Жогорку Кеңештин депутаты А.Байбураева К.Карасаев атындагы музейге каражат бөлүү маселесин карап көрүүнү өкмөткө сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты  Айгул Байбураева   Каракол шаарында Кусейин Карасаев атындагы  мемориалдык музейди түзүү үчүн  каражат бөлүү маселесин карап көрүүнү өкмөткө сунуштады.

Депутаттын айтымында, музейдин курулушуна Каракол шаарынын мэриясы 100 миң сом бөлгөн. Бирок  А. Байбураева ырастагандай, бул каражат жетишсиз. “Музейдин курулушуна  8 миллионго жакын сом керек”,-деп белгилейт ал.

“2010-жыл  маданий мурастар жылы деп жарыяланды.К. Карасаев Кыргызстандын тарыхына өз изин калтырган инсан”,-дейт депутат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

«Zpress.kg» МА, 18.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.