П

  1. Паанасы жок сайдан без.
  2. Паанасы жок сайдан кач, кайры жок байдан кач.
  3. Падыша тукумун жеке уул даңазалабайт.
  4. Пайгамбар баарына асыр.
  5. Пайгамбар барына назир (ыраазы).
  6. Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
  7. Пайгамбар кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес.
  8. Пайгамбарга бар назир.
  9. Пайданы башыңа кыл, башыңдан артса досуңа кыл.
  10. Пайданы көрсө соодагердин шакыйы кармап, чыдай албай, буту менен эмес, төбөсү менен чуркайт эмеспи.
  11. Пайданы өз башыңа кыл, башыңдан артса башкага кыл.
  12. Пайдасыз тууган – чекеге чыккан чыйкан.
  13. Палан жерде алтын бар, өз жериңдей кайда бар.
  14. Паракорлор кызыгат бир токочтук тыйынга.
  15. Пейил күтсөң, битир бергенди унутпа.
  16. Пейли жакшы кем болбойт, пири болбой эл болбойт.
  17. Пейли жакшы кем болбойт.
  18. Пейли жакшыны кудай табат, пейли жаманды ит кабат.
  19. Пейли жаман кишиден күтөт, өз ашын жашырып ичет.
  20. Пейли кенен – калысчыл, пейли тар – арызчыл.
  21. Пейли кеткен пенденин казанынан аш кетет.
  22. Пейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
  23. Пенде пейилинен табат.
  24. Перзент белдин (жандын) кубаты, берен (болсо) элдин кубаты. (Камкор малдын кубаты).
  25. Перилердин ойной турган жери бар, аюунун чээни бар.
  26. Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
  27. Пулсуз калаа – көрксүз, гүлсүз талаа – көрксүз.
  28. Пулу бардын – кеби он, пулу жоктун– кеби тоң.
  29. Пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт.
  30. Пулун пулдай албаган, досун сыйлай албайт.
  31. Пулуң болсо, кулуңмун.