Эмил Бокошев: “Такымдагы улакты жулуп кетем…”

Улуттук ат оюндардын эл арасында кеңири тараганы, кызыктуулугу жагынан көк бөрү өзүнчө бөлүнүп тураарына шек жок. Эмил бала чактан бери айыл жергесинде улак тартып такшалган. Өлкөбүз эгемендикти алган алгачкы жылдардан тарта көк бөрүнүн көркүн чыгарып келгени келген. Чабандес менен ат жалына казан асып, азыноолак маек курдук.

Блиц-анкета
Кичи мекени – Ысык – Ата району, Алмалы айылы
Жашы – 44
Бою – 171 см
Салмагы – 85 кг
Спорттогу даражасы – Эл аралык спорттун чебери
Спорттогу жетишкендиктери – КРнын бир нече жолку чемпиону. КР президентинин кубогунун
2 жолку ээси.

– Улакты канча жашыңан баштап тарта баштадың?
– Эркек бала 13-14 жашында өткөөл куракка кабылат. Ошол учурда урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай турган чагы болот эмеспи. Мен жашаган Алмалы айлынын ушундай куракта балдары сүрмө тобубуз менен ички бугубузду улактан чыгарып алаар элек. Күн алыс мектептен качып кетип, агаларга кошулуп ат үстүндө балтыр эттерди толтуруп. Союз маалында “Алмалы” улакчылары ашынып жер-жерлерди кыдырып жүрдүк. Ал кездеги ийгилигибиз жөнүндө айта берсе сөз бүтпөйт.

– Бүгүнкү күндүн көк бөрүсүнө качан кошулуп жүрөсүң?
– Анан Союз ыдырады. Өзүбүзчө эгемендикти алдык. Анын шарданы менен Болот Шерниязов Улуттук “Көк бөрү” федерациясын түздү. Жер-жерлерде бул оюнга шык арткандар көбөйүп, маал-маалы менен мелдештер жүрүп атты. 1997- жылы Аскар Салымбеков “Дордой” командасын курап, келишимдин негизинде бул курамда 2009- жылга чейин ойнодум. Команданын капитаны катары. Былтыр, Бишкек шаардык авто-инспекция башкармалыгынын жаш курамы түзүлүп, ушу жакка келгем. Балдарга баш көз болуп. Устат жана чабандес катары.

– Ат минген адам эле улак тарта бербесе керек?
– Улакчы болом деген адамга “жүрөк” керек. Бекеринен ата-бабабыз бул оюнду аздектеп муундан-муунга өткөрүп келген эмес да. Түпкүлүгү тереңде жатат. Аттын кулагы менен тең ойноп, жоокер элдин уюткусунан бүткөнүбүз жалганбы? Бирок, бүгүнкү күндүн шартында улакты баары эле тарта бербеси турулуу иш. Атты таптап көк бөрүгө көндүрүү өзүнчө түйшүк. Жолун, тилин билүү кажет. Негизги маселе ушу жакта жатат. Андан сырткары чабандесте шык, чеберчилик болбосо, бул өнөрдү улантып кете албайт. Мунусу да бар. Мына ушундай касиеттерди айкалыштыра билген адам – улактын өтөөсүнө гана чыга алат. Болбосо, үзөңгүгө бутту илип, чирене ат бастыргандардын баары эле улакчы болуп кетмек да.

– Улактын атын таптоодо, түйшүктөрүн билсең керек?
– Бул жерден чынын айтыш керек. Мурун менин аттарымды апам таптачу. Өз маалында сугарып, жемин берип. Суутуп, таң ашырып дегендей. Кийинки учурда бул ишти өз колума ала баштадым. Кыйын саяпкермин деп айтуу али эртелик кылат.

– Атты канча жашынан баштап улакка салып, таптай баштайт?
– Көп жылдык байкоомо караганда, жылкы баласы бир асый жашка келгенде даяр болот экен. Андан эрте же кеч эмес. Бул убакта кыргыздын аттары табында, ийкемдүү, үйрөткөнгө жатык болушат.
– “Курган казактар кең талаасынан ат таппай калышкансып бизден сатып алып кетип атат” дегенге кандай карайсың?
– Себеби өзүнүн аттары бокко жарабай атпайбы. Бат чарчап, бат чаалыгат. Кадимки эле кыргыздын орто бойлуу нукура аттары омуроолоп кирип барганда, чыдабай “бүк” түшүп калып атат. Анан бизден 10 миң доллардан кем эмес баага сатып алып кетишет да. Азыркы казак курама командасындагы аттардын жети, сегизи биз жактан барган аттар.

– Улак – командалык оюн болгон соң, кайсы жагында ыңгайлашкансың?
– Алгачкы күндөн эле чабуулчу жагын өздөштүрүп келем. Минген аттарым да ошо жагына ыңтайлашкан. Мен улакты үзөңгүболушка бөктөргөндө эле атаандаштын тай казаны көздөй жулкунат. Жолду катар буйтап, ойнотуп, кагылыш-сүрүлүштөргө кабылбай отуруп алып келет. Кериле, албууттана чуркаганда, көз ирмемде тай казанга жетип, улакты ыргытканга үлгүрөсүң.

– Баш аягы канча мелдешке катышып, атаандаштын тай казанына канча улак салдың?
– Бери дегенде эки жүздөн ашуун мелдешке катыштым. Орто эсеп менен ар бир таймашта 4 же 5 улактан кем эмес.

– Эң жакшы өздөштүргөн ыкмаң барбы?
– Атаандаштын такымынан улакты сууруп алмай жагым бар. Тажрыйбамда көп колдондум. Ушу күнгө чейин үзүрүн көрүп келем.

– Улак тартылып бүткөндөн кийин өзгөчө аземиңер бардыр?
– Ток этер жерин айтайын. Оюн бүткөндөн кийин, мелдештеги улакты союп, этинен куурдак жасап жейбиз. Даамдулугу, сиңимдүүлүгү жагынан эч бир тамак жетпейт го, чиркин!

“Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.02.21010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.