Токтосун Асанбек уулу

Toktosun_Asanbek

Өмүр баяны

(Өзүнүн айтып берүүсүндө)

Мен 1963-жылы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун, Иле-Казак автономия облусуна караштуу (Кытайда “район” деген түшүнүк облустан чоң болуп, край дегендей маани берет) Текес ооданын Көк-Терек Кыргыз улуттук айылында, Ак-Сай деген көктөөлүктө, жерден көк көтөрүлүп, төл түшүп жатканда дүйнөгө келиптирмин.

1983-жылы Иледеги №1 Педагогикалык мектебин бүтүрүп Көк-Терек орто мектебинде окутуучу болуп иштей баштап, 1985-жылдан 1987-жылга чейин Иле агартуу институтунда тил жана адабият боюнча атайын билим алгам.

Басма бетиндеги чыгармачылыгым 1983-жылдан башталган. Азырка чейин ыр, карасөз, башкысы адабий сын жана «Манас таануу» боюнча эмгектенип келем.

Андан бөлөк Шинжаң агартуу басмасы жагынан чыгарылып жаткан орто мектептердин жаңы окуулуктарын түзүүгө катышып келе жатам.

Мен Шинжаң жазуучулар коомунун жана Шинжаң оозеки адабиятчылар коомунун мүчөөсүмүн. 1983-жылдан 2007-жылга чейин Текес оодандык №5 орто мектепте, 2007-жылдан буга чейин Текес оодандык толук орто мектебинде жогору даражалуу илимий атагым бар тил-адабият окутуучусу болуп эмгектенип келе жатам.

1996-жылы «Шинжаң Эл басмасы» жагынан «Алоо» аттуу аңгеме повесттер жыйнагым, 2004-жылы «Иле кыргыздары» (1) тому (башкалар менен биргелешип) «Шинжаң Эл басмасы» жагынан, ошол эле жылы дагы «Иле кыргыздарынын жөрөлгөлүү маданияты» аттуу китеп (башкалар менен биргелешип) «Шинжаң илим-техника басмасы» жагынан жарык көргөн. 2011-жылы «Шинжаң кыргыз адабиятынын 30 жылдык торколуу тою» деп аталган маарекеде «чыгаан калемгер» сыйлыгын энчилегем.

2013-жылы «Сырга толгон чыгарма сынга да толот» аттуу адабий сын жана манастаануу боюнча көлөмдүү макалалар жыйнагым Шинжаң Эл басмасы жагынан өкүмөттүк планга тандалып жарык көрдү.

 

Эмгектери

Каныкей эне жана Найман эне

“Манас” жана “Огузнама”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.