Т

  1. Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен байлашпа.
  2. Таалайлуу менен талашып иш кыл,
    Бактылуу менен байлашып иш кыл.
  3. Таалайыңа эмнени жазса, ошону көрөсүң.
  4. Таамай сөз таяктан катуу.
  5. Тааныбагандын (жердин) ой-чуңкуру көп.
  6. Тааныбасты сыйлабас
  7. Таанымал жерде бой сыйлуу, тааныбас жерде тон сыйлуу.
  8. Таанысаң Тынаймын, тааныбасаң Кудаймын.
  9. Таап алсаң да санап ал.
  10. Таап сүйлөгөн таттуу сүйлөйт.
  11. Таарынгандыкы таттуу.
  12. Таарынсаң Таласка бар.
  13. Таасирдүү сөз – тарбияга көмөктөш.
  14. Таба кылбай тобо кыл.
  15. Табарман эрден тубарман бээ өтөт.
  16. Табыпчы дартка жолдош.
  17. Тагдыр бактылууну сүйөт, бактысызды сүйрөйт.
  18. Тагдыр жазмыштагыны көрөм деп, отура берүүгө болбойт.
  19. Таз арданса, бөрк алат.
  20. Таз дарыкер болсо, өзү таз болот беле.
  21. Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү калбасын.
  22. Таз таранганча той таркайт (же тарайт).
  23. Таза аба жуткуң келсе – эрте тур,
    Таза өмүр сүргүң келсе – эмгек кыл.
  24. Таза болсоң суудай бол,
    Баарын жууп кетирген,
    Балбан болсоң жердей бол,
    Баарын чыдап көтөргөн.
  25. Таза үрөндөн өнгөн дан, дыйканды байытат.
    Ак ниеттен чыккан сөз (көп), адамды марытат.
  26. Тазалык – өмүр булагы.
  27. Тазалык – соолук белгиси, соолук – байлык белгиси.
  28. Таздан тарак сурабайт.
  29. Таздын бити саналуу.
  30. Таздын көөнү болбосо да, таза кыздын көөнү калбасын.
  31. Таздын темир тарагы бар, кемпирдин берекелүү тамагы бар.
  32. Тай ат болсо – ат тыныгар, уул эр жетсе – ата тыныгар.
  33. Тай атка чыкса, ат азатка чыгат.
  34. Тай кезинде бары жакшы, жаман ат кайдан чыгат,
    Кыз кезинде бары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?
  35. Тай кунанга жеткизет, кунан атка жеткизет, ат муратка жеткизет.
  36. Тай туйлап такка чыкпайт.
  37. Тайлак бар, чому жерде калган жок.
  38. Тайы жаман болсо да, тайлагы бар.
  39. Тайып жыгылган таянып турар.
  40. Така туякты сактайт, туяк тулпарды сактайт, тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт.
  41. Тактыктан достук бузулбайт
  42. Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт.
  43. Такыялуу башка далай иш түшөт.
  44. Талаага түнөгүчө, молого түнө.
  45. Талаада музоо эмип кетсе, үйдө сүтүнө ит тиет (же сүт төгүлөт).
  46. Талаада табылса, бир ором жип олжо.
  47. Талаадагыны үйдө болжобо.
  48. Талаалуу жерде тоо болбойт, жакшы элде доо болбойт.
  49. Талаанын көркү мал менен, калаанын көркү эл менен.
  50. Талант тартынчаак болот.
  51. Талап – табылбас канат.
  52. Талаптанбай муратка (тилекке) жетпейт.
  53. Талаштан тактык жаралат.
  54. Талкалап салуу бир паста, бир нерсе кылуу аста-аста.
  55. Талкан десе тап койгон, айыл десе ат койгон.
  56. Тамагы майлуунун – көйнөгү көөлүү.
  57. Тамагын тартпаган таттуусунан айрылат.
  58. Тамак болбой, дымак болбойт.
  59. Тамак, тамак болсо дымак.
  60. Тамак деп асмандагы куш торго түшөт.
  61. Тамак көп болсо – итке жакшы, тамак жок болсо – битке жакшы.
  62. Тамак көрсө күлкүсү келет, китеп көрсө уйкусу келет.
  63. Тамак менен кыйнабай, муш менен кыйна.
  64. Тамак үчүн асмандагы куш торго түшүптүр
  65. Тамаксоонун табагы толбойт, топуктуунун жаманы болбойт.
  66. Тамактан аяган мончок курусун.
  67. Тамактан өткөндүн баары тамак.
  68. Тамакты бир тууш ичет, бир кууш ичет.
  69. Тамакты кабак көрөт.
  70. Тамакты таттуу кылган – туз, ыраакты жакын кылган – кыз.
  71. Тамактын жакшысы ток, жаманы жок.
  72. Таманың тайгак болсо, таканы мыктап как.
  73. Тама-тама көл болот.
  74. Тамашага – тамаша, каяшага – каяша.
  75. Тамашанын таттуусу, таң атканда билинет.
  76. Тамашанын теңи – чындык.
  77. Тамганы күйгүз, күйгүзбөсөң өзүң күйөсүң.
  78. Тамды тешкен уурунун сабы кыска чоту бар.
  79. Тамчы суудан тал көгөрөт.
  80. Тамчы тама берсе таш жарат, бир сөз ырбай берсе баш жарат.
  81. Тамыр тарткан талыкпайт.
  82. Тамырлуу да жыгылат, такалуу да тайгаланат.
  83. Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл болбойт.
  84. Тандаган тазга жолугат.
  85. Тандап, тандап, тазга жолукту.
  86. Тандап алган катының тайлак минип олтурат,
    Көрүп алган катының көсөө минип отурат.
  87. Тандачу элең тал–тал кара чачтууну,
    Эми кезиктирди кудайы аарчыган пияз баштууну.
  88. Таң атпаганга күн да батпайт.
  89. Таң сүрө иштегениң– таалай, бакыт издегениң.
  90. Таңда күнү таң атар, саамал ичер күн тубар.
  91. Таңкы куйруктан азыркы өпкө.
  92. Тапкан – сүйүнөт, тааныган – алат.
  93. Тапкан – эне эмес, баккан – эне.
  94. Тапканыңа сак бол, эсебиңе так бол.
  95. Тар жерде табышкан, кең жерде келишет.
  96. Тар жол, тайгак кечүүдө.
  97. Тар кийим талашып жыртылат, кең кийим кеңешип жыртылат.
  98. Тар өтүгүң бутуңду кысса, кең дүйнөдөн не пайда.
  99. Тар үйдө олтуруп тамак жегиче, кең үйдө олтуруп муш же.
  100. Таранчы жеген таруунун бөдөнө тартат азабын.
  101. Таранчыдан корккон таруу айдабайт.
  102. Тарбия – баасыз байлык.
  103. Тарбия көп кырдуу, таалим көп сырдуу.
  104. Тарбиянын кени мектепте.
  105. Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү.
  106. Тартар тилинен тартар.
  107. Тарткан – төө, чачкан – чычкан.
  108. Тартынбаган тил, таттуу турмушту бузат.
  109. Тартынбаганга таяк да курал.
  110. Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат
  111. Тарчылык болбой – кеңчилик болбойт, кеңчилик болбой – теңчилик болбойт.
  112. Тарыхка кириш кыйын, чыгыш оңой
  113. Таттуу калптан, ачуу чындык жакшы.
  114. Таттуу ооздун даамын кетирбе.
  115. Таттуу тилден жаның жыргайт.
  116. Таш бакага таш жааса деле баары бир.
  117. Таш жарган балта кеңеште баш жарат.
  118. Таш койсоң, таш аласың, кыш койсоң, кыш аласың.
  119. Таш менен урганды аш менен ур,
    Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер.
  120. Таш түш, таалайыңан көр.
  121. Таш түшкөн жеринде оор, иш чыккан жеринде зарыл.
  122. Таш, ташты эриткен аш.
  123. Ташка салып айдаса, тулпардан туяк кетилет (кетилмек),
    Саяпкери жарашса, тулпарга туяк жетилет (жетилмек).
  124. Ташкын өтөөр, таш калаар.
  125. Ташкын суу кечүүсүз болбойт.
  126. Таштак жерде от болбос,
    Арсыз башта уят болбос.
  127. Ташты таш менен урганда козголот.
  128. Ташты ташка урганың менен таңдайыңа тамызаарга суу чыкпайт.
  129. Ташчы ташты тешет, айың башты тешет.
  130. Ташыркаса бууданды, «баса албайт», деп кордобо.
  131. Таягың узун болсо, белиң ийилбейт, канаттуунун териси мээлей болуп кийилбейт.
  132. Таяк – тайга жеткирет, тай – атка жеткирет.
  133. Таяк – эттен өтөт, сөз – сөөктөн өтөт.
  134. Таяк (кылыч, муш, ок) жарасы бүтөт (кетет), сөз (тил) жарасы бүтпөйт (кетпейт).
  135. Таяк тапса төкөр сүйүнөт.
  136. Таяк-эттен өтөт, сөз – сөөктөн өтөт.
  137. Таянаарың болбосо, таамай сөздөн пайда жок.
  138. Таянган кожоң сууга акса, алды-артынан тал карма.
  139. Таянган тооңу көчкү алса, талдуу бутагынды ким калкалайт.
  140. Таянган тоосу бийик болсо, текенин көзү кызыл болот.
  141. Таянган тоосу бийик болсо, ыргыткан ташы алыс түшөт.
  142. Таянычы жок адам жаман болот, бөөдөсүнөн ар дайым залал болот.
  143. Тебенектен бутуңду тарт,
    Ушакчыдан тилиңди тарт.
  144. Тегин (же бекер) жерден өрт чыкпайт.
  145. Тегин жаткан текемди сенин эчкиң ала кетти.
  146. Тегин жерден өрт чыкпайт.
  147. Тегин эмес түшүңүз, оңолот экен ишиңиз.
  148. Тегинен эмес, кебинен.
  149. Тегирмендин барасы жүгүрсө, ташы талкаланууга макул.
  150. Тез жанында ийри жыгач жатпайт, (тез бар жерде ийри жыгач турбайт).
  151. Тек жүргөн – ток жүрөт.
  152. Тек жүрсөң – ток жүрөрсүң, шок болсоң – жок болорсуң.
  153. Тек тургуча тегин иште.
  154. Тек тургуча тегин иште.
  155. Теке – тоочул, коён – коңулчул..
  156. Теке – турукка, азамат – урукка.
  157. Теке болсо мейли, сүт берсе болду.
  158. Текенин мүйүзү көккө жетпейт, төөнүн куйругу жерге жетпейт.
  159. Текенин өзү ойдо болсо да, көзү зоодо.
  160. Тектүү жер –намыстуу эл.
  161. Темене тартып төө алат, өрдөк берген, каз алат.
  162. Темене тартып, төө алат, тартуу кылып чай алат.
  163. Темир – отто, киши – жокто чыңалат.
  164. Темир кессең кыска кес, жыгач кессең узун кес.
  165. Темирди дат жейт, жүрөктү дарт жейт.
  166. Темирди кызуусунда (кызыганда) сок
  167. Темирди ысыгында сок, кепти кызуусунда сок.
  168. Темирдин баркын уста билет.
  169. Темирдин бир башы ысык, бир башы суук.
  170. Темирдин кадырын уста билет.
  171. Темирдин курчунан эмес, сугарган суусунан.
  172. Темирдин эки башы да ысык.
  173. Темирчи көмүрчү менен дос, өтүкчү наалчы менен дос.
  174. Темирчи көмүрчүгө үйүр.
  175. Темирчинин балтасы жок, жыгашчынын тубагы жок.
  176. Темирчинин бычагы жок.
  177. Темирчинин колунда катуутемир ыйман айтат.
  178. Тентек молдо – телмирген өгүз.
  179. Тентек чокмор жыйнайт.
  180. Тентекке санат болбосо, журт ырааты бузулат.
  181. Тентектик – кудаанын жолунан чыгуу.
  182. Тең – теңи менен, тезек – кабы менен.
  183. Тең көргөндү теңирим сүйөт, тең көрбөгөндүн кепини күйөт.
  184. Тең теңи менен, тезек кабы менен.
  185. Тең теңин тапса, деңиздей чалкып жашайт.
  186. Тең туугандын жаманы болгуча, ак буудайдын сабагы бол.
  187. Теңин тапса, тегин бер.
  188. Теңине албагандын жанына жолобо.
  189. Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.
  190. Теңсинбегенге теңелбе.
  191. Теңтуштар менен салган обон пейилди тазартып, адамга жакындатат.
  192. Теңтуштун теңири бир.
  193. Теңчилик жоголду, темингендер оңолду.
  194. Тер агызбай арамдан аш жебегин.
  195. Тер агызган тергенди адал дейт.
  196. Тер көтөрбөй, күлүк болбойт.
  197. Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин.
  198. Теректей бойдон, теменедей акыл артык.
  199. Теректен шаптоол тилебе.
  200. Теректин башы тыт болот, жаман киши кырс болот,
    Каарына алганда жайдын күнү жут болот.
  201. Терең дарыя тынч агат, акылдуу киши тынч айтат.
  202. Тери тондун ичинде тердесин жигит, өлбөсүн.
  203. Терини ашата албаган жыдытат, сүттү сактай албаган иритет.
  204. Терс угулган сөздүн жообу да терс.
  205. Тетиги жигит кыз көрөт, ал жигитти ким көрөт.
  206. Тетикке бар, термелгенге жок.
  207. Тетири болсо кыялың, тартарсың зыянын.
  208. Тешик (же көздүү) мончок жерде калбайт.
  209. Тешик жыртыкты шылдыңдаптыр.
  210. Тешик мончок жерде жатпас, жерде жатса бекер калбас.
  211. Тешик ооз тек турбайт.
  212. Тешик ооз тешик ооздон калбаптыр.
  213. Тешик ооз тим турабы?
  214. Тешик ооз тим турабы? (же тек турабы?).
  215. Тиги дүйнөнүн бейишинен бул дүйнөнүн кейиши артык.
  216. Тиешелүү сөз келсе айта албаган дөдөйлүк.
  217. Тизе бүгүп жашынгыча тик туруп олгон жакшы.
  218. Тизе жерге тийсе, бет кара болот.
  219. Тизелеп жашаганча,
    Тик туруп өлгөн артык.
  220. Тизелешкендин тизесин бүк, белдешкендин белин бүк.
  221. Тийбегенге сүйкөнбө.
  222. Тийбегенге тийишпе.
  223. Тийген болсо тилин айт, күнөөсү болсо билип айт.
  224. Тийип туруп жааган күндөн түңүл, күлүп туруп сүйлөгөн кишиден түңүл.
  225. Тийсе аякка, тийбесе таякка.
  226. Тикен болуп бутка киргенче, гүл болуп чекеге кысыл.
  227. Тикенди түбүнөн үз.
  228. Тикендүү дарак чыт болот, жалкоо адам бит болот.
  229. Тикенексиз гүл болбөйт, тик айтылбас тил болбойт. (Жалбыраксыз гүл болбойт, тикенексиз тил болбойт).
  230. Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
  231. Тил баш жарат, жел таш жарат.
  232. Тил – акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
  233. Тил — акыл таразасы.
  234. Тил – акылдын жарчысы.
  235. Тил – душман, акыл – дос, тиш – коргон.
  236. Тил – жүрөктүн ачкычы.
  237. Тил – көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
  238. Тил – курсак тойгузат.
  239. Тил – кылычтан да өткүр, адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат.
  240. Тил – менин тууганым, тил – менин душманым.
  241. Тил – ойдун сандыгы.
  242. Тил – таш (ты да) жарат,
    Таш жарбаса, баш жарат.
    (Тил баш жарат, жел таш жарат).
  243. Тил – топчусуз, ооз – ачкычсыз.
  244. Тил азар – тилге кирбейт, тилинен – өлөөрүн билбейт.
  245. Тил акыйкатты табат.
  246. Тил акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
  247. Тил акыл таразасы.
  248. Тил акылдын жарчысы.
  249. Тил албаган жаманга, акыл сөздөн муш жакшы.
  250. Тил албаган уулуң – бел ашпаган арыктай.
  251. Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар.
  252. Тил астынан тил издегенден без (кач).
  253. Тил ачуусу шакардай.
  254. Тил баш жарат, жел таш жарат.
  255. Тил башты багат.
  256. Тил билги жүйөөкөч, кол ийиктен элпек.
  257. Тил көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
  258. Тил курсак тойгузат.
  259. Тил кылычтан да өткүр, адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат.
  260. Тил менен тикенди да аласың.
  261. Тил менен тирүү адамды да өлтүрүүгө болот.
  262. Тил менин тууганым, тил менин душманым.
  263. Тил ойдун сандыгы.
  264. Тил ооруткан дос эмес.
  265. Тилазар – тилге кирбейт, тилинен өлөөрүн билбейт.
  266. Тилде сөөк жок, айбанда акыл жок.
  267. Тилде сөөк жок, не дебейт, айбанда (итте) акыл жок, не жебейт.
  268. Тилден бал да тамат, уу да тамат.
  269. Тилден жаңылбаган, буттан мүдүрүлбөгөн жок.
  270. Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
  271. Тилден келген, колдон келсин.
  272. Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
  273. Тилди бош койсо (эрк берсе) тишти сындырат.
  274. Тилди бош койсо, тишти сындырат.
  275. Тилди тил кесет.
  276. Тилди тилге бүлөйлү, тишти тишке кайрайлы, анан жарыя окуйлу.
  277. Тилдин кулпусу – тиш.
  278. Тилдин сөөгү жок.
  279. Тилдин топчусу жок, ооздун ачкычы жок.
  280. Тилдин учунан бал да агат, уу да агат.
  281. Тилеги бирдин – билеги бир.
  282. Тилеги жаманды ит кабат.
  283. Тилемчинин куржуну толбойт, алыңча берсең аз деп кордойт.
  284. Тили – бал, жүрөгү – муз.
  285. Тили жумшак (татты) аш жейт. Тили катуу (ачуу) муш жейт.
  286. Тили жүгүрүк – кепке, буту жүгүрүк – ашка.
  287. Тили тайгактын, оозу айгак.
  288. Тили таттуу аш жейт, тили ачуу муш жейт.
  289. Тили шогураактын батымы жогураак.
  290. Тилин тишине каткан жакшы адат.
  291. Тилинген жара айыгат, тил жарасы айыкпайт.
  292. Тилинде актык келмеси бардын, дилинде шайтан сөзү бар.
  293. Тилиң жүгүргүчө, колуң жүгүрсүн.
  294. Тилиң тишиңе күбө.
  295. Тилиңе – тибиртке
  296. Тирилигиң – зор дөөлөт.
  297. Тириликтин күчү бирдикте.
  298. Тирүү болсок бир дөбөдө (бололу), өлүп калсак бир чуңкурда (бололу).
  299. Тирүү болуп санда жок, өлүү болуп көрдө жок.
  300. Тирүү койгонду куру койбойт.
  301. Тирүүдө сыйлашып, өлгөндө ыйлашпаган урук – тууган, дос –тамыр, куда – сөөктөрдөн оолак бол.
  302. Тирүүдө сыйы жоктун, өлгөндө ыйы жок.
  303. Тирүүлүгүң – зор дөөлөт.
  304. Тирүүлүк – жолдон башталат.
  305. Тирүүлүктө – күдөрүңдү үзбө.
  306. Тирүүлүктө – мал таттуу, өлмөйүнчө – жан таттуу.
  307. Тирүүндө сыйлашпасаң, өлгөндөн кийин ыйлашпа.
  308. Тирүүнүн өз кесиби бар.
  309. Тиш барда таш чайна, тиш түшкөндө аш кайда.
  310. Тиш барда таш чайноо керек, тиш түшкөндө аш чайналмак эмес.
  311. Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
  312. Тиши бүтүнүрөөктүн, тили тагыраак, томуктай түйүнү бар болот.
  313. Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
  314. Тишим кетик болсо да, көөнүм тетик.
  315. Тишиң барда таш чайна, тиш түшкөндө аш кайда?
  316. Тишиң ооруса – жулуп тын, коңшуң жаманбы – көчүп тын.
  317. Тишиңди жашырсаң, тилиңди сунарсың (же чыгарасың).
  318. Тишти (тилди) кордосоң – сөзгө зыян, чөптү кордосоң – көзгө зыян.
  319. Тобокел – кээде жакшы, кээде жаман.
  320. Тобокел – эрдин жолдошу.
  321. Тобокел ишке кайгы жок.
  322. Тобокел түбү – жел кайык, желесиң да жетесиң.
  323. Тобокелге салгандык–илимден артта калгандык.
  324. Тобокелде кайгы жок.
  325. Тобокелдин көөнү ток.
  326. Тобокелчи тоо аттайт.
  327. Тобунан ажыраган – торго түшөт.
  328. Тоготпогон жыланды топтошкон кумурска өлтүрөт.
  329. Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
  330. Тогуз катар торкодон токтучагымдын териси жакшы.
  331. Тогуз катар торкомдон үшүп отурам, көңдөй көт кантти экен (шилбинин сөңгөк куурайга айтканы).
  332. Тозгон казды топтошкон карга алат.
  333. Тозок менен тооруган, бейиш менен алдайт.
  334. Тозокко үйрөнгөн от чачышып ойнойт.
  335. Тозокту көргөн от менен ойнойт.
  336. Той – токчулуктун жышааны.
  337. Той – тондуунуку, аш – аттуунуку.
  338. Тойбодум деп таарынбайт, сойбодуң деп таарынат
  339. Тойбой жеген (кээде ичкен) аш курусун, кордукта жашаган баш курусун.
  340. Тойго барсаң мурун бар, мурун барсаң орун бар,
    Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар.
  341. Тойго барсаң тоюп бар, жамандыгыңды коюп бар.
  342. Тойго барсаң тоюп бар, торко тонуң кийип бар,
    Ашка барсаң ачка бар, ала чапаныңды кийип бар.
  343. Тойгон ит ээсин тааныбайт.
  344. Тойгон мышык чычкан менен ойнойт.
  345. Тойгондо токтунун эти топурак татыйт.
  346. Тойгон-таткан – баарыга тең.
  347. Тойгонуңа сүйүнбө, сиңиришиңе сүйүн.
  348. Тойдо тонумду бер дебе.
  349. Тойдум деп сүйүнбө – сиңерине сүйүн,
    Байыдым деп сүйүнбө – ийгилигиңе сүйүн.
  350. Тойдун көркү – аш, тоонун көркү – таш.
  351. Ток бала ач балага карабайт.
  352. Ток бала ач болом деп ойлобойт.
  353. Ток бала эчтемени ойлобойт.
  354. Ток чычканга тоң май жакпайт.
  355. Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
  356. Токмун деп томуктун этин таштаба.
  357. Токой – тоонун көркү, Эр – элдин көркү.
  358. Токойдо жүрүп сайраган: булбулдан муңдуу куш барбы, өлгөндөн жаман иш барбы.
  359. Токойлуу жер аңсыз болбос.
  360. Токол катын – эрге жакын, алкы таза–элге жакын.
  361. Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет.
  362. Токол уйдун түшүнө мүйүз кирет.
  363. Токол эчки кой баштабайт.
  364. Токол эчки койдо жок, токол катын тойдо жок.
  365. Токол эчки мүйүз сураймын деп, кулагынан ажыраптыр (айрылыптыр).
  366. Токол эчки өзүн улаксыйт.
  367. Токоч – тоют, жарма – оокат.
  368. Токоюна карай аңы, учуруна карай заңы.
  369. Токсон ооз сөздүн томуктай түйүнү бар,
  370. Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол.
  371. Токтоолук – бакытка алып баруучу ырыстуу жол.
  372. Токумдай тоосу жок, кемегедей коосу жок.
  373. Токчулукта ит күчөйт, ачарчылыкта бит күчөйт.
  374. Толбоско куйба, тойбоско бербе.
  375. Толкунсуз суу болбойт, кайгысыз эл болбойг.
  376. Толтура буудай салганда кампанын чери жазылат,
    Топ этип жерге түшкөндө жампанын чери жазылат.
  377. Томугу толук буудайдын өз колунда болбосо, азабы артык туугандын.
  378. Томуктай нерсени тоодой кылат.
  379. Тон жылуусун ээси билет, муңдуунун муңун муңдуу көрөт.
  380. Тон кийбеген тон кийсе, кача–кача (бүтүрөт) тоздурат,
    Ат минбеген ат минсе, чаба–чаба өлтүрөт.
  381. Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой – суук.
  382. Тоңгон тонун мактайт, адашкан жолун мактайт.
  383. Тоо – ташсыз болбойт, эл – башсыз болбойт.
  384. Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.
  385. Тоо бийиктиги алыстан байкалат.
  386. Тоо бөрүсү, токой каракчысы көп.
  387. Тоо бузулуп, таш урап,
    Тозулбаган — жерде жок.
    Чайпалбаган — көлдө жок.
    Чаалыкпаган — жанда жок.
    Бөксөрбөгөн — сууда жок.
    Бөлүнбөгөн — элде жок.
  388. Тоо көрүнсө – алыс эмес.
  389. Тоо түгөнүп уч болот, жол айрылып үч болот,
    Жер түгөнүп сай болот, ат арыктап тай болот.
  390. Тоодо кийгенин тойдо да киет.
  391. Тоодогу түлкүнү табындагы тайган алат.
  392. Тоодогу эчки күүлөгөндө, теке жүгүрүп келет.
  393. Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир
  394. Тоодой караны томуктай ак жеңет.
  395. Тоодой сөздү бергенче, берметтей ишти бер.
  396. Тоодон түшөрдө – таскак, тоого чыгарда – аксак..
  397. Тооксуз эле таң атат.
  398. Тооктун түшүнө таруу кирет.
  399. Тоолуу жер аңсыз болбойт, көчмөн эл малсыз болбойт.
  400. Тоолуу жер карсыз болбос.
  401. Тоолуу жердин бөрүсү, ойлуу жердин уурусу.
  402. Тоону бийик дебе, талаптансаң чыгаарсың,
    Жоону күчтүү дебе, кайраттансаң жыгасың.
  403. Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
  404. Тоонун көркү – кенинде, талаанын көркү – эгинде.
  405. Тоонун түбү – бек болоор, жоонун түбү – эл болоор.
  406. Тоонун түлкүсү жакшы, бардын күлкүсү жакшы.
  407. Тоону-ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
  408. Тооң бийик болсо, ыргыткан ташың алыс түшөт.
  409. Тоорумду бирге тооруштук, качан көңүл калыштык,
    Чалгынды бирге чалыштык, кай жерде көңүл калыштык.
  410. Тоосуз жер болбойт, доосуз эл болбойт.
  411. Тоосуз жер болбойт.
  412. Топ болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
  413. Топ жүргөн мал карышкырга алдырбайт.
  414. Топ сокурдун арасында жалгыз көздүү – Султан.
  415. Топтон качкан каракчыга кез (туш) болот.
  416. Топтон озгон – чечен, көптөн озгон – көсөм.
  417. Топту карай таш ыргытпа.
  418. Топук кылсаң тоёрсуң, ууруну коёрсуң.
  419. Топуксуздун курсагы тойбойт.
  420. Торко – тозот, туяк – озот.
  421. Тоту – куштун барчасы, кеклик – куштун калчасы.
  422. Тоту жүнү менен, булбул үнү менен (даңктанат).
  423. Тоту куш башын көрүп кубанат, бутун көрүп арданат.
  424. Тоюмдук эмес, көңүлдүк.
  425. Төгүлбөй дөөлөт тура албайт.
  426. Төгүлгөн аяк кайра толбойт.
  427. Төгүлгөн сарттын (соодагер) бозосу, сынган сарттын (соодагер) кесеси.
  428. Төгүлгөндүн толугу бар, карысы бардын ырысы бар.
  429. Төгүлсө – кыргыздын бозосу.
  430. Төгүн жерден өрт чыкпайт.
  431. Төгүн жерден өрт чыкпайт.
  432. Төө – бойдон, асыл – койдон.
  433. Төө баласы – төрө баласы.
  434. Төө жазасын көпүрө берет
  435. Төө канча болсо, жүк ошончо.
  436. Төө качып, жүктөн кутулбайт.
  437. Төө көп болуп, конокко сойбойт.
  438. Төө көрдүңбү? – Жок бээ көрдүңбү? – Жок.
  439. Төө кыядан өткөн соң, «оо» – дегениң курусун.
  440. Төө кыядан өткөндөн кийин «Өч!» дегениң курусун.
  441. Төө кыядан өтүп кеткенден кийин.
  442. Төө минген иттен коркпойт.
  443. Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт,
    Жөө жүргөндө жигитти, келекелеп эл күлөт.
  444. Төө мингендин төбөсү бийик.
  445. Төө миндим деп мактанба, жөө жүрдүм деп арданба.
  446. Төө минип, эчкиге жашынба.
  447. Төө өлгөндө жүк өгүзгө жүктөлөт.
  448. Төө сойгон эчки сойгондон эт сураптыр.
  449. Төө чайнаганын билип, жутканын билбейт.
  450. Төө чөлдү ойлосо, бака көлдү ойлойт.
  451. Төөгө жантак керек болсо, мойнун созот.
  452. Төөгө минген боюн жашырбайт.
  453. Төөнү кыядан өткөрүп жибердиң.
  454. Төөнү мээнет чырмаса, жайдын күнү чоо басат.
  455. Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр.
  456. Төөнүн бир өркөчү кесилсе, бирөөнүн күчү жок,
    эки эмчектин бири кесилсе, биринин сүтү жок.
  457. Төөнүн куйругу жерге тийгенде.
  458. Төөнүн мазар менен иши жок.
  459. Төөнүн пайдасы талаада билинер,
    Адамдын пайдасы балаада билинер.
  460. Төөсүнө жараша – кому, эшегине жараша – чому.
  461. Төөчө чайнаганыңды билип, жутканыңды билбей калба.
  462. Төп болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
  463. Төр көркү – гүл, үй көркү– зайып.
  464. Төрдө орун болсо, эшикке жакын (улагага) отурба!
  465. Төркүндүн төбөсү – кубат.
  466. Төркүндүн төрүндө болгуча, уулдун улагасында бол.
  467. Төркүнү бар сөзүң болсо, төркүнүн көрсөтө айтпайсыңбы.
  468. Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт
  469. Төркүнүңдөн төө сура, коркконунан бээ берсин.
  470. Төрт аяктуу мал да мүдүрүлөт.
  471. Төрт өлчөп бир кес, ток этээр сөздү бир айт.
  472. Төрт өлчөп тең кескин, ток этээр сөздү бир айткын.
  473. Төшөгүн салып жата албай – жерден көрөт, өз эрин алып жата албай – элден көрөт.
  474. Төшөгүңө карай бутуңду сун.
  475. Төшөктүн тардыгы – тардык, көңүлдүн тардыгы – кордук.
  476. Туз таткан жериңе карасанаба.
  477. Тузга кара санаган жарыбайт.
  478. Тузду даам татканга бер, кызды издеп тапканга бер.
  479. Тузду мээнет чырмаса, даамы чыгып шор болот,
    Кызды мээнет чырмаса, атасынын төрүндө көп олтуруп кор болот.
  480. Тузу аз болсо туздалар, тузу көп болсо бузулар.
  481. Тукум уласа, журттун жылдызы жарык.
  482. Тул катынга жалчы айгыр.
  483. Тулпар – тушунда, күлүк – күнүндө.
  484. Тулпар айланып үйрүн табат.
  485. Тулпар жерин, эр элин сагынат.
  486. Тулпар жүнүн оордобойт.
  487. Тулпар тушунда, күлүк күнүндө (керек).
  488. Тулпар түгүн оордобойт, султан (тууган) сөөгүн кордобойт.
  489. Тулпар чаба жетилет, шумкар уча жетилет.
  490. Тулпарга минген турчу эмес, тууганга жетпей тынчу эмес.
  491. Тулпарды минген турабы, тууганга жетпей тынабы.
  492. Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына,
    ай-ааламдагы элдердин кашында сына.
    Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына,
    канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
  493. Тулпардын бир туягы кем.
  494. Тулпардын туягы кетилет, сазга басса жетилет.
  495. Тулпардын туягы кымбат.
  496. Тулпардын үйүрү бир болсо да оттоосу башка.
  497. Тулпардып изи жоголбойт, бузуктун иши оңолбойт.
  498. Тумагын, топусун ал десе келлесин алган, жасакердин жосуну.
  499. Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт.
  500. Тунук көлдүн түбү курт.
  501. Тунук суу кысыктан жол табат.
  502. Турмуш ажарыңды да, базарыңды да ылгабайт.
  503. Турмуш эшек араба, карабасаң сынып калат.
  504. Турмушта эң кыйын нерсе – акылсыздыкты жөнгө салуу.
  505. Турмуштун туткасы – аял.
  506. Турнадан бий (башчы) койсоң, кайгы кетпейт башыңан.
  507. Турнанын да башчысы бар.
  508. Тур-турдан кабар келсе, уйкудан маза кетет.
  509. Туткундагы эр – канаты жок куш.
  510. Туубаган катындан улактуу эчки жакшы.
  511. Тууган ай – туураган май.
  512. Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт.
  513. Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
  514. Тууган жер алтын бешик (уя), туулган жерге тууңду тик, туулган жердин топурагы алтын, эли мазар.
  515. Тууган издеп, достон кетпе.
  516. Тууган катары кучакташтырган – тил, душман катары бычакташтырган – тил.
  517. Тууган күйгузуп (күйгүзүп) айтат, душман сүйгүзүп (күлдүрүп) айтат.
  518. Тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
  519. Тууган туугандын казанына аш салбайт.
  520. Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
  521. Тууганга кара санаган, туура жалчыбайт,
  522. Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
  523. Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.
  524. Туулбаган – өлбөйт.
  525. Туулган адам жаман эмес, турмуштан ордун таппаган жаман.
  526. Туулган жер – алтын бешик.
  527. Туулган жерге тууңду тик.
  528. Туулган жердин кадырын алыста жүрсөң – билесиң
  529. Туулган жердин суусу – мүрөк, кызы – чүрөк.
  530. Туулган жердин ташы – алтын, суусу – дары.
  531. Туулган жердин топурагы – алтын, суусу – мүрөк.
  532. Туулган жердин топурагы – алтын, эли–мазар.
  533. Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн.
  534. Туулганыңа сүйүнбөй тураарына сүйүн.
  535. Туулдуң – өлдүң, тутандың – күйдүң.
  536. Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
  537. Туура сөз – кылычтан өткүр.
  538. Туура сөз – темирди тешет, өткүр сөз – кылычты кесет.
  539. Туура сөз (кеп) – тууганга жакпайт, катуу айткан – катынга жакпайт.
  540. Туура сөз кылычтын мизинен курч.
  541. Туура сөз тууганга жакпайт.
  542. Туура сөзгө жооп жок.
  543. Туура сөздү туура дебеген адам, калыстыктан кетет.
  544. Туурамчыдан тууганың болсун.
  545. Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн.
  546. Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот,
    Туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
  547. Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүгүн шумкар жок.
  548. Түбөлүгү түз болсо – болду.
  549. Түбү бирге – түбөлүк, учу бирге – утурумдук.
  550. Түбү бирге түтпөйт.
  551. Түгөйсүз Сайкал, жүгөнсүз байтал.
  552. Түгөнбөгөн дүйнөдөн түркүн – түркүн эр өткөн (же түрдүү – түрдүү жер өткөн).
  553. Түгөнөр уй түгүн жейт, түгүнөн кийин өзүн жейт.
  554. Түгөнөр уй түгүн жейт.
  555. Түз жүрсөң, ток жүрөрсүң.
  556. Түз кишиге жүз киши жакын.
  557. Түзөлөр жолго түшпөйм десе, түбөлүк дешкен досуңдан кеч.
  558. Түзүк эле биздин кыз, түйтөк баш кылган өзүңүз.
  559. Түйөргө түйүнчөк табылбайт
  560. Түйшүгү болбой, түшүмү болбойт.
  561. Түйшүгү жок жан болбойт.
  562. Түйшүк адамды кургатат, кайгы адамды карытат.
  563. Түк бүткөн (күткөн) сайын калтырайт.
  564. Түлкү алган итке сый жок.
  565. Түлкү ийинин карап үрсө котур болот
  566. Түлкү ийнинин түбүн карап үрбөсө, котур болот.
  567. Түлкү өз куйругун күбө тартат.
  568. Түлкүнүн адамдан бир эле амалы кем.
  569. Түлкүнүн башы батты дегиче, өтүп кетти дей бер.
  570. Түлкүнүн душманы – териси.
  571. Түлкүчүнүн жыйганы ичик үчүн.
  572. Түмөн ойдун түйүнүн бир сөз менен чеч.
  573. Түн – бакырдыкы.
  574. Түн болбой Айдын баркы билинбейт.
  575. Түн уйкусу менен кызык.
  576. Түндө Ай ордуна Күн чыкпайт.
  577. Түндө көлөкө болбойт.
  578. Түндөгү түлкү – бүгүнкү күлкү.
  579. Түнкү ууру күндүз кармалат.
  580. Түнттү түртмөйүнчө билбейт.
  581. Түптүү эл түгөнбөйт.
  582. Түркөй кишинин напсиси бир, молдонуку – экөө, ажыныкы – үчөө.
  583. Түркүктү түртпөй билбейт, акы төлөбөсөн молдо үйүнө такыр кирбейт.
  584. Түркүктү түртпөй билбейт, эмгексиз бакыт үйгө кирбейт.
  585. Түсү ийгиден түңүлбө
  586. Түтүн үйлөгөн өзү ышталар.
  587. Түтүнү бөлөктүн – түйшүгү бөлөк.
  588. Түтүнү көптүн түйшүгү көп.
  589. Түшкү тамактын ээси көп.
  590. Түштүк өмүрүң болсо, кечтик мал жыйна.
  591. Түштүн башы казандай, моюну кылдай, жоруган жакка оойт.
  592. Түшү оңолбой, иши оңолбойт.
  593. Түшүм алам десең түйшүктөн.
  594. Түшүң жаман болсо сууга жорут.
  595. Тыйын, тыйындын иши кыйын.
  596. Тыртайсаң тыртай, алымсагың бир тай.
  597. Тыртыкты алган кудай менин уулумду коёбу (же кимди коёт дейсиң).
  598. Тышы жалтырак, ичи калтырак.