Быйыл республиканын аймагында 32 миң 953 окуучулук орунга эсептелген 112 мектеп курулат

Быйыл республиканын аймагында 32 миң 953 окуучулук орунга эсептелген 112 жаңы мектеп курулат. Алардын төрт мектеби жыл башында эксплуатацияга берилди. Бул тууралуу өкмөт астындагы мамлекеттик курулуш жана архитектура агентствосунан билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй областындагы 6 мектепти, Нарын областы боюнча 5, Баткен жана Таластагы бир мектепти бардыгы болуп 13 курулушун агенттиктин коомдук турак-жай башкармалыгы ишке ашырат. Калганын билим берүү министрлигинин, бюджеттин, жеке инвесторлордун жардамы менен курулууда.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 28.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.