“Айтыш фильм” киностудиясы жаңы төрт тасманы тартуулайт

31-мартта Бишкектеги Кино үйүндө “Айтыш фильм” киностудиясы төрт тасманын бет ачарын өткөрөт. Кино тасмалар россиялык жана кыргыз режиссерлор тарабынан тартылган. Бул туурасында аталган киностудиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн кинематографисттеринин катышуусу менен биргелешкен долбоорлор жакында гана аяктаган. Тартылган тасмалар географиялык жагынан гана эмес, стили, темасы, тили жана идеясы жагынан айырмаланып турат. Бет ачарда- Садык Шер-Нияздын “Аян” жана “Форс-мажор”, Марина Ильинанын “Струна”, Ю.Чирковский менен В.Шахкельдян-Захаряндын “Карусель” тасмалары көрсөтүлөт.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 21.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.