www.kyrgyzdar.com торбетинен “Эне тилим да, мамлекеттик тилим да – кыргыз тил” аттуу конкурсу

КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттуук комиссия кыргыз тилдин 20 жылдыгына карата 3 айлык долбоорду бүтүндөй республикага жарыялады эле. Анын шарттары тууралуу республиканын массалык маалымат каражаттарынан таанышсаңыздар болот. Биз да ал долбоордун негизинде атайын www.kyrgyzdar.com торбетинин жамааты төмөнкү “Эне тилим да, мамлекеттик тилим да – кыргыз тил” аталышында чет өлкөдө окуп, иштеп жүргөн жана алар менен бирге окуган, иштеген башка улуттардын арасында конкурстарыбызды жарыяламакчыбыз.

Алардын жоболору төмөнкүчө:

1. “Эне тилим да, мамлекеттик тилим да – кыргыз тил” аттуу конкурсу

Буга чет өлкөдө окуган, иштеген, жашаган бардык кыргыз улутундагы жарандарыбыз катыша алат.

Конкурстун шарттары:

1. Мамлекеттик тилибиздин маселелери, анын кийинки өнүгүү жолдору тууралуу сын макалаларды жазып жиберсе болот. (Бул макалада сиз жашаган өлкөнүн мамлекеттик тили тууралуу да жазуу менен анын өнгүш жолдорун да айтып өтсөңүз жакшы болот). Көлөмү 3 А4 барагынан ашпаган, Tahoma шрифти менен 9 өлчөмүндө терилиши шарт.

2. Патриоттук, ата мекенге, эң башкысы мамлекеттик тилибизге арналган ырларды кабыл алабыз. Көлөмүнө чек жок. (албетте, ырдын мазмуну эске алынат), Tahoma шрифти менен 9 өлчөмүндө терилиши шарт.

2. Республикада жана чет өлкөдө окуган, иштеген, жашаган башка улуттагы жарандарыбыз ошондой ал өлкөлөрдө жашаган элдер да катыша алат.

Конкурстун шарттары:

Башка улуттагы жарандарыбыз башкача айтканда ошол өлкөдө жашаган, бирок кыргыз тилин билген, ал тилде биз тууралуу же кыргыз тилинде жазган ар кыл тематикадагы ырлар, аңгемелер, Кыргыз Республикасы тууралуу баяндар, макалалар кабыл алынат. Саясий, диний дагы башка кыргыз элинин биримдигине, абройуна шек келтирген материалдар кабыл алынбайт. Көлөмү 3 А4 барагынан ашпаган, Tahoma шрифти менен 9 өлчөмүндө терилиши шарт.

Конкурс 2009-жылдын бештин айынын жыйырма үчүндө аяктайт, жыйынтыгы бештин айынын жыйырма бешинде чыгат. 1,2,3-орундарга ээ болгон жеңүүчүлөрдү www.kyrgyzdar.com торбетинен баалуу, эстеликке кала турган, улуттук өзгөчөлүктөгү белектер менен сыйланат.

Катышуучулардын жаш өзгөчөлүктөрү, социалдык статусу каралбайт.

“Чет өлкөдөгү кыргыздар”, 27.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.