Алыкулдун 95 жылдыгы кандай өтөт?

musei2010-жылда Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааракесине карата сүрөтчүлөр арасында “Алыкул көркөм сүрөттө” деп аталган сынак жүрөт жана жаш акындар арасында “Алыкулдун ак боз ат” поэзия фестивалы өтөт.

22-декабрда Бишкектеги Гмайнер атындагы орто мектепте Кыргыз элинин таланттуу акыны Алыкул Осмоновго арналган жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар акындын ырларынан окушуп, келген коноктор Алыкул Осмонов тууралу сөз сүйлөштү. Бул иш-чара Алыкулдун 2010-жылы белгиленчү 95 жылдык мааракесине арналып өтчү иш-чаралардын көчбашы.

Учурда Алыкул Осмоновдун үч томдугу басууга даярдалууда. Анын эң башкы өзгөчөлүгү үч томдук – акындын кол жазмасынын негизинде – түп нуска менен чыгып жаткандыгында. Себеби советтик идеологиядан улам, акындын чыгармаларындагы Кудайга, диний ишенимдерге байланышкан бөлүмдөр алынып салынган болчу.

12-декабрь Алыкулдун каза болгон күнүндө Чолпон-Ата шаарындагы акындын өзүнүн өлбөс чыгармаларын жараткан үйүндө – Алыкулдун үй музейи ачылды. Бул маселе Памирбек Казыбаев жетектеген “Алыкул” фонду тарабынан көп жылдардан бери эле көтөрүлүп келаткан.

– Бул маселе көп жылдардан бери эле “Алыкул” фонду тарабынан көтөрүлүп, өкмөткө чейин коюлуп, маселе Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чечилип, фонддун карамагына өткөн болчу. Чыккан чечимди ишке ашырууда ошол Чолпон-Атадагы Алыкулдун музейинин башчысы, аталган фонддун Ысык-Көл боюнча координатору Бакыт Асанбаев үйбүлөсү менен биргелешип, өтө жакшы иш кылды. Себеби музейдин курулуш иштерин, музейдин ачылышын Бакыт Асанбаев жубайы Рита менен өздөрү көтөрүштү. Биз бул үйбүлөгө ыраазычылык билдиребиз.

1986-жылдан бери Алыкул Осмоновдун чыгармалары басылып чыга элек. Өзгөчө Алыкулдун балдарга арналган чыгармалары, мектептердин жана жогорку окуу жайларынын программаларына кирип, бирок колдо жок болуп жаткан чыгармалары басып чыгарууга муктаж.

Памирбек Казыбаевдин пикиринде Алыкул Осмоновдун образын көркөм сүрөттө чагылдыруу жакшы колго алынбай келатат. Андыктан 2010-жаңы жылдан тарта “Алыкул көркөм сүрөттө” деп аталган сүрөт сынагы башталат. Жаш акындардын “Алыкулдун ак боз ат” поэзия фестивалы да Кыргызстан эгемендик алган жылдар ичинде бир да жолу өткөн жок. Ошондой эле алдыда Алыкул Осмоновго арналган илимий-популярдуу даректүү кинотасма тартылмакчы:

КТР дин “Дөөлөт” студиясы менен биргеликте Алыкулга арналып учурда болуп жаткан иштер тууралу кинотасма жаратсакпы деген оюбуз бар. Чолпон-Атадагы үймузейин ачып алдык, эми ал жерге эстелигин коюшубуз керек. Ошондой эле Алыкулдун Бишкектеги үймузейинин жанына учур талабына ылайыкташкан жаңы имарат куруу зарыл деп ойлойм. Бул жерде ошондо – адабий жолугушуулар, жыйындар, фестивал-сынактар өтүп турса, кандай жакшы болор эле.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 23.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.