Жаңылмачтар

* * *
Эртең аркарлар марчага марчалайт,
Эртең аркарлар марчага марчаласа,
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай,
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?

 

* * *
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.

 

* * *
Былкы-былкы былкы таш,
Былкылдаган кызыл таш,
Таар токум чаар таш,
Тайгаланма кара таш.

 

* * *
Асманда эки айры куйрук
Бири ак кыска айры куйрук,
Бири кара кыска айры куйрук,
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот.
Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот.

 

* * *
Кара каргаларга ала каргалар үйүр,
Ала каргаларга кара каргалар үйүр

 

* * *
Ай, ай Айдарбай
Ай арасы айгырды
Айымыңа айдай бар

 

* * *
Тектирдеги текеге
Тептирбегин чекеге

 

* * *
Тээ арал – тар арал
Тар аралда – марал бар
Марал бар арал – тар арал
Ал аралда маралдар

 

* * *
Балыктар балырларды байырлады,
Бакалар балырдан балыктарды айырмалады.

 

* * *
Тоодо улар уялайт,
Уларды ар ким кубалайт.
Уларды кубалайт,
Улар уялайт.

 

* * *
Тоголок топту Толкунбек,
Тоголотуп тепти деп,
Толгон балдар чогулду,
Топту Толкун берсин деп.

 

* * *
Аарыларда баары бар,
Бал челекте аары бар,
Аарыларда балы бар,
Ары жакта дагы бар.

 

* * *

Бат айтма

1.
Көпкөк
Көгүчкөн,
Көгүлтүр
Көрккө
Көмүлгөн.
Көрдүңбү
Көйкөлүп
Көрүнгөн,
Көк түстүү
Көлдүү өөп
Көбүргөн.

 

2.
Көпкөк
Көпөлөк,
Көп болуп
Ккөкөлөп,
Көргүн деп,
Көксөтүп
Көңүлдү
Көтөрөт.
Көңүлдү
Көтөрүп,
Көк, кызыл
Көйнөгүн
Көп кызга
Көрсөтөт.

 

3.
Аппак
Ак ыргай,
Ак ыргай
Агын ай.
алсам дейм,
Акыйтат,
Аска таш,
Алдырбай.
Аска таш
Акыйтат,
Атаны
Арманы ай.
Азабы
Аз эмес,
Ар иштин
Ар кандай.

 

4.
Бек тоо,
Бекем тоо,
Бер жагы
Бермет зоо,
Бермет зоо
Берметин
Берери
Бекер го.
Белгисиз
Бир бейбаш
бей жайлуу
Бек зоого,
Бермет деп,
Бекерге
“Бек” атты
Берген го.

 

5.
балдар,
Баарыңар,
Бул ырды
Башынан,
Байкап,
Барыңар.
“Б” ны

Бат “б” лап,
Бат окуп
Багыңар.
Бабыр,
Бабыраар,
“Ба-ба” лап
Балдыраар,
“Бай-байлап”,
“Бай-Байлап”
Баш чайкар,
Бабырлар.
А.Осмонов.

 

* * *
Ала кара таз тазкара аскада
Ала бала таз тазкара арчада

 

* * *
Базарды араласаң карала чаң,
Калдарды кардарлар алдайт,
Калдар кардарларды алдайт.

 

* * *
Ыргый шыргый.
Жогортодон келемин шыргый минип,
Шыргыйыма ыргый минип.

 

* * *
Шаштырсаң – шашыласың,
Шаштырсаң – чачыласың,
Ачтырсаң – казынасың,
Айтасың – асыл азын.

 

* * *
Көп-көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлок өтөт.

 

* * *
Чака-чука чайнек.
Сынып калат айнек.

 

* * *
Чагы бар там, чалдыбар там,
Чабалекей чаңкай асман.
Чаар чымчыктар, чар-чар этип,
Чар тарапка чабыттаган.

 

* * *
Бир чапчакты кир капкак,
Бир чапчакты бир капкак.

 

* * *
Карап кара карандашын,
Учтап карандашын карындашым,
Учтады карындашым карандашын.

 

* * *
Кезек-кезек
Тезек терсек,
Керек дешет
Кезек тезек.

 

* * *
Кырк кыл куйрук,
Кырк кызыл куйрук,
Кырк кыл куйрук ичинде
Ылгый кызыл кыл куйрук.

 

* * *
Кулубай көөгөндү чертсе
Кулун куйругун серпти.

Кулубай кулунду куйруктан алса,
Кулун Кулубайды бир тепти.

 

* * *
Ч – тамгасына сөз.

Чыныбай чалгы менен чөп чаап, чаңкаганда чалаптан чайкап, чарчап чаалыкканда, чиркей Чыныбайдын чыканагын чаңырта чакты, чиркей Чыныбайдын чыканагын чаңырта чакканда, чырайлуу Чынар чайканадан чуркап чыгып, Чыныбайдын чыканагын чүпүрөк менен чие чатыратты.

 

* * *
Турдубай түштө,
Тултуңдап турду.
Тооктордун куйөөсүн
Таяк менен урду.
Тамды айланып корозду
Далайга куду.
Күйүктү короз
Кышылдап мууну.
Кукулдап коет
Жактырбай чууну.
Турдубай жалко
Түшүнбөй муну
Таш менен таамай
Так башка урду.
Жыгылды короз
Канжалап мурду.
Турдубай коркуп,
Көңүлү сууду.
Өлгөнүн көрүп
Чачтарын жулду.
«Ит талады»,- деймин деп
Планды курду.
Он тооктун күйөөсү
«Кук» этпей көз жумду.
Отуз балапан атасын
Ушинтип кудай урду.

 

* * *
Рыбачылык Раймаалынын ролундагы Райымбердиев Руслан Рахатович Россиялык режиссер Родовко Ригадагы «Рим» ресторанынан: – республикасын, райондорун, реформасын, рыногун, руханиятын, рингтеги Русланын, Репер Расулун, Рыбачыдагы Регинанын рагусун, рулеткасын, Рамистин радиодогу репортажын, румынский ручкасын, акырында Рысбек Рембодой рекеттерин да рахаттана рекламалады.

 

* * *
Бир коон, бир дарбыз,
Бир күн кечке ырдайбыз.
Эки коон, эки дарбыз,
Эки күн кечке ырдайбыз.
Үч коон, үч дарбыз,
Үч күн кечке ырдайбыз.
Төрт коон, төрт дарбыз,
Төрт күн кечке ырдайбыз.
Беш коон, беш дарбыз,
Беш күн кечке ырдайбыз.

Он коон, он дарбыз,
Он күн кечке ырдайбыз.
Опур-топур баарыбыз
Орок оруп ырдайбыз.

 

* * *
– Эй, тегирменчиникиндегилерденсиздерби,
же, гезитчиникиндегилерденсиздерби,
же, эсепчиникиндегилерденсиздерби,
же, электрикчиникиндегилерденсиздерби,
киши сүйлөсө токтогондордонсуздарбы,
же, койдон жоош коноктордонсуздарбы?

– Бирибиз – тегирменчиникиндегилерденбиз.
Экинчибиз – гезитчиникингегилерденбиз.
Үчүнчүбүз – эсепчиникиндегилерденбиз.
Төртүнчүбуз – электрикчиникиндегилерденбиз.
Эркек сүйлөсө токтогондордонбуз,
кыз сүйлөсө токтобогондордонбуз.

 

* * *
Бул кайсы оозу май тайлак?
Бул кайдагы май, сары бал каймак?
Бул оозанган оозу май тайлак,
Бул сүр, сары май бал каймак.

 

* * *
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томоголойт,
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томогологондо,
Биз бүркүтүбүздү томого менен томоголобой,
Ким бүркүтүн томого менен томоголойт.

 

* * *
Жылкы жыйырмага чыкпай картаярбы?
Картайган жылкынын сөөгү аркаярбы?
Картайганда картаң жылкыны
Картайган киши кайтарарбы?

 

* * *
Адыраңдаган – Адыраңбайбы?
Калпты көп айткан – Кадыраңбайбы?

 

* * *
Сен ардандыра албасаң,
Мен ардандыра алмак белем.
Мен ардандыра албасам,
Сен ардандыра алмак белең.

 

* * *
Алаңгазардын алаңгазарлыгы
Алаңгазарды алаңгазарлатпадыбы.
Алаңгазардын алаңгазарлыгы
Алаңгазарды алаңдатпадыбы.

 

* * *
Атаң баккан уйлардын
Көпчүлүгү – сары ала.
Азырагагы – кара ала.
Атам баккан уйлардын
Көпчүлүгү – кара ала,
Азыраагы – сары ала.
Ишенбесең экөөнүн
Бүт уйларын арала.

 

* * *
Кара балапан
Карап алакан,
Кайра акыят
Карап алакан.
Карды кампайсын,
Кана балапан?
Таруу, күрүчкө,
Толсун алакан.
Топтоп чокулап
Тойсун балапан.

 

* * *
Көк чөп көп,
Көпкөк чөп.
Көк чоптөн көп
Көпкөк чөп.

 

* * *
Өйүзгү арал,
Бүйүзгү арал.
Өйүзгү аралды
Мал аралаар.
Бүйүзгү аралды марал аралаар.

 

* * *
Кыркы кыл куйрук,
Кырк кыл куйрук ичинде
Кыргый кызыл кыл куйрук,
Кыргый кызыл кыл куйрук.

 

* * *
Жаңыл айтты жаңылмач,
Жаңылмачты жаңылтпас.
Жамал айтты жаңылмач
Жаңылмачын жан укпас.

 

* * *
Алмаз кагазга
Каз деп жазды.
Апаз жазууну
Жаз деп жазды.
Казда тамга азбы,
Жазда тамга азбы
Деп да алар жазды.

 

* * *
Анар алма алды,
Алмаш анар алды.
Алмаш алма алам деп,
Анар анар алап деп,
Алмашып адашып калды.

 

* * *
Үч кышты
Бет ташка төшө.
Үч ташты
Беш кышка төшө.

Тамдан кулап,
Тамым урап.
Чунак кулак улак
Чуркап турат.
Алыкул Осмонов

 

* * *
Оюнсаак Омор
Ойлонсо оңоор.
Обу жок ойнун
Ойнобой коёр.

Ак таш, көк таш,
Алды Бекташ.
Ал деп боз таш,
Калды көп таш.
Абзий Кадыров

 

* * *
Багымда бал аары бар,
Байкагыла баарыңар.
Байкабасаң аарылар,
Баш көтөртпөйт баарылар.
Баарыласа аарылар,
Бакыргыла баарыңар.
Бакырбасаң баарыңар,
Балээ болот аарылар.
Абзий Кадыров

 

* * *

Ашың болбосо да, кашың болсо,
Кашың да болсо, ашың да болсо.
Ашың да болсо, кашың да болсо,
Кашыңды да, ашыңды да,
Кабаттап берип эле койсо.

 

* * *

“Ал” да, “тын” деген “алтын” дейт.
Алтынды ал да, тын дейт.
Адам алтын, алтын, алтын дейт.
Алтын адамды жейт.
Адамды алтын жейби,
Алтын адам жегич дейби?

 

* * *

Азан айткан Алтыбай,
Ай чыкканда жартылай,
Азан айтат Алтыбай.
Алты ай болду Алтыбай,
Азан айтат калтырбай.

 

* * *

Азанда асылган казан кайнадыбы,
Казанга салынган эт таза кайнадыбы?
Үстүнө чыккан кара чийкөбүк,
Кара казандын каймагыбы?

 

* * *

Азиздин катасын атасы табат,
Атасынын бадасын Азизи багат.
Атасы үчүн Азизи азизби,
Азизи үчүн атасы азизби?

 

* * *

Ай, ак кеме, ак кеме,
Ак кеме келер бат эле.
Бат эле келсе ак кеме,
Ак кеме келди бат дебе.

 

* * *

Айперинин чоң энеси Акчолпон,
Айперини таап келди чоң жолдон.
Айперини таппаганда чоң жолдон,
Айпериси коркуп калмак койлордон.

 

* * *

Айсулууну айдай сулуу кыз дешет,
Айдай сулуу кызды Айсулуу дешет.
Айсулуу айдай сулуу кызбы,
Ай Айсулуудан да сулуубу?

 

* * *

Ак карганын карасын кара,
Кара карганын агын кара.
Агына кара жарашпайт экен,
Карага ак жарашат бекен?

 

* * *

Ак көгүчкөн,
Көк көгүчкөн,
Ак көгүчкөнгө көрүшкөн.
Көк көгүчкөн,
Көк көгүчкөнгө көрүшкөн.
Ак көгүчкөн,
Ак көгүчкөн көк көгүчкөнгө көрүштүбү?
Көк көгүчкөн ак көгүчкөнгө көрүштүбү?

 

* * *

Ак куш – аппак куш,
Ак куштун аппагына айранмын.
Ак куштун аппактыгы актыгындай айрандын.

Абдыкерим Муратовдун “Үч жүз жаңылмач” китебинен алынды.

 

* * *
Ак чайнекке көк капкак,
Көк чайнекке ак капкак.

 

* * *
Маш буурчак таптаттуу
Таш буурчак капкатуу.

 

* * *
Айтмак белем мен калпты
Анда оозун байкаштыр
Үзүлүп кетип үзөнгү
Үсөн ооп түзөлдү
Үсөн күчтүү болбосо
Үзүлмөкпүүзөнгү.

 

* * *
Токол музоо сүзөнөөк
Моюнчасын үзөнөөк
Сүзөнөөк, үзөнөөк
Байлап салдык үчөөлөп.

 

* * *
Көзү бүтүк, үч күчүк ушуп
Үч күчүк үшүп, үнү бүтүп.

 

* * *
Аттокурга ат бактырышты,
Атка бат аткастырышты
Бастырмага атты
Бат башбактырышты
Бастырманы бат,
Бат баткак кылышты.

 

* * *

Ал аралда да марал,
Бул аралда да арал,
От экен маралга да арал,
Оттосун аралга да марал.

 

* * *

Аттап барып алты кучак отун алдым,
Алты котур нарга артып алдым.

 

* * *

Ай, ай, Айдарбай!
Кызыл мүйүз уюңду,
Үйүнө айдай бар.

 

* * *

Алабатага алабаталатпастан,
Алабатага алабаталатып,
Алабатага алабаталатабыз.

 

* * *

Бадал арал, бадал арал,
Бадал аралда оттогон бала марал.
Бактияр бээсин алабатага
Алабаталатам деп барып,
Алабатага өзү алабаталанып калды.

 

* * *

Бир ак чымчык,
Эки ак чымчык,
Үч ак чымчык,
Төрт ак чымчык.

 

* * *

Бул кай бал каймак?
Кудагыйга сакталган.
Сүр (кур) бал каймак.

 

* * *

Бул кайсы арал?
Каргалы арал.
Камыш башын кайрып,
Карга уялар.

 

* * *

Бир түп тыт,
Бир түп турп,
Турп тытты түртөт,
Тыт турпту түртөт.

 

* * *

Жогор жактан сел келет,
Сегиз серке тең келет.
Куйругун кумга малып келет,
Сакалын сууга салып келет.

 

* * *

Маң-маң кашка коюм,
Бешөө беш башка коюм.
Тиши ушак коюм,
Буту тушак коюм.

 

* * *

Кулалы деген куш имиш,
Аны томоголомок кыйын иш имиш.

 

* * *

Жалаярда бар дейт го бир Тайкарбай,
Менин айткан Тайкарбайым бай Тайкарбай,
Сенин айткан Тайкарбайың кай Таркарбай?
Такыр жерге коюңду жай, Тайкарбай.

 

* * *

Сен эмне мага олураясың?
Олураярыңа олурай!

 

* * *

Кудаяр менин кудам эле,
Кудаяр мени кудалай албады,
Же Кудаярды мен кудалай албадым.

 

* * *

Жаш кайышты токмоктошпойсуздарбы?
Жаш бүркүттү томоголошпойсуздарбы?

 

* * *

Чамгаракта чарт элек,
Чартылдашкан эки элек.
Босогодо эки элек,
Болтулдашкан эки элек.

 

* * *

Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат,
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырса,
Биз кыргыйга кырк кыл куйрук алдырбай,
Ким кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат?

 

* * *

Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтат,
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтса
Биз сыбызгыбызды сызгырылтпай,
Ким сыбызгысын сызгырылтат?

 

* * *

Кулаалы «куш» жүрөт имиш,
«Куу» дегенди сүйөт имиш,
Өзүн бүркүтчө томого менен томоголомок,
Ал кушча качырып соного соноломок.

 

* * *

Оторбай, Оторбай, үйүңдү отоло!
Аны мен отолобой ким отолойт?

 

* * *

Кудаяр деген кудам бар эле,
Кудаярды үч жылы кудаладым эле,
Кудаяр мени үч жылы кудалай албай койду,
Кургурум куу жолдо кудалаган эле.

 

* * *

Кулаалы деген куш имиш,
Томоголомок мүшкүл иш.
Жандай басып жанына,
Алдырып койсоң кыйын иш.

 

* * *

Чоң ача таш,
Кичи ача таш.

 

* * *

Чыт тыштуу эски ичик,
Чыт тыштуу эски ичик.

 

* * *

Эй конок, эт ашатчы,
Эт ашатсаң бат ашатчы!

 

* * *

Эртең менен эл коюн жылтыркандатат экен,
Мен да коюмду жылтыркандатам.

 

* * *

От үстүндө бал каймак,
Бал, бал каймак, бал каймак.

 

* * *

Ат семирсе, соорусун чокмоктошмокчу эмес белек,
Эки кайыш, бир тизгин токмоктошмокчу эмес белек!
Мынабу жаш кайышты токмоктошпойсуздарбы?

 

* * *

Мынабу кай арал?
Көк иримдүү кең арал, ал арал.

 

* * *

Жалайырбай, Тартарбай, Тайтакырбай,
Такыр жерге коюңду жай, калтырабай,
Сууга салган чычкандай шүмүрөйүп,
Кыздар, кайда барасың кой кайтарбай,

 

* * *

Беш кашка кой, бешөө беш башка кой.

 

* * *

Чоң казандын кырмычык,
Кырып жедим тырмышып.

 

* * *

Эки айылдын ортосунда делдир тикен отун бар,
Кел, жеңелер, келгиле, делдир силкме ойнойлу.

 

* * *

Ак уй өөгүн жалайт,
Абакем өтүгүн жамайт.

 

* * *

Жогор жактан сел келет,
Эки теке тең келет.

 

* * *

Кимдин-кимдин топосу?
Байсар акемдин топосу.
Кылтыңдайдын кылтасы,
Кылда кара топосу.

 

* * *

Шалгамбайдын шагында бир түп тыт бар экен,
Тыттын түбүндө бир түп түрп бар экен,

 

* * *

Түрптү тыт түртүп туруптурбу.
Тытты түрп түртүп туруптурбу?

 

* * *

Кырк кызыл куйрук, кызыл куйрук,
Ичинде кызыл кылдырык кыл куйрук.

 

* * *

Белестеги беш кашка кой,
Бешөө беш башка кой,
Бешаласы кунан кой,
Бешаласы дөнөн кой.

 

Башка жаңылмачтар

Соц тармактар:

One thought on “Жаңылмачтар

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.