Токтобек Үсөнов. «Түн»

(аңгеме)

– Келчи жаным, – жигит бүшүркөй кайрылды.

– Жөнчү! – кыз ары карап жаткан калыбында унчукту.

Жигит эмне кылаар айласы калбагандай саамга үнсүз отуруп калды да:

– Ушинте бересиңби эми? Кечирим сурадым го?…

Бул саам жигиттин үнү ыйламсырап чыкты. Кыз укпагандай болду. Кыймылдап да койгон жок, тек гана уктап калган кишиче бир калыпта дем алып жата берди. Жигит үнсүз жооп күтүп, толуп турган жаш кыздын төшөктөн билинип турган денесин суктана карап турду. Кыязы ал кыздын жылаңач денесин элестетип кетти окшойт, тамагында шилекейин “кылт” эткизе жутту да, кыздын төшөктөн чыгып калган жылаңач ийнине колун койду. Кыз унчуккан жок. А түгүл эч нерсе сезбеген кишидей, ого бетер дымый түштү. Тынчтыкты дагы Дамирдин үнү бузду:

-Айжан, кел… – сөзүн аягын жутуп алып, “ күнөөмдү билип турам” дегендей бошоң үн менен:  – Кел, эми жакшы жашайбыз?… Учурунда ойлоно албай калдым, чын. Кечирип койчу. Мен баарын башкача болот го дегем… Ушинте берсек кантип жашоо болот? Элдерге да уят болобуз. Акыры, турмуш өзү ушундай го…

Эмне дээрин билбей, жигиттин башы шылкыйып турду. Терезеден түшкөн айдын нуру бөлмөнү экиге бөлүп, жарым-жартылай ачылып турган көшөгөнүн ичин сүттөй агартып, бөлмөнүн бир тарабын коюу караңгылык каптап турган. Айдын шооласы Дамирдин оң тарап бетинен ылдый куюлуп, анын көзүндө турган жашты жылтылдатып көрсөтүп жатты. Бир аз убакытга тынчтыкка чөмүлө түшкөн бөлмөнү Айжандын зирпилдеген, жек көрүңкү үн менен айтылган сөзү бузду:

– Турмуш өзү ушундай деп коет! Турмушту ушундай кылган ким?! Эмне, мен сени мени ала кач дедим беле?!

Зирпилдеп тура калган Айжандын көзүндө жаш бар болчу. Дамирдин бетине тигиле карап турду да, кайра күү менен ары карап жатып алды.

– Мен сенин ушунча таш боор экен деп ойлогон эмесмин, – жигит  алсыз унчукту.

– А мен сенин ушундай “лох” экенинди биринчи көргөндө эле билгем, – кыз да өктөм унчукту.

Кыздын сөзүнө жигит ардана түштү. Бир заматта шылкыйып турган денеси чыңала түшүп, ак шейшепти мыкчый кармап турду:

– Энеңди с…! Катын болбосоң жогол анда! – деди да ордунан тура жүгүрдү. Коңшу бөлмөдө буларды тыңшап жаткан эне да, баласынын аркасынан ич көйнөкчөн далбактап чуркап жөнөдү. Бүгүн да анын корккону ушул болчу. Канча күндөн бери уктабай аңдыганынын да себеби ушул эле. Жана эле жатаарга мезгил келгенден баштап, Кудайдын балакетин алып, эми бүгүн жакшы болсо экен, – деп тиленип кирген. Анткени өткөн түндөн кийин эненин жүрөгү “өлүп” калган экен. Өткөндө да так ушинтип тыңшап жаткан болчу буларды. Бир убакта күбүң-шыбың болуп жаткан экөө, кыйкырыша түшүшкөн дагы уулу эшикке чуркап чыккан эле. Эмне болуп кетти, чыксамбы чыкпасамбы деген эне чыдабай уулунун артынан чыккан. Анда да түн ушинтип мелмилдеп тынч турган болчу. Чыга калып эле, каалгасы бир аз ачылып калган сарайга кирип барган. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Уулу Дамир шыпта асылып туруптур. “Баа!” этип чыңырууга үлгүргөн эне, жетип барып уулун бошотуп калганга жетишкен. Жиптин антты болот деген чын окшобойбу, мүнөттүн ичинде уулу ээсин жоготуп ийиптир. Чыңырыктан үйдөгүлөрдүн баары ойгонуп, Дамиринин бетине суу сээп атып араң эс алдырышкан. Атасы сөгүнүп, келинин каарып өткүсү келди эле, бирок антүүгө уруксаат берген эмес эне. Анткени күнөө бизде деп ойлогон эле. ошол-ошону менен бүттү го деген. Эми эсине келишээр, – деген айласыз. Эми минтип кайра ошол көрүнүш кайталанып турганына жаны чыгып баратты эненин. Бирок, бул саам Дамир асынууну ойлогон эмес окшойт,  бакчага кирип, арык жээгинде отуруптур. Энесинин келгенин билген жок. Тек гана кулдурттап агып жаткан арыктагы сууну карап отура берди. Эне да баласынын абалын түшүнүп, не кылаар айласын таппай турду.

* * *

Канча ойлосо да, тагдыры ушинтип бузулаарын ойлогон эмес  Айжан. Окууну бүтүп, анан Кайрат экөө бактылуу үй бүлө куруп, көп баланы багып чоңойтушмак. Биринчи түнүн дагы, миң түрлүү кылып элестетчү. Ак шейшепте, көптөн бери бирин-бири күткөн денелер кошулушмак да, кыз асманга учмак. Кээде коркуп да кетчү. Анткен менен ошол түндүн келээрин билчү дагы, өзүн-өзү даярдап жүрөр эле.  Бирок, такыр ушундай болот деп ойлобоптур. Баары теңирден тескери болбодубу.

Айылдан жаңы эле эс алуудан келген болчу анда. Айылдан келип бир аз эс алып алгандан кийин, окууга чейин жумуш таап иштей калганга жарнама гезиттердин бирин алып барактап отурган. Телефон шыңгырап алса, досу Эрлан экен.

– Салам Айка, кандай келдиң? Не келип эле унчукпай жатып алдың? Көрүшпөйлүбү? – деген шартылдап.

Ансыз да айылдын түйшүгүнөн чарчап келип, бир аз эс алгысы келип турган кыз дароо макул болот.

Бул жолу Эрлан өзү жалгыз эмес экен. Жанында өзүнө окшош, бирок, айылдан жаңы келгени билинип турган  кызыл  жүздүү жигитти “класташым” – деп тааныштырды.

– Дамир, – деген жигит Айжанды кызыктуудай астыртан карап койду.

Айжан анын бул карашын байкамаксан боло колун берип учурашты да, жигитке көп деле көңүл бурган жок. Андан кийин үчөө кафеге киришти. Ал жерден да Эрландын “эски” класташтарына жолугушту. Арасында кыздар да бар болчу. Чоочун компанияга келип калган кыз бир аз ыңгайсызданып отурду. Тигилер да сыр билгизбей отура беришти. Ичкендер ичип жатышты. Бир гана жанагы кызыл жүздүү  жигит ичпей отурду. Тойго бараткансып, ак көйнөк кийип алганы да кызыктуудай эле. “Ак көйнөк менен кызыл бет төп келбей калат экен”, – деп ойлоп койду кыз ичинен айылдык жигиттин кийген киймине карап. Өзү деле айылдан келген дечи, бирок анын келгенине үч жыл өтүптүр. Ошондуктан жигиттердин, кыздардын кандай кийиниш керек экендигин жакшы эле билип калган. Өзү да шаардыктардай, тыкыя кийинип жүрөт.

Бир аз убакыт компания шарактап отурган соң, отургандардын бирөөсүнүн туулган күнүн тосмокко анын үйүнө жөнөмөй болушту. Айжандын жүрөгү бир нерсе сезгендей туйлай берди, ошондуктан баруудан баш тартты. Бирок, күүлдөгөн компания ал барбаса болбоорун айтып, көндүрүп киришти. А түгүл бир жигит Айжан барбаса анда ал да барбай турганын айтып отуруп алды. Кыздын айласы куруп, шылтоо таба албай жатты. Акыры канча айла кылышса да, барбай турганын айтты Ажан. Ошондо жигиттердин бир экөө көз ымдаша калышты да, кызды турган ордунан эле машинеге көтөрүп жөнөштү. Күчүнө толуп турган жигиттерге кыз каршылык көрсөтө алган жок. Бирок да, алы келгенче алышып баратты.

Айыл да абдан эле алыс экен. Кеч кирип калган кезде гана белгисиз бир айылга бурулду машине. Баргыча ичип бара жаткан жигиттер, эми машинелерден колдорун чыгарып кыйкырып жатышты.

* * *

Адатынча эрте турган Дамир, койду жайытка чыгарып ийип короону бок-сактан арылтып тазалап жиберди да, эртең мененки тамакка отурду. Үйдө эң улуусу болгондуктан күндө таң эрте атасы, апасы жана Дамир гана эрте туруп, иштерди бүтүрүп чайга отурушчу. Бул кезде кичинелер уктап жатышмак. Бирок, бүгүн өзгөчө күн. Ошондуктан кичинелердин баары, а түгүл эки жаштагы Кенжени да эрте тургузушкан. Бүгүн Дамирди шаарга колукту алып келгени узатышат.  Баары үнсүз чай ичип отурушту. Атасы оозундагы тамагын жутуп болуп, Дамирге кайрылды:

– Тиги, жетим козуну эмне кылдың?

– Берки, сүттүү койго эмизип койдум, – деди Дамир.

Атасы дагы оозун жүлжүйтө нандан сугунуп, баласынын түйшүктүү болуп турган кейпине карап:

– Коркпо балам, шаарга барсаң катындын түрүн табасың, – деди баласынын башынан эркелете мыжыгып: – Көтөр мурунду. Баары жакшы болот. Үйлөнүп алсаң,бул үйдү сага калтырып, өзүбүз жаңы үйгө көчөбүз. Койлорду силер багып туудурасыңар. Антпесек, апаң экөбүз карыдык, биз да келин жумшап эс алалы да ботом.

Дамир макул болуп, бирок ошол эле убакта көңүлсүнбөгөндөйбү, же кандай болоор экен дегендей коркуу сезим мененби акырын унчукту:

– Ата, мен кыз менен сүйлөшкүчө кое турсакчы?.. Үйдөгү жумуштарга өзүм

деле жетишем.

Атасы үндөгөн жок. Ушул учурда апасы аркы бөлмөдөн уулунун ак көйнөгүн үтүктөп көтөрүп келди.

– Мына, уулум. Муну кийип алсаң, кыздын баары өздөрү эле сеники болуп калышат. Ме, кийе кал.

Дамир апапак көйнөктү алып жатып унчукту:

– Муну модадан чыккан деп шаардык балдар шылдыңдашпайбы?

– Ой, ошолордун атасынын оозуна урайын! – Атасы сөзгө кошулду: – айылдан шаарга барып, эки ооз сөз орусча үйрөнүп алышып эле кыйын болуп калышат. Бирдеме дешсе эле мага айтып кой уулум. Эмне гана кылаар экенмин.

Дамир унчуккан жок аркы бөлмөгө кирди да, ак көйнөктү кийип келди.

Таң эрте туруп жыт чыгарган энеси ушуну гана күтүп тургансып бата берип жиберди. Энесинин артынан кичинелердин баары алакан жайышты.

– Оомийин, Аллохакбар! Кудай жолуң берип бир жумадан кийин бизге келин ээрчитип келип кал. Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун. Омийин, багың ачылсын балам.

Баары бата жасап, Дамирди узатууга эшикке чыгышты.

– Шаарда машине көп эки жагың карап абайлап өт көчөлөрдөн.

Дамир апасына жиндене дулдуңдады:

– Эк, кийлейген баласын ушинте берет экен. Болдугулачы, кеттим анда мен.

Дамир токтоп турган таксиге түштү да эшигин жаап отуруп алды. Ушуну гана күткөнсүп машине оордунан жылып жөнөдү. Бирок да, Дамирдин узатуучалары көпкө чейин машине менен кошо басып, дагы бирдемелерди айтып жатышты. Акырында гана апасы: “Келин алып келе турган болуп калсаң,  телефон чалып кой. Анан акчаңды абайла, үнөмдөп сарпта,” -деди.

Ошондон бери төрт күн өттү. Шаардык достор тааныштырган кыздардын улам бири тизмеден чийилип калып жатты. Алсайын шалпайып кейпи боор оорутарлык боло баштаган Дамирди достору капа болбой жүрө берүүсүн айтып, далыдан таптап коюп жатышты.

– Дамир, не шалпаясың? Кыз деген миллион, сага мыктысын тандап жүрбөйбүзбү. Деги айтчы, сага кандай кыз жагат?

Ушул суроо азыр гана оюна келгендейДамир бир аза такала түштү да, өзү да толук ишенбегендей сүйлөдү:

– Сулуу, анан түшүнүктүү болсо…

– Эмнени?

Дамир тигинин не деп атканына түшүнө албай:

– Эмнени? – деди кайра.

– Эмнени деп коет. Эмнени түшүнүктүү болсун? Сениби, жашоонубу. Апаңдыбы?

Досу чындап азыр Дамир каалаган кызды тактап билип алайын дегендей такып сурады. Дамир эми чындап не дээрин билбей кетти.

– Немечи, жашоону да. Мени түшүнгөн кыз болсо…

Тиги да аягына чейин билип алмайын жанын койбочудай дагы сурады:

– Сенин эмнеңди түшүнүш керек?

Бул жолу Дамир жооп таба албай моюнунан бери кызара түштү да:

– Мени түшүнсө… Айткандарыма көнсө болду да…

Жанатан берки пивого кызый түшкөн шаардык досу каткырып ийип, Дамирди далыга таптады:

– Деги биздин жигиттер кыйын. Өздөрү мырка болуп туруп, сулуу анан түшүнүктүү кыздарды самашат. Хи-хи-хи…

Күлкүсүн тыя албай күлүп жатты. Тигинин айткандарын Дамир жактырбай сүйлөдү:

– Ики, көрөм сени. Сен эле кыйын болуп үйлөнө калаарыңды. Ушундай болуп калат экен, мен сүйлөшкөн кыздардын баарын башкалар ала качып кетпедиби. Болбосо, менин кыздарым сеникинен көп болчу билсең.

Дамирдин түрүн көрүп тиги дале күлкүсүн тыя албай:

– Болду эми чычалабай, тамаша, досум. Сени деле айткан жокмун жалпы алып айтып жатам.

Ошондой дегендей Дамир дагы мурчуйду.

Ушундан кийин Эрлан Дамирди Айжан менен тааныштырды.

Бардыгын күн мурун пландап алышкан болчу. Кызды жолугууга чакырышат дагы эле, анан туулган күнгө барабыз демиш болуп машинеге отургузуп алышат. Калганы иттен оңой. Кыздын эки жагынан эки жигит баса отурат дагы айылды көздөй зуу коюшат. Бирок, отуруш аягына келип эми пландын экинчи бөлүгүнө өтөөрдө кыз такыр каршы болуп машинеге отурбай койсо болобу. Ошондо баягы эле тапкыч Эрлан балдар менен ымдаша калды да, кызды машинеге көтөрүп барып салып коюшту. Кыз болушунча каршылык көрсөтүп жатты. Бирок, кыздын алы кимге жетмек эле, анын үстүнө жигиттердин баары кызып калган болчу. Жолдо катар ичип бара жатышты. Ырдашты, түшө калып бийлешти. Айжан болсо ыйлап келе берди. Шаардан чыккандан кийин эле анын алы кетип калган болчу. Ошентип отуруп күүгүм кечте гана айылга кирип барышты. Шаардан чыкканда эле, үйгө кабарлап телефон чалышкан болчу, үйдөгүлөр эбак даяр болуп күтүп турушуптур. Жеңелер Айжандын ой боюна койбой эле бат эле көшөгөгө кийрип кетишти. Ал эми эшикте эркектер Дамирди куттукташып, шампандар атылып той башталды.

Кызды отургузганы келген аялдын баары баштарын чайкап ушундай көк бет кызды көрбөгөндөрүн айтып жатышты. Айжан үйгө киргенден кийин жулунуп кыйкырган жок. Антүүгө алы келбей калган болчу. Бирок да, такыр көк беттенип “баары бир мен кетем бул жерден, мени эч кимиң кармай албайсың”, – деп гана мистейип отуруп берди. Улам бир аял жалынып жалбарганын уккан да жок. Бир чекитти тиктеп гана отура берди. Кетем деп жулунса да аялдарга жеңилирээк болмок окшойт. Минтип отуруп алса алар да не дешээрин билбей ыңгайсыз болуп жатышты. Антсе да баарылап атып кат жаздырып алышты кызга. “Өзүм отурдум” дедирип жаздырып алышты. Айжан каршылык көргөзгөнү менен болгон жок. Баары ар кай жерден чыгып сүйлөй берип, башы да ооруп калган эле кыздын, айласыз алар айткандай жазды катты. Катты көтөрүп алып анан “ачуу басарга” кетишти.

* * *

Айжандын ата-энеси да бир топ каршы болгону менен, “ачуу басарга” келген он беш миң сом, бир койду укканда бир аз басаңдай түшүштү.

– Кудай кошкон куда болот дейт куда. Кийин чоңго түшүп келгенде да калыңын, башатын алып келебиз. Ага чейин ачууңуздарды ушу менен баса туруңуздар. Биз деле түптүү жердин элибиз. Буюрса көңүл оорутпайбыз куда.

Ушундайда мыкты сүйлөгөн Дамирдин улуу байкеси кулдук уруп, бет арчыга оролгон акчаны Кудасына сунду. Айжандын атасы акчаны алды да столдун чекесине коюп койду.

Ушул учурда кыз тараптан кууп баргандар тойго жетип келишкен эле. Милиция ээрчиткен куугунчуларды алгач көргөндө үйдөгүлөр коркуп кетишти бирок, ошол замат чыгына калышып,эч нерсе болбогондой кулдук уруп жакшылап тосуп алышты. Алгач киргенде куугунчулар албууттанып Айжанды алып кетебиз деп чыгышты. Буларды көргөн Айжанга да жан кирди.

– Эже, мени алып кете гөр! – деп ыйлап ийди Айжан.

Жыргал эже кубалап келиптир. Жыргал эжесине куткаруучусундай жалдырап ийди. Кыздын ахыбалын түшүнгөн эжеси Айжандын башындагы жоолукту чечип салып, алып кетүүгө колдон тартып эшикти көздөй жөнөдү. Жардана карап тургандар ортого түшө калышты. Апаке, эжекелеп жалбарып жатышты. Бир кезде так ушундай кырдаалга кабылган Жыргал эже Айжандын боздоп калышын каалаган жок. Ошондуктан тигилердин жалбарганына көнбөй жатты. Бул учурда Дамир эшикте не кылаар айласын таппай турган эле.

Бир убакта ким чалганы белгисиз “кызга атасы чалып атат” – дешип телефон көтөрүп келишти. Ызы- чуу болуп жаткан бөлмөдөгүлөр да токтой калышып, Айжан трубканы алды.

– Кызым, – деген атасынын добушу чыкты. Кыз токтоно албай ыйлап жаткан болчу.

– Кызым, – деди атасы дагы кайталай. – башка түшсө байтал жорго болот деген кеп бар. Тагдырың ушул экен, көнүп отур кызым. Тексиз жердин кызы эмессиң. Башка не арга кыла алмак элек эми…

Айжан атасынын минтип сүйлөп жатканына ишенген жок. Трубканы ыргытып ийди. “Жо-ок!” – деди бакырып:

– Мен баары бир калбайм бул жерде!

Чуулдаган аялдар трубканы эми Жыргал эжеге беришти. Кыз ыйлап жатты. Жыргал эжеси телефондон көпкө сүйлөштү. Бир убакта макул болгонсуду окшойт, башын ийкеп тынчып калды. Кыз жалгыз куткара ала турган Жыргал эжесиндей көзүнө тигиле ыйлап сурап жиберди:

– Кеттикпи эже? Кетеличи, мени таштабаңызчы, суранам сизден?…

Жыргал эжеси Айжандан көзүн ала качып, кызды мойнуна кучактап өзү да жашып кетти.

– Кечир мени. Атаңдар баарын сүйлөшүп коюшкан турбайбы. Эми кантесиң кургурум. Кыздын тагдыры ушундай болот турбайбы…

Көрсө ачуу басарга баргандар атасы менен келишип алып анан телефон чалып атышыптыр.

Карап тургандар экөөнү бөлүп кетишти. Айжанды көшөгөгө кийрип, алар да ушинтип келгендиктерин жана элдин баары ала качып эле турмуш куруп жакшы жашап жаткандарын айтып сооротуп жатышты. Кыз бирин да укканга алы келбеди. Мээсинде ушул жерден чыгып кетүүгө жол издеп жатты. Жигити эсине түштү. Бирок ага кантип билдирет? Телефонун жана эле кайда калганын билбей калган болчу. Дендароо болуп эси ооп баратты, анын үстүнө эртеден бери наар сыза элек секелек ичке кыздын алы куруп, ыйлоодон башы ооруп, ачкалыктан колу калчылдап жашоосунун мындан аркысынан жарык көрө албай караңгы түндө калгансып, жардам сураарга, таянаарга жан издеп түпсүз караңгылыкка түшүп кетип баратканына жаны чыдабай көзү да жан дүйнөсү да караңгылашып баратты. Айласыз турду кыз. Жапжарык жашоосу бир заматта түнгө айланып калды. Келечекке койгон максаттары быркырап жок болуп, көзүнөн аккан тамчыдай улам бөксөрүп сиңип, жок болуп кетип атты. Эми эмне кылат? Өмүрүн кыйгысы келди. Ушинтип азап тарткыча өлүп калганы жакшыраактай сезилди ага. Бирок, антүүгө алы келбеди. Анын үстүнө, кызды Кудай таала ушинтип сезимтел, санаачыл жараткан турбайбы, үйдөгү жалгыз инисин эстеп кетти. Заматта бул үйдүн түйшүгүн өз үйүндөгүдөй элестетип ийди. Инисине ушинтип кыз ала качып келсе отурбай чыр салса эмне болмок эле? Анда кандай айла кылмакөзү? Тегерек дүйнөдө баары айланып келет эмеспи. Ушул көрүнүш үйдө болсо кантебиз деген ойду ойлоп жатты. Жанатан тибиренип айткан аялдардын да айтканы келип каргышка калуудан коркту. Атасынын сөзүн жерге калтырып уят кылуудан уялды. Ушунун баары биригип анан кыздын көк бет мүнөзүнүн мизин кайрып, муундарынын күчүн кетирип шалдайып баарына макул боло отуруп калуусуна алып келди.

Ушуну гана күтүп турган аялдар, кыздын башына жоолук салып жүздөрүнө жылмайууну кайтарып, кадимки той улана баштады. Короодо жаштар чогулуп музыка коюп, кайда болсо калбаган арак суудай агылып кыраан каткы шаан-шөкөт жүрүп жатты.

Ошентип, ал түнү тойдун шапааты менен билинбей таң агарды. Уктабаганга жана ар кайсыны ойлоп ыйлаганга Айжандын башы ооруп калыптыр. Көздөрү шишип, бөйрөктөрү отургузбай зыркырап жатты. Улам башка чоочун кишилер топурап келин көрүп келип жатышты. Кеч кирип калган кезде гана келин отурган үйгө молдо алып келишти. Баягы ак көйнөк кийген кызыл бет жигит күйөөсү экенин ошондо билди Айжан. Өзүн ага такыр теңдей алган жок. Кай тарабынан карап көрбөсүн өзүн андан бийик, өөдө сезди. Ага аял болуп, андан жаралган балдардын ата-энеси болуп жашап жаткандыгын такыр элестете албай жатты.

Түрдүү сүрөөлөрүн окуп болуп, молдоке ар кайсы тамактын түрү салынган суюктукту күбө болуп отургандарга жана келин менен жигитке ичирди. Андан соң бир топ кеңештерин айтып, шарыяттын эрежелеринен түшүндүрүп күйө менен аялдын милдеттерин айтып берген соң, молдоке нике кыюуга өттү.

– Жамгырбек кызы Айжан Мидин уулу Дамирдин түбөлүк жары болуп, аны менен турмуштун ачуу-таттуусун бирге тартып, анын жарымы, аялы болупкол кармашууга аны туттуңбу- деди Молдоке көшөгө артында отурган келинге кайрылып.

Бул учурда Айжан жаштыгы бүтүп келечеги түнөрүп баратканына ичи күйүп,эрксизден ичтен ыйлап отурган. Молдокенин айткандарын укпагандай унчуккан жок. Күбө болуп отургандар баары бир ооздон:

– Тутту, тутту, – деп ийишти.

Босого жакта отурган кемпирдин бири: “Кыздын унчукпаганы макул дегени дейт, Молдоке ишиңди улай бер, айланайын,” – деди Молдокени алкап.

Бир аз дагы бирнерселерин шыбыраган молдоке ушул суроону Дамирге узатты. Дамир башын ийкеп жооп берди.

* * *

Чыныгы азап,  кызга кечинде башталды. Жеңелер мурунтан камдалган төшөктү сыпаттап салышып, кызды жуунтуп тазалап анан төшөккө жаткырып чыгып кетишти. Көптөн кийин эшик “кыйч” ачылып жигит кирди.

Бөлмөдөгү тынчтыкка жигит апкаарый түштү. Эмне кылышты билбей жатты. Бардык кылган кыймыл-аракети олдоксон сезилип, ушундайда өзүн кандай алып жүрөөрүн билбей денесин майда калтырак басып турду. Антсе да көптөн-көп күткөн биринчи түндүн кызыгы ичинен от берип от алдырып, жигитти төшөктүн четине келип отургузду. Кыз үнсүз жаткан калыбында кыймылсыз эле.

– Айжан?..

Кыз жооп берген жок. Жигит кандай айла кылаарын билбегендей колдорун кыбыратып эки жагын каранып отуруп калды. Кантсе да эркек эмеспи, намыстанып дагы унчукту. Бул жолу үнү бир аз токтороок чыкты:

– Айжан, мени кечир. Мен сени мынча азапка салгым келген эмес. Жашоо ушундай турбайбы, маңдайыбызга ушул жазылыптыр, сен менин колуктум болуп калдың…

Жигит ушуну айтканда кыз күйүп кеткендей, кыймылдап ийди. Бирок, эч нерсе деп унчуккан жок. Дамир бир аз үнсүз отурду да, ушуну менен бири-бирибизди түшүндүк го дегендей, кийимин чечип төшөктүн четине коюп, кыздын жылуулугу менен жылып калган жууркандын алдына кирди. Ушундай калыпта дагы бир аз убакыт жатышты. Дамир акыры шерденди окшойт кызды өзүнө карай имере тартып, көзүнө тигилди. Кыз көзүн жумуп алды. Дамир Айжанды бир аз тиктеп турду да колун аста жиберип, кыздын ич көйнөгүн өйдө көтөрүп, кыздын трусасын шыпырып жиберди. Айжан эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Бүтүндөй жашоодон, капысынан бурулган тагдырынан, бүткүл адамдардан өч алып жаткансып, “менден алаарыңар ушул болсо алып тынгыла,” – дегендей тиштенип туруп берди. Каршылыктын жоктугунанбы, Дамирге канат бүткөнсүдү. Шыдыр эле кыздын үстүнө чыгып кетти.

Канчалык оор болсо да, болгон денеси оорудан сыздап жатса тиштенип жата  берди кыз. А түгүл тиштенген ээрди да канап кеткенин сезген жок. Болгону баарын башкача элестетип, ушул биринчи түндү тээ түпкүрдөгү кыялында күтүп жүргөн кыял-оюу үстүндөгү жигит олдоксон кыймылдаган сайын урап жок болуп, бузулуп бара жатты. Баары бүттү деди оюнда.

Энттикен жигит тураары менен кыз өзүнөн-өзү жийиркенип кетти. Аласындагы былжырак суюктукту ылдам аарчып жок кылгысы келип кетти. Жада калса ушундайда да алсыз, эрки жок экенине ичи күйдү. Аялзатына бүтүндөй аалам каршы тургандай сезилип турду Айжанга.

* * *

Эртеси кечке-жуук кыздын артынан дагы бир куугун келди. Кайрат келген болчу. Бирок, баары кеч болуп калган эле. Айжан эбак тагдырына башын ийип отуруп калган болчу. Эмне болсо да алып кетем деген жигиттин колунан эч нерсе келген жок. Айылдын жигиттери үйдөн ары сүйрөп барып, муштум көрсөтүп ийишкен болчу. Ары тегеренип бери тегеренгенинен айла чыкпай жигит аргасыз кайтып кетти.

* * *

– Уулум, жүрң. Жүрчү, кел сүйлөшөлүчү?

Түнкү желге ич көйнөгү сапырылган эне уулунун артында турду. Дамир унчуккан жок. Кулдурттаган арыктан азыбанынан чыгарчу жолдун ачкычын көрүп жаткансып тиктеп тура берди.

– Кантсем азабыңды бөлүшөм, кургур уулум ай… Мени азапка салбачы уулум…

Эненин үнү диртилдеп чыгып жатты. Бул саам энесин аяп кеттиби Дамир:

– Эне, кире берчи, – деди буйруп.

– Кантип? – деди эне: – Кантип? Сени ушундай азапка калтырып кантип кирип кетем? Андан көрө айтчы, эмне кылалы? Сүйлөшкөн кыз тапкыча токтой турсак эле болмок экен, куураган башым ай…

Эне чындап өзүн күнөөлөп жиберди. Уулу дүңкүйгөн калыбында дагы сүйлөдү:

– Кеч… Эми баары кеч болуп кетти! Ушуну кааладыңар беле?! Бактылуусуңарбы, ыя?!

Эне унчуккан жок. Күнөөлүдөй жер карап туруп:

– Ажырашасыңбы?

Дамир дүңкүйүп кайра үнсүз боло калды. Уулунун азабынан арылтчу жол тапкансып сүйлөп жатты энеси:

– Мейли, ажырашсаң ажыраш уулум. Эми баары сен каалагандай болсунчу.

Жигиттин дүйңкүйгөн денеси “хик” деп күлгөн чолок күлкүсүнөн кыймылдай түштү да, бери карап тура калды.

– Эне кеч болбодубу? Айжан эмне болот? Эрден чыккан деп аны ким алмак эле? Кантип жашайт, айтчы?!

– Ушуну менен эле жашоо бүтүп калмак беле? Дамир, уулум ондогон адамдар ажырашып кетип эле кийин жакшы жашап калып жатышпайбы?

Дамир түнөргөн калыбында кол шилтеди.

– Мейли.

Эне түшүндүрчү дегендей баласынын көзүнө тигиле жооп издеп жиберди.

– Эмне дейсиң? Ажырашасыңбы?

– Мейли, жашай беришсин. Ажырашып жашай беришсин. А мен ажырашпайм! Башыма ушул жазылган болсо тартам баарын.

Эне уулун түшүнө албай жатты. Бирок, ал муну чын дилден айтып жаткандыгын, не кылса да кайтпай турганын сезип, унчуккан жок. Уулун аяп турду. Ошондуктан сөздү башкага буруп кетти.

– Жүрү анда, кирелиби үйгө?

Түнкү желдин муздагын эми сезгендей кымтыланды.

– Жок, кире бер өзүң.

Эне айласыз айланчыктап үйгө кирип бара жатты. Дамир дагы эле арыктын жээгинде отурган.

Дамирдин башында миң сан ойлор удургуп өтүп жатты. Эми эмне кылат? Ушундай кантип жашоо болсун? Буга чейинки күндөрүн эстеп жатты. Той бүткөн соң Айжандын таарынычы жазылып, баары ордуна келет го деп ойлогон бирок, андай болгон жок. Тескерисинче Айжандын жүзү ого бетер түнөрүп, үнсүз сүйлөбөс болуп алды. Суроо берилсе кыска гана жооп берип коет да. оокат жасап жүрө берет кечке. Кечинде төшөк салынып жаткандан кийин албуут жанга айланып кетет. Дамирди жакын жолотпой, сүйлөсө кагып салып, кармаса колун силкип кошулууга такыр макул болбой койду. Дамир эмне айла кылса да жактырбай түртүп, жээрип итиркейи келип кетет. Ошондой түндөрдүн биринде Дамир ызасына чыдабай асынып алган болчу. Кудай жалгап энеси көрүп калып сактап калган. Андан кийин да Айжан оңолгон жок. Күн өткөн сайын ого бетер күчөп, тетирленип Дамирди тепкилеп жакын жолотпой чыкчу болду. Ансайын Дамир ызаланат. Бирок, кылаар айласы калбай баратты. Бүгүн да кеч киргенден тартып, Айжанга жагынуунун аракети текке кетип, минтип ызаланып эшиктеотурат. Ажырашып кетейин деп да ойлонуп көрдү бирок, Айжанды ушунча ыйлатып, тагдырын бузуп койгондон кийин аны таштап ажырашкысы келген жок. Баарына өзү күнөөлүү экенин сезип аргасыз чыдагандан башка арга таппай турду. Балким келечекте баары жакшы болуп кеткиси бардыр. Бирок да, келечекте балалуу болуп, бактылуу үй бүлөнүн ээси болуусуна көзү жетпей жатты. Келечек жөнүндө ойлонгусу да келген жок. Бир гана  ушул суук түндөрдө дагы далай азап чегээрин сезип турду азыр. Өзү да, ушул учурда жаздыкка жашын төгүп ыйлап жаткан Айжандын да ушул суук түндөргө, жалгыздыкка, жек көрүүшүүлөргө, чоочунсуп алыстоолорго, кантип келип калганын биле албай жан дүйнөсү сыздап ооруп, бүтүндөй тагдыры бул азаптын түбүнө качан жетээри белгисиз, туңгуюкта сорулуп кетип бара жатканын билип, Айжан менен кошо, өзүн да ошол белгисиз караңгылыкка, армандуу айсыз түнгө ала качып келип алганын сезип жатты Дамир…

 

t_usonovТоктобек Үсөновдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.