Ы

  1. Ыза тозокко алып барат .
  2. Ый менен күлкү бирге жүрөт.
  3. Ыйлабаган балага эмчек жок.
  4. Ыйлашарга өз жакшы, сыйлашарга жат жакшы.
  5. Ыймандуу таап сүйлөйт,
    Ыймансыз каап сүйлөйт.
  6. Ыймандуунун алары – алкыш.
  7. Ыймансыз тамак десе шашат, жумуш десе качат.
  8. Ыймансыз уул ата-энесин көргө сүйрөйт.
  9. Ыйманы болсо адамсың, ыймансыз болсоң наадансың.
  10. Ынсап – эч кимди кор кылбайт.
  11. Ынтымагы бар элдин калага карды ток болот.
  12. Ынтымагың болбосо, ит менен кушка жем болорсуң.
  13. Ынтымак бар жерге ырыс уялайт.
  14. Ынтымак достордун жолун ачат,
    Ынытымак болбосо – ырысың качат.
  15. Ынытымактуу үй-бүлөдөн ырыскылуу үлпөт кетпейт.
  16. Ыргыткан ташы өйдө кулаган.
  17. Ырчы менен думананын жүрбөгөн жери жок.
  18. Ырыс алды – ынтымак.
  19. Ырыс алды ынтымак,
    Ынтымагың жок болсо
    Алдыңдан таяр алтын так.
  20. Ырыс качса, кут конбойт.
  21. Ырыскыны жер берет,
    Ынтымакты эл сүйөт.
  22. Ырыскысы жоктун ырымы күч, таалайы жоктун табышмагы күч.
  23. Ырыскысыз адам болбойт.
  24. Ырыстууга жуучу келет, ырысы жокко – доочу келет.
  25. Ысабы жокко кашык салсаң, беш ууртайт.
  26. Ыштанына чычкан колун аябайт.