Э

  1. Чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө жеткенче.
  2. Эбепке – себеп, эгиз улакка – айры шыбак.
  3. Эбин тапкан – эки ичет, эңсеси каткан  – бир ичет.
  4. Эгем бир улак жаратса, бир түп шыбак кошо жаратат
  5. Эгин айдоо – байлык айдоо.
  6. Эгиндин жайын эккен билет, арабанын жайын чеккен билет.
  7. Эки арамза дос болбойт.
  8. Эки байдын ортосунда кедей байыбайт.
  9. Эки баш бир казанда кайнабайт.
  10. Эки бээлүү – эл сактайт, жалгыз бээлүү – жан сактайт.
  11. Эки жакшы жайлоого чыкса – кудалашып түшөт,
    Эки жаман жайлоого чыкса – кубалашып түшөт.
  12. Эки жакшы кас болбойт,
    Эки жаман дос болбойт.
  13. Эки жинди бир кетти, эсен барып, соо келсин.
  14. Эки кеменин башын кармаган сууга кетет.
  15. Эки кырчаңгы бир токойдон табышат.
  16. Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымын кырылат.
  17. Эки өчтүүнү бир күчтүү кошуптур.
  18. Эки сарыдан маймылча туулат, эки карадан каргача туулат.
  19. Эки таш беттешсе күкүм болоор.
    Эки баш эптешсе бүтүм болоор.
  20. Эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт.
  21. Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат.
  22. Эксең эгин, ичерсиң тегин.
  23. Эл – мазар, элден чыккан – азар.
  24. Эл – ыйык, элден чыккан – суюк.
  25. Эл болбосо, эр болбойт.
  26. Эл дөөлөтү – эмгек, эмгек баарын жеңмек
  27. Эл ичи – алтын бешик.
  28. Эл ичинде эл жүрөт.
  29. Эл камын ойлогон — көктөйт, өз камын ойлогон — өспөйт.
  30. Эл каргаса, жерге батпайт.
  31. Эл оозунда элек жок.
  32. Эл үчүн эрги, журт үчүн жүгүр.
  33. Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
  34. Эл менен эрегишпе, эр менен жоолашпа.
  35. Элдүү жерде элек бар.
  36. Элдүү түлкү ачка өлбөйт.
  37. Элинен безген — эр оңбос,
    Көлүнөн безген — каз оңбос.
  38. Элиңде жаманың болсо, эрмегиң ошол.
  39. Элүү жылда – эл жаңырат, жүз жылда – жер жаңырат.
  40. Эмгеги аздан өнмөгү аз.
  41. Эмгек адамдын үзүрү.
  42. Эмгек барда өнмөк бар.
  43. Эмгек даңкка жеткизет.
  44. Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан
  45. Эмгек кылсаң өнмөк бар.
  46. Эмгек кылсаң эринбей, тоет кардың ар дайым.
  47. Эмгек менен тапкан малың, өлгөнүңчө мүлк болор.
  48. Эмгек эрдикке жеткирет, эрдик элдикке жеткирет.
  49. Эмгектен артык эм жок,
    Кайраттан артык дем жок.
  50. Эмгектен арыктасаң, түшүмүнө семиресиң.
  51. Эмгектен качсаң – дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң – аңгекке.
  52. Эмгектүүнүн аты калат, эмгексиздин даты калат.
  53. Эмгектүүнүн наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
  54. Эмдик боз минсең, оозуң тарт, элдүү жерде тилиң тарт.
  55. Эмне эксең, ошону оросуң .
  56. Эне – үй-бүлөнүн жүрөгү,
    Ата – үй-бүлөнүн тиреги.
  57. Энеге баланын алалыгы жок.
  58. Эненин көөнү балада,
    Баланын көөнү талаада.
  59. Энесин көрүп кызын ал,
    Эшигин көрүп төрүнө өт.
  60. Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче,
  61. Эпкиндүү болсоң элиң сүйөт, курбу-курдаш теңиң сүйөт.
  62. Эпчил эки ичет.
  63. Эр – бир өлсө, эс – миң өлөт.
  64. Эр – улан болбойт, ат – кунан болбойт.
  65. Эр – эгиз, эмгектүү – жалгыз.
  66. Эр азыгы – элден, бөрү азыгы – жолдон.
  67. Эр айласы – бир, катын айласы – миң.
  68. Эр ачкадан өлбөйт, арынан өлөт.
  69. Эр болсоң, көк бол, айткан сөзгө бек бол.
  70. Эр жаңылып колго түшөөр,
    Куш жаңылып торго түшөөр.
  71. Эр жарасыз болбойт.
  72. Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
  73. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
  74. Эр жигит элин сагынат, өрдөк, каз көлүн сагынат.
  75. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  76. Эр жигиттин жакшысы, эгин айдап, мал күтөт.
  77. Эр карыса да, ой карыбайт.
  78. Эр соргогу – үй толтурат, катын соргогу үй курутат.
  79. Эр тамагы – элден, бөрү тамагы – жолдон.
  80. Эр төрөгөн эл өлбөйт.
  81. Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин жер жебейт.
  82. Эрге ишенгенче, эки босогоңо ишен.
  83. Эрди – катын бир үйдүн айы менен күнү.
  84. Эрди – катын урушат, эси кеткен болушат.
  85. Эрди карыганда, атты – арыганда көр.
  86. Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты.
  87. Эрдин даңкын алыстан ук.
  88. Эрдин күчүн эл сынайт.
  89. Эри сүйбөс катынга эндик – упа не пайда?
  90. Эринчээктин колу тийбейт.
  91. Эришине жараша – аркагы, эшегине жараша тушагы.
  92. Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун.
  93. Эркиң жетсе, эки кулагыңды чой.
  94. Эрте аттанган кеч калбайт,
    Элдүү түлкү ач калбайт
  95. Эрте турган жигиттин – ырысы артык, эрте турган аялдын – бир иши артык.
  96. Эртенки куйруктан, бүгүнкү бөйрөк жакшы.
  97. Эртең – макул, бүгүн – жок.
  98. Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык.
  99. Эсептешкен дос болбойт.
  100. Эсептүү дос айрылбас.
  101. Эсери болбой, эл болбойт.
  102. Эсиң барда – этегиңди жап.
  103. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт.
  104. Эстүү – көпчүл, эселек – тууганчыл.
  105. Эстүүнүн алдында бас,
    Бирок жиндиден артка кал.
  106. Эт жасаган колун жалайт.
  107. Эт жебеген жырткыч жок.
  108. Эт көрбөгөн – чоң сугунат, ун көрбөгөн – бор сугунат, туз көрбөгөн – шор сугунат.
  109. Эт менен челдин ортосунда.
  110. Этекке жетсе, жеңге жок, эңгиреткен дүйнө бок.
  111. Этекти кессең, жең болбойт, эзелки душман эл болбойт.
  112. Этим тургай, табагым жок.
  113. Эчки сүйөт баласын, «тентегим» деп, кой сүйөт баласын, «жөнтөгүм» деп.
  114. Эшеги – бир теңге, токуму – миң теңге.
  115. Эшегине жараша – тушагы.
  116. Эшегинин тушагы жок, төөсүнө чом жасар имиш.
  117. Эшек оонаган жерде түк калат, түк калса да жөн калбайт.
  118. Эшек такалаганча, бекер иштеген жакшы.
  119. Эшек ташыйт, ат жейт.
  120. Эшекти отко айдасаң бокко качат.
  121. Эшектин жүгү жеңил болсо жатак болот.
  122. Эшектин кулагы узун,
    Ушакчынын тили узун.
  123. Эшектин күчү – адал, сүтү – арам.
  124. Эшиктен кирип, төр меники дейт.
  125. Ээгиндеги сакалың, эрксиз жүрсөң агарат.
  126. Ээн баштык менен тапкан малың, өз башыңа жүк болор,
  127. Ээси арамза болсо, аты чакар болот.
  128. Ээси келсе, бээсин бер.
  129. Ээси көрмөксөн болсо, малы көтөрүм болот.
  130. Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт.