Той башталды, жар-жар ай…

Күркүрөгөн күз келип, бышыкчылык жыттанып турат. Ушул күндөрү үй-бүлө куруу жөнүндө айткан адамдар да көп болсо керек. Албетте, үйлөнүү үлпөттөр бир канчалаган каражаттарды талап кылат. Андыктан үй-бүлө курууну максат кылгандар үйлөнүү тойду өткөргөндү да пландашы зарыл.

Бышыкчылык келип базарда баары жайнаганы менен керектелүүчү буюмдарга коюлган баа ого бетер эле жогору. Мындай кырдаал чөнтөккө келген күч болуп эсептелет. Мына ушундай маселелерди эске алып, үйлөнү үлпөтүн наркын минималдуу түрдө иликтөөгө аракет кылдык.

Үч түрдүү үлпөт той
Учурда үйлөнүү үлпөтүн үч түрдө өткөрүп жүрүшөт:
1. Салтка айлангандай куда түшүп, болочок бүлөгө сөйкө салып колун суроо каадасы.
2. Ресторан, кафелерде жасалгаланган автоунаалар менен көйнөк кийип, бири-бирине шакек салышып, б.а заманбаптык үлгүдө.
3. Макулдугу жок кызды уурдап качуу жолу менен.

Келин ала турган жак кеңешип, куда түшчү тарапка жуучу жиберип, сөйкө салышат. Ал эми өлкөдөгү кулач жайган зергер буюмдардын сатуучу дүкөндөрдү кыдырсак, сөйкөлөрдүн баасы 900 сомдон жогору. Келинге кийим ала турган болсоңуз 3000 сомдон ашуун акча керектелет.

Эгерде жуучу түшпөй, сөйкө салбай кара өзгөйлүк менен кызды уурдап алсаңыз сөйкөгө кеткен акчаны үнөмдөп каласыз, бирок, мыйзамды бузгандыгыңыз үчүн жооп берериңизди унутпашыңыз керек.

Үйлөнүү үлпөтүнүн дагы бир түрүнө кайрылсак, аны өзгөчө шаардыктар белгилешет. Ар бир кадамы акча болуп, капчыкка бир топ эле оордук келтирет. Никеге катталуу үчүн 1500 сом сарпталат. Жасалган лимузин автоунаасына түшкүң келсе, саатына 1800 сомуң болушу керек. Мындай чоң той берип жаткандан кийин келинге үлпөт көйнөк алып берүү керек. Убактылуу мөөнөткө алам десеңиз 4000 сомдон ашык ала аласыз. Бул үчүн шаардагы салондорго кирип, чач жасалгалаш үчүн бери жагы дегенде эле 800 сом кетет.

Кайсы айда үйлөнүү керек?
Эки жаш баш кошуп, бир жуурканды жамынып түнү бою бири-бирине учу-кыйырсыз сүйүү жомогун айтып таң атыруу менен гана баары чектелбейт. Бир эшиктин туткасын кармап, бир коломтодон түтүн булатуу менен бирге келечек турмушуна болгон жоопкерчиликти моюнуна алат. Көпчүлүк жаштарга өз алдынча үй-бүлө күтүү ары орчундуу жана коркунучтуу көрүнөт. Кандай болгондо да келечек турмуштун алтын ачкычы үйлөнүп жаткан эки жаштын гана колунда. Алдыдагы турмушта бактылуу болуу дагы экөөнөн гана көз каранды. Бирок кайсы ай кандай бакыт тартуулаганын билип алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Январь – Кыш мезгилинин чилдесиндей катуу бакыт тартуулайт.Бирок, бул айда баш кошкондорго эрте жесир калуу коркунучу болот.
Февраль – Өмүрлүк жарыңыз менен чексиз бакытта өмүр кечиресиз.
Март – Көзгө чөп салып, ала жипти аттоо көп болот.
Апрель – Бактыңыз тез-тез өзгөрүп турат.
Май – Бактысыздык.
Июнь – Бакыт менен коштолот.
Июль – Турмуштун ачуу-таттуу күндөрү өмүр бою уланат.
Август – Өмүрлүк жарыңыз сиздин ишенимиңизден чыкпайт.
Сентябрь – Жашоо өз нугу менен өтүп, тынч жана бейпил болот.
Октябрь – Жашоо оор жана кыйын болот.
Ноябрь – Бакыт жана акчага өтө бай жашоо болот.
Декабрь – Сүйүү жылдызы ар жылы жарык нурун чачып турат.

Дегеле, үйлөнөөрдүн алдында жети өлчөп бир кесип баарын ойлонуп иш кылыш керек. Эң негизгиси, эки жаштын ортосундагы махабат сезими барбы-жокпу, мына ушуга маани бериш керек. Кээ бир учурларда биз күтпөгөн нерселер да болуп кетет.

Үйлөнүү тоюндагы ырым – жырымдар

Келинге тийешелүү тыюулар:
Кыргыз элинин салтында келиндерге коюлган тыюулар көп. Мисалы: Келин кайын ата, кайын энесинин жаткан төшөгүн тебелебейт. Бул – биринчиден аларга болгон сый, экинчиден кайын атанын төшөгүн тебелесе кусуру өтүп, келин ооруп калат деп коюшат.

Келин төркүнүнө барганда босогого отурбайт. Улагага отурса төркүнү мал – жансыз кедей болуп калат деп кызды дайыма төргө отургузуп сыйлап келишкен.

Чайды сол колу менен сунбайт, бул сыйлабагандык жана келген конокту жактырбагандык же көңүл бурбагандык болуп эсептелет. Ошондуктан чай сунуу да кээ бир аймактарда байкалып турат.

Мисалы: Ысык-Көл аймагында куюлган чайды оң колуна алып, сол колу менен оң колун акырын сүйөп, азыраак ийиле сунасыз. Түштүк тарапта көп жерлеринде сол колун көкүрөгүнө алып оң колу менен сунушат. Бирок, чай сунган адамына тике карап сунбайбыз, ошондой эле толтура куйбайт.

Жоолук салынуу адеби
Жоолук салынуунун ар кандай себептерин көрсөтсө болот.

Биринчиден: Келин үчүн кайын ата, кайын агаларына жоолуксуз жылаң баш көрүнүп калуу өтө уят иш болуп эсептелинет. Анткени келиндин келген жерине жоолук салынбай жүрүшү сыйлабагандык, адепсиздик катары каралып, калкыбыздын көпчүлүк катмарына бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Экинчиден: Жоолук салынуунун тазалык менен байланышкан жагын да баса белгилеп кетсек болот. Анткени тамак жасаганда аял киши сөзсүз жоолук салынышы керек.

Үчүнчүдөн: Европалык салт боюнча аялзатынын турмушка чыкканы колундагы шакеги менен айырмаланса, ал эми кыргыздын салты боюнча жоолук салынуу аркылуу билсе болот. Жоолук салынуу адеби Чүй аймагында анча – мынча гана сакталып келсе, ал Бишкекте дээрлик жоголуп бара жаткансыйт. Ал эми башка аймактарда бүгүнкү күнгө сакталып келет.

Тергөө адеби
Тээ байыртадан бери келе жаткан салттардын бири “тергөө” адеби болуп саналат. Кыргызда келин күйөөсүнүн туугандарын (айрым жерлерде күйөөсүн да) өзү барда да, көзү жокто да атынан айтпай башка сөз менен айтып келишкен. Мисалы: Таласта, Чаткалда жана түштүк жергесинде кайын ата, кайын энесине окшош аттарды атабайт, башкача аттар менен кайрылышкан. Кайын сиңдилерин “кыз” деп тергеп, кайнилерин атынан атап айтышпайт. Бирок бул салт бүгүнкү күндө жаштар арасында өз таасирин жоготуп, колдонуудан калып бараткандай сезилет.

Ал эми Баткен, Ош областынын айрым бир аймагында бир топ айырмачылыктар бар. Тээ эзелтен бери үй-бүлөдө атанын ролу чоң болгон. Ошондуктан аялзаты күйөөсүн сыйлап, атынан атаган эмес жана “абышка”, “байым”, “кожоюн”, “балдардын атасы” деп тергешкен.

Жүгүнүү адеби
Аялзатына, айрыкча келиндерге тиешелүү дагы бир өзгөчөлүк жүгүнүү. Келин уруу аксакалдарына, кайын атасына, кайнагаларына, кайын энесине ызаат көрсөтүү катары жүгүнүшкөн. Жүгүнүү – улууларга болгон сый. Ошондуктан алар буга жооп катары аксакалдардын ак баталарын алышкан. Жүгүнүү боюнча аймактык өзгөчөлүктөр бар. Ысык – Көл аймагында жүгүнүү тартиби күчтүү орун алган. Мейли 50-60 ка чыгып калса да, уулуларга жүгүнүү аркылуу сый урматын көрсөтүп келишет. Бирок мындай нерселер шаар жергесинде дээрлик колдонуудан чыгып бара жатат. Эгерде бул нерсеге кыргыз эли, айрыкча жаштар жетишээрлик көңүл бурса, чөйрөбүздө болуп жаткан адепсиздик жана коомдогу терс көрүнүштөр азаят беле деген ой келет. Кыргыз эли тили, салты, дини менен башка мамлекеттен айырмаланып келет. Ошондуктан эч качан салтыбызга кайдыгер мамиле кылбай, дайыма сактап туу тутуп келели.

Даярдаган Асел КАРЫПБЕКОВА, “С.С.С.Р.” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.