Тенти Адышева

 Кыргыз Эл акыны Тенти Адышева 1920-жылы 19-апрелде Тоң районунун Күн-Чыгыш айлында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Чыгармаларында акын ата мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Патриархалдык коом шартында кыргыз аялдары нечен кылымдар бою эзилген абалда өмүр өткөрүп келишкен. Алардын эркиндикке чыгып, тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бактыга ээ болушуна Октябрь революциясы жол ачкан.

Айылдык мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы Фрунзедеги медициналык техникумдан окуй баштайт. Окуунун отличниги катары комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага барган.

Техникумду бүткөндөн кийин 1938-жылы ЛКСМ БКнын секретардыгына дайындалган. Андан бир нече жылдан кийин Фрунзе шаардык Биринчи май райондук Аткаруу комитетинин Төрагасы, “Кыргызстан аялдары” журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ушул жылдар аралыгында Кыргыз Мамлекеттик университетинин тил, адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1956-1979-жылдарда автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл Союздук агентствосунун кыргыз бөлүмүнө жетекчилик кылып, ошондон пенсияга чыккан.

“Акын” деген алгачкы ыры 1947-жылы, “Заманам”, “Жарык дүйнө”, “Ак пейил адамдар үчүн”, “Ой толгоо”, “Менин күнүм”, “Тандамалар” аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал болгон. Ошондой эле “Жаңылдын элеси”, “Өмүр жолу”, “Жүрөктөгү так” сыяктуу поэмалары жогорку баага татыган. “Кеткендердин айлында”, “Адам кызык”, “Токто десем”, “Ойнобо”, “Алтымыштан ашкандарга”, “Ысык-Көл”, “Көк жайык”, “Сары-Челек”, “Эне-жер” аттуу ажайып чыгармалары жарыялаган.

Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Тенти Адышева “Ардак белгиси” ордени, “Эмгектеги каармандыгы үчүн”, “В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына” медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамоталары менен сыйланган. Ошону менен Тенти Адышевага “Кыргыз ССРинин Эл акыны” деген ардактуу наам ыйгарылган.

“Супер-инфо” сайтынан алынды

 

Тенти Адышева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Ыйык бешик

Сырга БӨКӨНБАЕВА, Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген дарыгери: «Атам кыргыздын Пушкини эле»

Кыргыз Республикасынын эл акыны Тенти Адышевага – 90 жыл

Акын Тенти АДЫШЕВАнын уулу БӨКӨНБАЕВ Кулубек: “Менин апам эки атама тең татыктуу мырза-айым болгон”

 

Ырлар

САГЫНУУ

Келер жылдын жанга артык жагымы,
Бирок, билсең бул да өмүр агымы.
Бала келсе бул дүйнөгө баркырап,
Адам кетер, ал турмуш го табигы.
Күлкү менен кубандырса жүрөктү,
Кээде болоор капа чегип, жабыгуу.
Келчү жылга жетелешет үмүттөр,
Кеткен жылга менде күчтүү сагынуу.
Жаңы жылда жоготуудан көп болсун,
Кийин бизди сагындырар табылуу!

 

СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Махабатты баяндашып —
эчен түрлүү кеп айтат…
Улгайгандар сүйүүсүнө
улуу-кичүү жеме айтат:
Алтымышта сүйөт десе —
«Алжыганы» деп айтат.
Элүүлөрдүн сүйүүлөрүн
«Эси жоктук» деп айтат.
Андай болсо
айткылачы курдаштар,
«Сүйүү жашты ылгабайт» — деп
неге айтат?

 

СУУК КОЛ

Суук колун төшөгүмө узатып,
Карылыктын келгенине өкүнөм.
Кечээ гана жаштыгымды көрүшкөн,
Кейиштүүрөөк замандаштар өзүмөн.

Арбаңдатып ач кенедей жабышкан,
Колду түртүп, коё тур деп өтүнөм.
Карылыкты каалабаган бүгүн маа,
Капалуураак замандаштар өзүмөн.

Барган сайын батып барат тырмагы,
Баса келип төшөгүмдүн четинен.
Сумсайышат суук колдон кызганып,
Сулуулугум кетпегендер эсинен…

 

ЭНЕ-АТАМ

Элге келсем эске түшөт эчендер: –
Бурганактап карга айланып оюм жаап.
Катмарларын малталаймын кайралап,
Кайран атам басып өткөн жолун таап.

Санаа келет сапырылып сабаалап,
Бирин-бири жетектеше желе чаап.
Башты салып барган сайын үңүлөм,
Байкуш энем басып өткөн жерди таап.

Жолдор жатат узун, кыска ийрилип,
Тамга болуп, тарых болуп чийилип.
Өткөн эле атам, энем бул жолдон,
Өмүр жүгүн оор көтөрүп ийилип…

Баскан атам, шашкан энем оолугуп,
Келе берип, кээде үшкүрүп олтуруп.
Ошондо да өмүр жыргал, жакшы деп,
Даңазалап пейли менен толтуруп.

Ушул жолдон атам, энем өтүшкөн,
Жүк көтөрүп, оор көтөрүп аркалап.
Ошондо да өмүр кызык, сонун деп,
Марасына бара берген алгалап…

 

* * *

Алтымыштан ашкандарга
Али кыздай көрүнөм,
Кырктын кырын баскандарга
Кыйла жерге бөлүнөм.
Элүү жаштын эрмегимин
Эркелеткен көңүлүн.
Кечээ эле гүл жайкадым
Көөнү толкуп көбүнүн,
Караганча кайып кеткен
Кандай укмуш өмүрүң!..

 

КЕТКЕНДЕРДИН АЙЛЫНДА

Тирүүлөрдүн айлында бирге жүргөн,
Тамашалуу сүйлөшүп жайдар күлгөн.
Канча курдаш карасам көчүп кетти,
Кечээ гана келберсип өмүр сүргөн.

Кеткендердин айылы катар турат,
Күмбөздөрдүн мезгилден четтери урап.
Көз жаш менен сугарып коюп кеткен,
Гүлдестелер саргайып күнгө куурап.

Кеткендердин айылын аралаймын,
Кейий берип жүрөктү жаралаймын.
Эрте-кечтир бир күнү кедемин го,
Эмнеликтен буларга каралаймын…

 

АЯЛДАРДЫН БАКТЫСЫ

Күн чачырап гүлүн ачып жаштыгы,
Сүйүү келип суусун берсе – бактысы.
Жагалданып аял түрү кулпурат,
Жары болсо азаматтын жакшысы.

Балкып дене бал жуурканга айланып,
Бала тапса бул аялдын бактысы.
Ак бешигин ай нурунда терметип,
Ал баланын, ал тынчтыктын сакчысы.

Ар адамдын эмгегине жараша.
Аз да болот, көп да болот бактысы.
Эмне келбейт аялдардын колунан,
Эмгегинен келсе баар тапкысы.

Адам баркын – аялдардын кордогон
Ал күндөрдүн ашкан эле запкысы,
Аял аты ардак менен аталып
Азыр кымбат, анык ушул бактысы.

 

КЫЗЫ ТӨРӨГӨН ЭНЕ

– Сыздады го жаны кейип денеси,-
Деп кайгырат төрөгөн кыз энеси.
Эне чиркин көз алдына тартылат,
Жаны кейип жаткан кыздын элеси.

Бала төрөп бакты тапса баласы,
Кыйналды деп эне кейит карачы!..
Кечегидей ал энеге сезилет,
Ошол кызы төрөлгөн күн арасы.

Бала келсе бактыга үй тунбайбы,
Келечекти мына ушулар курбайбы.
Адамзаттын өмүрү өчпөй тутанып,
Так ушинтип кете берет турбайбы.

 

Соц тармактар:

One thought on “Тенти Адышева

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.