин даражасына көкөлөтүп чыгараарын айталы. Дегеле, “Манас” өзүнүн көркөм формасы жагынан көз жеткис, кол жеткис эң бийик чокуга өркүндөп чыккан чыгарма. Курчап турган дүйнөнү, көрүнүштөрдү, предметтерди, татаал рухий кубулуштарды чагылтуудагы кыргыз тилинин бай көркөмдүк мүмкүнчүлүгүн, керемет жөндөмүн, сыйкырдуу күчүн, эң ийкемдүү образдык кудуретин дал ушул «Манастан» ачык-айкын көрөбүз.

Ал эми төмөндөгү “сакадай бою сары алтын”, кыска жана нуска, чыныгы зергердин өнөрүнөн бүткөн көркөм буюмдун элесиндей сөз сүрөттөрүн көргөндө, “Манастын” көркөмдүк – образдык кудуретине дагы бир жолу таң калбай коё албайбыз. Мисалы, кырктын башы Кыргыл чалдын Манастын Көзкамандар тарабынан уулангандыгын капыстан угуп, кайгы-күйүттөн, өкүнүчтөн ичи өрттөнүп, кырк чорого кыйкырып турган учурун көрүңүз: “Айкырыгы таш жарып, бакырыгы баш жарып, мурутун булкуп ыргытып, сакалын жулкуп ыргытып”. Бул саптар каармандын жан-дүйнөсүндө жүрүп жаткан “буркан-шарканды” анын сырткы кыймыл-аракетин сүрөттөө аркылуу ташка тамга баскандай кандай таасын жеткирип жатат. Кыргылчал ошол ирмемдеги бүткүл психологиясы менен көз алдыбызга келип отурат. Же болбосо, Манастын кылычынын сүрөттөлүшүн көрүп көрөлү: “Түн ичинде сууруса, өрт өңдөнүп кызарган, шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен”. Караңыз, «Шиберге койсо өрт кеткен»… Манастын кылычынын курчтугун угуучуга жеткизиш үчүн манасчы эмне деген кереметтүү образдык туюнтманы тапкан. Бул эмне деген чеберчилик, не деген сөз зергерчилиги. Мындай чеберчиликтин чегине чыккан кыргыз манасчысы менен дүйнөлүк Шекспрлер жана Пушкиндер атаандашып көрүшсүнчү дээр элек.

Кыскасы, сөздөн токулган жогорудагыдай ажайып бейнелер, сөз «саймалары», керемет сүрөттөр, сыпаттамалар, көз жоосун алган көркөм шөкөттөөлөр, куюлушкан ыр курулмалары, ошондой оозду ачырган образдуу туюнтмалар «Манас» эпосунун сюжетин башынан аягына чейин ширеп калган. Бул өңдүү көркөмдүк кооздук, поэтикалык сулуулук, образдуу форма «Манас» изилдөөчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү бир ооздон белгилегендей, бири-биринин салтын кылымдан кылымга улаган жүздөгөн, миңдеген манасчылардын, жомокчулардын коллективдүү эмгегинен жана талантынан жаралган. Бир сөз менен айтканда, мындай кооздук кыргыз элинин поэтикалык генийинен бүткөн. «Манас» өзүнүн көркөмдүүлүгү, образдуу туюнтуу билүү өнөрү жагынан, дагы айталы, дүйнөлүк адабияттын эң бийик өрнөктөрүнүн бири. Кылымдарды карыткан кыргыз эпосу, Борбордук Азиянын, КМШнын акындары, жалпы эле дүйнөнүн калемгерлери үчүн (эгер кыргыз тилин терең үйрөнүшсө) өзүнчө бир көркөм сөз мектеби болмок десек жаңылышпас элек.

Жогоруда дастандын сюжетинин өзөгүнө уюган ыйык, улук дөөлөттөр кыргыз элинин руханий-патриоттук идеологиясы болуп келген деп жазганыбызды эске түшүрөлү. Андай болсо жазуу-сызуусу жок, басмасы, китеби, театры жок кечөөкү заманда ал идеологияны калайык-калкка кантип, кимдер жеткирген деген суроо туулат. Эпостун руханий асыл кенчтери кандай механизм аркылуу эл-журтка өтүп турган. Туура, бир кайталангыс укмуштуу механизм болгон. Ал механизм- манасчынын өнөрү. Манасчылык өнөр Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов 1949-жылы жарык көргөн “Кыргыз адабияты” окуу китебинде жазышкандай, “Ондогон кылымдар бою кыргыз элинин таалим-тарбия ала турган адабияты да, көрүп көңүл ача турган театры да, музыкасы да, киносу да болгон”. Манастын кыргыз баласынын каны-жаны менен жуурулушуп, психологиясына сиңип, ишенимине кирип, ички тирегине айланып, кыргыздын касиеттүү колдоочусу катары күчкө ээ болуп жатышында манасчынын кызматы, ролу эбегейсиз жана эч нерсе менен алмаштыргыс, салыштыргыс жана кайталангыс.

Маселен, акындардын булбулу Арстанбек XIX кылымда атактуу алп манасчы Келдибектин эл алдында манасты «Кара тору түспөлү, кыпкызыл болуп чыңалып, арча отундай чок болуп, түндүк бою түйүлүп, кереге бою керилип, коргошундай былкылдап, кор кызындай жылтылдап, он эки мүчө шалкылдап, бүт денеси балкылдап, он манчасы калтылдап» аткаргандыгын өз көзү менен көргөндүгүн ыр менен эскерип калтырган. Келдибек мына ушундай актёрлук керемет чеберчилик менен манас айтканда, Арстанбектин күбөлөгөнү боюнча тыштан «ат дүбүртү угулуп, шамал жүрүп, чагылган учуп чартылдап, кереге-уук карчылдап, үзүктөрү желпилдеп, түндүк жабуу салпылдап» өзүнчө бир жомоктогудай атмосфера түзүлүп, чындыктын иллюзиясы жаралып, отурган элдин оозу ачылып, эпостун окуяларына кандайча аралашып, каармандар менен кандайча жуурулушуп кетишкендигин сезбей да калышкан.

Ал эми XX кылымдын Гомери деп аталган Саякбай Каралаев «Манасты» капчыгайдагы таштан ташка урунуп чамынып агып жаткан тоо суусундай күрпүлдөп, шаркыратмадай шаркырап агып, бирде бороондой боздоп, шамалдай ышкырып, бирде түзгө түшүп аккан суудай жайлап, кайрадан буркан-шаркан түшүп, бүткүл денеси солкулдап, кан-тамырларында «кыян» жүрүп, сыйкырчы немедей каармандардын дал өзүнө айланып, алардын көзү менен ыйлап, жүрөгү менен күлүп, кайрадан бүркөлүп, каарданып Үргөнчтүн суусундай өркөчтөнүп, ташкындап, көбүрүп-жабырып аткаргандыгы жалпы калайыкка белгилүү. Бир чоң жыйында Саякбайдын ушинтип Манас айтканын көрүп, орус академиги Козин толкундануу менен мындай деген: «Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын уккамын. Бирок Каралаев сыяктуу укмуштуудай таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Мунун азыркы аткарган «Манасына» тил билбесек да түшүнүп катуу таасирлендик» (Саякбай Каралаев. – Китепте: Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү. – Бишкек, “Плюс” басмасы, 1996. – 281-бет). Тил билбеген адамдын «Манасты» түшүнүп жаткан себеби, Саякбайдын айтуусунда эпос­тун мазмуну анын сөзүндө гана эмес, манасчынын обонунда, интонациясында, эмоциясында, көз жашында, миң кубулган үнүндө, миң өзгөрүлгөн өңүндө, кылдат кыймылында, мимикасында, пластикасында жашап атат. Ошон үчүн түшүнүктүү болуп отурат. Манасчы бир эле учурда ырды кара жамгырдай төккөн акын да, орошон обончу да, миң кырлуу актер дагы. Манасчы таасир кылуучу каражат-куралдардын бүтүндөй комплексине ээ. Манасчы кыргыз чөлкөмүндө мына ушул көркөм комплекс аркылуу аудиторияга бир учурда, бир ирмемде күчтүү таасир көрсөтүп, калайык-калкты өзүнө магнит сыяктуу тартып, сыйкырчыдай арбап алып жатат. «Мен кайсы бир жылы Каралаев менен Чүй өрөөнүңдөгү бир айылда болуп калдым. Анан ошондо Каралаев түз эле көчөнүн ортосундагы аянтта күпүлдөй баштады. А угуучулар болсо кез келген жерге жамбаштап, кээ бири жүк машииналардын үстүндө, кээ бири атчан туруп угуп жатышты. Аңгыча кара булут каптап, добул жүрдү. Нөшөрлөгөн кара жамгыр урду. Каралаев манасты аткаруусун токтоткон жок, эч бир адам кеткен жок. Бардыгы манасты жамгыр астында угуп жатышты. Алар бүт бойдон манасчыга жан-дили менен берилип калган. Мен муну эч качан унутпайм» (Айтматов Ч. «Ал океан сындуу «Манастын» миллион сабын жат билген» аттуу макаласынан).

Эл ичинен чыккан таланты ташкындаган манасчылар улуу эпостун улуу идеяларын, адеп-ахлак таалимин кургак санат-насыят түрүндө эмес, жанагындай сыйкырдуу аткаруучулук искусствосу менен көпчүлүктү толкундатып, ойлонтуп-толгонтуп, кубантып, кайгыртып, өкүңдүрүп, күйүндүрүп-сүйүндүрүп отуруп, алардын кан-жанына, аң-сезимине астыртан сиңирип койгон. Манасчылар – булар эпос менен элдин ортосундагы көпүрө, «жүлүнгө жетээр кеп айтып, жүрөгүн өрттөп бек айтып», улуу жомоктун нарктарын улуттун кан-тамырына өткөрүүчүлөр. Жомокчулардын жогорудагыдай керемет өнөрү аркылуу Манас жан-дүйнөгө уюп, мындан улам эл ичинде «карылардан калган сөз, каттай жаттап алган сөз, эрендерден калган сөз, энчи кылып алган сөз, как жүрөккө конгон сөз, кайнап ичке толгон сөз» деген кеп айтылып калган.

Баса, айтмакчы, ушул жерден кыргыздагы «төкмөлчүлүк», «ырчы-жомокчулук», «манасчылык» феноменине байланыштуу бир собол коюп, ага кыскача жооп издөөгө белсенүүнүн ылайыгы бар. Дегеле, бул жүздөгөн, миңдеген ыр саптарын кумдай куюлтуп оозеки төккөн төкмө-манасчы ким? Мындай адам кайдан, кантип жаралат? Себеби эмнеде? Кишинин ичинен булактай оргуп чыккан төкмөлүк, акындык-жомокчулук импровизация эмне үчүн башка өнүккөн алдыңкы Азия, Европа өлкөлөрүндө бүгүн жок? Мындай касиет табияттын кыргызга берген белегиби? Кыргыздын биологиялык-психикалык жаратылышында бир сыр барбы? Же бул жергиликтүү аймактын географиялык өзгөчөлүгүнө, абасына, суусуна, чөбүнө, мынабу асман тиреген «ак чач» тоолордун касиетине байланышкан нерсеби? Же бул кубулуштун социалдык, турмуштук-социологиялык себеби барбы?

Эмнеси болсо да, кандай болгон күңдө да, 19-кылымда «Манасты» изилдеген академик Василий Радловдун төмөнкү ою бизди терең ойго салбай койбойт. В.Радлов көчмөн кара кыргыздар 19-кылымда мындан 2-3 миң жылдай мурдагы эзелки грек заманындагыдай эпикалык доордо жашап жатат, ошон үчүн Тянь-Шанда эпикалык поэзия гүлдөп турат деген оюн айтып келип, мындай идеяны ортого салат: «Кыргызга тиешелүү бул адаттан тыш чечендик, сөзмөрлүк, аны курчап турган шарт-чөйрөдөн табигый түрдө келип чыгат. Сөз искусствосуна машыгууга кыргыздын убактысы бар. Тамак менен уйку гана жолтоо кылганы болбосо, ал күнү-түнү менен кызыл тилин сайратып сүйлөй берет». (Радлов В. Кириш сөз. – Китепте: Түндүк-Түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү. – Санкт-Петербург, 1885-жыл, 21-бет.). Демек, тарыхый-социалдык планда ой толгосок, феодалисттик, буржуазиялык – капиталисттик өнүгүүнүн тепкичине бут койгон журттарда элдин күч-кубат жөндөмү, таланты илим-билимге, техникага, тарамдалып –тармакталып кеткен татаал өңдүрүшкө, профессионалдык адабият менен искусствого жумшалып, бөлүнүп, чачырап ошол жактарга тарап кетсе, көчмөңдүк цивилизацияда жашаган кыргыздарда калктын бүткүл күчү, кудурет-мүмкүнчүлүгү, элдин бүткүл энергиясы сөзгө, тилге чыккан, поэтикалык оозеки чыгармачылыкка оогон, М.И. Богданова айткандай, эпоско мобилизацияланган. Мындай жагдай дүйнөдө теңдешсиз эпикалык дастандардын жаралышына жана «ак элечек» Ала-Тообуздун ырдын, ажайып төкмөлөрдүн жана алп манасчылардын мекенине айланышына алып келген десек жаңылышпаспыс. Демек, кара нөшөрдөй «жааган» төкмөлүк – манасчылык өнөр көчмөн цивилизациянын улуу туундусу, сөз падыша болуп, тилден чаң чыгып турган замандагы элдин чыгармачылык энергиясынын таланттуу адам аркылуу концентрацияланып көрүнүшү деп айтуу жөндүү болор деген ойдобуз. Ал эми төкмөлүктүн – манасчылыктын бүгүнкү күндө «агрардуу» кыргызстанда уланып жатыш фактысын элибиздин өзүнүн кечөөкү менталитетинен жана турмуш укладынан караманча кол үзүп кетпегендиги менен, ошондой эле, аталган өнөрдүн калктын тарыхый – маданий «генетикасында» терең тамыры бар экендиги менен түшүндүрүү оң болоор.

Эвропанын тарыхында, анын байыркы антикалык дүйнөсүндө биздин акын-жомокчуларыбыздай адамдар жашаган жана алар Аэддер, Рапсоддор деп аталышкан. Даниялык жазуучу Ханс Шерфигдин өзүнүн «Кыргыздарда мейманда» аттуу китебинде бул өңдүү эпикалык ырчылар жана жомокчулар менен Европанын коштошконуна 3 миң жыл болду деп жазганы эсибизде турат. Ал эми ошол Европа биздин эрага чейин эле жоготуп койгон, азыр «сайда саны, кумда изи калбаган» рапсоддордун, аэддердин өнөрү 20-21- кылымда Кыргызстанда активдүү жашап, өмүрүн реалдуу улантып отурат. Бул фактынын өзү дүйнөнүн культурологдорун ойго сала турган, жалпы эле адамзат маданиятынын тарыхындагы уникалдуу жана өтө кызыктуу кубулуш. Бул жагынан да «Манастын» жана ырчы-манасчылардын өнөрүнүн жергиликтүү улуттук да, жалпы адамзаттык да мааниси бар экендигин белгилеп кетмекчибиз.

Акырында айтаар сөз, нан деген эски нерсе, байыркы нерсе, бирок адамзат баласы үчүн нан ар дайым жаңы, өлбөс, түбөлүктүү мүлк. Руханият тармагында да, нан сыяктуу дайыма жаңы, эскирбеген, оңбогон, түбөлүктүү кенчтер болот. Ушул жагынан ойлонгондо кайсы бир эвропалык акылмандын: «Чоң аталардын жана чоң энелердин моралы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багытталган. Тарыхый тажрыйба адам пендесинин турмушунда жаңылыкка караганда, ар дайым кайталанып, кайра келип турган түбөлүктүү, түптүү нерселер көбүрөөк экенин күбөлөп турат. Мына ошондуктан, жаңылыктардын артынан кубалайм деп олтуруп, кылымдап калыптанган «ак чач» нормаларды, эрежелерди унутуу опурталдуу экенин эскерткибиз келет» – деген терең ою эске түшөт. Өйдө жакта басым коюлуп көрсөтүлүп өткөн «Манастын» идеялык-рухий кенчтери чынында эле, күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багышталган улуттун эскирбес, карыбас мүлктөрү. Эпостун улуттун эркиндиги, көз карансыздыгы, эл-журттун биримдиги, башка калктар менен болгон ынтымак-достук жөнүндөгү философиясы кантип эскирсин. «Акылмандын тунугу, ак калпактын улугу»- Манас атанын мекенчилдиги. «Караңгы түндө көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» – Бакайдын элдин келечегин ойлогон акылман стратегиясы, «алдыда жүрсө ак жолтой, артта жүрсө сан колдой» – Кошой баатырдын өз калкынын бедели, аброю үчүн сексен жашында күрөшкө түшүп, мөөрөй алган ар-намыстуулугу, «зайып заттын пашаасы, кара сурдун сулуусу, адамзаттын нурдуусу» – Каныкейдин адептик-ыймандык тунуктугу жана эмгекти дин катары тутунган мээнеткечтиги, Акбалтанын, Алмамбеттин, Сыргактын, Чубактын «ак калпак кыргыз эл үчүн, Ала-тоо артык жер үчүн, жанымды курман кылайын», «чачылганды жыйнайлы, үзүлгөңдү улайлы, жоголгон жокту табалы» деген атуулдук патриотизми кандайча эскирмек? Бул рух-дөөлөттөрү бүгүн да кыргыз мамлекети үчүн аба менен суудай зарыл болуп отурат. Даанараак айтканда, манастын улуу дөөлөттөрү азыркы кыргыз коомунун социалдык-экономикалык моделинин пайдубалында башка демократиялык принциптер менен кошо жатууга тийиш. «Кажыбаган эрлери, калың элге бел экен, качан болсо, бул жомок, кайрат берер неме экен, кыйла кылым өтсө да, калк баатырын жомоктоп, карыбасы эп экен» («Семетей»). Кайрат берип, калың элге бел болгон «Манас» дастанынын карыбастыгын кечөөкү  ата-бабалар да мына ушинтип тастыктап кетишкен. Бабаларыбыздын айланып келген «ат мамысы», тегеренип келген уюлу, тутунган тумары болуп келген МАНАС РУХУН бүгүн да биз – улуу муундар тарыхый өтмө катыштыктын салтын улап, өсүп келе жаткан муундарыбыздын алдына чырак кылып жагып, маңдайына жылдыз кылып күйгүзүп кармап турушубуз керек. Эгерде биздин окуу-тарбия системабыз образдуу айтканда, акыл-эсинде дүйнөлүк илим-билим, дүйнөлүк технология, экономикалык инновация орун алган, ал эми дилинде, жан-дүйнөсүндө болсо Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Кошойдун гуманисттик-патриоттук нарктары отурган муундарды тарбиялап жетилтип турса, анда улутубуз эч убакта жоголбойт, өзүнүн менчик жүзүн сактайт, глобалдашууга жутулбайт жана келечеги түбөлүктүү болмок.

Мына ушинтип, улуу «Манас» эпосу улутубуздун руханий-маданий турмуш үчүн зор мааниге ээ жана ошондой эле, жалпы дүйнөлүк маданий- адабий казына үчүн баа жеткис кенч.

Байгазиев Советбек,
КББАнын вице-президенти,
ф.и.д., профессор

 

Адабияттар:

  1. Айтматов Ч. «Манас» – байыркы кыргыз улутунун туу чокусу. – Китепте: «Манас», Кыргызстан, 1971 ж.
  2. Кыргыздар. – Бишкек, Кыргызстан, IV том, 230-бет;
  3. Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү. – Бишкек, “Плюс” басмасы, 1996. – 281-бет.
  4. Радлов В. Кириш сөз. – Китепте: Түндүк-Түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү. – Санкт-Петербург, 1885-жыл, 21-бет.
  5. Ауэзов М. Киргизский героический эпос “Манас”. – Китепте: Адамзаттын манасы. – Алма-Ата, жазушы, 1995.
  6. Юнусалиев Б. Кириш сөз. – Китепте: “Манас”. – Фрунзе, 1958.
Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.