Жаңырган жуманын маданий окуялары

24-мартта өлкөдө Элдик ыңкылап күнү белгиленет. Ага арналган салтанат улуттук филармонияда саат ондо өнөрпоздордун концерти менен башталат. Мындан тышкары эс алуу бактарында, маданий жайларда оюн-зооктор уюштурулат.

28-мартта кыргыз циркинде “Жылдыздар манежде” аттуу теледолбоордун биринчи туру өтөт. Таймашта курамы 12 катышуучудан турган ырчы, актер, кудулдар жигитовка, аттарды үйрөтүү, аба гимнастикасы, акробатика, жонглер, йога, клоунадо, фокус жана башка цирк жанрларында күч сынашат. Долбоордун уюштуруучуларынын бири Элмира Тезекбаева билдиргендей таймаш үч тур менен өтүп, соңунда 100 миң сомдун ээси аныкталат.

24-марттан 29- мартка чейин Бишкекте салтка айланган жазгы мода жумалыгы өтөт. Жумалыктын алкагында автордук иштер, фото сүрөттөр, зергердик буюмдар, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун сынына коюлат. Иш-чаранын уюштуруучусу, “Витлайн” промоушн борборунун жетекчиси Виталина Борзенконун айтуусунда бул жолку иш-чаранын өзгөчөлүгү сынактык кийимдер топтому эмес, баардыгына жеткиликтүү болгон киймдер сунушталат.

Буга чейинки мода жумалыктарынын программасында сынакта көргөзгөнгө гана даярдалган кийимдер топтомуна көбүрөөк көңүл бурчубуз. Бул жолу болсо Бишкектин дүкөндөрүндө сатылган, күндөлүк турмушта кийилчү кийимдерди көрсөтөлү деп жатабыз.

Жумалыктын алкагында ошондой эле зергерлер жасаган буюмдар да көрсөтүлүп, фото сүрөттөрдүн сынагы болот. Соңунда мыкты деген кийимдер топтому тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылат.

Орус драма театрынын артистери бул жумада Николай Коледанын чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Театралдык роман” мелдорамасын тартуулашат. Ал эми улуттук опера жана балет театрында Джузепе Вердинин “Травиата” операсы жана балдар үчүн “Доктур Айболит” балети коюлат.

Москвада бул жумада Кыргызстандын чеберлеринин фестивалы өтөт. “Кыргыз көчү-2009” аттуу көргөзмөнүн алкагында Гульнара Качаганова баштаган бир катар кыргыз чеберлери жасаган эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшат. Алардын катарында белгилүү модельер Галина Байкова да бар.

Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында өтүүчү кийимдер көргөзмөсүндө көпчүлүк коноктор менен бирге отуруп мен да өзүм жараткан кийимдер топтомун көрө алам. Ал коллекциялар жөнүндө айтсам ак, кара түстөр айкалышкан, улуттук жасалгалар менен кооздолуп, сайма менен сайылган кийимдер.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Белек Кошоевдин 65-жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда кыл калем чеберинин графикалык жанрда жараткан эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда. Көргөзмө март айынын соңуна чеийин уланат.

Айжан Шаботоева, «Азаттык» радиосу, 23.03.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.