Кытайлык кыргыздардын каада-салттары

Элдик каада-салттардын сакталышы,
жаңы салттардын пайда болушу жана өнүгүшү

Кытайлык кыргыздардын руханий маданиятынын бир өзөгүн элдик үрп-адаттардан көрүүгө болот. Мисалы; бала төрөлөрү менен киндиги кесилет, киндик кескенге тажрыйбалуу, бала чакасы эл катарына кошулган кулк-мүнөзү жакшы бир аял тандалат, ошол аялга баланын киндигин кестиришет. Бала жерге түшөөрүү менен баланын эркек же кыз экенин үйдөгүлөргө жарыялайт. Бирок аны кыз-эркек деп ачык айтпастан «бөрү» же «түлкү», же болбосо «кырк жылкы» деп айтышат. « «Бөрү» дегени эркек экендигин, «түлкү»  же «кырк жылкы» дегени кыз экенин билдирет. Мындай аталыштын себеби кыргыз эли адепки замандарда бөрүнү ыйык тутуп келгендиги менен түшүндүрүлөт. Ал эми кызды «түлкү» деген түшүнүк, ургаачыларга таандык мүнөзү же сулуулугуна карата айтылса керек», – деп жазат, кыргыздардын тотемдик белгилерин изилдеген окумуштуу Жан Танлин. Натыйжада, кытай окумуштуусу көрсөткөндөй, кыргыздардын ырым-жырымдарында архаизм байкалып, магиялык тотемдик, фетиштик элементтер да камтылган.

Баланы бешикке салаарда киндик энесине артыкчылык берилет. Бешик жасалып даяр болгон соң, ага койдун оң-сол чүкөсүнөн бирден, балта-чот-кычкач, бычак сыяктуу темир аспаптар салынып терметилет. Андан кийин баланы бөлөп, үстүнө кап же таар идиштерди салып азыраак жаба турат. Эки чүкө бала койдой момун болсун, оң-сол болсо сөзү өтүмдүү болсун, кап-таар жапканы уйкучул, жоош бала болсун деген маанини туюндурганы. Бала бешикке салынган соң маал-маалы менен бешик тазаланып, арча бүчүрү менен аластап, тапкан алкагынын башына бөрүнүн чүкөсүн тагып коюшкан. Булардын бардыгы балага узун өмүр тилөө болуп саналган.

Бала төрөлүп, нак 40 күн толгондо, кошуна аялдарды чакырып, кырк кашык суу менен кырк кашык тузду бир идишке даярдап, ошол сууга баланы киринтет. Бул баланын эти ырбаак болбой туздай катсын деген тилек. Баланы киринтип болгон соң, алдын-ала даярдалган кырк курак көйнөк кийгизишет. Анан ушул баланын тайакелеринин бирөөнө кырк күндүк карын чачын алдырып коюшат. Анткени кыргыз тайын пирибиз деп айрыкча урматтайт, аны бийик көрөт. Бул баланын кыркын чыгаруу деп аталат. Баланын чачын бир ирет алгандан баштап эле жээк чач коюлат. Жээк чач коюнун негизги себеби, баланын чачын алган сайын жээгине устара тийе берип, баланын чачы ылдыйлап кетпесин десе, ал эми айрым жагдайларда баланын жээк чачын бар-жоктугуна карай, анын атасынын бар-жогун билишет экен. Бул жерде эскерте кете турган нерсе, баланы киринткенде же чоң кишилер боюн сууга сала турган болгондо чөөгүндүн түбүнө азыраак суу калтырып коюшат. Анын мааниси ушундай таза болуп, үзүлбөй улантылып турсун дегени. Ал эми сөөктү сууга салганда суу калтырбай баардыгын шыпкап куйуп жуушат. Мунун мааниси өлүм-житим ушуну менен бүтсүн, мындан кийин өлүм-житим болбосун деген ырым.

Айрым жерлерде жаңы төрөлгөн наристени бөрүнүн оозунан (бөрү кармаганда, аны сойгондо ооз терисинен тегерете кесип алышат) же эл арасындагы мыкты өткүр кишилердин үзөнгүлөрүнөн өткөрүшөт. Бул балабыз  кыйын болсун дегенди түшүндүрөт.

Кытайлык кыргыздарда бешик той негизинен эркек балага берилет. Бешик тойду үй ээси шартына жараша өткөрөт. Колунда бар малдуу, жандуу киши болсо бир же бир нече бодо союп, тууган-туушкандарынын баарын чакырып, той өткөрөт. Тойдо ат чабыш, жорго салдыруу, улак тартыш, жамбы атмай деген оюн-зооктор болот. Тушоо кесүү бала кас туруп басайын деп калганда, оң ийрилген ак жип менен сол ийрилген кара жипти бириктире чыйратып туруп, баланын бутун тушайт. Анан балага бир маки же бир бычак берип туруп, балдарды белгилүү аралыктан жарыштырышат. Алдыга чыгып келген балага макини берип, тушалган жипти кестирет. Алдыга келген балдарга кытайлык кыргыздарда калем, дептер сыяктуу нерселер таратылып берилет. Тушоо кесилери менен эле тушоо жипти кескен бала менен бөбөктүн энеси экөөлөп тай-тай, тай күлүк деп биртке жерге ылдамдата жетелейт. Тушоо кесүүнүн мааниси: балабыздын башына кедерги болуп турган тоскоолдукту алып ташта, эми ал тай кунандай оюн салып кетсин дегенди туюндурат. Ал эми ак жип, кара жип; балабыз акты-караны айра билсин, бычак болсо – бычактай курч болсун дегенди билдирет.

«Атка мукул бака бут»-деп аталган салт бар. Бул салт боюнча (балакатка жеткен мезгилде, өткөрүлүүчү ырым-жырым) эркек бала 7-8 жашка келгенде атасы аны айырмач токулган кунанга мингизип, канжыгасына кымкап, шайы, ноот, драп сыяктуу баалуу кездеменден жасалган бир чапанды байлап алып, эң жакын кишинин үйүнө ээрчитип барат. Ал киши бир малын союп, жакшы конок кылып, чапанды алып калат. Балаңыз атка мингенге жарап калыптыр деп, башка бир ат токуп мингизип, кунанын коштотуп жолго салып коөт. Ал эми кыз бала болсо, энеси жакшы көргөн аялга кызынын чачын бака бутар кылып өрүп, седеп топчу тагып берет. Кыз энеси шартына жараша ыраазы кылат. Бул аталган салттар кыз бала менен эркек баланын балакатка жеткен мезгили болот.

Кытайлык кыргыздарда «Сөйкө салуу» салты кеңири тараган. Бул боюнча бала чоңоюп калган кезде, ата-энеси астыртан белгилүү бир киши менен куда болууга кам урат, эки жак сүйлөшкөн соң, сөйкө салып келүү күнү болжонот, уулдун ата-энеси жакын көргөн эки-үч кишини ээрчитип, кыздын үйүнө барып сөйкө салат. Сөйкө салганда уул тарап колунан келгенин алып барат. Эки жак келишип, той түшүрөөр күн белгиленген соң, уул тарап калыңга берер малын камдайт. Мында эки жак тең эле журтуна таянат. Атап айтканда, жалпы тууган-урук, дос-тамыр, куда-сөөктөр жана башка алыш-бериш кылган кишилер түгөл кабарланат, алардан жардам суралат. Чакырылган кишилердин ар кимиси өзүнө тиешелүү жакка мал-пул, кыз жакка чапан, көйнөк, жоолук сыяктууларды кошот. Мында деле калыңга түшкөн бир өлчөм болбойт. Бүгүнкө күндө калыңга кошуп, эгерде кызматтагы кыз болсо, мотоцикл, ал эми үйдө олтурган кыздарга велосипед берүү салтка айланып бара жатат. Мезгилдин нугуна карай жогорку окуу жайларын бүтүргөн кыздардын калыңы кыйла жогору экенин баамдадык. Кудалашкан адам, жылкыга кебез байлап, бир койду куйкалап (муну куйка кой деп атайт, мунун оң кол, сол бутунун шыйрагын кеспейт) калган калыңдык малды айдап уул тарап кыз жактын үйүнө түшөт. Кыз жак уул тарапка берген калыңына жараша мынча тогуз кийит деп көйнөк, чапан, жоолук берет. Кыз жак өзүнө караштуу кишилерге калыңды жетишинче бөлүп, ырым кылат. Уул тарап дагы куданын берген кийитин жетишинче өз жагына бөлүп берип, ырым кылат. Ал той ушинтип аяктайт. Кудалашканда күйөө менен күйөө жолдош жанбаштык байланып келет. Жанбаштык дегенибиз куржун, ал куржунга боорсок жана кант, бир козунун бышырылган эти, бөйрөк, шыйрак, керчөөсү менен кошо салынат. Күйөө кудага келген элдин артынан кечигип келет. Айылдын чекесинен аны кыздын жеңелери тосуп чыгышат. Күйөө жана күйөө жолдош жүгүнөт, жеңелер аларды алкайт да, айылга алып барып, арналуу үйгө түшүрөт, канжыгадагы жанбаштыкты чечип, бөлүп алышат. Мындай жанбаштык алып баруу кийинки жүз көрүшүү тоюнда да болот. Айта кетерибиз жаштар жеңелердин кылдаттыгын байкоо үчүн жанбаштыкты канжыгага чапан түйүп байлап салышат, аны чечип алуу абдан кыйын. Эгер кыштын күнү болуп калса, чапан түйүлгөн жерге суу куюп ташташат, ал тоңуп, аны чечүү ого бетер кыйындайт. Жеңе болгондор чече албай аргасы кеткенде ээр-токумду кошо алып, үйгө кирип чечүүгө аракеттенишет.

Анткени, канжыганы кесип алуу мүмкүн эмес, эгер кесип алса айып төлөйт, ал тургай чоң чыр чыгат. Куйка койго кошуп алы барлар бирден бодо, жогу бирден койду кошо бере турган иш да бар. Муну жыгач бастырар деп коюшат. Бул кийинки тойлордо да боло берет. «Тебетей кошуп кудага өтүүнүн» эки кудага тең байланышы бар. Кээ бир кишилер баландай мал менен кудага өтөм дейт, уул тарап мал тизмелейт. Бирок уул тарап кыз жакка айткандарынын баарын эле аткара бербейт. Ал тебетей деп аталып, балким бул биринин тебетейин бирине кийгизди дегенден чыкса керек. Чөнтөк аңтаруу деген салт жүз көрүштүрүүдө же кийинки чоң тойдо болот. Күйөө менен күйөө жолдош самын-бет май сыяктуу кыз-келиндерге ылайык нерселерди салып барат, күйөө жандаган келиндер аны алып, алардын чөнтөгүнүн абалына карай калпак, топу, көйнөк, кээде чапан, шым кийгизет. Күйөө жолдош болгон киши жанына сөзгө чечен, ырчы-комузчу ышкыбоз жигиттен бир-экини өзүнө жолдош кылып алып барат. Бул аталма ар кайсы жерде ар башка айтылат. Мисалы: күйөө котчу, күйөө койчу, күйөө жолдош сыяктуу ар жерлерде ар башкача айтылат. Акчий жергесинде кийитти тек гана кыз жак уул жакка берет. Кийит көйнөк, чапан, жоолук сыяктуулардан турат, уул тарап кийит бербейт. Уул жактын бергендери кийит деп аталбай, калың деп аталат. Улуучат тургуну Муталип Адылбек жаңы гана үйлөнүп, келинчегине 23 миң юань (115 миң сом) андан сырткары түндүк көтөргөнгө бир тай, кыздын ата-энесине, туугандарына кийит кийгизген. Ал келинчегине тойго берилүүчү белек катары 10 миң юань (50 миң сом) өлчөмүндө зергер буюмдарын берген. Айрым бир жерлерде уул тарап, кыз жакка кийим-кече, сөйкө-шакек сыяктуу түрдүү баалуу буюм-тайым, белек-бечкек берсе кийит-деп атайт. Кыз жак уул жакка кийит берерде куда-кудагыйына чапан-көйнөк кийгизет. Аны кийимдерге кандайча тартууну уул атасынын өз иши болот. Кийитти салаарда уул атасы өзүнө арнаган чапанды кийиип, бир ак жоолукту мойнуна салып туруп «кулдук» деп үч ирет айтып, кыз жактагыларга жана калың элге эңкейип урмат билдирет. Жардап турган жамаат бирдей үн менен «кулдугум Кудайга» деп алкашат. Мына ушуну кулдук уруу дейбиз. Кулдук уруу уул атасынын милдети болсо да, кээ бир аталар бул милдетти өзү өтөбөстөн жакын туугандарынын ичиндеги аксакал кишилерине жол берет, ошол киши кулдук урат.  Кулдук урулуп болгон соң көпчүлүк эки баланын өмүрүн, ынтымагын, бак-таалайын тилеп бата беришет. Келиндин атын уккан уулдун атасы, кыздын атасына «келиндин атын укканым» деп бир бодо мал берет. Кыздын атасы да ага бир жакшы чапан кийгизет. Бул бодо мал калыңга, тигил чапан кийитке киргизилбейт.

«Эшик-төрүн көрүү» салты боюнча кыздын ата-энеси ылайыктуу бир күнү «кудабыздын эшик-төрүн көрөбүз» деп уул атасыныкына барат. Уул атасы аларды жакшы сыйлап, кетеринде бир мал берип, кудага чапан, кудагыйга көйнөк кийгизип узатат. Ылайыктуу бир күнү кыз атасы да уул тарапты өз эшик-төрүн көрүүгө чакырат.  Алар да барган соң жакшы сый көрүп, кудасынын бергенин алып кайтышат. Эки тарап тең бири-биринин эшик-төрүн көргөнү барганда эң жакын кишилеринен бир-экөөнү ала барышат. Бирок адам саны чектелүү болот – деп билдирди бизге берген маалыматында адабиятчы Сакен Өмүр.

Кытайда мал чарбачылык өнүккөндүктөн «согум берүү» салты да сакталып калган. Согум убагы болгондо уул тарап кыз жакка кыштык согумуң деп бир семиз бодо мал берет. Бул сөөк кажатуу деп да аталып жүрөт. Кыргыз эли байыртадан эле көчүп-конуп жүргөндүктөн, ушул сыяктуу салт-санааларды кеңири колдонуп келген. Кыз жактын уландары мал жайлоодон түшөөрдө уул тараптын коюунан бир койду кармап алса «көч кой» деп, эгерде бир жылкы кармап ала турган болсо «чаң жылкы» деп коюшат. Муну колунда бар кишилер гана жасай алат.

Арпа-буудайды оруу маалында уул тарап кыз жакка бир кой энчилеп берет. Мунун мааниси орок менен кармашып каржалдыныз, жаш шорпо ичиңиз дегенди билдирет. Бул салтты болсо кытайлык кыргыздар «орок кой» деп коюшат. Ал эми жазгы көктөмдө мал арыктап турган кезде бир семиз кой берилет. Бул жазгы үзүмчүлүктө жутадыңыз, жиликтирөөк шорпо ичиңиз дегенди билдирет. Муну «арык кой» деп коюшат. Балдар бойго жеткен мезилде уулдун атасы өзүнүн жакындарын ээрчитип алып, кыз менен баланы жүз көрүштүрөт. Келинди алып кетүү убактысын такташып, алып кетер күндү болжошот. Келинди алып кетер күн «жооп суроо» деп аталат. Жүз көрүштүргөндө эки жак тең топуратып конок чакырбай, саналуу гана жакын кишилер менен күтөт. Жооп сураганда тойдун убактысы, калыңы, каада-салттары сыяктуу иштер кеңешип бекитилет. «Кеңеш  аяк»-деген салтында болсо, мында куда түшүү убактысы белгиленип, кыз тарап өз жакындарын, алыш-бериш кылынгандарын  атап айтканда, ошол тойдо оорчулуктарын тең көтөрүшүп бере турган кишилерин чакырып, конок кылат. Аларды иштин чоо-жайы менен  тааныштырышат, кыз себинин эмнелери бүткөнүн, кандай кем-карчысы бар экенин, кудаларга канча кийит берилерин, канча үй конок аларын жана ушул тойго байланыштуу бардык жасала турган иштерди ошолор менен кеңешет, кимдин эмне жардам кыларын, түндүктү ким көтөрөөрүн тактайт. Уул тарап да ушундай кеңеш өткөрүп, калыңга канча мал берилерин, канча чачыла бышырылаарын, тойго эмне соөрун, алардын канчалык даражада даяр экендигин тааныштырат, жакындарынан ким эмне берери такталат.  «Кеңеш аяк» же кыскартып «кеңешме» деп коюшат.

Куда түшүп, калың мал өткөрүлүп болгон соң, кыз жак көбүрөөк калың жештин жолун издеп бөйрөктөн шыйрак чыгарат, түрдүү шылтоолорду ойлоп табат. Алардын бири катары «түш салуу», «секиртмей» салттарын белгилесек болот.

Кытайлык кыргыздарда «Түш салуу» деген да салт бар.  Анын жөнү мындай: күйөө болчу уулдун атасынын же эң жакынынын элге белгилүү күлүк аты, жоргосу, алгыр бүркүтү, кушу атан төөсү же мылтыгы сыяктуу көзгө басар оокаты болсо, кыздын атасы кудасына ошол малыңа же оокатыңа түш салдым, ошону бербесең түндүк көтөрбөйм деп туруп алат. Эки жак кеңешип бир  чечимге келишет, аталган буюм же куну ошого барабар башка нерсе берилет. Ал эми «секиртмейде» же «түш салуу» сыяктуу шылтоолорду таап, түндүктү көтөрбөй туруп алышат, буга да ылайыгына жараша бир нерсе алышат.

Тойдун калың-каадасы бүтүп, уул жактын тойго арнаган бардык нерселерине кыз жак ыраазы болгон соң, түндүк көтөрүшөт. Түндүктү кыздын тайакелери көтөрүшөт. Түндүк көтөрүүчү киши баканга чапан жабат, аны уул тарап алат,  анан ак жоолукка боорсок түйүп, аны бакандын учуна илет да, той болуп жаткан үйдүн түндүгүнөн сырты көздөй ыргытат. Үйдүн тегеретесиндеги кишилер жоолук түшөөрү менен анын ичиндегини талап-булап алышат. Бул түндүк көтөрүп расмий тойдун башталгандыгынын жарлыгы, ушуну менен кызыбыз ушундан баштап үйүбүздөн сыртка чыкты, эми ал ак жолтой, ырыс кешиктүү келин болсун дегенди билдирет.

Кытайлык кыргыздарда үйлөнүү тоюнун алдында кыз-жигитке жаштар жана кыздын жеңелери оюн-тамаша куруп беришет. Бул «кыз ойнок» деп аталат. «Кыз ойнок» бүгүнкү күндө мезгилдин талабына айрым учурларда кафе жана ресторандарда өткөрүлөт. Жаштар арасына оюн-тамаша курулат. Анда айрыкча кыргызстандык ырчылардын ырлары көбүрөөк аткарылат. Той маалындагы негизги оюн «токмок салды» деп аталат. Бул оюнда жоолук эшилип токмок жасалат. Ал эркектен аялга, аялдан эркекке салынат. Токмок салышта бир жуп киши өз ара кол кармашып, көкүрөктөрүн бири-бирине тийгизишип ойношот. Күйөө жолдош токмокту алып:

Отуз келин, отуз кыз,
Оюн баштап калыпбыз.
Куттуу болсун ойнубуз
Кут маарек болсун тоюң
Үлгүлүү жуп болуңуз.
Айып көрбөй, кыз-күйөө,
Жар көрүшүп көрүңүз, – ырдайт.

Кыз-күйөөнү жар көрүштүрөт. Бул той оюнунун башталгандыгын билдирет. Уул тарап куда түшүп барганда, кыздын үйүнөн балта-чот, бычак б.а. темирден жасалган бир нерсени көрсөтпөй катып алуу салты бар. Бул келинибиз ушул темир оокаттай кайраттуу, отко-сууга чыдамдуу болсун дегенди түшүндүрөт. Кийинки мезгилдерде уурдабастан эле, эки кудагыйдын макулдугу менен темир оокатты алышып-беришип алууга өтүп бара жатат. Айрым учурларда кызга арнап көтөрүлгөн боз үйдүн түндүк  жабуусундагы тагылган сертер боосун чечип алып жүрүшөт. Мунун мааниси: келинибиз ушул сертер боодон элпек, жумушка эптүү болсун дегенди билдирет.

Кызы чоңоюп калганда ата-энеси сеп даярдай баштайт. Септи той болуп жаткан үйдүн ичине колунда бардыгын көрсөтүү үчүн, талаага бир нече керме тарттырып, ошого илип койгон учурлар да кездешет. Жүк жыйылып бүткөн соң, анын түбүнө кыз жактан бирөө уктамыш болуп жатат. Уул тараптан уул атасы же башка бир аксакал жүк көрөт. Жүк көргөндө уктаган кишиге бир нерсе берет, ал ойгонуп алат, эгерде ага ыраазы болбой калса, ойгонбостон жата берет. Жүктүн жанында кудачасы уктап турбай койгондо, мындай деп айтылат:

Башайы жууркан, пар жаздык,
Барлыгын текши жыйыптыр.
Келиндин жүгүн көрсөк деп,
Келген эл сыртка чыгыптыр.
Жүк көрүүгө мен келдим,
Шырдак, килем салыптыр
Алты каттык үстүндө,
Кудачам уктап калыптыр.
Алып келип берейин,
Той жылкым үйдө калыптыр.

Анда кудачасы мындай деп жооп берет:

Уйкучу окшойт кудачаң,
Коңурук ташты жаңыртып.
Кылымдар бою кыргыздар,
Кыздан жеп кимдер байыптыр?
Кыйналыш болуп азыраак,
Кол кыскартып калыптыр.
Куданы карап ойгонуп,
Кунан жылкы алыптыр.

Жүк көргөн кишиге арналуу бир нерсе же болбосо кыздын себинен берилет. Уул тараптан бир киши баканды ат кылып минип, чырпыкты камчы кылып камчыланып, кыздын себи жыйылган үйгө сүзө качырып кирип барат. Кыз жактан да эки аял эшикти бекем кайтарып, тигилерди киргизбөөгө аракеттенишет. Эгерде ал киши тосуу бербей кирип кетсе, жүктөн бир нерсе алат, ал эми кире албай калса, анда аялдарга бир нерсе ырымдалып берилет. Бул «бакан минди» деп аталып, оюн тамаша куру иретинде жүргүзүлсө керек. Мезгилдин нугуна жараша бүгүнкү күндө кыздын себине жууркан-төшөк, шырдак, тогуз кат, ат-жабдыктан сырткары тигүүчү машина, диван-кровать, газ плита, телевизор, DVD, муздаткыч, компьютер да берилерин Муталип Адылбек маалымдады.

Кыз уулдун босогосун аттаарда кыз менен бир тууган эң кичүү инисинин этегине кыздын бети жуудурулат. Эгерде өзү менен бир тууган эркек болбосо, башка туугандарынын балдарынын ичинен бир баланын этегине жуудурулуп, кыз эшикке чыгаары менен жүгүнөт, турган эл жакшы тилектерин айтып алкап бата беришет. Жаңы келин жигиттин үйүнө кирери менен анын мурдун май менен майлашат жана келиндин колуна биртке май берилет. Ал майды коломтодогу отко салып, анан көшөгөгө кирет. Бул келиндин майлуу-сүттүү, шыбагалуу болсун дегенди түшүндүрөт. Келин көшөгөгө киргизилген соң этегин балта-чот сыяктуу салмактуу темир аспаптар менен бастырып коөт да, колуна бир ийик менен бир уучу кебезди берип, азыраак ийиртет. Туткан ийик, ийне-жип сыяктууларды кыз өзү ала келет. Жогоруда айтылган иштер келин ушул балта-чоттой оор болуп, орун-очок алып калсын, ишмер болсун дегенди билдирет.

Ал эми кытайдагы Тарбагатайлык кыргыздар калмактар менен аралаш жашашат. Ошондуктан  эки элдин каада-салттары аралаш колдонулат. Мында ассимиляциялоо иш-аракеттерин күчөтүү, калмак элинин салтын таңуулоо аракети көбүрөөк байкалат. Маселен, ал жактагы кыргыздар тойлордо калмактардын салттарын көбүрөөк пайдаланышат.

Бүгүнкү күндө Тарбагатайлык кыргыздар Кызылсуу кыргыздары менен карым-катнашты күчөтүп, кыргыз тилин, кыргыздын салт-санаасын сактап, Кызылсуулук кыргыздар менен кыз берип, кыз алышып, ата салтын сактаганга көнүп баратышат, өз улуттары менен байланыштарын кеңейтүүдө.

Ал эми Лобнор кыргыздары кудалашканда негизинен куда-сөөктү өз айлынан тандайт. Куда боло турган тараптын эл ичиндеги кадыр-баркы, ата-теги, чарба жүргүзүү жөндөмү, материалдык абалы өзгөчө эске алынат. «Таша кенттен» (бөтөн айыл) кыз алууну же аларга кыз берүүнү анча жакшы көрүшпөйт. Лобнорлуктарды илгертен келе жаткан салты бар. Тактап айтсак уул тараптан ата-энеси бирөөнүн кызын өз баласына ылайык көрсө (5 жаштан 10 жашка чейинки) ылайык көргөн кыздын этегин айрып, белги кылып коюшат. Мындан кыздын ата-энеси да кабардар болот. Кыз чоңоюп, балакатка жеткенде уул тараптан кыздын ата-энесине «калың» төлөнөт. Мындай кудалашууда  жылкы, уй, кой сыяктуу мал берүү менен бирге акча негизги орунду ээлейт.

Бүгүнкү күндө Синьцзяндагы башка райондор сыяктуу эле Лобнор коомунда да чоң өзгөрүүлөр болду. Жергиликтүү жаштар өздөрү жактырган кыз менен мыйзамдуу никелешет жана үйлөнүү каада-салты эски никелешүү салтын акырындап сүрүп чыгарууда. Мында келин алып келүү, той берүү салты башка райондордогудай азыркы мезгилге ылайык өткөрүлө баштады.

Адам баласынын каза болушу ар дайым чоң жоготуу. Анын жакындарынын кайгы-муңун жеңилдетүү мүмкүн эмес. Кытай тарыхый жазма булактарында кыргыздар өлүктү өрттөп, куансейге (табытка)  көмүү жөрөлгөлөрү кездешкен. Таң доорунда Енисей дарыясынын өрөөнүндө жашаган кыргыздар – «Өлүктү өрттөп анын жакын туугандары күлдүн айланасына олтуруп жаш төгүшкөндүгү»- маалымдалат.  «Ал эми ислам дининин таркалышына чейин кыргыздар табытты жыгачтан жана аттын, койдун, топоздун терисинен жасашып, ошондой эле күндөлүк керектелүүчү буюмдар жана өндүрүштүк шаймандары коюлган. Эгерде өлгөн кишинин материалдык абалы жетиштүү болсо, «сапал» (кирпич) же таштан көрүстөн салдырып, анын ичине сүрөт тарттырган» – деп жазылат кытай булактарында. Кытай кыргыздарында ислам дини кабыл алынгандан тартып өлүктү кепиндеп көмүп келишет. Бүгүнкү күндө алардын 80 пайызы кепиндеп көмүү жөрөлгөсүн колдонушат. Улуучаттагы Адылбек Асанкарынын айтуусу боюнча: «Өлгөн адамды жерге жашырууда көрүстөн негизинен экиге бөлүнүп, бири тайпагыраак анын узундугу бир метр 30 сантиметр  жана экинчи бөлүгү өлүк жата турган тегиздиктин узундугу  эки метр, кеңдиги  бир метр жыйырма сантиметр жана бийиктиги бир метр жыйырма сантиметр жетет». Адам өлгөндөн кийин анын уул-кыздарына жана жакын туугандарына кабар айтылат. Угузууда өлгөн адамдын жакын туугандарына, ал адамга башка тууган эмес бирөөлөр гана угузушу керек. Адам өлгөндөн кийин майрам сууга алынып, бул мезгилде молдо сүрөөлөрдү окуп турат. Жууган мезгилде беш киши бир топ болуп, үчөө жууганга бирөө суу жылытып, бирөө суу куюп берет. Өлгөн адамдын  баш бөлүгү, ортоңку бөлүгү жана ылдыйкы бөлүгү деген шартта жуулат. Биринчи ирет жууганда кабар жеткен туугандары үлгүрүп келген болсо, алар беш киши жууса болот. Эгерде туугандары үлгүрүп келе албай калса коңшулары деле жууй берсе болот. Бирок экинчи иретте туугандары гана жуушу керек. Өлгөн адамдын  мурдагы кийим кечеги туугандарына бөлүнүп берилет. Өлүктү жакшы жууп бүткөндөн кийин ак кездеме менен оролуп, аял болсо кездеменин узундугу 18 метр, эркек болсо 14 метр кездеме сарпталат. Аялдардын бел жактары башы да оролот. Молдо кездемени бычып, эки жеңдик чыгарып, мешок катары тигип, өлүктүн башынан бутуна карай кийгизилет. Бейитке алып барганга чейин өлүктүн башы менен буту жабылбайт. Кытайлык кыргыздарда сөөктү сактоо убактысы үч күндөн ашпайт. Өлүк сырттагы жанаша үйдө сакталып, бөлмөдө өлүктү бөлүп туруучу көшөгө тартылат. Өлүк жаткан үйдө тамак-аш ичилбейт, анын бала-чакасы жана жакын достору гана киргенге болот. Аялдар өлүктү жерге бергенге чейин батышты карап кошок кошуп ыйлашат. Кытай кыргыздарында, Кыргызстандагы кыргыздар сыяктуу адам өлгөндө боз үй тигилет. Бирок кытай кыргыздарындагы айрым жерлеринде боз үй жок болсо тикпей деле коюшкан мезгилдер кездешет. Өлүктү чыгарууда өлүктү жыгач тактага (табитхи деп аташат) жаткырып, колдонулбаган таза кездеме менен жабылып, анын үстүнө ак кездеме жабылат. Эгерде өзүнүн үйүндө ак кездеме болсо колдонулат, жок болсо мечиттен алып келинет. Өлүктү бала-бакырасы же тууган уругу көтөрөт. Өлүктү алып чыгып жаткан кезде дарбазанын босогосуна токтоп, үч жолу тийгизип андан соң чыгарат. Алып чыгып жаткан мезгилде башы үйдүн ичинде болуп бут жагы менен чыгарылат. Молдо дооран түшүрүп акыреттик сөздөрүн айтып мазмуну негизинен өлгөн адамдын жасаган иштери, карыз акыбалын сурап, теңирден камкордук тилейт. Дооранга эркектер гана катышат. Ал эми аялдар бул мезгилде үйдө калышат. Бул иштер аткарылып бүткөндөн кийин гана өлүктү көрүстөнгө алып барышат.

Көрүстөндү тандоо жерге коюу иштеринде мурдагы ата-бабаларынын бейиттеринин жанына урпактары да ошол жерге коюлат. Шартка байланыштуу мүмкүнчүлүгү болсо туугандарынын жанына жанаша коюлат. Эгерде шарты болбосо бул жагдайлар көп деле талап кылынбаган учурлар да кездешет. Көрүстөндөр адатта сел каптап кетпей турган дөбөчөлөрдөн орун алып, жолдун жээги тандалып, ары-бери өткөндөрдүн куран окуп турушуна оңтойлуу болот. Мал чарбачылык райондордо көрүстөндөр бийик жерлерге тандалып, бак-дарак, мажүрүм тал тигишкен. Эгерде тигилген бак-даракты мал жеп кеткен болсо, өлгөн адамды бейишке чыкты деп билишкен. Кыргыздар көрүстөндү көчүргөн эмес. Ал эми бүгүнкү күндө коомдук жайга тиешелүү маанилүү пландар түзүлүп калган болсо, көрүстөндөр көчүрүлөт. Кызылой айылын камтыган Көларык кыштагындагы кыргыздар (Чоң багыш уурусуна таандык) өлүктү айылдын түштүк жагындагы үч километр алыстыктагы көрүстөнгө коюшат.

Бүгүнкү күндө кытайлык кыргыздарда мүрзөлөргө өлгөн адамдын аттары гана жазылып, сүрөтү тартылбайт. Мүрзөлөр төрт бурчтук түрүндө салынып, колунда барлар жагдайына жараша сыртын кафель менен каптап койгон учурлар кездешет.

Өлүктү көөмп бүткөндөн кийин мүрзөдөн кайтып келгендер өлгөн адамдын үйүндө союлган назирден (өлгөн адамдын урматына союлган мал) даам татышат. Назирге бир бодо союлат. Эгерде өлгөн адам кадыр-барктуу, белгилүү инсан болсо эки бодо союлуп, андан сырткары куда-сөөктөргө, алыстан келген туугандарга 40-50 кой-эчки союлган учурлар кездешет.

Өлгөн адамды жерге бергенден кийинки назирлерге: өлгөн күндөгүсү аш, андан соң үчүлүгү, жетилиги, кыркы, жылдыгы кирет. Өлүк кою салттары да колунда бар же жогуна карабай жүргүзүлөт. Буга далил катары аш берүүнү эле алсак болот. Кытайлык кыргыздарда аштын эки түрү белгилүү.

Биринчиден «чоң аш» деп аталып, колунда бар жана элге таанымал журт аксакалдарынын ашы болот. Буга ат жеткен жердин баарысы чакырылып, канчалаган үйгө конок алынат, той-тамашанын бардык түрү берилет. Конок келген күнү бир сапар ат чабылат, муну «кемегеси» деп аташат. «Той тамашасы» негизинен жашы өтүп калган кишинин ашында болот. Кыргызда көп жашагандардын өлүмүнө карата «бу кишинин өлүмүн той дешет» жана ошондуктан май аш өткөрүшөт. мындай ашта мал көп союлат, күндүз эле эт тартылып, конок алуу болот.

Экинчи бир түрү «токол аш» – бул аштын чакыруу көлөмү анча чоң болбойт. Конок алынат, бирок той-тамаша өткөрүлбөйт – деп билдирди тарыхчы Кайрат Токомбай.

Бул мезгилдерде өлгөн адамды эскерип, куран окулат. Мындан сырткары «Орозо айтта», «Курман айтта» өлгөн адамдын урматына мал союлуп куран окутуу менен эскерилет (муну айттык деп аташат).

Өлгөн адамдын жакындары 40 күн аза күтүшүп, аялдар кара кийишет. Ал эми эркектер 40 күндүн ичинде сакал-мурутун албайт, баш кийим сөзсүз кийишет. 40 күндүн ичинде аза күткөн адам арак ичпейт, күлкү салтанаты күтүлбөйт, телевизор көрүшпөйт жана музыка угушпайт. Алар жаңы жана түстүү кийим кийишпейт коноко да барышпайт. Өлгөн адамдын аялы 40 күндүн ичинде жасанбайт косметика колдонбойт. Бул күндөрү бала-чакасы да башка үйгө барбайт. Өлгөн адамдын колдонгон нерселерин эстелик катары катып коюшат. Бизге Улуучаттагы Касым Мамыт атасынан калган бир бычакты көрсөттү, ал бычакты ыйык тутуп мал сойгондо гана колдоноорун айтты. Кыргыз элинде маркумду кастарлап оо дүйнөгө узатуу, көңүл айтуу, көз көрсөтүүгө, келген конокторго арнап мал союу, жыртыш үчүн түрмөк-түрмөк баалуу кездемелерди жыртып таратуу, айрым учурларда сырт кийим таратуу сыяктанган салттар да кездешет. Кытайлык кыргыздарда бүгүнкү күндө аша чапкан ысырапкорлук, материалдык чыгымга учуроо кыйла эле көп болот. Тарыхчы Ө.Осмонов 1966-1985-жылдары Кыргызстанда өлүк чыккан жерде спирттик ичимдиктерди суудай агызып берүү, өлгөн жерде өлөөрчө мас болуу салты пайда болгону жөнүндө мисалдарды келтирип кеткен. Ал эми мындай жөрөлгөлөрдү кытайлык кыргыздардан кездештирүүгө  болбойт. Баса белгилей кетүүчү нерсе өлүк чыккан жерде ичимдик ичүү кечирилгис күнөө катары каралат. Кытайлык кыргыздарда диндин катуу таасиринен улам, ыйман ариети бекем сакталган.

Кытайлык кыргыздарда өлүк коюу каада-салтында өлүк чыккан үйдө үч күнгө дейре тамак-аш берилбей, идиш-аяктарды эшикке чыгарышат, анткени өлгөн адам үч күнгө чейин үйгө келип турат деп айтышат. Мезгилдин нугуна жараша жыртыш берүү жаңы салттары киргендигин байкоого болот.

Аялдарга жыртыш катары ийне-жип, самын, кебез, бир чарчыдай кездеме берилет. Андан сырткары аял-эркектердин баарына мата-чепкен да тартылат (муну колунда бар гана адамдар тарата алат).

Өлүк чыккан үйдү тааныбай калбастыгы үчүн, үйдүн ээсинин түндүгүнө туу кадалып коюлат. Өлгөн киши карыган адам болсо ак туу, орто жаш болсо кызыл туу кадалат. Алыстан келген адамдар үйгө өкүрүп келишсе, аялдар кошок кошуп келишет.

Лобнордо байыркы доорлордо сөөктү тике турган дарактын көңдөйүнө салып көмүшкөн. 1966-1967-жылдары Синьцзян коомдук академиясынын экспедициясы Лобнор аймагында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Көрү тайыз, кайык формасындагы табытка салынып, бетине тактай жабылып, анын үстүнө тери төшөлгөн, бир адамдын көрүстөнүн табышкан (Мындай табыттарды куансей деп аташкан.). Жери кургак болгондуктан кийим-кечеги толук сакталган. Кийизге оролуп, башына кийиз калпак кийгизилген.

Ал эми 1981-жылы дагы бир мүрзө археолог Уан Пинхуа казып текшерген. Мүрзөдө кыздын сөөгү коюлуп, шалчага ороо менен бирге башына кийиз калпак кийгизилип, баш жагына буудай, чекенде салынган себет коюлган. Бул мүрзөгө 6,4 миң жылдай болгон деп жыйынтык чыгарышкан. Демек  Лобнордо өлүк коюда табытка салуу жана кездемеге ороп көмүү салттарынын тарагандыгын тастыктайт. Лобнордогу көрүстөндөр көбүнчө бийик жерлерден, дөңсөөлөрдөн, кум бархандарынан орун алган. Мүрзөлөр тик жана төрт бурчтуу казылып, бир же бир канча өлүк коюлган.

Кыргыз улуту өз тарыхында бир нече динге ишенип келген. Ал эми Тарбагатай кыргыздары будда динин анан ичинен лама багытын XVII-XVIII кылымдарда  кабыл алышкан. Тарбагатай кыргыздары Кызылтаг-Хайракан тоосуна сыйынышат. Бул тоо Оркошаар жана Кызыл-Күрө айылдарынын ортосунда жайгашкан жана тоонун чокусуна актык (б.а. сүт, айран ж.б. сүт азыктарын) алып барып сыйынышат. Ичимдик ичер алдында аны отко чачып, андан соң гана ичишет. Бул сыяктуу жөрөлгөлөр Борбордук Азия жана Түштүк Сибирь элдеринде да кеңири тараган.

Бүгүнкү күндө алар дээрлик көпчүлүгү ламага, анча мынчасы ислам динине ишенишет, ошол динди карманышат. Ал тургай айрымдары улуттук каада-салтка айланып кеткен.

Эгерде адам сыркоолоп калса, молдо-бакшыларга кайрылган учурлар кездешет. Молдо менен бакшынын дарылоо ыкмасы эки башка экендигин байкасак болот. Молдолор негизинен куран окуп, дем салат, же дем салынган сууну, же аят жазылган кагазды сууга эзип ичирет.

Бакшылардын окуганы кандайдыр бир белгисиз нерсе болуп көбүнесе мазар жана ыйык жерлердин атын атайт. Отту чоң жактырып алып үйдүн ичи-башын айланып, оозунан ак көбүк чачылганча буркулдап, ашкере жоруктарды көрсөтөт. Дарымчы ичинен бир нерселерди күбүрөп, муздак суудан ууртап ооруган жерге бүркүйт. Эгерде кичине бала ооруп калса, аруу кириптир деп бир чыныга күлдөн салып, оозун чүпүрөк менен жаап алып, баланын денесине жана бешигине тийгизет. Муну «күрдүлөдү» деп коөт. Баласы бир нерседен катуу коркуп кетсе энеси же башка бир аял ошол баланын оозуна сөөмөйүн салып «апап-апап» дейт, бул «апаптоо» деп аталат. Мындай чочуп калган бала эки-үч жаштан төмөн болсо коргошунду ээритип туруп, сууга куят, бир нече ирет кайталаган соң, коргошун жүрөк формасына келет. Ал коргошунду баланын мойнуна тагып коюшат. Бул «жүрөк мончок» деп аталат.

Кытайлык кыргыздардын улуттук майрамдары да мал чарбачылыгына да тыгыз байланышкан мындай майрамдарга кытайлык кыргыздарды кеңири тараган «үлүш» (же кытайча аталышы манайзи) улуттук майрамын атасак болот. Бул майрам негизинен Акчий, Улуучат райондорунда кымыз мол кезинде, башкача айтканда июнь, июль айларында айыл-кыштактарда, жайлоолордо ыктыярдуу түрдө өткөрүлөт. Майрамда тай союлуп, кымыз ичилип, көңүлдүү өзгөчөлүктөр байкалат. Аталган майрамда кымыз ичүүнүн өзгөчө эрежелери талап кылынат. Алды менен алып баруучу (көлбай деп коюшат) аныкталат. Көлбай шайланган адам кымызды жакшы гана ичпечтен, шайыр жана тойду алыр бара ала турган адам болууга тийиш. Көлбайга эки жардамчы шайланат. Алардын бири ким кымызды ичип жатат, кимиси кемчилик кетиргенин байкоо жүргүзөт. Ал эми экинчиси кымыз сунуучу,  жөн эле сунбастан ырдап сунат. Майрамдын жүрүшү кымыз ичүү менен башталат. Биринчи кесе «мейман аяк» деп аталып конокторго кымыз берилет (шарт боюнча жарым литр кымызды дем албастан ичүү талап кылынат).  Экинчи кесе «катар аяк» деп аталып жай темп менен ичилет. Үчүнчү кесе «зыркыратма»-ашказандан үн чыгарылып ичилет (бир литрге чейин болот). Төртүнчү кесе «тайлуу бээ» деп аталып чоң жана кичинекей кесе менен ичилет. Бешинчи кесе «ыр кесе»-кымыз сунуучулар кесени ырдап сунушат. Кесени алган адам да ырдап жооп берип, андан соң кымызды ичишет. Алтынчы кесе «аттанар аяк» деп аталып майрамдын узатуу жана чечүүчү мезгили болуп эсептелинет. Эгерде майрамдын аягында ким кымызды иче албай калган учурларда ошол адам кийинки үлүштү уюштурат. Ал үлүш он-он беш күндү же келерки жайда өткөрүлөт. Кымызды аш кыла албаган (кусуп жиберген) адамдарга байланыштуу күлкүлүү аттар берилип, «төрөдү» деп тамашалап коюшат. Кымыз ичүүдө жеңилген адамдардын саны көп болсо, алар кийинки үлүштү биргелешип өткөрүшөт. Кытайлык кыргыздар үлүштү улуттук майрамыбыз деп эсептеп чоң маани берип, ар бир жылда белгилешет.

Кытайлык кыргыздардын дээрлик 80%и ислам динин тутушуп, «Орозо айт», «Курман айтты» да кеңири майрамдашат. «Курман айт» жети күнгө чейин майрамдалып, «Улак тартыш», «Ат чабыш», «Эр эңиш», «Теңге эңиш» оюндары менен коштолот. Коңшу жашагандыктан кытай элинин январь айынын аягы февраль айынын башында өткөрүлүүчү «чыгыш жаңы жыл» майрамы акыркы мезгилдерде кыргыздар да майрамдап келишет. Бул майрам официалдуу түрдө он күн, жергиликтүү калк арасында отуз күнгө чейин майрамдалат. Кыргыздар кытай досторун куттуктап белек алып барышат. Бүгүнкү күндө бул чыгыш жаңы жылы мезгилдин нугуна карай өзгөрүп кытай шахмат оюнун ойноо, Үрүмчүгө, Пекинге саякаттап баруу салттарынын пайда болуп бара жатканын байкоого болот.

Ар бир элди басып өткөн жолу ал элдин кылымдардан бери калыптанган, улам өсүп-өнүккөн улуттук маданиятын, көркөм өнөрүн, оюн-зоогун кошо чагылдырат. Кыргыздардын оюн-тамаша «байлыктары» элди эстетикалык, руханий жана алаксытуучу зарыл талаптарын канааттандырып, унут болуп кетүүдөн сакталып келген. Элибиздин байыркы доордогу жараткан көркөм өнөр байлыктарынын бири-элдик оюндар. Байыркы мезгилден тартып кыргыздар элдик оюндарга чоң көңүл бөлгөн, аш тойлор оюн тамашасыз өткөрүлгөн эмес. Элдик оюндар өздөрүнүн мүнөзү боюнча негизинен үч түргө бөлүнөт. Биринчиси, согуш оюндары; экинчиси, элдик турмуш-тиричилигин аныктоочу оюндун түрлөрү; үчүнчүсү, логикалык ой-жүгүртүүнү өстүрүүчү оюндар.

Кытайлык кыргыздарда кеңири тараган элдик оюндарга: «ат-чабыш», «кунан чабуу», «жорго салдыруу», «жамбы атуу», «теңге эңүү», «ээр оодарыш», «аял оодарыш», «улак тартуу», «эр сайыш», «кыз куумай», «балбан күрөш», «ордо атуу», «жылаңач баатыр», «таз чабышуу», («өпкө чабыш»), «аталага баш малмай», «чоймо кулак», «тал чечүү», «теке тыкмыш», «коөн тепмей», «селкинчек», «тогуз коргоол», «уюм тууду», «токмок салды», «апа чөлмөк» («ак чөлмөк»), «жашынмак», «бекбекей», «токту сурамай»,  «жоолук таштамай» ж.б. кирет. Кийинки мезгилде айрым элдик оюндар кытайлык кыргыздарда жоголуп бара жатат. Мисалы: «төө чечүү» оюну, аш-тойлордо ойноло турган оюн. Орого казык кагылып, төөгө шурудан буйлага тагылат жана аны жылаңач аял киши түшүп чечиши керек.  Тарыхчы, этнограф А.Асанканов: «Кыргызстандын аймагында улуттук маданияттын, унутта калган каада-салттарынын кайрадан жаралуу шарапатынын негизинде, 1990-жылдардын башында газета-журналдардын беттеринде, «Төө чечмей» оюнуна кыздарды катышууга чакырган жарнактар да пайда болгондугун» баса белгилейт. Кытайлык кыргыздардын арасында ойнолуп келген, улуттук оюндардын айрымдарына токтоло кетсек: Мисалы: «Жылаңач баатыр»- аш-тойлордо ойнолуп, оюндун жүрүшүндө эки жигит, белинен өйдө жылаңачтанып атка минип, ээрдин кашын бекем кармап, бир колу менен камчы менен чабышат. Бул оюн чыдамкайлуулукту талап кылып, камчы тийген жерлерден кан акканына  болбой да улана берет, качан гана атаандашы аттан жыгылып же оюн токтолсун дебейинче улантыла берет.

Ал эми «Таз чабыштыруу» оюну (өпкө чабыш)- аш-тойлордо өткөрүлүп, союлган койдун кан-жинине ун  аралаштырып алып, ичине акча салынат. Оюнга катышкан адам казанга башын салып, акчаны таап чыгышы керек болот.Эгерде ким акчаны таап чыкса, оюндун жеңүүчүсү деп табылат.

«Токту сурамай» оюну жаштар арасында ойнолот. Оюндун шарты боюнча байдын жана токту сураган тайпасы болуп экиге бөлүнөт. Кедейдин командасынан бирөө, байдын командасына келип, «Бир токту бериңиз»-сурайт. Анда бай: «Тээтиги оттоп жүргөн токтудан бирди ал»-деп жооп берет. Токту сурап келген оюнчу, бай  көрсөткөн адамдын көзүн эки колу менен жаап, өзүнөн командасынан «жашыруун ат менен (мисалы: кыздарды гүлдүн аты, жигиттерге жан-жаныбардын атын коюшат) чакырат. Ал колу менен көзү жумулган оюнчуну колу менен сылап же чертет көзү жумулган оюнчу черткен адамды табышы керек, эгерде таппай калган болсо, тиги команданын курамына кирип, оюн андан ары улана берет.

«Төө чечмей», «Аталага баш малмай», «Жылаңач баатыр» сыяктуу оюндар төмөнкү социалдык катмардагы адамдар ойной турган оюн, колунда жоктор калктын көңүлүн көтөрүү үчүн ойнолгон. Бүгүнкү күндө кытайлык кыргыздарда бул типтеги оюндар калк арасында жоголуп, унутта калып бара жаткандыгын байкоого болот.

Жыйынтыктап айтканда, кытайлык кыргыздардын каада-салттары жана Тарбагатай, Фу-йу, Лобнор кыргыздарындагы өзгөчөлүктөрү, мезгилдин нугуна жараша пайда болгон жаңы салттар иликтенди.

Өлүк коюу салттарындагы айырмачылыктар, Синьцзян Коомдук Академиясынын экспедициясынын 1966-1967-ж.жылдардагы жана 1981-жылдары жүргүзүлгөн, археологиялык изилдөөлөрдүн мисалында берилип, өлүктү табытка жана кепиндеп көмүшкөндүгү аныкталды.

Кытайлык кыргыздардагы диний ишенимдердеги шаманизмдин жана буддизм дининин белгилеринин сакталып калышы менен бирге дээрлик ислам динин тутушуп, ар бир этностун басып өткөн жолу, кылымдардан бери калыптанган, өсүп өнүккөн улуттук маданиятын, көркөм өнөрүн, оюн-зоогун чагылдырып, муундан-муунга сактап өткөрүп келишет.

Гульзада Абдалиева, “Кытайлык кыргыздардын руханий маданияты”, Бишкек-2008,
«Ак-Тилек» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.