Макал-лакаптар

Макал-лакаптар

БАШКА БУЛАКТАРДА

Бабаң кыргыз кеп айткан, Балдарга жуксун деп айткан

Кыргыз макал-лакаптары жана алардын орус тилине котормолору менен аналогдору

Кыргыз макал-лакаптары (жыйнаган Качкын Нускаев)

Кыргыз макал (Фейсбуктагы бет)

1001 макал-лакап

*

* *
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.

* *
Абийир тапса баласы, атасына бак конот.

* *
Абийирди жашыңдан сакта.

* *
Абийирлүү жигитке-ажалдуу кийик жолугат.

* *
Агайындын кадырын жалалуу болгондо билээрсиң,
Ата-энеңдин кадырын балалуу болсоң билээрсиң.

* *
Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.

* *
Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.

* *
Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.

* *
Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.

* *
Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.

* *
Адам — акылы менен адам.

* *
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.

* *
Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.

* *
Адам баласы үйгө киргенден мурда үйдөн чыгып бара жатканын ойлошу керек.

* *
Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста.

* *
Адам көркү адеп.

* *
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.

* *
Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.

* *
Адам тилинен табат.

* *
Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен.

* *
Адамдан айла качып кутулбайт.

* *
Адамды бузган — байлык менен бийлик.

* *
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.

* *
Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара.

* *
Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.

* *
Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү оору.

* *
Адамдын ойлогону миң, аткарганы бир.

* *
Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт.

* *
Адамкерчиликтин өлчөм-чени: өз абийиринин үнүн өчүрбөө.

* *
Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.

* *
Адепсиз жигит – жүгөнү жок аттай,
Адеби жок аял — кабанаак иттей.

* *
Адептүү алкыш алат, адепсиз каргышка калат.

* *
Адилет соттун кылычында кын жок.

* *
Адилет сөз — ачуу сөз.
Айтсаң — тилиң күйөт,
айтпасаң — дилиң күйөт.

* *
Аз ашка жасоол болбо.

* *
Аз сүйлөп, көп тыңша.

* *
Азды жок дебе, барды көп дебе.

* *
Азуулуулар алышса, бечаралар бүлүнөт.

* *
Айбанга — келтек, адамга — ишарат.

* *
Айдаганы 5 эчки, ышкырыгы таш жарат.

* *
Айкөл адам: дыңылдаганды, ырылдаганды көтөрүмдүүлүктө кабыл алат.

* *
Айкөлдө — жок болсо да бар.
Акмакта — бар болсо да жок.

* *
Айран ичкен качып кутулду,
Чаканы жалаган колдон тутулду.

* *
Айран ичкен кутулуптур,
Челек жалаган тутулуптур.

* *
Айтыла элек сөз – сенин кулуң,
Айтылып кетсе – сен анын кулусуң.
* *
Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат.

* *
Айтылган сөз, атылган ок.

* *
Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө — чогулат.

* *
Акылдуу бала — элпек,
Акылсыз бала — тентек.

* *
Акылдуу бир сөздөн түшүнөт,
Акылман айттырбай билет.

* *
Акылдуу миң азаптан кутулат,
Акылсыз бир азапка тутулат.

* *
Акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт.

* *
Акылдууга – насаат, акылсызга таяк.

* *
Акылдуунун сөзү – кыска,
Айта салса – нуска.

* *
Акылмандык бар жерде, акыйкат болуп, жалган жок.

* *
Акылсызга арачы болсоң, ар кай жериң томуйт.

* *
Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө,
эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө.

* *
Акылсыздын белгиси,
Арка жагын ойлобойт.

* *
Акын болбойт талантсыз,
Молдо болбойт сабатсыз.

* *
Ала байтал акылың болсо сууга тарт.

* *
Аларманга алтоо — аз,
Берерманга бешөө — көп.

* *
Албан түрлүү жорго бар,
Алына карай жорголойт.

* *
Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
Баккан ээси жарашса, куйпул күчүк сак болот.

* *
Алгандын бермейи бар.

* *
Алдыга өбөк, аркага жөлөк.

* *
Алжеке кызга — жалжеке күйөө.

* *
Алпагай кызга салпагай күйөө.

* *
Алты аял кошокко баратып өз-арманын айтат.

* *
Алтын – жерден, баатыр – элден.

* *
Алтынды дат баспайт, акыл бузулбайт.

* *
Алтынды дат баспайт,
Кеп чынынан бузулбайт.

* *
Алы жетпеген – акыйкатчыл.

* *
Алыс жерге куда болсоң — артынчактап аш келер,
Жакын жерге куда болсоң — түрдүү ушак кеп келер.

* *
Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык.

* *
Аңдышкан — айыл конбойт,
Эсептешкен — дос болбойт.

* *
Аныраңдак аялга, шаныраңдак күйөө.

* *
Ар бир жылкы жорго эмес,
Ар бир куш кулаалы эмес.

* *
Ар бир кечтин эртеси бар.

* *
Ар бир өз дартын билет.

* *
Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.

* *
Ар киши өз болбос, ар нерсе түз болбос.

* *
Аргымак аттын куйругу — бирде жибек, бирде кыл.
Эр жигиттин белгиси – сыртта — мырза, үйдө — кул.

* *
Артык кылам деп, тыртык кылба!

* *
Ары жат, бери жат — төшөктүн тардыгы,
Сеники, меники — көңүлдүн тардыгы.

* *
Арык атка куйругу жүк.

* *
Асыл ой, адал иш, ак сөз — турмушка баш, көз.

* *
Асыл таштан,
Акыл баштан.

* *
Ат айланып казыгын табат.

* *
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт,
эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.

* *
Ата сыйлаган абийир табат,
Эне сыйлаган элге жагат.

* *
Ата энеңди урматтасаң, өз балаңдан сый көрөсүң.

* *
Атадан — акыл, ападан — тарбия.

* *
Атадан алтоо болсо да,
Ар башта бар жалгыздык.

* *
Атадан каргыш алган оңбойт.

* *
Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.

* *
Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн.

* *
Атан төө мас болсо, тайлагы менен дос болот.

* *
Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер.

* *
Атанын гана эмес, адамдын, эненин гана эмес, элиңдин уулу бол.

* *
Атанын салган жолу бар,
Эненин бычкан тону бар.

* *
Атанын уулу болуш урмат,
Эл уулу болуш кымбат.

* *
Атасы болушчаактын уулу ыйлаак,
Энеси болушчаактын кызы ыйлаак.

* *
Атасы көрбөгөндү уулу көрөт,
Энеси көрбөгөндү кызы көрөт.

* *
Атасын көрүп баласына тий, үйүн корүп кызмат кыл.

* *
Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан жакшылык көрөсүң.

* *
Ата-энеңдин ак сөзүн кулагыңдан учурба,
Акыл тапсаң өзүңчө шылдыңга алып кутурба.

* *
Ач бала ток баладай ойнобойт,
Ток бала ач болом деп ойлобойт.

* *
Ач кадырын ток билбейт.

* *
Ач карга ташты чокуйт.

* *
Ачка кишиге таң атпайт.

* *
Ачка кишинин ачуусу жаман.

* *
Ачкөз карыны тойсо да, кезү тойбойт.

* *
Ачтын тогу, бардын жогу болот.

* *
Ачуу – шайтан, акыл – дос.

* *
Ачуу болсоң түкүрүп салышат,
Таттуу болсоң жутуп алышат.

* *
Ачыктым ууру болдум,
Ачындым сүйлөк болдум.

* *
Аш кадырын билбеген, үй ээсин уялтат.

* *
Аш көп болсо каада көп.

* *
Аш турган жерге оору турбайт.

* *
Ашка тоймок бар, башка тоймок жок.

* *
Ашың жок болсо да, кашың болсун.

* *
Ашың калса дагы ишиң калбасын.

* *
Аял жакшы, эр жакшы,
Вазир жакшы, хан жакшы.

* *
Аялың мыкты болсо — бактың,
Аялың кыйды болсо – каттың.

* *
Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт.

* *
Баатыр өзү өлсө да, ысмы өлбөйт.

* *
Базары жакын байыбайт,
Калп айткан киши жарыбайт.

* *
Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз козусун сураптыр.

* *
Байдын ниети кара, колу ак,
Кедейдин колу кара, ниети ак.

* *
Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.

* *
Бакпаса мал кетет,
Карабаса катын кетет.

* *
Балалуу үй — базар,
Баласыз үй – мазар.

* *
Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу.

* *
Балаңды өзүм дебе эрке багып.

* *
Баланын дээринде болбосо, атанын накыл сөзүндө, эненин мээринде эч нерсе жок.

* *
Баласы бардын ырысы бар,
Карысы бардын ырысы бар.

* *
Батадан эл көгөрөт, жамгырдан жер көгөрөт

* *
Баш болсун, чач өсөт.

* *
Баш кесмек бар, тил кесмек жок.

* *
Баш кетсе кетсин,
Намыс кетпесин.

* *
Башыңа тартсаң бутуң ачык калат,
Бутуңа тартсаң башың ачык калат.

* *
Бетеге кетет бел калат,
Бектер кетет эл калат.

* *
Бечелге жөтөлдүн кереги барбы.

* *
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билсин.

* *
Бешиктен көргө чейин илим ал.

* *
Билбегенге наалат эмес, билүүгө умтулбаганга наалат.

* *
Билимдүү болмок – оңой, адам болмок – кыйын.

* *
Билимдүү, акылдуунун сөзү накыл,
Аңдай билип, аларды сен жүзөгө ашыр.

* *
Билимдүүнүн сөзү өткүр,
Мергенчинин көзү өткүр.

* *
Бир жылдыгын ойлогон буудай эгет,
Он жылдыгын ойлогон Терек тигет,
Өмүр боюн ойлогон илим окуйт!

* *
Бир ирет даам таткан жериңе мин ирет салам айт.

* *
Бир казанда эки баш кайнабайт.

* *
Бир карын майды бир кумалак чиритет.

* *
Бир кумалак бир баштык майды чиритиптир.

* *
Бирди билгенче, миңди тааныган жакшы.

* *
Биринчи байлык – ден соолук,
Экинчи байлык – ак жоолук,
Үчүнчү байлык – бар соолук.

* *
Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт.

* *
Бирөөнүн май токочунан, өзүңдүн катыган наның жакшы.

* *
Бирөөнүн тоогу бирөөгө каз көрүнөт,
Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт.

* *
Боёкчу боёкчу десе, сакалын боёптур.

* *
Бөлүнгөндү бөру жейт, жарылганды жоо алат.

* *
Бөтөлкө менен достошкон,
Өмүрү менен коштошкон.

* *
Бузулган элге, бучуктан молдо.

* *
Булут минип муз бүркү,
Эрен да өткөн дүйнөдөн,
Бербейм, бербейм деп журүп,
Бай да өтөт дүйнөдөн.

* *
Бүргөгө өчөшүп кийимиңди отко салба.

* *
Бүркүт картайса, чычкан уулайт.

* *
Бүткөн ишке сынчы көп.

* *
Бышылуу тамактын күйүтү жаман.

* *
Бээ туумайынча байтал аты калбайт,
Катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт.

* *
Даары десең бал да ачуу болот.

* *
Дагы жоктун, наны жок.

* *
Далили жок сөз — чала күйгөн чычала.

* *
Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе..

* *
Дос табышат, душман кагышат.

* *
Досуң берген малдын тишин ачпа.

* *
Досуң менен чатакташканың
Бороондоп ачылган күндөй.

* *
Дөөлөт басса — эт басат,
Мээнет басса — бит басат.

* *
Дөөлөтүң – ата-энең, таалайың – уул-кызың.

* *
Дубана таарынса, куржунуна зыян.

* *
Дүйнө — улуу жол, заман – соккон жел.

* *
Дүлөйгө салам десең, сени сөгөт.

* *
Дүнүйө-мүлктүн көптүгү байлык эмес, көңүлдүн токтугу – байлык.

* *
Жазда малды айдап бак,
кышта малды байлап бак.

* *
Жайында жаткан, кышында тоңот.

* *
“Жакшы” деген бир ат бар,
кууп отуруп жетпейт,
“жаман” деген бир ат бар,
жууган менен эч кетпейт.

* *
Жакшы — калысчыл,
Жаман — арызчыл.

* *
Жакшы адам ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман адам сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Адептүү сылык сүйлөйт,
Амалкөй былык сүйлөйт.

* *
Жакшы адам он беш жашты эрте дебейт, жүз жашты кеч дебейт.

* *
Жакшы адамдын жаны бөлөк, дили бир.

* *
Жакшы атка 1 камчы, жаман атка 1000 камчы.

* *
Жакшы аялдын күйөөсүнүн жакасы агарат,
Жаман аялдын күйөөсүнүн сакалы агарат.

* *
Жакшы бала элин өргө тартат,
Жаман бала элин көргө тартат.

* *
Жакшы болсо катының,
Табыла берет акылың.

* *
Жакшы болсоң – жатык бол,
Улук болсоң – кичик бол.

* *
Жакшы болуш аста-аста,
Жаман болуш бир паста.

* *
Жакшы деген бир ат бар, кууса жеткис.
Жаман деген бир ат бар жууса кеткис.

* *
Жакшы кушка жаман куш,
Бабы менен теңелет.
Жакшы кызга жаман кыз,
Багы менен теңелет.

* *
Жакшы кыз — эрден чыкпайт,
Эрден чыкса — элден чыкпайт.

* *
Жакшы кыз жакадагы кундуз,
Жакшы уул асмандагы жылдыз.

* *
Жакшы кызга – бир жигит,
Жаман кызга – миң жигит.

* *
Жакшы тигилген өтүк кийилип бүтпөйт.

* *
Жакшы уул өзү мырза — элине кул,
Жакшы кыз өзү сулуу — эрине гүл.

* *
Жакшы эритип, жаман кейитип сүйлөйт.

* *
Жакшыга эл, жаанга жер ишенет.

* *
Жакшыдан — бөөн, жамандан жаан.

* *
Жакшылыкка жакшылык — ар кишинин иши,
Жамандыкка жакшылык эр кишинин иши.

* *
Жакшылыкты чоочун менен бөлгөн жакшы,
Азапты жакының менен бөлгөн жакшы.

* *
Жакшынын жакшылыгы — ар жерде,
жамандын жамандыгы — тар жерде.

* *
Жакырдыгын жашырган байып кетпейт,
Жалгыздыгын жашырган бүлөлүү болуп кетпейт.

* *
Жалакай болсоң жашыңдан,
Өмүрүңдү дат басат.
Жакыныңа кас болсоң,
Сай-сөөгүңдү какшатат.

* *
Жалганчы — аксактан мурда колго түшөт.

* *
Жалгыздыктан көрө, акмак болсо да эл жакшы,
Чөлдө болгончо, кыйшык болсо да жер жакшы.

* *
Жалгыздын жары — Кудай.

* *
Жалкоо ойлой берип чарчайт, сүйлөй берип жек көрүнөт.

* *
Жалкоого күн кечкирбейт.

* *
Жалкоого шылтоо жок.

* *
Жалкоонун жаны таттуу.

* *
Жалкоонун жаны, байдын малы — ардактуу.

* *
Жаман адам таарынчаак,
Ар бир ишке корунчаак.

* *
Жаман айтпай, жакшы жок.

* *
Жаман аттын жалы көп, жаман катындын чачы көп.

* *
Жаман аял — кетемин деп коркутат,
Жаман эркек — өлөмүн деп коркутат.

* *
Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.

* *
Жаман жайын айтам деп баарын айтат.

* *
Жаман катын чыккан жерин төркүнсүйт.

* *
Жаман кийимдин ичинде жалындаган жүрөк бар.

* *
Жаман киши макалчы,
Жаман эчки сакалчы.

* *
Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө.

* *
Жамандан жарты кашык артат.

* *
Жамандан жарты кашык аш калыптыр.

* *
Жарды болсоң кооз бол,
Бай жанынан түңүлсүн.
Жалгыз болсон чогоол бол,
Көп жанынан түңүлсүн.

* *
Жатып өлгүчө атып өл.

* *
Жаш жигит акылынан кетсе жайдак,
Аксакал акылынан кетсе бойдок.

* *
Жаш кезде берсин мээнетти,
Каарыганда берсин дөөлөттү.

* *
Жаш кезинде берсин мээнетти,
* * *
Карыганда берсин дөөлөттү.

* *
Жаш келсе — ишке,
Кары келсе- ашка.

* *
Жаш улук эмес, акыл – улук.

* *
Жашка – кызмат, карыга – урмат.

* *
Жашоонун шамы – эмгек.

* *
Жаштыр, чалдыр жан калбайт,
Өлүмдө эч ким тандалбайт.

* *
Жашыңда чечен болсоң, карыганда тажаткы болосуң.

* *
Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш болот.

* *
Жерин сүйбөс эл болбойт,
Элин сүйбөс эр болбойт.

* *
Жеринен ооганга жети жылы конуш жок.

* *
Жети элдин тилин бил,
Жети түркүн өнөр бил.

* *
Жетимиштеги чалдын көңүлү калса дагы, жетидеги баланын көңүлү калбасын.

* *
Жибекти кор тутса – жүн,
Кызды кор тутса – күң.

* *
Жигитке бир сыр, жети кыр керек.

* *
Жигитке жетимиш өнөр аз.

* *
Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.

* *
Жол айры болсо, жолоочунун башы маң.

* *
Жоо келгенде баатыр бол.

* *
Жүрөктөн чыккан сөз — жүрөккө жетет.

* *
Жыландын териси — кооз, тили-уу.

* *
Жылууга ыктай берсең, суукка тоңо бересиң.

* *
Жырткычтар бар жерде эт жатпайт.

* *
Ийилгенге — ийилгин, атаңдан калган кул эмес.
Какайганга какайгын, падышанын уулу эмес.

* *
Илгери баатырлар көп болуптур,
Жомок болсо андан да көп болуптур.

* *
Ит жадаса үрөт,
Адам жадаса – күлөт.

* *
Ит суусу мурдуна жеткиче сүзбөйт.

* *
Иттер чогулса жолборско да үрөт.

* *
Итти эркелетсең да таягыңды таштаба.

* *
Иши жоктун ашы жок.

* *
Иштесең көл болот, иштебесең чөл болот.

* *
Казандагы кайда качат, каптагыга сак болгун.

* *
Кайберендин каргышы менен эненин каргышы бирдей.

* *
Кайраттуу адам калкына башчы болот.

* *
Калк кадырын биле албайт адилетсиз сүйлөгөн.

* *
Калк казанын көп астым. Кана колумдун көөсү.

* *
Калкта акмактар көбөйсө, акыл кетер,
Бектерде ушак сөз көбөйсө тагы кетер.

* *
Калпычынын чын сөзү бошко кетет.

* *
Калыс адамды кодуулого болот,
Ар намыстан жайдактоого болбойт.

* *
Кан иши болсо, катын иши калар.

* *
Кандын да тузу кемиптир.

* *
Канчалык улуу болсоң, ошончолук башыңды ий.

* *
Кара кылды как жарган, калыс болсун элиңде,
Калпты кошпой сүйлөгөн, башчы болсун элиңде.

* *
Карга карасын ким билер, киши аласын ким табар

* *
Кары келсе ашка, жаш келсе ишке.

* *
Карыдан ыйман кетсе, жаштан уят кетет.

* *
Карышкыр картайса да, бир козуга алы жетээр.

* *
Карыялыкка жетип, андагы касиетке жетпеген жаман.

* *
Касапчы эттен кам көрөт,
Кара козу өмүрүнөн кам көрөт.

* *
Катын албай кайын ал.

* *
Катын алсаң отун ал.

* *
Кедейдин жалгыз жылкысы – жорго.

* *
Келген доско тар болсоң, келээр доско зар болосуң.

* *
Келесоого айтылган кайран сөз.

* *
Кеңешип кескен бармак оорубайт.

* *
Кеп жакшысын кулак билет,
Кыз жакшысын ынак билет.

* *
Кесирлүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат.

* *
Кетмен чаппай нан кайда.

* *
Кимге дилиң берилсе, ошол бир тууган.

* *
Кириште чыгышты ойло.

* *
Киши болор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин киши менен иши эмне?
* * *
Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.

* *
Киши эмес киши — сөз эмес сөздү сүйлөйт.

* *
Кожо Насреддиндин көрүнүн жанынан өткөн, жылмаят.

* *
Койчуман көп болсо, кой арам өлөт.

* *
Койчунун кызы кой келгенде иш кылат.

* *
Колу кыймылдабагандын, оозу да кыймылдабайт

* *
Көз — коркок, кол – баатыр.

* *
Көзүм көрбөсө болду, аркамды бөрү жеп кетсин.

* *
Көл канчалык терең болсо да – түбү бар,
Тоо канчалык бийик болсо да – төбөсү бар.

* *
Көмүрчүгө темирчи үйүр.

* *
Көңүл — бул назик бизге, назиктигин эстесек.
Өмүр — бул кылдан ичке, чырт үзүлөт сезбесек.

* *
Көп байкаган көсөм,
Сөз байкаган чечен.

* *
Көп берген, көп кайтарат.

* *
Көп бергенден, эрте берген жакшы.

* *
Көп бойлогон түлкү бат колго түшөт.

* *
Көп жойлогон түлкү капканга түшөт.

* *
Көпкөн жигит көп сүйлөйт,
чечен жигит эп сүйлөйт.

* *
Көптү билип, аз сүйлөө — адамгерчиликтин белгиси.

* *
Көрө-көрө көсөм болот,
Сүйлөй-сүйлөй чечен болот.

* *
Күйүттү күлүп ызала, кырсыкты эмгектенип табала.

* *
Кулактай нан жесең, улактай күч толот.

* *
Күлгөндүн билгени бар.

* *
Кулдай иштеп, падышадай жаша.

* *
Кумгандагы байлыкка, башың менен кирбегин.

* *
Күн каарына калса, табаары тамчы,
Катын каарына калса, табаары камчы.

* *
Күн өткөнгө кызыкпа, иш бүткөнгө кызык.

* *
Кунажын көзүн сүзмөйүнчө бука жибин үзөбү.

* *
Күндө жеген жут болот, айда жеген ток болот.

* *
Куру кашык оозго жакпас,
Куру сөз кулакка жакпас.

* *
Күч акылга баш ийет.

* *
Күч эшиктен кирсе, адилдик түндүктөн чыгат.

* *
Күчтүү болсоң жердей бол баарын чыдап көтөргөн.
* * *
Уугум сага айтам — уулум сен ук,
Керегем сага айтам — келиним сен ук.

* *
Күчүңө ишенбе, ишиңе ишен.

* *
Кыбыраган кыр ашат.

* *
Кыз боосуп алып энесин коркутат.

* *
Кыз менен күрөшпө, кызыр менен жарышпа.

* *
Кыздуу үйдө кыл жатпайт.

* *
Кыздын барар жери күйөө,
Дандын барар жери тегирмен.

* *
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган бересе.

* *
Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер.

* *
Кыргыз кыйытып айтса түшүнөт.

* *
Кыргыз кыргызды сураштыра келсе, карын боло чыга келет.

* *
Мааниси жок кудагый, чолосу жок сөз сүйлөйт.

* *
Мактаган кыз тойдо осурат.

* *
Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы.

* *
Мал ээсин тартпаса арам өлөт.

* *
Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө.

* *
Мейманыңдын көзүнчө мышыгыңды мыш! дебе.

* *
Мекендин кадыры башка жерден билинет

* *
Молдонун боз үйүнөн жети өгуздүн башы табылат.

* *
Мууну-жүүн бошотуп,
Арык кылган убайым.

* *
Мышыкка — оюн, чычканга – ажал.

* *
Напсисин тыя билген – эр адамдын белгиси.

* *
Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт.

* *
Нысапсызга кашык салсаң беш ууртайт.

* *
Оболу өзүң оңол, сөздөрүң өтүмдүү болот, андан соң башканы оңо, айланып кадыр-барк конот.

* *
Обу жок катын оорсок уй саайт.

* *
Обу жок катын секирип сийет.

* *
Обу жок кек сактап жүргөндөн түңүл,
Орунсуз жасалма күлгөндөн түңүл.

* *
Ойноп сүйлөсөң дагы ойлоп сүйлө.

* *
Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.

* *
Оң колуңдун ачуусу келсе сол колуң менен бас.

* *
Оңолуунун жолу бир, бузулуунун жолу миң.

* *
Оорду жеңбей жеңил жок, кыйынды көтөрбөй жеңил жок.

* *
Оору – миң, ден соолук – жалгыз.

* *
Оору кишиге дары керек, соо кишиге баары керек.

* *
Ооруунун алын сурасаң — айыкканга тете.

* *
Орок оро албаган орок тандайт.

* *
Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат.

* *
От түтүнсүз болбос, жигит жазыксыз болбос.

* *
Отко келген катындын отуз ооз сөзү бар.

* *
Отту үйлөп күйгүзсө, сөздү сүйлөп күйгүзөт.

* *
Отуз өлчөп, бир кес.

* *
Өз агасын агалай албаган, өзгө агасын сагалайт.

* *
Өз күнөөсү менен жыгылган, даттанбайт.

* *
Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол.

* *
Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.

* *
Өзү тойсо да, көзү тойбойт.

* *
Өзүң кылчу ишиңди башкаларга жүктөбө.

* *
Өзүңдү өзүң мактаба, сени эл мактасын.

* *
Өзүнүн башындагы тоону көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.

* *
Өкүмсүнүп өспөйсүң, кыйынсынып ашпайсың.

* *
Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.

* *
Өлөр кой койчунун таягына жөлөнөт.

* *
Өтүгү жаман төрдү булгайт.

* *
Пил көтөрбөгөндү, тил көтөрөт.

* *
Сабырдын түбү сары алтын.

* *
Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.

* *
Сайраган жайкы булбул – гүлдүн көркү.
Жаркырап жайнаган кыз — үйдүн көркү.

* *
Сакалы өссө да, акылы өспөптүр.

* *
Салаалап тарап сакалды,карылар айтсын макалды.

* *
Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.

* *
Сел — жерди бузат, ушак — элди бузат.

* *
Семиз арыктаганча арыктын жаны чыгат.

* *
Сен эч кимди ойлобосоң, сени эч ким ойлобойт.

* *
Сиз деген сылык сөз, сен деген сенек сөз.

* *
Согуштун жегени пул, ичкени кан.

* *
Сойгонуң — улак, теке.
Тартканын — кулак чеке.

* *
Сопу сооган жебейт, жесе кабыгын да койбойт.

* *
Сопу сооган жебейт, жесе кабыгын да койбойт.

* *
Сөз айласын билбеген, сөздү өзүнө келтирет,
Күч айласын билбеген, көчтө көлүк өлтүрөт.

* *
Сөз атасы — ыр,
Сөз катасы — чыр.

* *
Сөз ээсин табат.

* *
Сөзгө баатыр, ишке – бакыр.

* *
Сүйбөгөнгө сүйкөнбө.

* *
Сулуу сулуу эмес сүйгөн сулуу.

* *
Сунулган моюнду сунулган кылыч кеспейт.

* *
Сурап ичкен тамагың – суу ичкен менен барабар,
Уурдап ичкен тамагың – уу ичкен менен барабар.

* *
Сүткө оозу күйгөн — айранды үйлөп ичет.

* *
Суу башаттан бузулат.

* *
Суу башаттан оңолот.

* *
Суу жердин каны, жер дыйкандын жаны.

* *
Сууну коп кечсе – чалчык болот,
Сөздү көп сүйлөсө — тантык болот.

* *
Суунун атасы — булак, сөздүн атасы – кулак.

* *
Суусу тунук жер асыл,
Сулуусу көп эл асыл.

* *
Тазалык – соолук негизи, соолук – байлык негизи.

* *
Талкан десе тап койгон, айыл десе ат койгон.

* *
Таш менен урганды, аш менен ур.

* *
Таштак жерде от болбос,
Арсыз башта уят болбос.

* *
Тебенектен бутуңду тарт,
Ушакчыдан тилиңди тарт.
* * *
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген,
Калың болсоң жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.

* *
Темене берип, тоо алат.

* *
Темирди кызуусунда сок.

* *
Темирдин кадырын уста билет.

* *
Тең теңи менен, тезек кабы менен.

* *
Тешик жыртыкты шылдыңдаптыр.

* *
Тизелеп жашаганча,
Тик туруп өлгөн артык.

* *
Тил — акыл таразасы.

* *
Тилден жаңылбаган, буттан мүдүрүлбөгөн жок.

* *
Тилдин учунан бал да агат, уу да агат.

* *
Тоготпогон жыланды топтошкон кумурска өлтүрөт.

* *
Тоо бузулуп, таш урап,
Тозулбаган — жерде жок.
Чайпалбаган — көлдө жок.
Чаалыкпаган — жанда жок.
Бөксөрбөгөн — сууда жок.
Бөлүнбөгөн — элде жок.

* *
Тоо көрүнсө – алыс эмес.

* *
Топуксуздун курсагы тойбойт.

* *
Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт.

* *
Түйшүгү болбой, түшүмү болбойт.

* *
Түн бакырдыкы.

* *
Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт

* *
Убада берсең, убарасына чыда.

* *
Убада берүү – арзан, аткаруу – кыйын.

* *
Убаданын жаманы – улам болжоп, тил эмизген,
Убаданын жакшысы – адамдык, абийирге ишенген.

* *
Уга турган жерге сүйлө,
Сиңе турган жерге куй.

* *
Үйдө чоочун болсоң, сырттан жакын болбойт.

* *
Уккан — улама, көргөн — көсөм.

* *
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.

* *
Улук болсоң кичик бол.

* *
Улууну укпаган – узабас.

* *
Урук сеппей эгин жок.

* *
Уста сына турган буюм жасабайт.

* *
Устанын тогоосу жок.

* *
Үшүгөнгө жылдыз от көрүнөт.

* *
Чапкан сайын көз чыкпайт.

* *
Чөбү жок деп — жерден түңүлбө,
Малы жок деп — эрден түңүлбө.

* *
Чөп көп жерде бука семирет,
Өлүк көп жерде молдо семирет.

* *
Чындыкты танууга болбойт,
Достукту чанууга болбойт.

* *
Шагылы болбой зоо болбойт,
Шайыры болбой эл болбойт.

* *
Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз,
Шакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз.

* *
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт.

* *
Шамалсыз бактын да төбөсү кыймылдабайт.

* *
Шашкан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе этеги жерге жетпейт.

* *
Ыймандуу таап сүйлөйт,
Ыймансыз каап сүйлөйт.

* *
Ыймандуунун алары – алкыш.

* *
Ыймансыз тамак десе шашат, жумуш десе качат.

* *
Ыймансыз уул ата-энесин көргө сүйрөйт.

* *
Ыйманы болсо адамсың, ыймансыз болсоң наадансың.

* *
Ынтымак бар жерге ырыс уялайт.

* *
Ынтымак достордун жолун ачат,
Ынытымак болбосо – ырысың качат.

* *
Ынытымактуу үй-бүлөдөн ырыскылуу үлпөт кетпейт.

* *
Ырыс алды – ынтымак.

* *
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо
Алдыңдан таяр алтын так.

* *
Ырыскыны жер берет,
Ынтымакты эл сүйөт.

* *
Эгин айдоо — байлык айдоо.

* *
Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет.

* *
Эки жакшы кас болбойт,
Эки жаман дос болбойт.

* *
Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшүшөт,
Эки жаман тоого чыкса кубалашып түшүшөт.

* *
Эки жинди бир кетти, эсен барып, соо келсин.

* *
Эки таш беттешсе күкүм болоор.
Эки баш эптешсе бүтүм болоор.

* *
Эл дөөлөтү — эмгек, эмгек баарын жеңмек.

* *
Эл камын ойлогон — көктөйт, өз камын ойлогон — өспөйт.

* *
Эл үчүн эрги, журт үчүн жүгүр.

* *
Элинен безген — эр оңбос,
Көлүнөн безген — каз оңбос.

* *
Эмгеги аздын өнгөнү аз.

* *
Эмгек барда өнмөк бар.

* *
Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан.

* *
Эмгектен артык эм жок,
Кайраттан артык дем жок.

* *
Эмнени эксең, ошону оросуң.

* *
Эне – үй-бүлөнүн жүрөгү,
Ата – үй-бүлөнүн тиреги.

* *
Эненин көөнү балада,
Баланын көөнү талаада.

* *
Энесин көрүп кызын ал,
Эшигин көрүп төрүнө өт.

* *
Эр жаңылып колго түшөөр,
Куш жаңылып торго түшөөр.

* *
Эр жигит элин сагынат, өрдөк, каз көлүн сагынат.

* *
Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты.

* *
Эринчээктин колу тийбейт.

* *
Эрте аттанган кеч калбайт,
элдүү түлкү ач калбайт

* *
Эртенки куйруктан, бүгүнкү бөйрөк жакшы.

* *
Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт.

* *
Эстүүнүн алдында бас,
Бирок жиндиден артка кал.

* *
Эт жебеген жырткыч жок.

* *
Эшек оонаган жерде түк калат, түк калса да жөн калбайт.

* *
Эшек такалаганча, бекер иштеген жакшы.

* *
Эшек ташыйт, ат жейт.

* *
Эшекти отко айдасаң бокко качат.

* *
Эшектин жүгү жеңил болсо жатак болот.

* *
Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.

* * *
Ач бала ток баладай ойнобойт,
Ток бала ач болом деп ойлобойт.

* * *
Булут минип мүз бүркү,
эрен да откөн дүйнөдөн,
бербейм, бербейм деп журүп,
бай да өтөт дүйнөдөн.

* * *
Калк казанын көп астым. Кана колумдун көөсү.

* * *
Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө,
эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө.

* * *
Тебенектен бутуңду тарт,
ушакчыдан тилиңди тарт.
* * *
Таза болсоң суудай бол,
баарын жууп кетирген,
калың болсоң жердей бол,
баарын чыдап көтөргөн.

* * *
“Жакшы” деген бир ат бар,
кууп отуруп жетпейт,
“жаман” деген бир ат бар,
жууган менен эч кетпейт.

* * *
Шагылы болбой зоо болбойт,
Шайыры болбой эл болбойт.

* * *

3 thoughts on “Макал-лакаптар

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.