Хан Теңири эмнеге кандуу тоо деп аталат?

<!–[if !mso]> <! st1\:*{behavior:url(#ieooui) } –>

Хан Теңирин биринчи ким катка түшүргөн?

Асман тиреген тоонун алптарынын бири – Хан Теңирин (Тенгр, Теңир-Тоо, Хан-Тоо жана Кандуу Тоо деп да аталып, Тенгри, Теңир деп да жазылып жүрөт) билбеген кыргыз жок. Тоо үч мамлекеттин: Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдын чегараларында жайгашкан. Хан Теңиринин бийиктиги (6995 метр, башка дарек боюнча 7010 метр) тууралуу биринчи маалымат мындан 1200 жылдан ашуун мурдакы Кытай календарларында кездешет.

Чокунун биринчи ирет илимий ачылган кези – XIX кылымдын ортосу. 1856-1857-жылдары Тянь-Шанга жасаган атактуу сапарында белгилүү орус географы жана саякатчысы Семенов Тянь-Шанский Хан Теңирине байланыштуу көргөн-билгенин биринчи болуп катка түшүргөн.

Ошол жарык көргөн илимий маалымат орус жана чет элдик көптөгөн изилдөөчүлөр менен альпинисттердин чокуга деген көңүлүн бургузду. Ошентип, 1864, 1876, 1886-жылдары орус жана чет элдик окумуштуулар менен чокуну багындыруучулардын Хан Теңирине бир нече жолу экспедиция уюштурууга түрткү болду. Бирок ХХ кылымга чейин атактуу чокуну багындырууну эч ким капарына алган жок.

Хан Теңирин биринчи жолу ким өлчөгөн?

1900-жылы италиялык князь, географ жана альпинист Ч.Боргезе менен М.Цургригтен биринчи болуп Хан Теңиринин башына чыгууга аракеттенген, бирок орто жолдон кайтууга туура келген. Алар жеткирген маалымат боюнча, 1902-жылы немис географы жана альпинисти Мерцбахер нарынколдук аңчы Н.Нобаковду жол көрсөткүчү кылып, тоонун 5500 метр бийиктигине чейин көтөрүлгөн.

Бирок, жалтыраган муздан жасалган пирамида сыяктуу Хан Теңиринин сүрдүү көрүнүшүнө көз жүгүрткөн сайын ары карай жүрүүгө жүрөгү даабай, чокуну багындыруу үмүтүн үзүүгө туура келди. Ошентип, өз күндөлүгүнө “Тянь-Шань – альпинисттердин кызыга турган орду эмес” деп жазып калтырды. Анткен менен Мерцбахердин Хан Теңиринин жайгашкан жерин аныктаган чиймелери көп жылга чейин картографиялык документ катары маңыздуу роль аткарды.

География илими немистин ошол айтылуу азаматына тоонун бийиктигин аныктап бергени үчүн карыздар. Ошол кездеги прибордун көрсөтүүсү боюнча, Хан Теңиринин бийиктиги 7120 метр деп белгиленген. Тянь-Шандын эң бийик чокусу – 7439 метрлик Жеңиш чокусу аныкталганга чейин Хан Теңири эң бийик чоку саналып келген.

Хан Теңиринин бийиктиги эмнеге эки башка аталат?

Мерцбахерден кийин Хан Теңирине 27 жылдан кийин гана жол ачылды. 1929-жылы москвалык жаш альпинисттердин чокуну багындырмак болгон аракети кайгылуу аяктай жаздап, даңк издегендер келген изи менен кайра кайтууга мажбур болушкан. Дал ошол жылы Борбордук Тянь-Шань тоолорун изилдөөнү көздөгөнүнөн кайтпаган украиналык саякатчы-альпинист Т.Погребецкий колго алган.

Ал башкарган экспедициянын негиздүү изилдөө натыйжасында Тянь-Шань тууралуу география илими соңку даректер менен толукталды. 1931-жылы Погребецкий өзү башкарган “жорукчулар” алдына Хан Теңирин кандай болсо да багындыруу максатын чечкиндүү койду. Ошентип, не бир табигый кыйынчылыктарга жана азыркыдай жетилген курал-жабдыктын жоктугуна, чокунун башына оң жагынан беттеген экспедиция көп узабай жердеги аалам менен байланыштын жоктугуна карабай, көздөгөн максатына жетти.

1931-жылы 11-сентябрь күнү Михаил Погребецкий, Борис Тюрин жана Франц Зауберер Хан Теңиринин чокусунда турду. Муну “улуу жеңиш” деп атоого болот. Чоку башына алып барган ошол жол аликүнгө чейин эң оңтойлуу классикалык багыт болуп саналат. Погребецкий баштаган топ чокунун бийиктигин деңиз деңгээли боюнча аныктады.

Ал боюнча Хан Теңиринин бийиктиги 6995 метр болуп белгиленген. Ал эми бүгүнкү өлчөм мындан башкача, 7000 метрден ашат. Муну кээ бирөөлөр “коммерциялык кызыгуучулуктан туулган өлчөм, себеби, туризм эң көп түшүм бере турган бизнес, ошондуктан бул жерде экономикасы башкы роль ойношу мүмкүн” дешет.

Согушка чейин адамдар Хан Теңириде дагы эки ирет болуп кайтышканы маалым. 1936-жылы 12 адамдан турган алматылык альпинисттер тобу чокуга батыш жагынан өрдөгөн. Алардын ичинен үч адам: Колокольников, Тютенников жана Кибардин гана чокунун башына көтөрүлгөн. Алматылыктардын изи менен иле-чала аттаган москвалык альпинисттер тобунун талпынышы ийгиликсиз аяктап, бир адамдын өлүмү менен бүттү. Калың кар көчкүсүнө туш болгон москвалык топтун бир азы үшүккө кабылып, учак аркылуу араң куткарылган.

1964-жылы москвалык альпинисттер К.Кузьмин, Б.Романов Хан Теңирине солтүштүк жана оңтүштүк жагынан жаңы багыт салды. 1970-жылы “Локомотив” жана “Труд” аты менен белгилүү альпинисттер тобу чокуга көтөрүлдү. 1974-жылы чокунун солтүштүк кабыргасын Э.Мысловский менен Б.Студенин багындырды. Хан Теңирине 1988-жылы Е.Дармин менен А.Савин чыгыш жагынан чыкты. 1989-жылы чокуну алматылыктар дагы багындырды.

Кандуу тоо аталышынын сыры

Ал эми Хан Теңирин эмнеге кандуу тоо аталганына келелик. Бул тоо жапондун Фудзияма чокусу сыяктуу төбөсүн дайыма булут каптап тургандыктан, көзгө сейрек илинет. Семенов Тянь-Шанскийдин жазуусуна караганда, жергиликтүү тургундар бир жак чекеси күндүн батардагы шооласына бөлөнүп, оттой жалындап кызарганына байланыштуу “кандуу тоо” атап кеткен көрүнөт.

Көзү менен көргөндөрдүн айтуусу боюнча, чынында күн батарда кечки шапак менен чокунун башы өзгөчө алоолонуп, тоо башында жүгүргөн ала көбөң булут көлөкөлөрү менен кубулуп, кыпкызыл болуп, кан чапчып тургандай көрүнөт экен. Чокунун “кандуу тоо” атын табияттын ошол көрүнүшү менен бирге Чыңгызханга алпарып такагандар да бар.

Илгери Хан Теңиринин түбүндөгү көлгө келип, Теңир тоого арнап курмандык чалгандар да болгон экен. Ошондой кандуу тоо атын чокуну багындыруучулардын өлүшү менен байланыштыргандар да бар. Буга таянсак, мурункуларын кошпогондо, тек, акыркы жылдардагы Хан Теңирде болгон адам өлүмдөрүнүн өзү чокунун чынында “кандуу тоо” атын актагандай көрүнөт. Ага төмөндөгү аныктамага көз салсаңыз жетиштүү болор.

Аныктама

1986-жылы Хан Теңирде альпинисттер Юрий Филимонов, Александр Шербаков жана Албар Алпаров кар көчкүгө кабылып көз жумган.
1993-жылда курамында эмгек сиңирген спорт чебери, Эверестти багындырган Валерий Хришатый эки алматылык жана үч англис альпинисти чокуга чыгаар жолдо кайтыш болгон.
2000-жылы август айында Хан Теңирин багындыруу жолунда эки россиялык жана бир беларустук альпинист кар көчкүсүнө кабылып каза болгон.
2001-жылы 5-августта Хан Теңирде 22 жаштагы польшалык альпинист Ануш Прохожко набыт болгон.
2004-жылы август айында чокуну багындыруу жолунда чехиялык жети жаран каза болгон.

Даярдаган Эрнест АБДРАХМАН, “Агым” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.