Агындылар

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Өрт» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878

(Башы өткөн сандарда)

Арам айбанды адал малга жолотпогула деп, эшекти баары эле кодулап турушчу. Атка чөп салса, эшекке аттан калган шакелин салышчу. Эшек байкуш аттай багылбады, аттай атак-даңкка да, аттай урмат-сыйга да жетпеди. Бирок, баарына кайыл бул макулук аттан кадырын талашкан жок, атка жетүүнү ниет да кылган жок. Короодогу жан-жаныбар бүткөндүн эң кадыр-барксызы өзү экендигине карабастан адамдан бир кадам да карыш жылбай, кыялын да көрсөтпөй, качып да баса бербей, бар күчү менен эшектей жашап, эшектей иштеп берди.

 

* * *

Акыры кыргыздын ындынын өчүрүп, ат мингизбей атын тартып алып, эшекти ит аткандай аттырган доор да өттү. Эшек менен балдар суу ташыса, чоңдор чөп ташыды. Элдин жеңилин жерден, оорун колдон алды. Эшектер жөнүндө мен кийин поэма жаздым.

Ушуну менен «Өрт» деген бөлүк соңуна чыкты, алдыда «Нарын» деген бөлүктү окуй аласыздар.

Нарында иштеп жүргөн кезим. Бир күнү эле телефон «чыр» деп, гезиттин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Мырзабек аке тутканы кулагына тосуп сүйлөшө баштады.

– Канча бензин дейсиң? Машиненин жарымынан көбү ашып калдыбы? Ждановго алып бардыңарбы? Албай койдубу? Куйбышевгечи? Ал дагыбы? Анда Нарын сууга алпарып төгүп жибергиле! – деп трубканы койду.

Телефон кайра «чыр» этти.

– Аксакал! Аксакал! – деген үн чыгып жатты ар жактан.

– Угуп жатам! – деди Мырзабек Райымбеков сыр бербей.

– Эки машине ун менен азыр эле Рыбачьеден келдик. Кайда алпарып түшүрөлү?

– «Эмгекчил» колхозуна түшүргүлө.

– «Эмгекчилге» кечээ эле түшүрбөдүк беле, аксакал?

– ЦКадан текшерүү келатат, эки машинени тең «Эмгекчилге» түшүргүлө, – деди.

– Мырзаке, тамашаңызды коюңузчу? – дедик.

– Телефонду оңдоп койсоңор боло деп канча айттым. Мына өзүңөр көрдүңөр. Редакция эмес эле обком партиясынын бөлүмү болуп калдым, керээлден – кечке ушул, макала жазбай эле облустун чарбаларына ун менен бензин таратып чыкчу болдум, – деп каткырды.

Мындай «бузулган телефондор» Нарын шаарында ошол кезде жетиштүү болучу.

 

* * *

«Керек болсо бензинди Нарын сууга төгүп жиберчүбүз» дегенге бүгүн ким ишенет? Бирок, бул карандай чындык.

 

* * *

Турганбек жаш кезинде Тянь-Шандай сулуу жигит эле. Бир кызыгы, Тянь-Шандын сулуу жигиттери интеллигент чалыш, жоош, адептүү болсо Ат-Башынын сулуу жигиттери колдон суурулган шылуун, өткүр, тентек болорун көп байкадым.

 

* * *

Турганбек менен таанышкан күндөн баштап эле анын арамдыгы жок тазалыгы азгырып, бир тууганыма ишенгендей ишенип, дарооле дампаңдап ээрчип кеттим. Ишенгенимден улам Ат-Башыны таштап, Нарынга келип, анын шаардын батыш жагындагы эшиги эки карыш, айнеги бир карыш болгон кичинекей квартиринде далай ирет жатып да, жатпай да жашадым. Ошол бойдон 83-жылга чейин чогуу жүрдүк.

 

* * *

Эч кимге айтпаган сырымды Тукан эжеме айтып:

– Туке, мен окуй албай калдым окшойт. Жаш да өтүп баратат. Ошондуктан кыз издеп убара болбой күйөөсү менен ыркы келишпей жүрүп ажырашып кеткен мыкты жубан болсо таап бер? Эң башкысы, менин турмушумду түшүнгөн, жан дүйнөмдү түшүнгөн, жакшылыгым менен жамандыгымды бөлүшө билген, сыйлай билген келин болсо болду, – дегеним эсимде.

Көрсө, аркы – беркини ойлоп, көп балалуу эже-жездемди аяп, кокус кыз алсам калың төлөй албасымды билип туруп ошентсем керек.

 

* * *

Турганбек ошондо Күнчыгышы Теке-Секирикти тээп, Күнбатышы Ак-Кыяга арта салынган «жалгыз көздүү» Нарындан, жалгыз көчөлүү дегеним, мен сүйгөн кыз тапкан менен мени сүйгөн кыз табалбай убара болгонун билем.

 

* * *

Бирок, турмуш баары бир сен ойлогондой болбойт экен. Мен Нарынды таштап, шаарга иштеп кеттим. Турганбек Шайыков азыр Нарындын мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы редактору.

 

* * *

Дүйнөдө Нарын деген шаар бар экенин биринчи жолу 4-класста окуган классташым Кеңешалыдан уккам. Кеңешалы бир жыл бою Нарында дарыланып жатып орусча үйрөнүп келип баарыбызды тамшандырган. Танаписте жанына бара калсак орусча сөгүнүп, кара Кеңешалы аппак болуп, жакшынакай көкүл койдуруп келгенин көрүп алып аябай суктангам. Кеңешалы бизге Нарындын асман тиреген үйлөрү болорун, өйдө карасаң шапкең башыңдан түшөрүн, эки кабат «Универмаг» деген чоң дүкөнүндө бары-жоктун баары сатыларын, көчөсүндө эл ташыган автобустар тынбай жүрүп турарын айтып оозубузду ачырган.

– Балдары чач койдурат бекен?

– Кичик класстарынан бери чач койдурат.

– Ом-иий! Сонун экен ээ?

Түн ичинде төшөгүмдө уктай албай, бат эле чоңоюп, Нарынга кетип калып, чач койдуруп жүргүм келген.

 

* * *

Кайсы бир жылдары мектепке Нарындан жаңы кыз келди. Чуркаса эле шөлп-шөлп этип, биздин кыздардын пальтолорунун этеги шөлбүрөп шыйрагында жүрчү эле, чоочун кыздын пальтосу такыр башка, татынакай, тизесинен келген чолок пальто экен. Буга дейре мындай жарашыктуу кийинген кызды өмүрү көрөлек болчубуз. Өзү да аппак болгон сонун, сулуу кыз экен. Бир жумадан кийин эле баары, алтургай чоң класстын балдарынан бери мурдагы сүйлөшүп жүргөн кыздарын таштай салып, бүт эле ошол кызды сүйүп калбадыбы. Карасам, о кудай албагыр, сүйүп калгандардын арасында мен да жүрөм.

 

* * *

Бирок, баягы эле балбан, спортсмен, жакшы окуган, өңдүү-түстүү, шылуун балдар жулунуп алдыга чыгып, мага окшогон көрксүз, жупуну, өңсүз-түссүз балдар артта калдык. Кечинде жатып алып, чоң класстагы балдарга алым жетпесе дагы өзүмдүн классымдагылардын ичинен кимиси кызды «ээлеп кетиши мүмкүн?» деп, балдардын баарын көз алдымдан өткөрүп кирдим.

Биринчи – «Бейшеналыны кыздардын баары «бышылдак» дешет. Анын үстүнө ал урушканда эркекче урушпай, кыздарга окшоп бетти тытып жиберет. Аны сүйбөйт».

Экинчи – «Аманакун классынан көчпөй калып бизге келген. Бир жолу сабакка атасынын керзи өтүгүн кийип келип, атасы класска келип урушуп, бутунан чечтирип кеткен. Аны да сүйбөйт».

Үчүнчү – «Жусуп жакшы окуйт. Анын үстүнө парторгдун баласы. Бирок, кыздар аны «чил моюн» дешет. Сүйбөйт болуш керек».

Төртүнчү – «Кеңешалынын эси-дартынын баары эсеп. Качан көрсөң эле эсеп чыгарып олтурат. Сүйбөйт».

Бешинчи – «Зарлык таз болуп өткөн жыл Нарындын доктуруна жатып чыккан. Кыздар «таз» деп жаман көрөт. Сүйбөйт».

Алтынчы – «Сапандын эрди желки. Сүйбөйт».

Жетинчи – «Орустун (дагы бир Бейшеналы) көзү көк, сүйбөйт».

Сегизинчи – «Дардаш байдын баласы. Жакшы бала. Бирок, баягүнү линейкада осуруп жиберген. Сүйбөйт».

Тогузунчу – «Жумалы спортсмен. Топту биринчи линияга чабат. Кыздардын баары жакшы көрөт. Анын үстүнө баягүнү аппак болгон футболкасына кыпкызыл боёк менен «№1» деп жаздыртып алыптыр. Аны сөзсүз сүйөт. Жумалы өтө коркунучтуу».

Онунчу – «Менин мурдум чоң. Өңүм анча эмес. Чачым жок. Бирок, катты мендей эч ким жакшы жазалбайт. Сүйүп калышы мүмкүн» деген ойго келдим.

 

* * *

«Жумалы менен сөзсүз сүйлөшүп, «ансыз деле сенин кызың көп, бул кызды мага бер, мен сага жаңы боёлгон бир баштык чүкө берем» деп сүйлөшүшүм керек деп, бир күнү:

– Жуке, ушул кызды сен сүйбөй эле койчу? Кааласаң, жаңы боёлгон бир баштык чүкө берейин. Мен сүйөйүнчү,- деп атып араң дегенде макул кылдым.

 

* * *

Жумалыны макул кылган менен кыз мени «сүйөбү, жокпу?» аны такыр ойлонбопмун. Сүйүүдө ар жок деген чын экен. Өңүм жоктугуна карабай ысып-күйүп, жер-сууга батпай, элеп-желеп болуп ченебей сүйдүм. Кат артынан кат жаздым. Катымдын бир эле сабын окуп калса кыз дароо ашык болуп, ата-энесинин: -Кой, ал деген жетим бала, ата-энеси жок болсо, кимди куда кылмак элек,-дегенин укпай, көз жашын көлдөтүп, таарынып, күнү-түнү тамак ичпей:

– Мага андан башканын кереги жок, тагдырыма балта чаппагыла! Мен аны сүйөм! Сүйөм! Эгер бактымды байласаңар, Ат-Башынын суусуна агып өлөм!- деп, сөзсүз өз таалайын коргоп чыгат болуш керек деп далилдеп, бир жазганымды миң жазып, кайта-кайта көчүрүп, Алыкулдун ырларынан кошуп, элесепеди бар Турсунаалыны «почтальон» кылып, жооп бербегенине болбой боо түшүп, кат артынан кат жөнөтүп, «алгебра», «физика» деген сабактардан жалаң эки алып, а, кудай албаган мен ай, мээм айланып, кат менен гана жашап калганымды сураба.

Ошондой күндөрдүн биринде «почтальонум» мага өтө жаман кабар апкелди.

«Эмне деди?» дебейсизби? Кыз:

– Мурду чоң экен, – деп болбой койду деди. Аябай жиним келди. Кызга эмес, мурдумдун чоңдугуна. Кечинде эч кимге көрүнбөй күзгүдөн мурдумду дагы бир жолу карадым. Класстагы балдарды элестетип, алардын мурдуна салыштырсам чын эле менин мурдум чоң экен. «Байкап калганын карасаң! Манастын деле мурду чоң эмес беле?» деп ичимден актанганым менен баары бир өзүмдү жубата албай койдум. Көпкө дейре эч кимге кошулгум келбей жаман болуп жүрдүм.

(Уландысы бар)

«Де-факто», 08.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.