Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 – 1918)

Жеңижок жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Жеңижокту Аксыга «качырган»?

 

Ырлары

ДҮНҮЙӨ
Асман, ай, жылдыз бүткөндө
Улангансың, дүнүйө.
Жер титиреп бүткөндө
Куралгансың, дүнүйө.
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараттың, дүнүйө.
Кемтиги жок эч жерде
Куп жараттың, дүнүйө.
Аял менен эркекти,
Жуп жараттың, дүнүйө.
Адамзаттын ичине,
Куп жараттың, дүнүйө.
Жан-жаныбар күйөнү
Бүт жараттың, дүнүйө.
Канаттуудан башкага
Сүт жараттың, дүнүйө

Алты теңге пулдууга
Абат кылган дүнүйө.
Эки кузгун кошулса,
Бечараны карактап
Кабат кылган дүнүйө.
Булбул менен чымчыкты
Бакта кылдың, дүнүйө.
Баардыгы пашаны
Такта кылдың, дүнүйө.
Жетип алар ажалды
Башта кылдың, дүнүйө
Бир теңгеге зар кылып,
Жалдыраттың, дүнүйө.
Байдын колун башкарып
Калтыраттың, дүнүйө.
Эки беттен албырган
Нурун алдың, дүнүйө.
Атасынан баласын
Мурун алдың, дүнүйө.
Салтанатын саначы,
Сайдагы жолду карачы:
Сары килем жаптырып,
Сар аркан менен тарттырып,
Санжырга менен төө өткөн.
Саймалуу калпак кийгенден,
Сайышып жоого киргенден.
Санатсыз нечен эр өткөн
Адамдан артык туулган,
Ааламга салган чуулган
Атабыз Манас шер өткөн!
Капталда жолду карачы:
Карагер жылкы бээ өткөн
Калы килем жаптырып,
Кара аркан менен тарттырып,
Көркөмдүгүн арттырып
Калкайып каймал төө өткөн.
Кайырма калпак кийгенден,
Кайрылбай жоого тийгенден,
Кармашып жоону сүргөндөн
Көкчө, Кошой, Алмамбет,
Чубак менен Сыргактай,
Көк жалдардай шер да өткөн!..
Эгини менен жер өткөн,
Найзасы менен эр өткөн,
Жер каптаган сел өткөн,
Жер жаңырып, эл өткөн!
Дүнүйө, кимди кармап калгансың?
Менменсинген пендени,
Жер койнуна салгансың!
Каран күн, бир өзүң балбансың!..
Ошол күндөн ушул күн,
Тоо бузулуп түз болду
Ойротто жок иш болду.
Түз бузулуп тоо болду,
Кылымда жок иш болду.
Бел бузулуп жер болду,
Кара жер менен тең болду.
Буга күбө ким болду?
Асмандагы жайнаган
Ай-жылдыз менен Күн болду.
Биз билбеген, көрбөгөн
Канча жан өлүп тим болду.
Дагы күбө ким болду?
Чарчаганды билбеген,
Чатак салып жинденген,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айланып желденген,
Кармасаң колго келбеген,
Же көрүнбөгөн көзүңө,
Же келбеген эсиңе,
Булутту айдап түрүлтүп
Ачууланган кээ күндө
Шамал күбө бир болду
Байыстабай бир азга
Өткөнүн көрчү дүйнөнүн,
Артынан жоо куугансып
Көчкөнүн көрчү дүйнөнүн!
Кирген суудай шаркырап
Акканын көрчү дүйнөнүн,
Жерден берип ырыскы
Бакканын көрчү дүйнөнүн,
Көзүңө жылуу көрүнүп
Жакканын көрчү дүйнөнүн,
Түгөнбөгөн мезгилден
Ашканын көрчү дүйнөнүн.
Чакырып тойго жаткансып
Шашканын көрчү дүйнөнүн!
Күн менен түндү камчылап
Өтүп жаткан дүнүйө,
Журттан журтка танышып
Көчүп жаткан дүнүйө,
Бири күйсө, бирөбү
Өчүп жаткан дүнүйө…
Түшпөсүн деп ай-жылдыз
Бышык кылган дүнүйө,
Таң калтырып адамды
Кызык кылган дүнүйө,
Өлүм менен коркутуп
Сызык кылган дүнүйө.
Баш-учуна күлүк ой
Учуп жеткис дүнүйө,
Ойлоп-ойлоп олтурсаң
Түбү чексиз дүнүйө,
Керемети дүйнөнүн
Эстен кеткис дүнүйө!
Күндүн нуру сыяктуу
Күйүп турган дүнүйө,
Баласындай алпештеп
Сүйүп турган дүнүйө,
Кайра баштан кайгыны
Үйүп турган дүнүйө.
Башчы болуп жүрсүн деп
Баш жараткан дүнүйө,
Ооз, мурун, көз үстү
Каш жараткан дүнүйө,
Кемтиги жок эч жерде
Саз жараткан дүнүйө,
Акылманды ар элде
Аз жараткан дүнүйө!
Кор болбостон жүрсүн деп
Акыл берген дүнүйө,
Жердин үстүн тепсетип
Бакыр берген дүнүйө,
Кээ бир жерге чөп бербей
Такыр берген дүнүйө,
Кыдырсын деп ааламды
Шамал кылган дүнүйө,
Оргон будай өзөгүн
Саман кылган дүнүйө,
Түрдөн-түргө өткөрүп
Амал кылган дүнүйө,
Көз алдыңда байкалып
Болуп жаткан дүнүйө,
Бир бөксөрсө, кайрадан
Толуп жаткан дүнүйө,
Бири учса, бирөбү
Конуп жаткан, дүнүйө.
Көлдүн көркү болсун деп
Куу чыгарган дүнүйө,
Жашарсын деп чөлдөрдү
Суу чыгарган дүнүйө,
Кайра баштан кууратып
Чуу чыгарган дүнүйө.
Адамзат жашаган
Жери сонун дүнүйө,
Көңүлүңдү көтөргөн
Жели сонун дүнүйө,
Аркар, кулжа жайылган
Бели сонун дүнүйө,
Жарык кылган ааламды
Күнү сонун дүнүйө,
Асманында ай-жылдыз
Түнү сонун дүнүйө,
Жаз чыкканда жайнаган
Гүлү сонун дүнүйө,
Булбулдары сайраган
Үнү сонун дүнүйө,
Төрт түлүгү жайлаган,
Төрү сонун дүнүйө,
Каз-өрдөгү калкыган
Көлү сонун дүнүйө,
Айта берсем ыр менен
Көбү сонун дүнүйө!..

САНАТ
Бар болбой малың чачылбайт,
Жок болбой жонуң ачылбайт.
Башыңа мүшкүл иш түшпөй,
Малың арзан сатылбайт.
Кеспей терек жыгылбайт,
Жетимдин арты жабылбайт.
Куусуз чакмак чагылбайт,
Ылайсыз дубал курулбайт.
Жаманга тандап кеп айтсаң,
Кабаган иттей ырылдайт.
Атылган мылтык сай болбойт,
Эсеп таппай, бай болбойт.
Куш кадырын биле албайт,
Өмүрүндө салбаган.
Пөпөлөсө жарашат
Туйгун таптап кармаган.
Алдейлесе жарашпайт
Алдына бала албаган.
Өлмөйүнчө кор болбойт
Жакшы адамды жандаган.
Ар жерге батпай ушакчы
Элден элди тандаган.
Сөз кадырын биле албайт
Өзүнөн акыл чыкпаган.
Кеп маанисин биле албайт
Башынан акыл жукпаган.
Жан кадырын биле албайт,
Айтса акылды укпаган.
Тон кадырын биле албайт
Торко тандап кийбеген.
Ашыктык жайын биле албайт
Албырып отко күйбөгөн.
Жар кадырын биле албайт
Жаш кезинде үйлөнгөн.
Жоо кадырын биле албайт
Алты сай бараң атпаган.
Жетелеп жүрүп байге албайт
Мурунтан буудан чаппаган.
Нар кадырын биле албайт
Жетелеп төө тартпаган.

Колуңдан дөөлөт тайганда
Агайын сенден жат болот.
Аласа кирбей колуңа
Алаган колуң мант болот.

Катынды мээнет чырмаса,
Каяша кылат эрине.
Кедейди мээнет чырмаса,
Үрөнү жетпейт жерине.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Коңшусу менен кас болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт түшүп таз болот.

Ак бөкөн келип жыгылат
Алдын казып ордосо.
Ак туйгун келип чалынат
Саятчы алдын торгосо.
Ийри жыгач түз болот
Теске салып оңдосо.
Душманына кор болот
Жигиттер өз тууганын оордосо.
Өзөнгө өскөн тыт болот,
Жаман тууган кырс болот.
Каарына алганда
Ак жайдын күнү жут болот!

Ашыкча доор келгенде
Аргымак минип таптайсың.
Алтынды үйгө чаптайчың,
Алышкан жоону таптайсың.
Ашыкча доор кеткенде
Айланып издеп таппайсың.
Күлүстөн доор кеткенде
Күлүктү минип таптайсың.
Күмүштү үйгө чаптайсың,
Күрөшкөн жоону каптайсың,
Күлүстөн доор кеткенде
Күн сайын издеп таппайсың.

Ашыкча доор келгенде
Аргымак минип дуулайсың
Айгай салган чуудайсың
Ашыкчадоор кеткенде
Акпай калган суудайсың!
Ашыкча доор келгенде
Ашуусу бийик белдейсиң.
Агыны кату селдейсиң.
Ашыкча доор кеткенде
Аңгырап калган жердейсиң…

Күлүстөн доор келгенде
Күн нуру тийген белдейсиң.
Күкүктөп аккан селдейсиң!
Күлүстөн доор кеткенде
Көрүстөн болгон жердейсиң…

Ашыкча доор келгенде
Атылга жоого мылтыксың,
Алтындан мунар чырпыксың.
Ашыкча доор кеткенде
Ажалдуу болгон чымчыксың…

Күлүстөн доор келгенде
Көгөргөн чалкар көлдөйсүң,
Кийиги көп төрдөйсүң!
Күлүстөн доор кеткенде
Көмүлгөн кара көрдөйсүң…

Ашыкча доор келгенде
Агарып аткан таңдайсың,
Аякка куйган балдайсың!
Ашыкча доор кеткенде
Алынан кеткен чалдайсың.

Күлүстөн доор келгенде
Намыстуу жигит карманар.
Намысы жок бир жаман
Какшаган менен кур калар!..

ЖЕҢИЖОКТУН НУРМОЛДОГО ЫРДАГАНЫ
Ассалааму алейкум,
Ак селдечен алдаяр!
Ак шарият жөнүнөн
Айттыңыз сөздү дапдаяр.
Анык жолун исламдын
Ачкан дейсиң пайгамбар.
Пайгамбарга дос экен
Бир сааба, чалыяр.
Буйругунда деп айттың
Бүт макулук жаныбар.
Барсаң орун кең бекен
Периштелер башкарган,
«Бейиш» деген жайыңар?
Каза болгон кишиге
Казган көрдүн ичинде
Кайсыл жыргал шаани бар?
Опсуз айткан сөзүңдө
Орою суук маани бар.
Ак эшенге кол берген
Көп дүнүйө малдуулар,
Көпкөн көпөс алдуулар
Көрөт бекен кудайды?
Салтанаттап мактаба,
Сатып алсаң акчага
Биздин жердей эмес го
«Бейиш» деген жайыңар?!..
Асемдикке кийгениң
Анжияндын баркыты.
Ыклас, куран, шарият
Ырларыңдын жартысы.
Тозок менен периште
Сөздөрүңдүн арткысы.
Эң жаманы адаттын
Ушак айткан калпычы!
Эл жактырса айтканын –
Өнөрпоздун баркы ушу!
Жапыраңдап ырдайсың
Тозок менен бейиштин
Колуңда окшоп ачкычы.
Анык өзүң окшойсуң
А дүйнөнүн «жарчысы!»
Жарык дүйнө – бейишим,
О дүйнөңдө бар бекен
Ушунун бир тамчысы?
Билип туруп чын сүйлө,
Бейиш мына бул – дүйнө!
Жер астына барганда
Ушул турган жыргалдын
Жетпейт сага саркыты!
Кыйын болсоң, жооп Бер:
Ай, күн, жылдыз, асман, жер,
Айтчы, кайдан жаралды?
Ай-ааламдын жүзүндө
Адам кантип таралды?
Айдан жылдыз чексиз көп,
Түн эмнеге караңгы?
Ажыратып айтып бер
Адал менен арамды?
Акыретке барганда,
Кара көргө салганда
Отко жагып өлүгүн
Өрттөйт дейсиң адамды.
Адам үчүн нээтиң
Анча неге карарды?
Өзүң өлүп көрбөсөң
Кайдан билдиң аларды?!
Жаныңды жеп айтасың
Жалган ушак кабарды.
Бул сөзүңө ишенип
Бургум келбейт санаамды.
Отко салып өрттөсө,
Опсуз кыйнап жектесе,
Ошончолук адамдан
Көргөн бекен залалды?
Өткөндөрдүн чеги жок,
Өзгөрүлгөн шеги жок,
Бир да кабар деги жок
Ой жүгүртүп ченесек.
Байкап көрсөк алдагы
Байгамбардан калганбы
Башыңдагы элечек?
Эркек кийбейт биз жакта,
Ээси мунун келинчек.
Ыксыз жалган ырдабай,
Ырдын наамын булгабай,
Элдин башын маң кылбай,
Эл ичинен чыгып кет!
Же дубана болуп ак ургун
Минип алып көк эшек!..

Акын болсоң элди ырда,
Берекелүү колу ачык
Өнүп-өскөн жерди ырда!
Калка болгон калкына
Элди баккан эрди ырда!
Угуп туруп ырыңды
Ачуум кайнап келди да!
Ким адилет, ким кара,
Айтышалык кел мында.
Акын болсоң аныңды айт,
Болуп өткөн тарызты айт.
Акын десем молдодой,
Молдо десем, акындай,
Кайран ырды кордобой
Адебиң менен нары кайт?!..
Же жакын болсоң кудайга
Жардам кылып кедейге
Суракчыга жооп берер
Бой тумарын жазып бер,
Бал китебиң ачып бер.
Даана сүйлөп сөз чынын
Далил менен айтып бер.
Көзүң менен көрбөсөң,
Көп периште чогулган
Кеңешинде жүрбөсөң,
Кереги жок жалгандын,
Кезегимди кайтып бер.

НАСЫЯТ
Кулактууга кеп урсаң,
Кулагынын учунда.
Кулаксызга кеп урсаң,
Туягынын учунда.
Жарды жардай жүргөндө
Жашыл кийик маласы,
Жанга салган болоттой
Жакшы атанын баласы.
Жоргонун белин жоорутпа,
Жамандык иште колдогон
Жолдоштун көөнүн оорутпа!
Аргымак белин жоорутпа,
Аманат назик жан деген,
Адамдын көөнүн оорутпа!
Мүлктү жыйсаң, мылтык жый,
Жоого алдырбайт талаадан.
Малды баксаң койду бак,
Колуң кетпес чарадан
Мылтыктан тез ажал жок,
Бармак басым жарасы.
Булбулдан чечен бир куш жок,
Кол башындай карасы.
Шамалда жүргөн коо болот,
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн доо болот.
Жакшы менен дос болсоң,
Өлгүчөктү коштошот.
Жаман менен дос болсоң,
«Баягымды бергин» деп
Эки айдан кийин мушташат.
Атан төө мас болсо,
Тайлагы менен достошот.
Жаман киши мас болсо,
Жакыны менен касташат.
Аскар-аскар-аскар тоо
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсоң да,
Сыйлашпасаң жат болот.
Жапан-жупан кар жааса,
Жаш куурай башын көтөрбөйт.
Жаман эрден мал тайса,
Жаздыктан башын көтөрбөйт.
Жакшыга дөөлөт келгенде,
Бой көтөрбөй пас болот,
Кылган иши саз болот.
Жаманга дөөлөт келгенде,
Көтөрө албай мас болот,
Күнүгө жаңжал чыгарып,
Катыны менен касс болот,
Пайдалуу иши аз болот.
Ыргытсаң алыс таш кетет.
Пейли кеткен пенденин
Казанынан аш кетет.
Айдап жүргөн мал кетет,
Аманат жүргөн жан кетет.
Беремин деген бекилбейт,
Кылмышты абийир кечирбейт.
Бек байлаган чечилбейт,
Бакпай багың жетилбейт,
Эстүү адам эсирбейт.
Чечендиктин белгиси:
Кезектүү сөздү кетирбейт.
Жаманга оомат келгенде
Кекээр сүйлөп кесирлейт.
Бирөөнүн көрүп жакшы атың,
Көз артып салба назарың.
Жокчулук чиркин байлайт го
Адамдын бакты-базарын
Ойлобой кылсаң, тартасың
Туура эмес иштин азабын.
Карынын угуп кеңешин,
Акылың менен жашагын

НАКЫЛ КЕП
Алты атаң өткөн жергеден
Калган көнүл, чыккан жан
Кайрылып кайта келбеген.
Алака кылса ач көзгө
Алганын кайра бербеген.
Күлүктөр чуркайт төр менен,
Күкүктөр сайрайт үн менен.
Катындын көркү эр менен,
Дыйкандын көркү жер менен.
Алтындан комуз күү айтам,
Айчылык жерден ыр айтам.
Күмүштөн комуз күү айтам,
Күнчүлүк жерден сыр айтам.
Ашуга салсаң лөк таштайт
Арык бир аттын чобуру.
Асмандан учун куркулдайт
Ала бир канат собуру.
Адамзаат пенденин
Ар кандай болот жоругу.
Чарбадарлар жайлаган
Көрүнгөн тоонун адырын.
Жаман адам билеби
Жакшы адамдын кадырын?
Бурчак-бурчак кар жааса,
Асыл жылкы баласы
Буюкпайт да уюкпайт.
Жакшы атанын баласы
Эрте-кечке кеп урса,
Эрикпейт да зерикпейт.
Ай кылайып жаңырса,
Ач бесетен көрүнөт.
Адырдан шамал козголсо,
Асмандан булут сөгүлөт.
Ажал жетип, күн бүтсө,
Алтын баш элден бөлүнөт!..
Күн жарыгы тийгендей
Күлгөнү кызык баланын.
Көйкөлүп өссө эгин, чөп,
Көркү экен эгин талаанын.
Сыйлашпай кетсең жат болот,
Сыр билги жакын адамың.
Умтулсаң жакшы жүрүүгө,
Узарат, жаштар, кадамың.
Кыялым толкуп ырдасам,
Кызыгын сөздүн табамын.
Кырдалың барда, жигиттер,
Кызыгып ишке жарагын.
Кырданып кесир сүйлөсөң,
Кыйыны ошол баланын.
Жабыркатып саргайтат,
Жакшысы болбойт жалаанын.
Күлүктөр чуркайт мүргүбөй,
Күн белең күндө келгидей.
Аргымак чуркайт мүргүбөй,
Ай белең айда тийгидей.
Эрдик кылсаң бир сонун,
Эл эскерипжүргүдөй!
Жакшы конок ток болот,
Жаман жүрөк жок болот.
Ойлоп-ойлоп олтурсаң,
Октон күлүк ой болот.
Шаттанып ырдап олтурсаң,
Шайырдын көркү той болот.
Суйкая басып керилген
Сулуунун көркү бой болот.
Байлыктын чоңу – ден соолук,
Баарынан кесер кор болот.
Жүрө-жүрө жакшы аттын
Жүрүшү чыгат жорголоп.
Көңүлүңдү көтөрөт
Көкбөрү тартсаң ойдолоп.
Бул дүйнөдө не карып?
Ар ким сатып албаса,
Ак алалуу бөз карып.
Замандашы болбосо,
Карыя болор тез карып.
Кадырын жжеңе билбесе,
Бойго жеткен кыз карып
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдың чалкар көл карып.
Улук адил болбосо,
Убара болот эл карып.
Кайберен, кийик жатпаса,
Карайган аска, таш карып.
Ата-энесин ыйлатып,
Арманда кеткен жаш карып.
Айланып булут каптаса,
Агарып аткан таң карып.
Кыштын күнү талаада
Кароосуз жүргөн мал карып.
Кол арыктан суу ичпей,
Чөлдө өскөн тал карып.
Кемпиринен айрылган
Жетимиште чал карып.
Эл-журтунан ажырап
Ээн баш жүргөн жаш карып.
Айылдан кызды тандаса,
Мураадын таап албаса,
Ким да болсо ал карып.
Асманда жамгыр жаабаса,
Жазында чыккан гүл карып.
Ай, жылдызы көрүнбөй
Борошо урган түн карып.
Өлүп калса доосу жок,
Доого келген күң карып.
Кадырын таап минбесе,
Кара буудан ат карып.
Окуткан менен билбесе,
Убара болгон кат карып!..
Ааламдын көркү Күндө бар,
Адамдын көркү тилде бар.
Акындын көркү үндө бар,
Ашыктын жайы дилде бар

Ай, жылдыз көркү түндө бар,
Жаз айдын көркү гүлдө бар.
Ак перидей сулууну
Амалың болсо үндөп ал!
Өрдөк, каз көркү көлдө бар,
Куландын көркү чөлдө бар.
Дайранын көркү селде бар,
Дыйкандын көркү жерде бар.
Жайлоонун көркү малда бар,
Жыгачтын көркү талда бар.
Сакалдын көркү чалда бар,
Сулуунун көркү калда бар.
Ашуунун көркү бийикте,
Мергендин көзү кийикте.
Башыңа мүшкүл иш түшсө,
Кападар болуп ийикпе!
Тоо сөөлөтү ташта бар,
Баканын көркү сазда бар.
Саамайдын көркү кызда бар,
Сайманын көркү узда бар.
Тамактын көркү тузда бар,
Чилденин көркү музда бар.
Бекерликке берилбей,
Дениң соодо иштеп ал!
Балпаң-булпаң ким баспайт,
Балык жаткан көл жазбайт.
Эл чендеген ач калбайт,
Эки ат минген кеч калбайт.
Аттууга жөө жеталбайт
Экөөгө бирөө баталбайт.
Жүрөгү жок көр жаман
Талаага жалгыз жаталбайт.
Белиңде пулуң болбосо,
Бекеринен көп сүйлөп
Мен дегениң бекер кеп.
Астыңда атың болбосо,
Аш менен тойго оолугуп
Дегдегениң бекер кеп.
Колуңда кушуң болбосо,
Өөдөгө колуң көтөрүп,
«Пө» дегениң бекер кеп.
Оозуңда эмиң болбосо,
Мактанганың бекер кеп!
Бир пас аял кылбастан,
Бир миң кошун жыйбастан,
Кара аргымак минем деп,
Качырып жоого кирем деп,
Каптап кирген душманга
Билекте күчүң болбосо,
Чактанганың бекер кеп!..
Көп киришпе тыйынга,
Көп киришсең тыйынга
Жигиттер, учурайт башың кыйынга!
Арык койдой тырышпа,
Ар ким менен урушпа.
Караңгыда жол жүрсөң,
Карыпты арман кылбаңар.
Каалап бегиң бербесе,
Жардыкты арман кылбаңар.
Карынбайдай мал күтсө,
Кол кайыры жок болсо,
Бардыкты арман кылбаңар.
Угутуң даяр болбосо,
Уулуң тилиң албаса,
Катының каргап барбаса,
Бозону арман кылбаңар!..
Өлгөндүн аты не жаман?
Өксүткөн экен эр заман.
Кеткендин аты не жаман?
Кейитет экен ар заман.
Эрди учурат зар деген.
Кушту учурат пар деген.
Жалтаң-жултаң карасаң,
Жакшына болот жар деген.
Эгини бышса күз деген.
Өткөн өмүр билинбейт,
Өлгөндөр кайра тирилбейт

ТЕРМЕ
Кыйла жашка барганың,
Кырктан ашып калганың.
Өзүңдүн ордуң жоголбойт
Өнүп өссө балдарың,
Жаныңда болсо дайыма
Жактырып тандап алганың,
«Аталашып» ийилип
Аяшпаса жардамын,
Өтө берет тирилик,
Кудай алсын калганын!
Күн артынан күн чубап
Өтө берет турбайбы,
Өткөн күн менен өмүрүң
Кете берет турбайбы,
Каниет кылсаң баарына,
Жете берет турбайбы,
Ай артынан ай келип
Айкалышат турбайбы,
Ысык-суук ошентип
Байкалышат турбайбы.
Күн табына өсүмдүк
Жайкалышат турбайбы,
Ай нуруна бүт аалам
Чайкалышат турбайбы.
Өмүрү бүтпөйт тиричилик,
Өткөндөр келбейт тирилип,
Карыган адам эмгектен
Жарышып иштеп түрүнүп.
Кайгынын бети капкара,
Каптаса журтуң бүлүнүп,
Кары-жашка карабай,
Кара жер тартат сиңирип.
Жоргону минсең базарга,
Жолдо кумар жазарга,
Жол алысы билинбейт
Жалжал көз болсо катарда.
Күлүктү минсең базарга,
Күндө кумар жазарга,
Күйүтү жолдун билинбейт
Күлүңкөз болсо катарда.
Токойго койду үйүргүн,
Токтосун базар кийиргин,
Чарбакка койду үйүргүн,
Чарысын базар кийиргин .
Ак чатыр тиккин жайлоого,
Акыл менен шык керек
Ар жыйында сайроого.
Көк чатыр тиккин жайлоого,
Көп акыл менен мээ керек
Көпчүлүккө сайроого
Карап турса көпчүлүк,
Кара киш бөрктү ыргагын,
Капалык көрбөй жыргагын .
Телмирип турса калың эл,
Түлкүдөн бөрктү ыргагын,
Доорду сүрүп жыргагын,
Калк аралап жайлагын,
Кайратың барда көп иштеп,
Кайнатып казы чайнагын!
Түртүшө келген душманды,
Түрүлтүп алыс айдагын!
Тогузу болгун жылдыздын,
Туйгуну болгун кыргыздын,
Жетиси болгун жылдыздын,
Жетиги болгун кыргыздын!
Учу болгун кылычтын,
Учкуну болгун кыргыздын,
Сабы болгын кылычтын,
Сазы болгун кыргыздын.
Боору бүтүн, башы эсен
Болбойт экен пендеде.
Кеткен соң жаштык курагың
Келбейт го алтын теңгеге.
Суу келгенде сай толот,
Ооматы келген пенденин
Малы ташып, бай болот,
Түн карыткан ай болот,
Эгиздин бири пай болот,
Жабагы жүрүп – ат болот.
Он бир тууган болсоң да
Катташпасаң жат болот!

ҮЙ-БҮЛӨ
Алганың жакшы болгон соң
Кирсең үйүң ордодой,
Көңүлүңдү куш кылат
Кымбат баа жоргодой.
Ачууланып камчы урсаң,
Адеп сактайт молдодой,
Таза болот сымбаты,
Алганыңдын бир башы,
Жаркыраган айнектей
Кармаган казан, тулгасы,
Ачык болот кабагы.
Барды-жокту байкатпай
Берекелүү тамагы.
Алмадай камыр аш кылат,
Адамдын көөнүн куш кылат.
Бул өңдөнгөн ургаачы
Ыракмат албай калабы?
Алганың жаман болгон соң
Кирсең үйүң кепедей,
Кийимиң сасып кир болот
Төштүгү чирик текедей,
Тапканыңдын бардыгы
Быркырап сынат көзөдөй.
Айыл десе камурат,
Элечегин пар кылат,
Тапылдатып элегин
Башы-көзүн чаң кылат.
«Аш кыл» десең – нан кылат,
Анын орто жерин кам кылат,
Тоё жеген адамдын
Ичин жаман дем кылат.
Баласын төргө чычырат,
«Байдөбөт» деп чакырат,
Байдөбөттөн калганын
Буту менен шыпырат.
Тактасына бит сыгат,
Үбөлүк менен ит урат,
Муну эмне кыласың?!
Же саамайын саксайтып
Саталбасаң базарга,
Же эки көзүн чекчейтип
Көмө албасаң мазарга,
Атаны кызык арман күн!
Уулуң жакшы болгон соң
Кымбат баа жакут таш
Кызык базар көргөндөй,
Ар жыйында кеп урса,
Ар кандай пенде көнгөндөй,
Көңүлү ачык жаркырап
Жолу болгон мергендей.
Уулуң жаман болгон соң
Киши келсе кенебейт,
Кишиге өзүн теңебейт,
Оолугуп сүйлөп обу жок,
Өз акылын ченебейт.
Кылганынын дайны жок,
Же алып койгон зайбы жок,
Сөөлөтүндө шаани жок,
Сөзү жукпайт – мани жок.
Айылдап жүрөт дардайып,
Каерде, бышкан аштын ээси
Анысы аз келгенсип
Ачуусунда кээси.
Чач-сакалын агартат
Ата менен энеси.
Кулагына илинбейт
Айткан акыл-жемеси.
Берер ашын бекитип
Зыркырап турат жеңеси.
Оокаттын болбойт камында!
Уулум бар деп санабай,
Жата бер жалгыз жайыңда.
Агаң жакшы болгон соң
Күндө кызык, күндө той,
Айылыңдан кетпей топ-жыйын,
Кандарың курган ордодой.
Бактыңа бүткөн агаңыз
Коёбу деги колдобой?!..
Ага жаман болгон соң
Туурасы чыгат өгүздөй,
Ичинен насаат кеп чыкпайт
Тирүү эмес, өлүктөй.
Муктажына эеткизбей,
Ал урган-бергенин алат кемитпей
Агам бар деп ойлонбой,
Жата бер жалгыз терикпей!..
Иниң жакшы болгон соң
Кымбат баа жакут таш,
Кызыган шаар базардай.
Ар дубанга кеп урса,
Айткан кеби казалдай.
Жара сүйлөп жалындап,
Тараза ташы басаңдай.
Айланып келген ачыңа,
Толгонуп келген кашыңа,
Аман болсун бир башы, ай!
Иниң жаман болгон соң
Бак конбогон мазардай.
Кырмандан данын айырган
Боолугу бош бакалдай.
Жан сактоосун кыла албайт
Жамачылуу чапандай.
Иним бар деп ойлонбой,
Жата бер жалгыз жапандай!..
Жааматың жакшы болгон соң
Ырыска ыктоо эл болот.
Каршылашып жоо келсе,
Биригип каптай сел болот,
Ичинен карып көрсөтпөй,
Кара тоодой бел болот.
Жайланган жериң кең болот,
Жазы журтуң жадырап,
Теребелиң тең болот.
Мындай ынтымактуу жамаатка
Кетпеген ырыс-бак конот
Жааматың жаман болгон соң
Үйүң жакын конушпайт,
Ар кимиси арды айтып,
Ыркырашып болушпайт.
Эпке келип экөөбү
Кышкыга согум союшпайт.
Жазга маал алсырап,
Көтөрмөгө дан сурап
Карындары тоюшпайт.
Тогу болсо – көрө албайт,
Ачы болсо – бөлө албайт,
Алаар оору торуса,
Алын сурап келе албайт.
Биринин алтын башы шылк этсе,
«Ырас канна болду» – деп,
Ызатын кылып көмө албайт.
Жакшы менен жаманды
Жараткан теңир эрикпей,
Жааматың жаман болгон соң
Он сегиз болсо пайда жок
Чуркураган көп иттей!

ҮЛГҮ ЫРЛАР
Аргымак аттын күлүгүн
Айдап коёт алыстан.
Ар түркүн кылып кеп айтат,
Акын адам – даанышман.
Куптанда учуп оокат жейт
Куруган байкуш жарганат.
Уурулардын адаты
Өлгөнүнчө карганат.
Жаман адам курусун,
Иштегенден арданат.
Катынын эптеп бага албай,
Көрүнгөн жерде салданат.
Жолдошко жаман кеп урба,
Жигиттер, жаның аманат.
Арча менен карагай
Асман мелжийт Чаначта.
Арпа менен буудайдын
Бүткөн жери Таласта.
Ааламдан канча алп өткөн,
Ким жетиптир Манаска!
Күн жарыгы тийгендей
Күлгөнү кызык баланын.
Оргу-баргы кеп айтып,
Жүргөнү кызык баланын,
Астына душман чыкпаган.
Арбак дөөлөт залимде,
Жаман чыкса күйөөсү,
Убайым болот келинде.
Капталына жүк арткан,
Караңгыда жол тарткан,
Кару-күч жок бечелде.
Кандай арга кылам деп
Кайгы болот кеселде.
Кара кылды как жарган
Калыстык болот чеченде.
Карап турсаң калет жок,
Жеңижок айткан кеселде.
Алды-сатты шаркырап
Соодасы болот базарда.
Көөп кетет жамандар
Бир балакет басаарда.
Үстүнөн чыгат кокуйдун
Шайтан алдап шашаарда.
Ажал жетип, күн бүтсө,
Адамзат пенденин
Орду болот мазарда.
Адырдан качкан түлкүнү
Асмандан бүркүт илбейби,
Алты жыл жерде жатса да
Алтындын өңү кирдейби.
Алтынга сары жез окшош
Асилдик жайы бирдейби?
Жыйылып келсе бардыгы
Жылдыздын нуру айдайбы?
Күнүгө барктап баксаң да,
Булбулуң гүлсүз сайрайбы?
Көөрүктүн күчү болбосо,
Көмүргө темир кайнайбы?
Эки сөздү калп айтыш
Эр жигитке ар болот.
Кызгалдактар гүл ачкан
Кызык мезгил жай болот.
Алтын жаак жез таңдай
Акындар сөзгө бай болот.
Карагер атты булкунткан
Карчыга казы-май болот!
Карынын черин тараткан
Канттап ичкен чай болот.
Кыз он сегиз жашында
Кыраңдан чыккан Ай болот.
Ак ниеттүү адамдын
Айткан кеби шар болот.
Көпкө ыраазы болбогон
Азга жетпей зар болот.
Аяздуу суук болбосо
Арыкта суулар тоңоорбу!
Жибектен каттап кийсең да,
Жылуулук баркы тондойбу?
Жакшы аялдын белгиси –
Жашаган үйүн гүлдөтөт.
Жалкоолуктун «пайдасы» –
Жарыбай жүрүп күнү өтөт

Ак мээнеттин пайдасы
Акыры барып ирдентет.
Эрте туруп иш кылсаң,
Элден ишиң бат бүтөт.
Эр жигиттин жакшысы,
Эгин эгип, мал күтөт.
Ээликтирсе бузуку
Элинен киши жат болот.
Эгини бүтсө ыкшалып,
Эмгекчи көөнү шат болот
Кара манат-токчулук,
Катарга кошпойт жокчулук.
Кызыл манат-токчулук,
Кыйын болот жокчулук.
Баш барда келет мейманың,
Алтындай башың өткөн соң,
Балаңа калат жыйганың.
Көз барда келет мейманың,
Күмүштөй башың өткөн соң
Каралбай калат жыйганың…

АЙТ, АЙТ ДЕСЕ
Айт, айт десе токтолбой,
Ашуудан шамал соккондой,
Жазда жамгыр төккөндөй,
Жер жумшатып кеткендей,
Мүдүрүлбөй, кагылбай,
Айтар ойдон жаңылбай
Аксы менен Таласты айт,
Көкчө менен Манасты айт,
Күү жүгүрүк канаты айт,
Күйгөн элден санатты айт,
Өтө кызыл манатты айт,
Өткөн элге санатты айт.
Ат үстүндө китепти айт,
Аны окуган молдону айт,
Качканды айтпай, кууганды айт,
Чобурду айтпай, бууданды айт,
Болуп өткөн тарыхты айт,
Жалганды айтпай, аныкты айт!
Акындардын ырын айт,
Акылмандардын сырын айт,
Кедейлердин муңун айт!
Балбандардын күчүн айт,
Арыстандын сүрүн айт,
Булбул, торгой үнүн айт.
Чөбүн айтпай, гүлүн айт!
Туулуп өскөн жериңди айт.
Куттуу кыргыз элиңди айт,
Тоскоолдун көлүн айт,
Суусамырдын төрүн айт!
Аргымак тууган бээни айт,
Жүк көтөргөн төөнү айт,
Күмүштү айтпай, алтынды айт.
Азамат тууган катынды айт,
Конодон чыккан күлүктү айт,
Карышкыр алган бүркүттү айт,
Алганды айтпай, бергенди айт.
Жоону жеңип келгенди айт!
Бурама темир, сом темир
Бурбай соккон устаны айт,
Кырга капкан салганды айт,
Кызыл түлкү алганды айт,
Жонго капкан салганды айт,
Жолборс атып алганды айт.
Көз мелжиген бийикти айт,
Анда жүргөн кийикти айт!
Керилип кетмен чапканды айт,
Адал дүйнө тапканды айт,
Көпүрө салган балбанды айт,
Жол оңдогон адамды айт!
Ай, Күн менен жылдызды айт,
Азаптуу болгон турмушту айт,
Таттуу болгон өмүрдү айт,
Өзгөрүлгөн көңүлдү айт.
Мергенчинин көзүн айт,
Карыянын сөзүн айт,
Ашкебини сөгүп айт.
Акын болсоң төгүп айт,
Ак, караны ылгап айт.
Жүрөк менен жыргап айт,
Эмгекчини мактап айт.
Жатып ичер, бузукту
Какшык сөзгө кактап айт.
Адилетти коргоп айт,
Арамзаны кордоп айт!
Ак болоттун бөркүн айт,
Ала-Тоонун көркүн айт.
Ач албарстын курчун айт,
Ата-Бабаң журтун айт!

«Элбилге» блогунан алынды

* * *
Алтын белем аккыдай,
Ай белем чыгып баткыдай?
Армандуу болуп калыпмын
Аз гана жашап кайткыдай!

Боздогон элим сен болдуң,
Бозоргон бейит мен болдум.
Какшаган элим сен болдуң.
Карайган бейит мен болдум.

Жаңгактай сөздү жара айткан,
Жаагы жок акын мен элем.
Теңгедей сөздү тең айткан,
Термелбес акын мен элем.

Көк шумкар кушту үндөгөм,
Көрүнөө келген акындар
Көзүмдү көрүп жүдөгөн,
Көрүшпөй жатып сүрдөгөн.

Кештелүү жака, керме каш,
Келиним ыйлап олтурса,
Кейийт белем мен мынча?
Кырмызы көйнөк, кыйгач каш,
Кыздарым ыйлап олтурса,
Кыйналат белем мен мынча?

Ак болоттой шыңк этип,
Сынарымды билбепмин.
Ак кептердей шып этип,
Учарымды билбепмин.
Туюндуруп эми айтам,
Тушумда турган карегим.
Туурумдан учуп баратам,
Тууганым издеп табалбас,
Эми, туюктан чыкпас дарегим!..

 

Айтыштар

Нурмолдо, Жеңижок, Барпынын тойдогу айтышы

Соц тармактар:

2 thoughts on “Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 – 1918)

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.