Коргол Досу уулу

Коргол Досу уулу жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Топ жыйында сайраган Токтогулдан кийинки торгойлордун бири элем»

 

Ырлар

КАЛБОТОГО ЫРДАГАНЫ

Оорубай адам дарт болбойт,
Оңбогон манап март болбойт.
Кешигин жеген Калбото,
Кедейден чыккан калп болбойт.
Кабаган иттей алышкан,
Ырчыларда салт болбойт.
Короочу сендей урганды,
Мала кашка дөбөттөй,
Манапты ээрчип турганды,
Коргол деген алп койбойт.

Сандыгың толо алтының,
Манаптан мактап алганың.
Чакчаңдаба Калбото,
Чачыңдан көп жалганың.
Аш берген жерге Калбото,
Алты күн жатып ырдайсың.
Алкымыңды кызартып,
Алмайынча тынбайсың.
Букара-кедей тобуна,
Жакшылыкты кылбайсың.

 

ОСОКЕ МАНАПКА ЫРДАГАНЫ

Карганы салып, казды алдың,
Карыган болуш Осоке,
Кашымкан сулуу кызды алдың.
Алты жашта нус болгон,
Айылда бойго жеткенде,
Айнектей сулуу кыз болгон.
Атасындай чал алып,
Армандуу күнгө туш болгон.
Кузгунду таштап, куш алган,
Эсеби жүз кой, кырк атка,
Куураган чалы кыз алган.
Жагалмай канат каш алган,
Жайылган кара чач алган.
Кашымкандай сулууну,
Орой болуш Осоке
Он алты чыккан жаш алган.
Кашымкан – булбул, сен – буура
Какшаган Коргол ушуга.

Тек жайымды сурасаң,
Тепки жеген букара.
Каманга бекер туш болгон,
Кашымкан сендей бечара.
Капалуу ойго чөмүлбөй,
Калтырбай бери бир кара.
Каламдай болгон сулуу кыз,
Кары-картаң дебестен,
Кантип жаттың койнуна.
Арам болуш байларың,
Анткор болот түбүндө.
Адашып чалга келдим деп,
Арманы турат ичинде.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.