И

  1. Изденүү – ийгиликтин өбөлгөсү.
  2. Ийгиликтин эрте кечи жок.
  3. Ийилген башты кылыч кеспейт.
  4. Ийилгенге – ийилгин, атаңдан калган кул эмес.
    Какайганга какайгын, падышанын уулу эмес.
  5. Ийлеп – ийлеп итке салба.
  6. Ийне көзүнөн сынат, чечен сөзүнөн сынат.
  7. Ийне өткөн жерден шоона да өтөт.
  8. Ийри жыгач түз болбойт.
  9. Ийри отурсаң да, түз сүйлө.
  10. Ийри отуруп түз кеңешүү.
  11. Илгери баатырлар көп болуптур,
    Жомок болсо андан да көп болуптур.
  12. Илим – ийне менен кудук казгандай.
  13. Илим – окуу булагы, билим – өнөр чырагы.
  14. Илим башка жугат, кына ташка чыгат
  15. Илим өмүрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт
  16. Илкий – силкий жөө жүрүп, мен да өтөрмүн дүйнөдөн.
  17. Илээндинин малы көчкөндө жок болот.
  18. Иретсиз ишке ийгилик жок.
  19. Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
  20. Ит жадаса үрөт,
    Адам жадаса – күлөт.
  21. Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
  22. Ит кабышып өлөт, наадан з_ҢлилҮ у<ув.
  23. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
  24. Ит менен дос болсоң сөөк в_<_и_блч.
  25. Ит мурдуна суу киргенде сүзөт.
  26. Ит суусу мурдуна жеткиче сүзбөйт.
  27. Ит үрө берет – кербен жүрө берет.
  28. Ит эле болду Сарбагыш.
  29. Итенген сайын бир боорсок.
  30. Итке темирдин баркы жок.
  31. Итке темирдин кереги эмне.
  32. Итте жээн жок, букада кайын жок.
  33. Иттер чогулса жолборско да үрөт.
  34. Итти сыйласаң, килемге чычат.
  35. Итти эркелетсең да таягыңды таштаба.
  36. Иттин акмагы күндүз үрөт.
  37. Иттин ичине сары май жакпайт.
  38. Ичер ашы жок, үрөр ити жок.
  39. Ичи тар итине бок бербейт.
  40. Ичиң күйсө туз жала.
  41. Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат.
  42. Ичке жерден үзүлөт.
  43. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
  44. Ичкилик арты – өкүнүч.
  45. Ичкиликке мактаныч жок, сактаныч бар.
  46. Ичкиликке тойгон энесин тааныбас.
  47. Ичтен чыккан ийри жылаан.
  48. Иш дегенде жата калган, сөз дегенде тура калган.
  49. Иш сүйгөн колдон тоо кулайт, иш качкан колдон куурай да сынбайт
  50. Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын.
  51. Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма.
  52. Иши жоктун ашы жок.
  53. Иши көңүлдүү болгондун, эгини түшүмдүү болот.
  54. Иши оңолордун ити чөп жейт.
  55. Ишин сүйгөн эр болот .
  56. Ишиң калганча ашың калсын.
  57. Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт.
  58. Иштеген темир чирибейт.
  59. Иштеген тиштейт, иштебеген тиштебейт.
  60. Иштеги киши карыбайт, карыса да арыбайт.
  61. Иштейсиң кулча – тиштейсиң байча.
  62. Иштесең көл болот, иштебесең чөл болот.
  63. Иштесең тиштерсин.