Ө

  1. Өз агасын агалай албаган, өзгө агасын сагалайт.
  2. Өз күнөөсү менен жыгылган, даттанбайт.
  3. Өзгө, жатка калыс бол, арамдыктан алыс бол.
  4. Өзөктөн чыккан өрт жаман,
    Өздөн чыккан жат жаман.
  5. Өзү тойсо да, көзү тойбойт.
  6. Өзүнүн башындагы тоону көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт.
  7. Өзүң кылчу ишиңди башкаларга жүктөбө.
  8. Өзүңдү өзүң мактаба, сени эл мактасын.
  9. Өкүмсүнүп өспөйсүң, кыйынсынып ашпайсың.
  10. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
  11. Өлө жегиче бөлө же.
  12. Өлөр кой койчунун таягына жөлөнөт.
  13. Өтүгү жаман төрдү булгайт.