Д

  1. Даары десең бал да ачуу болот.
  2. Дагы жоктун, наны жок.
  3. Далили жок сөз – чала күйгөн чычала.
  4. Дан – аш, алтын – таш.
  5. Даны жоктун, наны жок.
  6. Даңкы таш жарган.
  7. Дарак бир жерде көгөрөт.
  8. Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.
  9. Дени соонун жаны соо.
  10. Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
  11. Дос айрылат, сөөк (тууган) кайрылат.
  12. Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
  13. Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
  14. Дос таарынса, бергенин алат.
  15. Дос табышат, душман кагышат.
  16. Дос-жолдошуң бир жылдык, куда – сөөгүң миң жылдык.
  17. Досум дос элек – коон үзгөндө, тескери карап калыпсың – бозо сүзгөндө.
  18. Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
  19. Досуң берген малдын тишин ачпа.
  20. Досуң менен чатакташканың
    Бороондоп ачылган күндөй.
  21. Досуң миң болсо да, аздык кылат, душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
  22. Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
  23. Дөөлөт басса – эт басат,
    Мээнет басса – бит басат.
  24. Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак.
  25. Дөөлөттөн артык мээнет бар.
  26. Дөөлөтүң – ата-энең, таалайың – уул-кызың.
  27. Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен.
  28. Дубана таарынса, куржунуна зыян.
  29. Думанадан айбашы үмүтөтүптүр.
  30. Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
  31. Душман сырттан жылмаят, ичинен кубанат.
  32. Душманга кепти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
  33. Душмандашкан киши оңолбойт.
  34. Душмандын биринчи кадамы, жылмалап айткан саламы.
  35. Душмандын чырагына май тамызба.
  36. Дүйнө – улуу жол, заман – соккон жел.
  37. Дүйнөгө түркүк болгон адам жок.
  38. Дүйнөнүн шамы – билим,
    Жашоонун шамы – эмгек.
  39. Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт.
  40. Дүлөйгө салам десең, сени сөгөт.
  41. Дүнүйө – бир тыйындан курулат.
  42. Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.
  43. Дүнүйө карыганда маңдайга келет.
  44. Дүнүйө-мүлктүн көптүгү байлык эмес, көңүлдүн токтугу – байлык.
  45. Дүнүйөнүн түбүнө жетпейсиң.
  46. Дыйкандын эмгегин жер кайтарат.