«Айтыш» экинчи эл аралык фестивалында 35 төкмө акын ат салышууда

27-августта Кыргызстандын түштүк борбору – Ош шаарында президенттин байгесине «Айтыш» экинчи эл аралык фестивалынын тандоо түрү өттү. Аталган фестиваль Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгына арналган.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, кечээ алгач жакында көзү өтүп кеткен акын Майра Керим кызы жана башка акындардын арбагына арналып куран окулду. Андан соң чүчү кулак кармоо менен кайсы акындар айтыша тургандыгы аныкталды. Жалпысынан мамлекет башчысынын байгесине Кыргызстандын бардык аймагынан, ошондой эле Казакстан, Өзбекстандан 35 төкмө акын ат салышууда. Байге фонду 500 миң сом турат. Мындан тышкары Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов өзүнүн атынан 100 миң сом байге койду. Акындардын айтышы 29-августта аяктайт.

Былтыркы жылы «Айтыш» эл аралык биринчи фестивалы Бишкекте өтүп, анда 50дөн ашык төкмө акындар катышкан болчу. Жыйынтыгында Президенттин 100 миң сом баш байгесине Кыргызстандан Майра Керим кызы менен Казакстандан келген акын Үрүстөм Кайыртай уулу татыктуу болушуп, биринчи орунга – Раисова Канышай (Казакстан), Туткучов Аалы (Кыргызстан)- 50 000 сом, экинчи орунга – Толгонбаев Азамат (Кыргызстан), Гафуров Аслан (Казакстан) – 30 000 сом, үчүнчү орунга – Калиев Серик (Казакстан), Токтобеков Жеңишбек (Кыргызстан) – 20 000 сомду утуп алышкан.

Белгилей кетсек, кыргыз элинин акындык жана төкмөлүк өнөрү ЮНЕСКО тарабынан бийик бааланып, 2003-жылы бул өнөр «Дүйнөлүк материалдык эмес рухий байлыктын шедеври» аталган.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.