Ү

  1. Үйдө баатыр – жоодо жок.
  2. Үйдө чоочун болсоң, сырттан жакын болбойт.
  3. Үйдөгү ойду базардагы нарк бузат.
  4. Үйдүн ашы үйгө сонун.
  5. Үйрөнбөгөн  бейиштен, үйрөнгөн тозок жакшы.
  6. Үйрөнүп көрбөгөн уста боло албайт.
  7. Үйүндө сүтүң төгүлсө,
    Талаада музооң ээмп кетет.
  8. Үйүнө келгенче – үйдөй таарынычыңды айтпа.
  9. Үйүңдө көптү талаада урбайт.
  10. Үйүрүн сагынбас – ат болбойт, элин сагынбас – эр болбойт.
  11. Үндөбөгөн – үйдөй балаадан кутулат.
  12. Үнөмчүл дайым утушта.
  13. Үшүгөнгө жылдыз от көрүнөт.
  14. Үшүгөндү шишиген жетелеген.