Бишкекте сүрөт көргөзмөлөрү өтүүдө

“Кыргыз Артекс” көркөм өнөр борборунда Сүрөтчүлөр уюмуна талапкер кыл калем чеберлеринин эмгектери көрөрмандардын сынына коюлууда.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде ушул күндөрү бир топ сүрөт көргөзмөлөрү өтүүдө. Кечээ Берлин дубалы уратылгандыгынын 20 жылдыгына арналган “Тынч ыңкылаптан бирдиктүү Германияга” аттуу жайма сүрөт жөрөлгөсү башталды. Анда Германиянын соңку он жылдык турмушундагы тарыхый окуяларды чагылдырган сүрөттөр коюлган.

Мындан тышкары Сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Николай Котляровскийдин “Түстүү ассоциация” деген аталыштагы сүрөттөр топтому көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Сүрөтчүнүн 2009-жыл ичинде тарткан 40тан ашуун сүрөттөрүндө ар кандай темалар камтылган.

Гапар Айтиев музейине келген сүрөт күйөрмандары дагы бир кыл калем чебери Сапарбай Осмоналиевдин мааракесине арналган сүрөт көргөзмөсүнө да күбө болушат. Осмоналиев чыгармаларынын көпчүлүгүн пейзаждар жана портреттер түзөт дейт музей кызматкери Нур Бейшеева.

Сүрөтчүнүн портреттеринин арасында белгилүү депутаттар, ишкерлер, окумуштуулар, маданият жана медицина кызматкерлеринин портреттери бар. Сапарбай Осмоналиев ошондой эле пленрелерге чыгып, чет өлкөлөргө каттап ал жактан алган таасирлеринин негизинде да сүрөттөрдү жаратат.

100дөн ашуун эмгекти камтыган Сапарбай Осмоналиевдин көргөзмөсү 20-ноябрга чейин созулат. Живопис жана заманбап графикалык эмгектерден турган көргөзмө Жумабек Базарбаевдин жеке көргөзмөсү Бишкектеги “Колдо” арт-борборунда өтүүдө.

Сүрөтчүлөр уюму ар эки жылда мүчөлүккө кабыл алуу үчүн кыл калем чеберлеринен талапкерлерди тандайт. Алар аны үчүн эң мыкты деген сүрөттөрүн атайын түзүлгөн комиссиянын жана көрүүчүлөрдүн сынына коет. Мына ушундай маанидеги көргөзмө кечээ Кыргыз-Артекс көркөм өнөр борборунда ачылды. Борбордун арт менджери Чолпон Садырбаева билдиргендей бул жерде ар кыл теманы камтыган сүрөттөр бар.

Эмгектердин тематикасы ар кандай. Башкача айтканда сүрөтчү өзү каалагандай, анын кыялдануусу, ой-жүгүртүүсүнө жараша тартылган түрдүү сүрөттөр. Себеби алар үчүн атайын талаптар коюлган эмес, болгону мыкты деген, жүрөгүнө жакын сүрөттөрүн коюшкан. Эми ал иштерди комиссия карап чыгып, Сүрөтчүлөр уюмуна мүчө боло турган кыл калем чеберелерин тандайт.

Ал эми бүгүн Ольга Мануйлованын үй музейинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Сабитжан Бабаджановдун “Кусалык” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Анда аты айтып тургандай эле сүрөтчүнүн туулган жер, балалык күндөргө болгон сагынычын, кусалыгын чагылдырган май боектор менен тартылган сүрөттөрү коюлмакчы. 46 эмгекти камтыган Сабитжан Бабаджановдун жеке көргөзмөсү үч жумага созулат.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 10.11.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.