Ш

  1. Шагыл болбой, зоо болбойт,
    Шайыр болбой, эр болбойт.
  2. Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз,
    Шакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз.
  3. Шакылдаган жигитти жоо бетинде көрөрмүн.
  4. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт.
  5. Шарап ичкен атак албайт,
    Эмгегин сүйгөн артта калбайт.
  6. Шараптан – кастык, айран – сүттөн жаштык табасың.
  7. Шариятты укмак бар, куумак жок.
  8. Шарыят буйлаланган төө, кайда жетелесең кете берет.
  9. Шатыра жалкоо жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
  10. Шашкан – ашка бышкан.
  11. Шашкан коён аңга батпайт.
  12. Шашкан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе этеги жерге жетпейт.
  13. Шеги бар шекшийт.
  14. Шыбыр – кеп болбойт, шыйрак – эт болбойт.