Кыргызстанда “Коомдук поэзия Академиясы” түзүлдү

Кыргызстанда “Коомдук поэзии Академиясы” түзүлүп, жаш акын, жазуучулардын чыгармачылыгын колдоого даяр алгачкы профессионалдык уюм катары жакында тийешелүү мамлекеттик каттоо структураларынан өттү. Бул коомдук Фонддун түзүлүү максаты гуманисттик, интернационалдык, экологиялык жана, албетте, патриоттук багыттардагы чыгармаларды көтөрмөлөө, бул темаларды жаштардын арасында пропагандалоо, ошондой эле алардын чыгармаларын кенен аудиторияга популярдаштырууга жардам кылуу

Коомдук фонддун башкы милдеттеринин катарына китеп чыгаруу ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана адабият жана китеп чыгаруу багытындагы көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, конкурстарды, ярмаркаларды, презентацияларды, чыгармачылык жолугушууларды, окууларды уюштуруу кирет.

Анын ардактуу президенти болуп чыгармалары көп дүйнө элдеринин тилдерине которулган Кыргыз Республикасынын Эл акыны, М. Лермонтов (Россия), М. Кашгари атындагы сыйлыктардын лауреаты, Турциядагы Евразия жазуучулар Союзунун тең төрагасы, жазуучулар Союздарынын Эларалык бирлигинин (б. Союз писателей СССР) төрагасынын орун басары Омор Султанов шайланды.

«Кыргызстандын жаңы адабияты», 10-02-2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.