Бишкекте “Сүйүү жөнүндө уламыш” спектаклынын премьерасы болот

Ушул жылдын 18-20-мартында Улуттук телерадиокорпорациясынын концерттик залында Бурул Калбаеванын “Сүйүү жөнүндө уламыш” пьесасы боюнча спектаклдын премьерасы болот. Бул туурасында Кыргызстандагы Швейцария кызматташтык бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурова билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш чара Швейцария кызматташтык бюросунун искусство жана маданиятты колдоо программасы жана “Тилекке тирек” чакан гранттар фонду тарабынан колдоого алынып келинет. Спектакль Боом капчыгайындагы белгилүү Кыз-күйөө” жери туурасындагы уламыштан баян берет. Анда тууган жерге, эне тилге, өз элинин салтына кызыгууну туудуруп, кыргыз элинин унутулуп бараткан уламышы жанданат.

М.Ибраева, «КАБАР» МА, 16.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.