Дооронбек Садырбаев
Кыргыз эли таланттуу адамдардан уучу кур эмес деп келебиз. Тилекке каршы жыл өткөн сайын ошол калк сыйлаган, калыс кеби бар, тайманбас, көк жал, чукугандай сөз тапкан, таланттуу инсандарыбыздын катары барган сайын суюлуп баратканы өкүнүчтүү. Дасыккан саясатчы, чыгармачыл инсан-кинорежиссер, акын, жазуучу, журналист Дооронбек ага арабыздан кеткенине быйыл 2 жыл болот. Арабызда азыр, болгондо дал ошол тайманбас, көк жалдыгынан жазбаган абабыз 71 жашка чыкмак. Бирок ажал улук экен.
Таланты менен элинин эсинде калган Дооронбек Садырбаевдин жылдыгы болоор алдында аны менен чогуу иштешкен, үзөнгүлөш досторунун эскерүүлөрүн берүүнү туура көрдүк.
Казат Акматов, жазуучу:
– Докем өтө таланттуу адам эле. Кинорежиссер, акын, жазуучу, артист, таланттуу саясатчы, тайманбас адам болчу. Таланттуу саясатчы дегеним, чындыкты бетке айткан, жасакерленбеген, эки жүздүүлүк дегенди билбеген адам эле. Ал “Кайран эл” деген фильм тартып, бирок анысына коомчулукка көргөзгөнгө тыюу салынган. Андагы айрым эпизоддордо мыкаачылык картиналары тартылып калыптыр. Докем инсценировать этип тарткан болсо, өзбектер документалдуу кылып тартыптыр. Казакстанга Олжас Сулейменов, эки тарапты тең чакыртып, фильмдерин чогуу көргөнбүз. Айрым эпизоддор элге кыжырданууну жаратат деген ойдо бир чечимге келип, коомчулукка көргөзбөйбүз деп кол койдуруп алган. Бизден Т.Тургуналиев, Ж. Жекшенкулов,Т.Акун болуп кол койгонбуз, бирок Докем кол койбой койгон. Кийинчерээк “силер неге кол койдуңар” деп мага таарынып жүрдү. Бирок ошол эки тарап тең тартып алган фильм коомчулукка көргөзүлгөн жок. Андан башка чыгармалары менен Докем дайым элдин эсинде жашап келээрине ишенем.
Докем жакшы адам болчу. Эрте өтүп кеткени гана баарынан өкүнүчтүү.
Түгөлбай Казаков, маданият ишмери:
– Чыгармачылыкта эки гана кишини жакшы иштеди деп айтса болот. Бири – Салижан Жигитов болсо, экинчиси- Дооронбек Садырбаев . Докем кыргызга белгилүү адам болчу. Анын талантында, адамкерчилигинде чек жок эле. Убактысынын көбүн чыгармачылыкка, элге арнады. Бир фильмине кинорежиссер болсо, ошол эле учурда экинчисинин эпизоддорун ойлонуп, дагы бирине сценарий жазып, тээ түнгө чейин иштеп, 1-2 саат гана тыным алып уктачу. “Түркүн тагдырлар” тасмасын тартууда чогуу иштешип калдык. Мына ошондо анын күжүрмөндүгүнө, эмгекчилдигине баа бергем. Кайсы тармакта болбосун, лидерлигин көрсөтчү.”Күтүү” деген аталыштагы китепчесинде күлкүлүү, адамды эс алдыра турган чыгармаларына орун берилген. Юморду да мыкты жазчу. Бул киши тууралуу айта берсе узун кептин учугу түгөнбөйт. Досчулукту баалаган, досторунун кадырына жете билген адам эле. Достору да көп болчу.Жакшы чыгармаларды жаратуу менен депутат болуп, элинин маселелерин талкууга алып чыгып турду. Бирок ошол депутат болуп тургандагы убактысын да чыгармачылыкка арнаганда жакшы болмок экен. Жаңы фильмдерди жаратып, мындан да жакшы эмгектери менен элинин эсинде калат беле…
Асанбек Стамов, жазуучу:
– Биз жакшы достордон элек. Ал чыгармачылыкты баалаган, искусствону сыйлаган адам болчу. Мединститутту 4-курсунан таштап келген. Аны шылдыңдап, тамашалап “неге бул жакка келдиң. Андан көрө ошол окууңду улантып, медик болбойт белең” деп калчубуз. Өтө максатчыл, чукугандай сөз тапкан, шайыр, адамкерчиликтүү, ары таланттуу инсан эле. Тайманбаган мүнөзү бар, дайым чындыкты айтып алчу. Ал мүнөзү кимдир- бирөөлөр үчүн кыжырданууну жаратса, дагы бирөөлөр үчүн чындыктын айтылганы жакшы болчу. Режиссер катары мыкты фильмдерди жарата алды. Анын интеллектуалдык деңгээли абдан жогору эле. Көп нерсени билчү. Китептерди абдан көп окучу.
Коомдогу болуп жаткан маселелерди ачык айтчу. Акаевдин бийлигинин урашына да Докемдин салымы бар. Бакиевдин бийлигин да аёосуз сындачу. Кайран жигит эрте кетти. Анын теңтуштары” койсоңчу Доке, саясаттын сага эмне кереги бар” дечүбүз. “Жогорку Кеңеште иштеп турганында мен көп барып турчумун. Өз жаныңа карасаң боло, неге фильтрсиз “Полет” чегесиң, кофең да абдан коюу, шекерсиз ичет экенсиң” деп калаар элем. Айрым учурда пирожки жеп отурганын көрүп, кайра-кайра күйгүзүлгөн майга бышырылган пирожки зыян деп түшүндүрчүмүн. Бирок эч моюн берчү эмес. “Жаныңды бакчы” деп тамаша чынынан көп эле айткам.
Мындай талант бир жаралат. Анын руху элине тирек болсун.
Темир Сариев, “Акшумкар” партиясынын лидери;
– Биздин искусство адамдарынын ичинен белгилүү таланттардын бири эле. Саясатта да өз орду бар адам болчу. Үч жолку чакырылыштагы мыкты, күчтүү депутат болчу. Чогуу иштешип калдык. Айрым талкууларга катышпаса да орчундуу маселелерди чечүүчү мезгилде тайманбай чындыкты айтып, каргылданган үнү менен эч кимден тайманбас болчу. Баарыбыз, бизден улуу болсо да Доке дечүбүз. Ага эч таарынган жок. Мындай да күчтүү, тайманбас саясатчы бүгүнкү күндө керек эле.
Докем жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Кайран гана Докем!
Кундуз Исмаилова, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.02.2010-ж.