Түркиядагы “Кыргыз күмбөзү”
1331 жылы кадимки Түркиядагы Изник шаарын (грециялык Никей, түркиялык Бурса шаарынан анча алыс эмес жерде) чалгындоодон кийин, Султан Орхандын (1326—1359 жылдарда Осман мамлекетинин экинчи ханы) демилгеси менен, чалгынга катышып, курман тапкан тайманбас кыргыз баатырларынын эрдиги үчүн аларга атайын арналып күмбөз салынган. Ал заманда күмбөз жөндөн жөн жерде салынбайт эле – Кыргыз жоокерлери укмуш баатырлыкты көрсөтүшкөн.
Күмбөздүн ысмы «Kyrgyz Turbesi», түрк тилинен “Кыргыз күмбөзү” деп которулат. Тарыхий маалыматтардын жоктугуна байланыштуу кийинчерек эл оозунда бул жерлерди: Hacı Camadan (Джамадан Хаджи), Camasa, Kırk Kızlar (40 кыздар), Reyhan (Базилик), Yedi Kardeşler (7 бир тууган) деген ар түрлүү ысымдарды коюп жатышты. Бир нече жыл мурун күмбөздүн жанына колодон куюлган эстелик орнотушкан. 2008 жылдын март айында Изник шаарынын жергиликтүү өкмөтү тарабынын ал жерде кайра калыбына келтирүү иш-аракеттерин кылышкан. Түркияга сапар аттанып калсаңыз, биздин кыргыз баатырларынын күмбөзүнө барып, таазимиңизди көрсөтүп, бата кылып койгонго мүмкүнчүлүк тапканга аракет кылыңыз.
«Кутман» блогунан алынды