Сулайман Рысбаев. «Баланын канаты»

(аңгеме)

Асмандап учуп жүргөн кайчы канат чабалекейлерди көрүп, Жусуп кызыгып карап отурду. Анан атасына келип, минтти:

– Ата, мага канат сатып берчи. Мен дагы учкум келип жатат.

– Макул, эртең сатып келип берейин,–деди ага атасы.

Жусуп атасынын «эртең канат сатып келип берем»-дегенине аябай сүйүндү. Тиги кайчы канат чабалекейлер менен жарышып, керек болсо, алардан да бийик учкусу келди.

Эртеси атасы Жусупка «Алиппе» китебин сатып келип берди.

«Балдардын канаты ушундай болобу?» дегенсип, Жусуп атасына ойлуу карады.

– Балдардын канаты «Алиппе» болот, – деди атасы уулуна китепти берип жатып, – Ушул китепти жакшы окусаң, чабалекейлерден да, керек болсо, самолёттордон да бийик учасың… Түшүндүңбү?

Жусуп башын ийкеп, китепти бооруна кыса кармады  да, асманда дагы эле учуп жүргөн кайчы канат чабалекейлерге ойлуу карады.

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

One thought on “Сулайман Рысбаев. «Баланын канаты»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.